Түрк элдеринде улуттук тартма кылдуу, чертме жана какма аспаптарынын кобус (хобус), комыс, кобуз (хомуз), кумуз деп аталышы Комуздун эң байыркы музыкалык аспап экенин далилдейт.
Комуз экме жана жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал алмурут) өңдүү формада чабылып, моюну ичкерип кетет. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган Комуз бек жана добуштуу болот. Комуздун жалпы уз. 75 см чамалуу. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Эки четки кылы унисондо, ортоңкусу четкиге карай квинтага же квартага толгонот. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалат.
Муздак сууга салынган ичеги сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийрилип, анан аябай кере тартылып коюлат (кийин кылдын ордуна тарамыш же жасалма тарамыш жип тагылып калды).
Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен тандашкан. Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган.
Комузду мыкты чапкан усталар: Айманбет, Жансерке, Чалагыз, азыркы Орозобай Кенчинбаев, Намазбек Уралиев.
30-жылдары эл аспаптар оркестри үчүн Комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү (комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) жасалган. 1952—53-ж. А. Петросянц менен С. Дидеренко Комуздун дагы жаны түрүн сунуш кылган. Аны Ташкендеги илим изилдөө институту жүзөгө ашырган.
Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда, Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда, белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган” деген жери бар. Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын. Андан мурдагы тарыхый булактарга сереп салып көрсөк. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аты эмне?” деп сураган. “Бул кобус деген музыка болот” деп жооп берет. Ван-Хавчуктун айтуусу менен эле “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек” деп болжолдоп койгон, так маалымат жок[1].
Ушуга эле удаалаш маалымат: “Жапандык музыка адиси Аясы-Канту (Ли-Чан-Сан) деген адамдын,“Чыгыш музыкаларын изилдөө” аттуу эмгегинде кыргыз комузу жунгонун (кытайдын) Тан империясынын тушунда Ханзу (кытай) музыкалары менен бирге Жапонияга барып калган. Жапандыктар бул музыкага өтө көңүл буруп, кыргыз комузунун негизинде “Кьото” деген музыканы ойлоп табышкан. “Кьото” – кылдуу музыка дегенди билдирет”- деп жазат[2].
Азыр бизге эки нерсе белгилүү болду, казактардын эки кылдуу аспабы – “кобуз” жана жапандыктардын эки кылдуу аспабы – “кьото”. Тарыхка сереп салсак, кытай тарыхчысы Анвар Байтур жаңы эранын 33-жылында “кобус” деген аспапты атап, анын 1-чи кылымдарга таандык экенин далилдейт. Кээ бир булактарда казактын Каркут деген ырчысын мисал келтирип, кобуз ага таандык деп жазышат. Орустун окумуштуусу Алексей Левшиндин эмгектеринин биринде “Кыргыз-Кайсактар (Кыргыз-Казактар) тууралуу тарыхый маалыматтар” деген макаласынын 1-чи бабында мындай деп жазгандары бар: “Кайсак деген сөз - Казак дегендин бурмаланган түрү, айрым чыгыш жазуучуларынын ырастаганына карасак, бул сөз Христин төрөлүшүнөн да мурда пайда болгон. Бул пикирдин туура же туура эместигин иликтеп отурбастан, орто кылымдардагы орус урууларынын турмушунун көптөгөн тармактарына таралып кеткен Казак деген аталыш башынан бери эле Кыргыз-Кайсак ордолоруна таандык экенин жана азыр да алар өздөрүн Казак деп гана атарын белгилегибиз келет. Персиялыктарга, бухаралыктарга, хивалыктарга, жана Азиянын башка элдерине алар мына ушул ат менен белгилүү. Кытайлыктар “К” тыбышын жумшартып Харсак деп айтышат. Россияда 18-кылымга чейин Кыргыз-Кайсактарды билишпеген, бирок аларды Казактар, Казак ордосу деп аташкан”[3].
Аталыш тарыхы
“Комуз” музыкалык аспабы көптөгөн аспаптардын ичинен 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдөөгө эмгектерин арнап келишкен жерлери бар. Орустун окумуштуусу С. Дмитриев: “Түрктөрдүн руникалык жазууларынан 8-кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон” - деп жазган.
Эгерде биз сөздүн уңгусун алып, сөздүктөргө көз чаптырып аңдоо салсак, анда ар кандай үндүк тыбыштардын ар кайсы өзгөрүүлөрүн көрөбүз. Мисалы, кобыз, кабаза - деген сөздөр арабдарга таандык. “Гияс-ул-лугат” деген сөздүктө кобза - колго алуучу моюн, калем сап делип которулат экен. Калем сап деген түшүнүк бул жазууга пайдаланган буюм (ручка) деле турган болсо, колго алуучу моюн - бул бир мойнунан кармай турган буюмдун түшүнүгү. Демек, бул жерде музыкага тиешеси жоктой ойду бергени менен, Украинанын музыкалык аспабына С. Дмитриев эскергендей “Гияс-ул-лугат” сөздүгүндө “кобза” менен “кобзо” сөздөрү дал келет.
Ошондуктан, айтылган аттар “кобуз”, “кобыз”, “кобус”, “кабаза” деген аталыштар бир эле убактарда өзгөрүлүп айтылып келгендери да жок эмес. Бизге жеткени – “кобыз”, “копуз”, “кумус”, “хобус”, “хомыз”, “хомус”, “комус” деген өзгөрүлмө аттар. Кыргыздын эзелки сөздөрүндө “с” тамгасы “з” тамгасына караганда көп пайдаланылып, этнонимге да таандык болгону анык. “К” тамгасы эл аралык сөз терминде, айрыкча коңшулаш кытай элинде “Х” же “Г” тамгалары көп пайдаланылгандыктан, фонетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында биздин сөздөрүбүздө кийинчирээк комуз деп айтылып калышы талашсыз.
Жапонияга жеткен “кобус” аспабы кыргыздарга таандык экенин Аясы Кенту (Ли- Чан - Сан) “Чыгыш музыкасын изилдөөдө” Тан империясынын тушунда кыргыз “комузу” Ханзу музыкалары менен бирге Жапонияга тарап, Жапандыктар кыргыз “комузунун” негизинде “Кьото” деген музыкалык аспапты жасашканын жазып, “Кьото“ деген сөз “кылдуу музыка “ дегенди түшүндүрөрүн айтат. Музыка деген сөздүн өзү кайдан чыкканына кайрылып көрөйүн деп, атайын музыкалык сөздүктү алып изилдеп көрдүм, Т.Крунтяева, Н. Молокованын сөздүгүндө[4] “музыка” деген сөз чыгыш элдерине таандык экенин музыкалык аспап “Музыка” деген сөздүн өзү жаңы эранын 30-жылында пайда болсо да, европалык музыкалык терминдердин сөздүктөрүндө Чыгыш элине таандык делген жерин кезиктире албадым. Мисалы: “мьюзик” (англ.), музыка-мусика (латынча), музика-музыка (италияча) деген гана түшүнүктөр бар.
Сабырбек Абдырамен эрдин он жылдык чыгармачылык изилдөөсүндө “кыргыз” деген ат, этимология боюнча кыр-уу-уз деген аталыш жашоо-шарты тоо арасында өткөндүктөн келип чыккан деп түшүндүрүлөт. “Кыр” – тоолук, “куу” (ху) жана “уз” дейт. Ошол эле учурда эки мааниге ээ экенин кєчмєн эл ата-тегинин санжырасын “оў”, “сол” деп бєлїп, “куу уул”, “ууз уул” деп калганы кытай кол жазмаларында “куу” (ху) жана “ууз” деп эскерет[5].
”Куу – күү”, “ууз – уз” деген сєздєр “күү-уз” – “кооздолгон” (уз), “күүчү – уз” деп өзгөрүп, этимология боюнча “күүчү-уз”, “коо-уз”, андан барып “коо-муз” “комузга” өтүп кетиши мүмкүн.
Демек, комуз деген сөз кыргызда фонетикалык термин катары “кол-музыкасы“, “кумус”, “кү-мүс” деген сєз кыргыздын “ү” тамгасы, же болбосо “Күн” - “Хун” деп айтылып кеткен сыяктуу эле, “Күү”-музыкасы, “кыл-музыкасы” деген түшүнүктү берерине ынандым. Кыргыз менен Жапондуктардын музыка түшүнүгүндө бир маанидеги музыкалык түшүнүктү айтып турган жалпылык бар, “кылдуу музыка“ менен “кыл-музыкасы” эгиз козудай окшош. Жыйынтыгы - “кол - күүлөрү”, “кыл – күүлөрү”, “кылдуу-күүлөр” комуз күүлөрүнүн жаралыш тарыхына келип такалууда.
Эгерде жогорудагы Коркут деген улуу инсан кезегинде 18 миң ааламга кулак төшөп, 28 үн тыбышты бөлүп ажыратып, “кобуз” менен музыкалык үндү кошуп, угармандарына жеткире алган болсо, Камбар деген кыргыздын улуу инсаны ичегиден кылды ойлоп таап, комуз аспабынын көркөмүн өзгөртүп, добуш чыкчу жерлерин тереңирээк кеңейтип, үндүн ыргактарын кулака жагымдуу кылып уккулуктуу кылып добуш берип, жаңыча жаңылык кийрип, комуздун тагдырын ушу күнгө жеткидей кылганына, кыргыз эли сыймыктануу менен тарыхын айтып, чертип жүргөнү бекер эмес дээр элем.
Кыргыздын комузуна өзгөртүүнү кийин эле үч кылдын ордуна, төрт кылды тагып черткен айтылуу залкар комузчу Атай Огомбаев чоң жаңылык киргизгени - комуздун тагдырынын өзгөрүш тарыхы. Комуз аспабы азыркы убакта бөлөк элдердин аспаптарынан айырмаланып, анын моюн жагын манжалар басып, күү, обонго келтирген жеринде атайын бөлүнгөн пернелери (ладдары) жок. Кыргыз комузчулары белек элдердин аспапчыларынан айырмаланып, кол ойнотоор касиетке өтө чебер жана маштап черткен жагынан эч бирине теңдешсиз. Комуз аспабы азыркы кезде дүйнө элдерине абдан таанымал аспап дешке толук укук бар.
Комузчулук өнөр
Коломто комузчу. Очок башында жамбаштап жатып, өзү менен өзү кыңгыр добуш салаар, эриккенде ээн жерде эрмекке жараар, чаалыгып-чарчаганда черин жазаар, качан да болсо жүк бурчунда комузу даяр. Мындай өнөр, албетте, коломто комузчуга гана таандык.
Жоро комузчу. «Yлпөт» десе, үйүндө тынч жатпаган, отуруш жыйынды эстеп, оолукмасы кармаган, «жоро-бозо» жыйындарында четте калбаган, обон күүлөрдү ойкуштанта чалып, ким ырдаса, ошону жандаган, жалгыз жарым кайрыктарды кураштырып, «менин күүм» деп жарыя салганга чейин барган, бирок, аламан жарышка жарай албаган, арымы кыска аспапчыларды жоро комузчу деп коюшат.
Устат комузчулар. Мектептерде, атайын окуу жайларда, маданий мекемелерде, ишканаларда, ийримдерде шакирттерин даярдап, ата мурастарынын өнүгүшүнө салымдарын кошкон комузчулар устаттар аталышат. Албетте, устат-шакирт ортолугундагы алака-катышта «акыл оошмок, өнөр жугушмак».
Устат-шакирт аралыгы түбөлүктүү эмес. Идиреги бар шакирттер устатынан алгандарын бүкүлү бурдап сугунбайт. Чыпкалап, тандап, чыныгы чыгармачылык электен өткөрүшөт, таразалап-такташат, тазаларын бапташат, өз табылгаларын сыпайы чаптап, жаңыны жаратышат. Эл макалында айтылгандай: «устатынан шакирти өтмөгү» ошондон.
Сыпайы-сынаакы комузчулар. Шартылдата күү чалып, шаңкылдата обон созуп, шатыра-шатман отуруш жыйындарда өзүн өзгөчө көрсөтпөйт. Кыл тербөөчүлүк өнөрүн өз чөйрөсүндө гана сыпайы сыртка чыгарат. Калк мурасына кадыркечтик мамиле кылган, талаштуу маселеде калыс турган, аталар салтын аздек туткандар сыпайы-сынаакы комузчуларга жаткан.
Улуу комузчулар
Кыргызстанда бир нече регионалдык аткаруу мектептери калыптанды, ар бири өзүнүн стилдик өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. ХХ-кылымда алар өздөрүнүн алдыңкы адамдары катары көрүнүктүү комузчуларды табышкан. Мисалы: Ыссык-Көлдүн мектебинен Арстанбек, Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо, Ниязалы Орозовтор болгон алар өздөрүнүн чыгармаларында терең философиясы жана өзгөчө стили менен айырмаланат, Ош мектебинин алдыңкы комузчулары өздөрүнүн илгерки, архаикалык аткаруу салттарын бекем сактап кала алышкан. Бул мектептин көрүнүктүү Адамы болуп Ниязалы чыгат. Талас мектебинин аткаруучулары Токтогул, Атай мыкты чертүү шыгына, таң калтыраарлык оюнга жакын. Ал эми Нарын мектеби бардык мектептердин өнөрүнө шыктуу.
Ал эми төмөндө болсо ХVII – XIX к. көрүнүктүү ишмерлердин чыгармачылыгы Кыргыз күүлөрүнүн маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым болуп эсептелген инсандардын аттарын атап өтсөм: М. Жаманкараев, К. Белеков, А. Бейшукуров, Н. Борошев, Т. Сатылганов, К. Орозов, Ы. Туманов, А. Огонбаев, Ш. Шеркулов, Н. Абдрахманов, Ч.Исабаев С. Тохтакунова жана азыркы кеде комуз күүсүнүн өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан комузчуларыбыз Р.Аманова, М.Бердибекова. Н.Абдырахманов.
Сабактын темасы: Жыйынтыктоо сабагы
Сабактын максаты:
А) Билим берүүчүлүк: «Манас» эпосу
боюнча билимдери жыйынтыкталат.
Б)Өнүктүрүүчүлүк: Жети санынын касиети боюнча билишет.
В)Тарбия берүүчүлүк: Манас кыргыз элин коргогондугун билишет.
Сабактын тиби: А) Бышыктоо сабагы
Колдонулган усул: Бышыктоо, кайталоо
Сабактын жабдылышы: Карточкалар
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу
1. Эки топко бөлүү
2. Эки топ атын коргошот
3. Логикалык ойлоосуна суроолор:
1) Кыргыздын байлыгы эмне?
1) Кыргыздын ичкени эмне?
2) Кыргыздын канаты эмне?
2) Кыргыздын акылы эмне?
3) Кыргыздын пейили?
3)Кыргыздын ураны?
4) Мелдеште жеткендиги үчүн бериллүүчү сыйлык?
4)Орозодо бериллүүчү садага?
5) Ыйык жерге бару?
5)Кыздын аты менен аталган тоо?
6) Биринчи мугалим?
6)Эки адамдын сүйлөшүүсү?
7) 7 осуятты айтып бер?
7)Аптанын 7 күнүн ирети менен сана.
4. Адабият сабагынан суроолор:
Мында суроолор боз үйдү 4кө бөлүп, ар бир бөлүгүнө суроолор жазылган. Эки топ суроолорго жооп берип, боз үйдүн бөлүктөрүн кураштырат. Суроолорго ойлонуп, топ менен талкуулап кийин жооп бергенге аракеттенгиле.
1- бөлүгүндөгү суроолор.
1. манас айтуу.
2. С.Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосу канча саптан турат?
3. Индия элинин «Махабкарат» эпосунан канна эссе чоң?
4. Кара кытайлар басып алганда Жакып каяка айдалат ?
5. Манаска атты ким койгон?
1. Манас айтуу
2. «Манас» эпосу канчанчы жылы ким тарабынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди?
3. Гректердин «Илиада» жана «Одисея» эпосунан канча эссе чоң?
4. Манастын атасы ким? Кандай адам болгон?
5. Манастын душмандары кимдер?
2- бөлүгүндөгү суроолор:
1) Макал айтуу
2) Култегин эстелигиндеги жазуулар канча бөлүктөн, кандай жазуулардан турат?
3) Култегин дастанынын автору ким?
4) Эпикалык чыгармаларга эмнелер кирет?
5) Манас төрөлгөндө ким сүйүнчү айтат?
1. Макал айтуу.
2. Кичи жазуу, көлөмдүү жазуу канча бөлүмдөн турат?
3. Култери жазуулары канчанчы жылы жазылган?
4. Дидактикалык чыгармаларга эмнелер кирет?
5. Манасты кимге малайлыкка берет?
3- бөлүгүндөгү суроолор:
1) Жаңылмач айтуу
2) Кайсы манасчынын тою өткөрүлдү?
3) Эпостогу тулпарларды ата?
4) Келиндин кайнагадан качуусу эмнеден чыккан?
5) Алманбет ким?- Өз жерин эмнеге таштаган
1) Жаңылмач айтуу
2) Манасчынын тою кайсыл жерде? Кандай өткөрүлдү?
3) Манастын курал-жарактары.
4) Көз каман ким эле? Кандай ниет менен келди?
5) Алманбет келерде манас кандай түш көрөт?
4- бөлүгүндөгү суроолор:
1) Калп айтуу
2) Манастын 1000 жылдык маарекеси качан, каерде өткөрүлгөн?
3) Чыйырдынын өз аты ким?
4) Жолой менен Кошой кайсыл жерде күрөшкө түшөт?
5) Манасты ким биринчи жаралайт.
1) Калп айтуу
2) Эпостогу буруттар кимдер?
3) Манастын атын алып жүргөн аталыштарды билесиң?
4) Бакайды эмнеге кол башчылыктан бошотот? Эмнеге Алманбетти дайындайт?
5) Экинчи жолу ким жаралайт?
Крассворд чечүү.
Топтордун алган баллдарын айтып, жыйынтыктоо.
Үйгө тапшырма: «Манас» эпосун кайталап окуп келүү.