СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Климатология дисциплинасынын аннотациясы

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Климатология дисциплинасынын аннотациясы»


“Климатология” курсу педагогикалык окуу жайларда окутулуучу предмет болуп физикалык географиянын бир тармагы. Азыркы мезгилде климатология жана метеорология өзүнчө илимий билимдердин тармагы. “Климатология” предметинин өнүгүү тарыхын, изилдөө обьектисин, изилдөө методдорун, милдеттерин, климаттын элементтерин, климаттык алкактарды, атмосферанын түзүлүшүн, атмосферада озондун бөлүнүшүн, аба массаларын, атмосфералык катмарларды, шамалдын ылдамдыктарын, багыттарын, климаттын классификациясын, атмосфералык жылуулук, атмосфералык циркуляция, атмосфералык фронттор, булуттардын классификациясын, климаттын типтерин, микроклимат жана аларга таасир эткен факторлорду ж.б.у.с жөнүндө маалымат берет. Ал эми лабораториялык сабактарда убакыттардын бөлүнүшүн, жаан чачынды, температураны, абанын нымдуулугун өлчөөчү приборлор жана алар менен иштөөнун жолдорун үйрөнүшөт.

Дисциплинаны окутуунун максаты: Жер шарындагы климаттык кубулуштардын мыйзам ченемдүүлүктөрүн, климатты пайда кылуучу факторлорду, жер климатынын тарыхый өнүгүүсүн жана азыркы күндөгү антропогендик фактордун климатка тийгизген таасири жөнүндөгү билимдерге жана байкоо жүргүзүү ыкмаларына ээ болушат.

Климат – грек тилинен алынып «жантайуу, кыйгач» дегенди түшүндүрөт б.а. Күндүн нурунун Жер бетинде жантайуусу.

Климат – географиялык орун алышына байланыштуу ар бир жердин аба ырайынын өзүнө гана мүнөздүү болгон жана жылдан жылга кайталанып турган белгилүү шарттарынын жыйындысы; жер бетиндеги белгилүү бир бөлүгүндөгү аба ырайынын көп жылдык калыптанган режими.