СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компьютердин зыяндуулугу эски план мн

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы:  “Компьютердин зындуулугу  “

Сабактын максаты : а)Компьютеридин зыяндуулугу  кенири тушунук беруу .

                                         Б)окуучулардын топ менен иштей булууго уйротуу.

                                 В)компьютердин зындуу жактарынан коргоно билууго,конугулоду  жасай билууго тарбиялоо .

Сабактын жабдылышы : турдуу  суроттор ,скелет ,ватман, маркерлер ж.б

Сабактын журушу : Уюштуруу

Жаны тема : Азыркы замандын талабына ылайык, бардык иштер компьютердин жардамы менен ишке ашып калды. Антип ишибизди бүтүрүп жаткан маалда компьютер биздин ден соолугубузду байкатпай талкалап коёрун үстүртөн билгенибиз менен терең маани бере бербейбиз. Ушундан улам компьютер ден соолукка кандай терс таасир эте турганын жана анын кантип алдын алууга болору тууралуу маалымат беребиз.

Нерв системалары:

Компьютер менен иштөө интеллектуалдык эмгекти талап кылат. Интеллектуалдык мээнетти талап кылган иште нерв системаларына, өзгөчө мээге ар дайым күч келип турат. Жыйынтыгында кулак чуулдап, баш айланып, жүрөк айланып куску келген абал пайда болуп, нерв системаларынын иши бузулат. Компьютерде көп олтурган адамдар бат-баттан маалымат алып тургандыктан бат чарчашат жана кандай гана иш болбосун, ага реакция кылбай жана көңүл буруу жагынан аксап калат. Жыйынтыгында адамдагы чарчоо өнөкөткө айланып кетет. Компьютер аркылуу алынган жаңылыктар көбөйүп кеткенде адам катуу ойлонуунун кесепетинен стресске жана психикалык ооруларга кабылат. Мындан тышкары жүрөк-кан тамыр, гастрит, ашказандын жарасы, простатит жана он эки эли ичегинин ар кандай ооруларына алып келет.

Көз:

Эртели-кеч компьютердин мониторун тиктеп отуруу көзгө жана анын көрүшүнө терс таасирин берет. Экрандагы өңдөрдөн, андагы барактардын улам ачылып-жабылышынан улам көздүн кареги кичирейип, чоңоюп, жыйынтыгында дайыма көзгө күч келип турат. Билинбегени менен компьютер көздүн жаш ага турган калтачасын кургатып жиберет. Негизи көздө нымдуулукту кармап туруу үчүн көз мүнөтүнө 20 жолу ирмелиши керек. Ирмеп туруунун натыйжасында көздүн каректери нымдалып, суюктук аркылуу тазаланып турат. Ал эми компьютерде көп олтурган учурда көздү ирмөө 3 эсеге азаят. Мындан улам көздүн сыртындагы катмар кургай баштайт да, кургак көз оорусуна чалдыгат. Каректин кургап баратканын көздүн кычыктары кызарып, тамырлары көрүнө түшкөнүнөн билсе болот. Экран алдында мониторду көпкө тиктеп олтуруу миопия (жакынды жана алысты көрүүнүн начарлашы) жана глаукома сыяктуу ооруларга алып келет.

Кол:

Узак убакыт компьютерде олтурганда билек, манжалар жана ийин да жабыр тартат. Компьютердин клавиатурасы менен активдүү иштөө колго күч келтирет. Манжалардын башынын сезимталдуулугу начарлап, жансызданат. Мындай абал күн сайын кайталана берсе, колдун нерви, муундары жабыркап, колдун булчуңдары гипотрофияга (булчуңдардын өлчөмүнүн кичирейиши) учурайт жана билек менен ийиндин тарамыштары тартышып ооруйт.

Омуртка:

Компьютерде узакка олтургандын дагы бир терс жагы омурткалар кыйшайып, бой түз кармалбай калат. Бойду түз алып жүрбөгөндүн жыйынтыгында арка омурткалардын ортосундагы диск сыгылып адам грыжа, айрым учурда радикулит оорусуна чалдыгат. Мындан тышкары дайыма бир орундан жылбай отуруу ичте майдын топтолушун жаратат. Анткени ашыкча энергия майга айланат Ал эми ашыкча салмак кант диабети баш болгон бир топ ооруларга жеткирет.

Тери:

Компьютерден чыккан нурдануу адамдын жүзүнө да терс таасир этет. Ошол себептен улам жүзүбүзгө жана көзүбүздүн алдына бырыш түшүп, жыйынтыгында бетибиз, көздөрүбүз шишимик тартып калат. Бетке тез арада бырыш түшпөөсү үчүн атайын бетке жана моюн булчуңдарына жасала турган көнүгүүлөрдү жасап турганыңыз оң.

 

Көтөн чучук оорулары:

Статистика боюнча геморрой оорусу менен ооругандардын көпчүлүгүн бир ордунан жылбай олтуруп иштегендер түзөт. Адам компьютерге көпкө олтурган маалда кыймылсыз болгондуктан арка сөөк, омурткаларында кан айлануу циркуляциясы жайлап, жакшы жүрбөй калат. Натыйжада кан тамырлар кеңейип акырындап олтуруп геморрой оорусуна алып келиши ыктымал.

 Түнөл оорусу кандай оору? Түнөл-узак убакыттын аралыгында пайда болуучу колдун оорусу. Компьютердин чычканчасын ар дайым оң кол менен кармап отурабыз. Ошондуктан, көпчүлүк учурда бул илдет менен оң колдун билеги жабыркайт. Оорунун эң негизги себептеринин бири - билектин ортосундагы нерв системасынын ооруга чалдыгышы. Бул илдет алакан сөөгүнө туура эмес таасирлерди тийгизүүнүн негизинде пайда болот. Туура эмес таасирлерге: компьютерде колду эс алдырбай иштөө, оор жумуштарды ылгабай жасоо жана башка адаттар кирет. Эмне себептен оору түнөл оорусу деп аталып калган? Тарамыш чыканактан баштап билекке чейин келип, колдун манжаларына канал аркылуу өтөт. Ошол тогуз тарамыштын жанында бир чоң нерв өтөт. Тарамыш сезгенүүлөрдөн улам шишип, нервди кысып баштайт. Ошол каналчаларды түнөл деп аталат. Түнөл оорусуна чалдыкканыңызды кантип билсеңиз болот? Колду ийиндин тушуна чейин алып келип, эки колду бириктирип бир канча убакыт туруп туруңуз. Эгерде колуңуз жана манжалардын арасы талый баштаса, түнөл оорусунун башталышы бар деп эсептелинет. Буга кошумча оорунун белгилерин да сунуштайбыз.- Алдын кетиши, кол сайгылашып ооруусу;- Тартылуу, жагымсыз сезимдердин пайда болуусу;- Бардык манжалардын бир убакта ооруп калышы;Эгерде илдет өтүшүп кете элек болсо, аны үй шартында дарылап алууга толук мүмкүнчүлүк бар. Мындай дарылануунун максаты-жагымсыз адаттардан болушунча тезирээк арылуу жана ооруну басаңдатуу болуп саналат. Күрөшүү канчалык ылдам жана эрте болсо, ооруну жеңүү ошончолук ыкчам болоору талашсыз нерсе. Биринчиден компьютерде азыраак отурганга аракет кылыңыз. Адистер ар кандай жумушту жасоонун алдында колго күч келтирбей, эс алдырып турууну сунушташат. Колдун талып ооруганын азайтуу үчүн, күнүгө эки маал алаканды муздак сууга салып 10-15 мүнөт кармап туруу зарыл. Нерв системаларынын эс алуусун камсыздоого дайыма укалап туруу да кошулат. Эгерде өз алдыңызча дартты жеңүү үчүн кылган иш-аракетиңизден майнап чыкпаса, сөзсүз түрдө тийиштүү дарыгерлерге кайрылыңыз. Кайдыгерликтен улам илдет өтүшүп кетсе, дарыгерлер хирургия жолу менен дарылоого аргасыз болушаарын эсиңизге салабыз

Козайнек   Компьютерден эң жакшы коргонуу бул – көз айнек. Бирок аны тагып алуу сактанууга кепилдик бербейт. Аны туура тандоо чон мааниге ээ. Эмесе, көз айнекти туура тандоонун эрежелерин сунуштайбыз, пайдаланыңыз. Ошол эле учурда көз айнек тандоо жөнөкөй жумуш эмес экенин да эске салмакчыбыз.   Алгач компьютер үчүн дал келе турган көз айнек тандоодо окулистке көрүнүү керек. Адис көздүн көрүү деңгээлин талдап, соң көз айнектин туура тандалышына көмөк берет.  Компьютер иштеп чыгаруучулар кандай убадаларды бербесин көз - адамдын негизги бермети. Компьютер бүтүндөй зыянсыз деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми компьютер үчүн колдонулуучу көз айнектин негизги милдети – электромагниттик нурларды нейтралдаштыруу, теңдөө.

Заманбап жашоого ылайык, айрымдар көзүнө линза койдуруп алышат. Бирок, ошентсе да линзалар адамдын аткарган жумушунун оорчулугуна карата коюлуусу шарт. Мисалы, текст, сүрөттөр жана оюндар менен “алектенүүчү” линзалар үчүн башка-башка түрдөгү линза тандалат. Бул үчүн албетте профессионал адистин көрсөтмөсү зарыл. Бул учурлардын ар бири эске алынуу менен линзага атайын кабыкча чапталат. Айтор ар бир көз айнек кишинин көзүн экрандын түркүн-түскө алмашуусунан, кызаруудан жана аллергиядан максималдуу түрдө сакташы керек. Компьютерге көз айнек тандоонун эрежеси: - Окулист сиздин көзүңүз үчүн кепилдик бериши керек. Андыктан дарыгерге баруу үчүн убакыт бөлүңүз. Жакынды жакшы көрүп, бирок алысты жакшы көрө албаган адамдар үчүн эреже боюнча дайымкы тагып жүргөн көз айнегинен 1-2 диоптр (көз айнектин линзасынын өлчөө бирдиги) аз көз айнек сунушталат. - Компьютер үчүн көз айнекти каалаган жайдан эмес, атайын соода жайларынан алуу туура. Эсиңизде болсун, көз айнекти алып жаткан жайда көздүн көрүү деңгээлин текшерчү адис болушу зарыл. - Көз айнекти албетте капчыгыңызга карап аласыз деңизчи. Бирок Швейцария, Германия жана Япониянын чыгарган линзалары сапаттуу жана ишенимдүү экенин эсиңизге салып койгубуз келет. Бул линзалар арзан турбасы да сыр эмес. - Көз айнектин четки бөлүгүнүн сулуу болушуна көп талапкер болбоңуз. Ал сизге ынгайлуу “отуруп” жана жагымсыздык алып келбеген болсо, кийин да кыйынчылык жаралбайт. - Көз айнекти туура тандагандыктын эн негизги жана ишенимдүү далили – компьютерди канча карасаңыз да көзүңүз чарчабайт, оорубайт.   Эгерде компьютердин алдында көпкө отурбагандардын катарын толуктасаңыз, анда көз айнекке атайын антикомпьютердик линзаларды чаптатуу сунушталат. Тескерисинче компьютер менен тыгыз байланышта болсоңуз, анда көзүңүзгө туура кам көрүүдөн зерикпеңиз. Ден соолукта болу

Отуруу эрежеси:

- Монитордон элүү-алтымыш сантиметр алыс отуруңуз.

- Отурганда бут менен кол 90 градуска ийилип турушу зарыл. Бутту учкаштырып отуруу кан айланууну начарлатып варикоз оорусуна шарт түзөт.

- Өйдө-ылдый болгонго ылайыктуу, бутунда дөңгөлөгү бар отургучтар компьютерде отурганга жакшы.

- Иштегенде башты буруп кыймылдатпай, көздү жылдырып иштеген оң. Текст терип жатсаңыз алдыңыздагы кагазды ошого ылайыктап коюңуз.

- Дайым бийик така кийгенге караганда, такасынын бийиктиги үч-төрт сантимтерлик бут кийим сиздин ден-соолугуңузду жакшы сактайт.

- Компьютерди көздөй өбөктөп отуру же мониторду жакындан тиктөө зыян.

- Техника күндүн нуруну тийбегидей жерде турганы оң, монитор ары-бери бурула турган буту ийилчээгинен тандаңыз.

- Вирусту эң көп алып жүргөн буюм –компьютердин клавитатурасы. Күнүгө эртең менен таза сүртүп, маал-маалы менен атайын суюк каражаты менен тазалап туруу керек. Клавиатуранын кычыктарындагы чаңдар адамды аллергия кылат.

- Компьютердин жанына кактус гүлүн коюп алган менен маселе чечилбейт. Айрымдар кактус электр-магниттик нурлануудан коргойт деген ишенимде. Бул божомол илимде далилденген эмес.

- Компьютерден чыккан нурдан коргоочу көз айнек да жакшы жардамчы. Болгону аны өз алдынча эмес, адистердин көрсөтмөсү менен тагынган дурус.

- Түшкү тамактануудан кийин дароо жумуш орунга отурбай аз дегенде жыйырма мүнөттүк сейил керек. Эгер ага убакыт тар болсо жумуштан кийин бир чакырым жолду жөө басып коюу ашыкча болбойт. Күнүгө эки-үч саат аралыгында бөлмөнү желдетип туруңуз. Адамдын эс алганы анын уктаганына, жаткан төшөгүнө көз каранды. Күнү бою отуруп иштегендер төшөктү жука салып жаткан оң. Бийик жаздалбаган орточо калыңдыктагы төшөк денеңизди жанчыбай жакшы уктаганына шарт түзөт. Бийик жаздык мээдеги кан айланууну жайлатып, желкени тырышытырып эс алдырбаасы ансыз деле маалым.

Ден соолук үчүн көнүгүүлөр

Атайын көнүгүүлөрдү өз маалында 5-6 жолу кайталоо менен жогоруда жазылган оорулардын алдын ала аласыз.

Көзгө: эки көз менен мурундун учун тиктеп, анан алысты караңыз. Башыңызды бурбай көздү жылдыруу менен эки жакты, өйдө-ылдыйды тиктеңиз. 5-6 жолу көзүңүздү жуумп, кайра ачыңыз жана көздү жумган абалда каректерди өйдө-ылдый жылдырыңыз.

Териге: алгач жаактар керилсин үчүн оозду чоң ачып-жабыңыз жана манжалардын жардамы менен оозду кулакты көздөй акырын чоюңуз. Үстүңкү жана астыңкы тиштерди бири-бирине жакын кармап, ооз аркылуу чоң-чоң дем алып, абаны кайра ооздон чыгарыңыз.

Омурткага: бир саатта бир жолу орундуктан туруп эки колду бирдей өйдө көтөрүп, кайра түшүрүңүз. Колдоруңузду өйдө көтөргөн абалда оң жана сол капталыңызга ийилиңиз. Андан соң колуңуздү бөйрөгүңүзгө таяп эки капталыңызга ийилиңиз. Эми бутка кан жүгүртүү үчүн эки колуңузду алдыга алып көкүрөк тушуңузга чейин көтөрүңүз. Оң колуңузга сол бутуңузду, сол бутуңузга оң колуңузду тийгизиңиз.

Колго: жарым саатта бир эс алып колуңузга массаж жасап туруңуз. Эки колуңуздун манжаларын бири-бирине айкалыштырып оң жана сол жакка жылдырып укалаңыз. Андан соң биринчи колуңуздун үстүнө экинчи колуңузду коюп манжаларыңыздын башынан тартып билегиңизге чейин сыйпалаңыз.

Эскертүү: Монитордун экранын өтө жарык же караңгы кылуу сунушталбайт. Экрандын өңү боз түстө болсо чарчоону басат жана анын тунуктугу 75 Гц болуш керек. Ден соолугун сактайм дегендерге чоң экрандуу компьютер алуу сунушталат.

Класстер менен иштоо :

 Уйго тапшырма :крассворд тузуп келуу .

Жагымдуу маанай :   Ар адамга керек ден –соолук       `


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!