Просмотр содержимого документа
«Коло доору.Ош тургун жайы»
Ош мамлекеттик педагогикалык университети
Тема:Коло доору.Ош тургун жайы
Окутуучу:Тагаева Э.А
Студент: Советбек кызы Зулайка
Группа: Ин-20
Коло доору.
Коло доорунда (биздин заманга чейин 3- миң жылдык- биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын башы) техника менен маданияттын ѳнүгүшү бир топ ылдамдап, мунун негизинде Жакынкы чыгыштагы кул ээлѳѳчүлүк мамлекеттерге жерди суугаруу, айдоо, кол ѳнѳрчүлүк, жазуу иштери ѳнүккѳн. Европа менен Азиянын көпчүлүк жерлеринде мал чарбачылыгы кеңири тарап , энелик доорду аталык доору, коло доорун темир доору алмаштырган. Борбор Азиянын туштүк- батышында отурукташып, дыканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен.
Болжол менен биздин заманга чейин 5-миң жылдыкта Орто Азияда жез кеңири жайылып , андан эмгек куралдары жасала баштаган. Бирок жезден жасалган куралдар жумшак келип, тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууга үйрѳнгѳндѳ, адамзат коомунда ири прогрессивдүү ѳзгѳруштѳр башталган. Кыргызстандын аймагынан жез кендери Ноокаттан, Чаткалдан, Кетментѳбѳдѳн, калай Ысыккѳлѳдгү Сарыжаз суусунун жээгинен казылып алынган. Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият ѳнүккѳн. Борбор Теңиртоодо , Ысыккѳлдѳ , Чуй жана Талас ѳрѳѳндѳрүндѳ кѳчмѳн мал чарбачылыгы аздыр- кѳптүр дыйканчылык, аңчылык менен айкалышып ѳнүккѳн.
Коло дорунун биздин заманга чейин 18- 15-кылымга таандык тургун жайы Чүй ѳрѳѳнундѳгү Беловодскиден, биздин заманга чейин 12-9 кылымга таандык эстеликтерди , аска бетине тартылган сүрѳттѳрдү Аламүдүн, Александровка, Жайылма жана Кайыңдыдан табышкан. Токтогул районунун жаны борборун куруу мезгилинде Андрон маданиятынын мезгилиндеги турак үй табылган. Ал бир метрдей казылган 70 чарчы метрдей жерге тургузулган. Бул жер үйдүн дубалы жана үстү устундар менен бекитилип, чырпык менен каланган жана ылай менен шыбалган. Мында 25тей адамдан турган үй-булѳ биргелешип чарба жүргүзгѳн.
Коло дорунда ѳлгѳндѳрдү ѳрттѳѳ жана жерге коюу салты колдонулган. Мүрзѳлѳргѳ тамак- аш, металлдан жасалган бычактар, ийнелер, сѳйкѳлѳр, билериктер жана башка кошо коюлган. Кыргызстандын айрым жерлеринен коло дооруна тиешелүү байыркы кенчтер табылган. Коло дооруна таандык аскага тартылган сүроттѳр Жалалабад облусундагы Тогузторо районунда жайгашкан Когарт суусунун батышындагы саймалыташ сүрѳт галериясында топтолгон. Саймалыташ- таш бетине чегилген сүрѳттѳрдүн дуйнѳдѳгү эң чоң, уникалдуу галереясы. Аз сандагы аскага тартылган сүрѳттѳр Сулайман тоосунан. Араван кыштагына жакын аскадан, Чолпоната шаарына жакын жерден, Кетментѳбѳ жана Алай ѳрѳѳндѳрүнѳн табылган
Коло дооруна (б. з. ч. 2миң жылдыктын аягы – б. з. ч. 8-к.) таандык археологиялык эстелик. Ак-Буура суусунун сол тарабында Сулайман тоосунун этегинен орун алган. Таш жана коло доорлоруна тиешелүү куралдардын калдыктары, аска бетине түшүрүлгөн сүрөттөр жана көрүстөндөр изилденген. 1947-ж. оюу түшүрүлгөн чопо идиштин калдыгы табылып, эзелки адамдардын турагы бар экендиги белгиленген. Ушул эле жылы окумуштуулар Ю. А. Заднепровский, Е. В. Дружининалар Узундугу 200 мден кем эмес турак жай орун алгандыгын белгилешкен. Тоонун этегинен төмөн карай кеткен тектирчелерде турак жайлар жайгашкан
Археологдор эң жогоркусун, тоо башындагы аскалардын түбүнөн башталган тектирди изилдешти. Ошол кезде элдердин үйлөрү Сулайман тоосунун борборундагы бийик асканы тегерете жайгашкандыгы жөнүндө божомолдоого болот. Дээрлик бүткүл тектирлерде кылымдардан бери тапталып калган жердин бетинен көптөгөн тегерек ороолор (чункурлар) даана көрүнүп турат. Бардыгы болуп 70тен ашуун ар кыл диаметрдеги жана терендиктеги ороолор тазаланды. Алардын баары тең дан ж. б. азык-түлүктөрдү сактоо үчүн арналган. Эки ороонун ичинен археологдор бир килограммга жакын бир кыйла жакшы сакталган көмүр жыйнашып, радиоуглероддук анализге жөнөтүшкөн. Ленингряддагы атайын лабораторияда ошол үлгүлөр аркылуу көмүрлөрдүн күйгөн убактысын далилдешкен жана ошону менен бирге эле Ош кыштагынын жашаган мезгилин, жашын аныкташкан.
Чарбалык буюмдары коюла турган оюкчалардан коло шибеге, жаргылчак, таш ороктун сыныгы табылган. 1979-ж. Лениград (Санкт-Петербург) археол. Институтунун Фергана экспедициясы жергиликтүү Край таануу музейи менен бирдикте 500 м аянтты ээлеген 2 тектирчеде 2 жарым үй, 40 тан ашуун чарбалык аңдарды изилдешкен. Мындай жарым үй буга чейин Дальверзинде жана Чустта гана белгилүү болгон. Ошондой эле боёк менен кооздолгон идиштер, чопо идиштердин 5000ден ашуун сыныктары, акак таштан жасалган шурулар, 140 таш куралдары жана тешиктери бар чүкөлөр кездешкен.