Просмотр содержимого документа
«Коен менен кирпи»
Жалпы билим берүүчү ШАРШЕНБАЙ атындагы орто мектеби МУГ:САПАРАЛИЕВА Б .
Алтын эрежени эске салабыз.
Жакын келип,тынчтыкты сактайбыз
Кунт коюп угуп,отур
Табышмак айтам тапкылачы? Абайла ага тийбе Үсту толо ийне?
Узун экен кулагы,
Узун арткы шыйрагы.
Абдан коркок жаныбар,
Бул кайсы.......
Сабактын темасы:
Коён менен кирпи
Сабактын максаты:
К.Ушинскийдин Коён менен кирпи тексти менен таанышат.Аны окуп чыгып,маанисин түшүнөт.
Ой жүгүртүүсүн,кабыл алуусун,эске тутуусун,көңүл буруусун өнүктүрөт.
Текст аркылуу достукка бекем болууга,жолдоштору менен маектешүүдө башканын оюн кунт коюп уга билүүгө,боорукерликке тарбияланат.
К.Д.Ушинский
Коён жөнүндө айтып берейин .
Коёндор жапайы — коён сымалдар түркүмүнүн тукуму. Коёндордун 50дөй түрү бар: ак, чоң боз, жана кадимки коёндор жана башкалар. Бардык коёндордун алдынкы буту кыска, арткы буту узун, секирип чуркоого абдан ыңгайлуу. Кулагы узун, куйругу кыска, жүнү жумшак, коюу. Ак коён ири, дене узундугу 44-74 см, салмагы 3-4,8 кг, жайында күрөң же көгүш түстө, кышкысын аппак, кулактарынын учтары жайдыр-кыштыр кара. Тундра, токой жана токойталаалуу зоналарга таралган. Чоң боз коён ак коёндон чоңураак, салмагы 4-7 кгга жетет. Кышкысын бир аз көгүш болуп өзгөрөт, жону кара. Көбүнчө токой-талаалуу, ачык талаа жана кургак талааларды мекендейт. КМШ өлкөлөрүнүн Европа бөлүгүндө таралган. Кадимки коён Борбордук Азия, Казакстан жана Байкалдын чыгыш жагындагы чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерге таралган. Дене узундугу 38-53 см, салмагы 2-2,5 кг.Коёндун баласын бөжөк дейт
Кирпи жөнүндө билгиңер келеби?
Кирпинин жашаган жери - Орто Азия , Индия , Африка , Жаңы Зеландия . Кирпи эркиндикте 2-7 жыл, ал эми колдо багууда 8 жылдан 16 жылга чейин жашайт.
Чоң кирпиде узундугу 3 сантиметрге чейин жеткен 5-6 миң, кичинесинде 3 миңге жеткен ийнеси болот. Ийнелери кирпини душмандардан , мисалы, түлкүдөн , карышкырдан жана үкү сыяктуу жырткыч куштардан сактайт.
Эне кирпи жылына 3-6, кээде 7-8ге чейин ийнесиз, кызыл эт баштанган бала тууйт. Төрөлгөндөн кийин бир нече сааттан кийин ийнеси өсө баштайт.
Көзү кара, тоголок. Адам сыяктуу эле түстөрдү айырмалай алат. Мурду шуштугуй жана ар дайым нымдалышып турат.
Тишинин саны 36. Жылан , бака , курт-кумурскалар , козу карын, мөмө-жемиштер кирпинин эң негизги азыктары болуп саналат . .
Ноябрдан апрель айына чейин аюу сыяктуу чээнге кирип уктайт.
Келгиле балдар суроолорго жооп беребиз
Коён менен кирпи эмне жөнүндө сүйлөшүштү?
Кимисиники туура деп ойлойсуң?
Үйгө тапшырма.
Коёндун сүрөтүн тартабыз
- Жомокту окуп,өз сөзүң менен айтып бер