СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кылмыштуулук боюнча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кылмыштуулук боюнча иштелме

Просмотр содержимого документа
«Кылмыштуулук боюнча»



Сабактын темасы:  Адепсиздиктин акыры – кылмыш,

кылмыштын акыры – жаза.

Сабактын максаты: 

А) Билим берүүчүлүк: Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук
боюнча түшүнүк алышат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк:  Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбээрин билишет.
В) Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар бири-бирин уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракеттенишет.
Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу
Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.
Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сүрөттөр, маркер, кылмыштуулук боюнча буклет, макал- лакаптар жазылган баракчалар.
Сабактын жүрүшү:

Саламдашуу: Саламатсыздарбы урматтуу мектебибизге келген коноктор, мугалимдер жана окуучулар. Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири балдар арасындагы жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук болуп жатат.
Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе жалпы эле жашы жете элек учур б.а өспүрүм курак-инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учур өтө тез өткөнүнө карабастан ар бир инсан андан аркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат.
Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп гезит- журналдардан окуп, интернет булактарынан коруп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз. Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип, чогуу жеңсек.
Бүгүнкү тегерек столубузду ачык деп жарыялап , келген коноктор менен силерди таныштырып өтсөм.
Соц педагог: Авазова А. 
Мектептеги уюштуруу иштери боюнча диретордун орун басары: Токторова Ч.
Ата-энелер комитети: Казакова Р.
Кл. жетекчилер жана мугалимдер:








Алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири -биринен айырмалап, түшүнүп алсак. Класстер түзүлдү.
-Адепсиздик деген эмне?


Бул коомдогу адеп ахлак нормаларын бузуу.
-Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык , ушактоо мазактоо,ыймансыздык оройлук, ач көздук көрө албасттык.
-Кылмыштуулук деген эмне?

Бирөөгө зыян
келтирүү, Коомго туура эмес мамиледе болуу.
— Кандай сапаттар кирет?
Кылмыш
Уурулук
Рекетчилик
Баңгилик
Араккечтик
Чыгуу себептери ?
Кылмыштуулук, бекерчилик, бээбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр — чатактуу үй- бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан.
Рэкетчилик- англис тилинен которгондо зордук- зомбулук деп айтылат. Видео тасмадан өспүрүмдөрүн кылмыштуулукка тартылганын көрөлү.
Талкуулоо
Статистикалык маалыматтар берилди.


Окуучулар ушул жерден талкууну токтотуп, келген коноктордон талкууну сурап көрөлү. Себеби алар да ушундай өспүрүм курактан өтүшкөн.
— Сиздин оюңуз боюнча балдарын кантип адептүүлүккө
үйрөтүшкөн?

(жомок, уламыш, каада- салт) (ата-эне)
Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштардын адепсиздиги эмнеден? Соц.педагог:

Адептүүлүккө балдарды мектеп тарбиялаш керекпи эле же ата- энеби?
Сапаттуу билим алуу кылмыштуулукту азайта алабы?
— Кылмыштуулукту кандай жол менен азайтса болот? Соц.педагог:
— Мектептеги рэкетчиликти түп тамыры менен жок кылуу мүмкүнбү?
Мына ошентип тегерек столубуздун биринчи бөлүгү аяктады. Мындан жыйынтык чыгарсак кылмыштуулук: — чыр- чатактуу үй- бүлөдөн, максатсыз көчөгө чыгуудан, бекерчиликтен, кароосуз калган балдардан, социалдык абалы начар үй- бүлөдөн, кол телефондон, ДВД, дисктерден келип чыгат.
Музыкалык тыныгуу: Ичпечи апа.
Тегерек столубуздун экинчи бөлүгү.
Баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы макал- лакаптарга бурмакчымын.
— Окуучулар кыска- нуска, кылып өз ойлоруңарды айтып чечмелеп кетесиңер.
Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да,
Төрдө туруп сый табар.
Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да,
Төө үстүнөн ит кабар.
Өсөрубуз да, өчөрүбуз да тарбиядан.
Балдарга мээримибиз,бактылуу келечегибиз.
Майда кылмышты жазаласаң, чон, кылмыштын алдын аласын.

Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү, макал- лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен. Мына ошолорду силерден уксак.
1-окуучу: Жакшы киши ачык сүйлөйт,
Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,
Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
Амалкөй былык сүйлөйт,
Адептүү сылык сүйлөйт.

2-окуучу: Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесин,.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесин.
3-окуучу: Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,
Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир.

Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир,

Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
4-окуучу: Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.
Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.
Доскадагы сүрөттөр боюнча талкуулоо.
Азыр окуучулар алдынарга жандуу көрүнүш көрсөтүлөт. Эмнени
байкадыңар, бул кандай көрүнүш?
Катышуучулар: мугалим, окуучулар, энеси
Мугалим: Улан! Сага эмне болгон? Окууну таштап койдуң,
сабакка көңүл бурбайсын? Тур! Ата- энеңди ээрчитип кел.


Ушул күнү чоң класстын 2 окуучусу Уланды уруп, акча талап кылат. үйүнө барып энесинен да сөз угат. Эки анжы ойдо калат- өмүр, өлүм.



Мектепке соц. педагогко кайрылып, мектепти ийгиликтүү аяктап, жумушка орношот. Көп жыл мурун урган бала Уландан жумуш сурап кайрылат. Улан ал баланы аяды, боору ооруду, колтуктап көтөрүп, ылайыктуу жумуш берет.

Жыйынтык: Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш ,бир жеңден кол чыгарсак ошондо гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти жеңебиз деген ойдомун.

Ал эми коноктор силерге чоң рахмат. Келип катышып, акыл- насааттарыңыздарды айтып бергениңиздерге.
«Мекеним» ыры менен бүгүнкү маекти аяктайбыз.













































Жакшы киши ачык сүйлөйт,

Сөз тамырын казып сүйлөйт.
Жаман киши сасык сүйлөйт,

Өзгөлөрдү басып сүйлөйт,

Амалкөй былык сүйлөйт,

Адептүү сылык сүйлөйт.



Улама менен бир жүрсөң,
Сөз кадырын билесин,.
Жакшы менен бир жүрсөң,
Эл кадырын билесин
.






























Жакшылыкка жакшылык- ар кишинин ишидир,

Жакшылыкка жамандык- көр кишинин ишидир.

Жамандыкка жакшылык- эр кишинин ишидир, Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.
Жалтанат адам эмнеден?
Жаман сөз айткан пендеден.
Тартынат адам эмнеден?
Табалап күлгөн пендеден.

Талантка таамай сын берер,
Тараза болот эл деген.