СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Колду клавиатурага үйрөтүү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Колду клавиатурага үйрөтүү»

и

1-сабак. Клавиатурада колду үйрөтүү.

Компьютерди жандыруу: Системалык блокто чоң баскычты басуу

Word тексттик редакторуна кирүү: Пуск Все программы Microsoft Office Microsoft Word

Windowsтогу клавиштердин биригиши

Win + F1 – Windows системасынын маалымдамасын чыгаруу
F1 - маалымдама
F4 – даректер тилкесин чакыруу
F10 – менюга өтүү

Alt + Tab  — бир терезеден экинчисине өтүү;
Alt + F4 — активдүү терезелерди жабуу;
Alt + Space (пробел) — терезенин системдик менюсун ачуу. Мында чычкандын жардамысыз терезени жабууга, түрүүгө, жылдырууга жана өлчөмүн өзгөртүүгө болот.
Alt + Shift или Ctrl + Shift — тилди өзгөртүү;
Ctrl + Alt + Delete — «Диспетчер задач» терезесин ачуу; Win — «Пуск» менюсун ачуу/жабуу;
Win + E — «Проводник» программасын ачуу;
Win + R — «Запуск программы» («Пуск» -- «Выполнить…») терезесин ачуу;
Win + F — издөө терезесин ачуу (найти файл и папку);
Win + M — диалогдук терезелерден башка ачылган терезелерди түрүп коёт ;
Win + Tab - Панели задачта коюлган приложениялардын ортосунда өтүү
Win + Pause/Break — «Система» терезесин ачуу;
Print Screen — терезенин сүрөтүн алуу;
Ctrl + C — көчүрүү;
Ctrl + V — коюу;
Ctrl + X — кесип алуу;
Ctrl + Z — жокко чыгаруу (назад);
Ctrl + A — баарын белгилөө;
Ctrl + S — сактоо; Ctrl + W — терезени жабуу;
Ctrl + R — жаңылоо; Ctrl+ ESC – башкы менюну ачуу (нажать на кнопку Пуск)






Клавиатура деген эмне

"Клавиатура деген эмне" - бул компьютердеги маалыматты киргизүүчү негизги түзүлүш. Анда бардык жазуу символдору камтылып, көптөгөн баскычтардан турат, баскычтарынын орточо саны 100-130 болот.

Сырткы көрүнүшү боюнча илгерки жазуучу машинкалардыкына окшош, бирок бир нече кошумча баскычтары менен. Компьютердик клавиатура тамгаларды, сандарды жана башка символдорду компьютерге киргизүүгө жардам берет, негизги иши киргизүү десек болот. Төмөндө компьютерлерде көп колдонуучу клавиатура көрсөтүлгөн.

Клавиатура деген эмне

Бүгүнкү күндө компьютер колдонуучуларынын көпчүлүгү QWERTY клавиатурасын колдонот.

qwerty клавиатура

Клавиатуранын бөлүкчөлөрү

-Негизги тамгалар

-Функционалдык клавишалар

-Башкаруу клавишалары

-Сандардын клавишалары

-Жебелер (стрелка)

Негизги тамгалар

Аты айтып тургандай эле, бул жактан тамгаларды компьютерге киргизүү үчүн айрыкча латын жана кирилица тамгалары жайгашкан.

Функционалдык клавишалар

"Клавиатура деген эмне" суроосуна кошумча айта кетчү нерсе - функционалдык клавишалар (баскычтар) F1ден F12 чейин программаларда ар кандай клавишалардын кошунду функциаларын аткарат. Мисалы, F1 клавишасы көптөгөн программаларда программа жөнүндө маалыматты көрсөтөт.

F2 - Windows Explorer, Microsoft Visual Studio жана башка программаларда файлдардын атын өзгөртүү функциясын аткарат.

F3 - адатта издөө функциясын активация кылат.

F4 - учурда көбүнчө колдонулбай калды, мурда бул клавиша файлды рекдациялоо функциясын аткарчу.

F5 - Windows оперативдик системинде көбүнчө кайра жүктөө же жаңылоо функциясы, файл менеджерлеринде көчүрүү функциясы мойнунда.

F6 - браузерлерде даректи жазууга фокустайт, файл менеджерлеринде файлдарды жылдыруу.

F7 - файл менеджеринде жаңы каталог түзүү.

F8 - файл менеджерде файлды өчүрүү, учурда көп колдонулбайт.

F9 - файл менеджерде менюга фокус берүү, учурда оюндарда тез жүктөө функциясын өтө көп колдонушат.

F10 - Программанын менюсун чакыруу (кээде жабуу)

F11 - Толук экрандуу/терезе режимге которуу.

F12 - Кошумча меню.

Башкаруу клавишалары

Бул баскычтар программада иштеп жатканда кошумча функцияларды берет, ал баскычтар: insert, delete, home, end, pageUp, pageDown.

Сандардын клавишалары

Сандардын клавишалары бардык эле клавиатураларда жайгашкан эмес, өзгөчө ноутбуктарда жокко эсе. Бул баскычтар сандарга жана жөнөкөй математикалык операцияларга (бөлүү, көбөйтүү, алуу, кошуу, пайыз) тез жана оңой мүмкүндүк берет.

Жебелер

Жебе (стрелкалар) баскычтары компьютерде курсорду ар-кайсы жакка жылдырууга, барактарды барактоого жана башка ушу сыяктуу функцияларга жардам берет. Жебелердин өзгөчөлүгү муну ар бир адам интуитивдик деңгээлде оңой колдонот.



Албетте, клавиатуралардын учурда дагы башка түрлөрү пайда боло баштады алар кадимки смартфондордун tuchsreen баскычтары, негизинен кебете-кешпири QWERTY болуп саналат, айырмасы басууда гана. "Клавиатура деген эмне" аттуу суроого жооп жазууга аракет кылып, ушундай макала жаралды. Кошумча-алымча болсо пикир жазып койгула.