| Предметтин аты: География | Өтүлгөн мөөнөтү | Классы | «Текшерилди» ОББ: |
| Планды түзгөн: Пусурова Гульнара | 28.09.2023 | 1-тайпа | |
Сабактын темасы: Климаттык иш -аракеттер
| Негизги компетенттүүлүк | Предметтик компетенттүүлүк |
| Маалыматтык | Өтүлгөн теманы практикалык сабак аркылуу кайталап түшүнү, аң сезимдүү кабыл алуу |
| Социалдык көнүмдөр | Географиялык карта менен иштей алуу |
| Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү | Географиялык билимин тереңдетүү, кызыгуу, эске тутуу |
| Сабактын максаттары: | Көрсөткучтөрү: |
| Билим берүүч: Окуучулар жердин аба ырайы, климаты жана анын калыптанышы жөнүндө түшүнүк алышат. | Эгерде окуучу: Окуучулар жердин аба ырайы, климаты жана анын калыптанышы жөнүндө түшүнүк алышса; |
| Өнүктүрүүчү: Окуучулар жердин аба ырайы, климаты жана анын калыптанышы жана аба ырайынын өзгөрүүлөрүнүн себептери боюнча аныктап, терең ой жүгүртүшөт. | Окуучулар жердин аба ырайы,климаты жана анын калыптанышы жана аба ырайынын өзгөрүүлөрүнүн себептери боюнча аныктап, терең ой жүгүртүшсө; |
| Тарбия берүүчү: Жердин аба ырайы жана климатынын өзгөрүшүнө логикалык ой жүгүртүү менен сабакка болгон кызыгуусун арттырууга тарбияланышат. | Жердин аба ырайы жана клиатынын өзгөрүшүнө логикалык ой жүгүртүү менен сабакка болгон кызыгуусун арттырууга тарбияланышса; |
Күтүлүүчү натыйжа:
- Окуучулар климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгат.
- Климаттык өзгөрүүгө каршы күрөшүү боюнча мыкты долбоорлорду тандашат.
- Жердин аба ырайы жана клиатынын өзгөрүшүнө логикалык ой жүгүртүү менен сабакка болгон кызыгуусун арттырууга тарбияланышты.
- “Дүйнө дал ушундай болушу керек” деген темаларда долбоор же бет ачар даярдашат.
Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү
Колдонулуучу методдор: проблемалык, логикалык метод, көрсөтмөлүү метод, сүйлөмө ж.б.
Колдонулуучу баалоо методдору:
Баяндап баалоо, аныктоочу, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо.
Сабактын жабдылышы:
Сүрөттөр, плокаттар, маркелер, түстүү карточкалар, суу, картон барагы, түстүү жаңгактар, 2шт корзина, смайликтер, алма, пияз ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Уютуруу учуру:
(2 мүнөт)
Саламдашуу. Сабакка келген окуучуларды жоктоо. Жагымдуу маанай түзүү.
Балдар силердин оюңарча эң бактылуу адамдын бет түзүлүшү кандай көрүнөт.
Окуучулар жооп беришет. Батылуу адамдын жүзү күлүп, көзү жайнап турат. Азыр ушул жерде турган ар бирибиз бактылуубуз. Анткени баса алабыз, угабыз, көрө алабыз, каалаган жерибизге бара алабыз. Ошондуктан жаратканга чексиз шүгүр келтирип, ыраазы болуп бир жылмайып сабакты баштасак. Баарыбыз ушул смайлик сыяктуу жылмаябыз. Олтургула.
Кана балдар айткылачы, маанайларыңар кандай.
Окуучулар: Эң сонун.
Үй тапшырмасын текшерүү:
(5-мүнөт)
Кана балдар ким айтат мурунку сабакта кайсы теманы өткөнбүз, эмне тапшырма берилген?
Окуучулар: Климат жана аба ырайы. Азым мен силердин тапшырмага анчалык даяр экениңерди билүү үүчүн суроолорду берем. Туура жооп бергендерге кызыл жаңгак, ал эми жарым жартылай туура жооп бергендерге көк жангак беремин. Кызыл жаңгак 5 балл, көк жангак 3 баллды түзөт.
Ар бир туура жооп берген окуучулар бааланып турат.
1.Климат деген эмне? (аба ырайынын тигил же бул аймагындагы көп жылдык режими климат деп аталат.)
2. Аба ырайы деген эмне? (Белгилүү бир аймактагы белгилүү бир убакыттын аралыгыдагы атмосферанын сутка ичиндеги абалын айтабыз)
3. Климат деген сөз кайсы тилден алынган? (Грек)
4. Котормосу кандай түшүнөбүз? (Климатос кыйшаюу, жантайыңкы дегенди түшүндүрөт.)
Демек климат жана аба ырайы деген түшүнүктөрдүн айырмасы бар.
Эми балдар силердин дагы да жакшы түшүнгөнүңөрдү текшерүү максатында төмөнкү суроолорго жооп берип койсоңор.
Суроонун жообу климат деп ойлосоңор, кызыл картычканы, аба ырайы деп ойлосоңор көк карточканы көтөрөсүңөр.
Түшүнүктүүбү
Анда кеттик.
1. Кечээ күн боюу жамгыр жаады, (аба ырайы)
2. Кышында Нарында адатта каар жайт. (климат)
3. Бүгүн кечинде күн күркүрөйт. (аба ырайы)
4. Чөлдө ыссык жана кургак. (климат)
5. Тоонун эң бийик чокуларында дайыма кар болот. (климат)
6. Мен төрөлгөндө каар жааган дешет. (аба ырайы)
Азаматтар
Жаңы материалды түшүндүрүү:
Бүгүнкү темабыз “Климаттык иш-аракеттер” баарыңар жазып алсаңар.
“Дүйнө 2050-жылы туруктуу жана ал кезде силер бактылуу жашооңор үчүн кандай болуш керек”?
Окуучулардан кыскача жооптору ( таза аба, ден соолук, жаңы мектеп, таза суу, бак дарактар, жашыл чөптөр, гүлдөр ж.б.).
топторго бөлүү.
(2 мүнөт)
1. Булуттар
2. Жамгырлар
Топто иштөө плакаттарга дүйнөнү элестетип сүрөт тартасыңар.
(5 мүнөт)
Жыйынтыктарды талкуулоо: топтор өз плакаттарын кыскача тааныштырат.
(4 мүнөт)
Баалоо, балдар булут тобу жамгыр тобун бааласын, жамгыр тобу булут тобун бааласын. Анткени мен үчүн силердин ар бир жасаган эмгегиңер баалуу, бири бирин баалоо, канча жаңгак берүүнү окуучулардан суроо.
слайд (таштандылардын, бак дарактардын кыйылышы, заводдордун көбөйүшү ж.б.)
(1 мүнөт)
Суроо: Адамдар азыр биз видеодо көргөн кадамдарды жасай беришсе, биз тарткан сүрөттөгүдөй бактылуу жашоого жете алабызбы?
Жок албетте.
Азыр ар бириңерге карточкаларды берем. Силер ушул бактылуу жашоого жетиш үчүн биз адамдар эмне иш-аракеттерди жасашыбыз керек?
(2 мүнөт)
Метаплан ыкмасын эске алабыз.
Окуучулар: Бак дарак тигүү, таштанды таштабоо, гүлдөрдү тигүү, завод фабрикаларды жок кылуу, көп кабаттуу имараттарды салуу, таза сууну сарамжалдуу пайдалануу желим баштыктарды азайтуу ж.б.
Физминутка:
(1 мүнөт)
Келгиле балдар баарыбыз ордубуздан турабыз, ачык турган аба ырайы бир мүнөттө бүркөлдү, шамал болуп бак дарактар бийледи. Күн күркүрөп, жамгыр себелеп баштады, катуу жамгыр нөшөрлөп төгүп, АКЫРЫНДААП токтоду. Булут жылып асмандан күндүн көзү көрүндү. Смайлик көрсөтүлөт. (күлгөн)
Бышыктоо: Келгиле балдар сабагыбызды бышыктап алсак. (3 мүнөт).
Азыр өзүңөр жазган карточкалардагы иш аракеттерди кимдер аткара алат.
Кызыл: Бул иш аракетти ким болбосун жеңил жана дароо аткара алат.
Жашыл: бул иш-аракет сабырдуулук менен чоңдордун жардамы менен аткарылат.
Сары: бул иш-аракетти саясатчы, компания же мектеп жетекчилери гана аткара алат.
Азыр өзүңөр жазган карточкалардагы иш аракеттерди кимдер аткара алат бөлүштүрүп чыгабыз.
Балдар силер менен бирге жеңил, дароо аткара алган иш-аракеттердин үстүндө иштейбиз. Баарыбыз кийилбей калган кийимдерден баштыктарды тигип башкаларга да үлгү болсок болобу? Таштандыны таштабай атайын урналарга сала алабызбы.
Бак дарактардын өсүшүнө жардам бере алабызбы?
Үйгө тапшырма: Климатты туруктуу сактап калуу үчүн дагы кандай иш-аракеттерди жасасак болот? Деген суроого жооп жазып келесиңер? Муну менен биздин сабагыбыз аяктабайт, кийинки сабакта улантабыз. (1 мүнөт)
Баалоо: (3 мүнөт) жаңгактарды санап бааланат.
Бүгүнкү темабызды баалоого силердин оюңарды уккум келип жатат. Муну биз адаттагыдай алма, пияз менен баалайбыз. Кана ким айтат өз оюн. Бүгүнкү сабакка аябай активдүү катыштыңар, баарыңарга чоң рахмат. Кийинки сабакта аман, соо жолукканга чейин саламатта барыңыздар. Көрүшкөнчө.
Климат
АБА ЫРАЙЫ
АБА ЫРАЙЫ
КЛИМАТ
КЛИМАТ
АБА ЫРАЙЫ
БУЛ ИШ АРАКЕТТИ КИМ БОЛБОСУН ЖЕҢИЛ ЖАНА ДАРОО АТКАРА АЛАТ.
БУЛ ИШ АРАКЕТТИ САБЫРДУУЛУК МЕНЕН ЧОҢДОРДУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН АТКАРАТ
БУЛ ИШ АРАКЕТТИ САЯСАТЧЫ, КОМПАНИЯ ЖЕ МЕКТЕП ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ГАНА АТКАРАТ