СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуз-кыргыз элинин музыкалык аспабы.

Категория: Музыка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Комуз-кыргыз элинин музыкалык аспабы.

Просмотр содержимого документа
«Комуз-кыргыз элинин музыкалык аспабы.»

Комуз-кыргыз элинин музыкалык аспабы. Комуз экме жана жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, карагай, арча, жапан тал алмурут) өңдүү формада чабылып, моюну ичкерип кетет. Жалбырактары күбүлгөн жана мөмөсү бышкан кезде кыйылган

өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган Комуз бек жана добуштуу болот. Комуздун жалпы уз. 75 см чамалуу. Комуз турпаты баш, моюн, тулку, чара, капкак, куткун, тепкек, үч кулак, үч кылдан турат. Эки четки кылы унисондо , ортоңкусу четкиге карай квинтага же квартага толгонот. Кулагы өрүктөн, арчадан же мүйүздөн, ал эми кылы көбүнчө эки тиштүү кыргыз койлорунун ичегисинен жасалат.

Муздак сууга салынган ичеги сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийрилип, анан аябай кере тартылып коюлат (кийин кылдын ордуна тарамыш же жасалма тарамыш жип тагылып калды).

Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык менен тандашкан. Кээде бир койдун ичегисинен бир кыл гана жасалган.

Комузду мыкты чапкан усталар: Айманбет, Жансерке, Чалагыз, азыркы Орозобай Кенчинбаев, Намазбек Уралиев.

Түрлөрү

30-жылдары эл аспаптар оркестри үчүн Комуздун өркүндөтүлгөн беш түрү (комуз-пикколо, комуз-прима, комуз-альт, комуз-тенор, комуз-бас) жасалган.

1952— 53 -ж. А. Петросянц менен С. Дидеренко Комуздун дагы жаны түрүн сунуш кылган. Аны Ташкендеги илим изилдөө институту жүзөгө ашырган.

Азыр Комуз Орозов атн. эл аспаптар оркестринде Комуздун төрт түрү (комуз-прима, комуз-секунда, комуз-альт, комуз-бас) чертилет. Комузда күүлөр чертилип, 3 үнгө чейинки ырлар коштолот жана оркестрде ойнолот.

Усталар Ш. Исаков менен К. Тойчинов жасаган электр комуз да колдонулуп жүрөт.

Тарыхы

Пайда болушу

Комуз күүсүнүнү угулушу

Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда , Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда, белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган” деген жери бар. Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын. Андан мурдагы тарыхый булактарга сереп салып көрсөк. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аты эмне?” деп сураган. “Бул кобус деген музыка болот” деп жооп берет. Ван-Хавчуктун айтуусу менен эле “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек” деп болжолдоп койгон, так маалымат жок [1] .

Ушуга эле удаалаш маалымат: “Жапандык музыка адиси Аясы-Канту (Ли-Чан-Сан) деген адамдын,“Чыгыш музыкаларын изилдөө” аттуу эмгегинде кыргыз комузу жунгонун (кытайдын) Тан империясынын тушунда Ханзу (кытай) музыкалары менен бирге Жапонияга барып калган. Жапандыктар бул музыкага өтө көңүл буруп, кыргыз комузунун негизинде “Кьото” деген музыканы ойлоп табышкан. “Кьото” – кылдуу музыка дегенди билдирет”- деп жазат[2] .

Азыр бизге эки нерсе белгилүү болду, казактардын эки кылдуу аспабы – “кобуз” жана жапандыктардын эки кылдуу аспабы – “кьото”. Тарыхка сереп салсак, кытай тарыхчысы Анвар Байтур жаңы эранын 33-жылында “кобус” деген аспапты атап, анын 1-чи кылымдарга таандык экенин далилдейт. Кээ бир булактарда казактын Каркут деген ырчысын мисал келтирип, кобуз ага таандык деп жазышат. Орустун окумуштуусу Алексей Левшиндин эмгектеринин биринде “Кыргыз-Кайсактар (Кыргыз-Казактар) тууралуу тарыхый маалыматтар” деген макаласынын 1-чи бабында мындай деп жазгандары бар: “Кайсак деген сөз - Казак дегендин бурмаланган түрү, айрым чыгыш жазуучуларынын ырастаганына карасак, бул сөз Христин төрөлүшүнөн да мурда пайда болгон. Бул пикирдин туура же туура эместигин иликтеп отурбастан, орто кылымдардагы орус урууларынын турмушунун көптөгөн тармактарына таралып кеткен Казак деген аталыш башынан бери эле Кыргыз-Кайсак ордолоруна таандык экенин жана азыр да алар өздөрүн Казак деп гана атарын белгилегибиз келет. Персиялыктарга , бухаралыктарга, хивалыктарга, жана

Азиянын башка элдерине алар мына ушул ат менен белгилүү. Кытайлыктар “К” тыбышын жумшартып Харсак деп айтышат. Россияда 18-кылымга чейин Кыргыз-Кайсактарды билишпеген, бирок аларды Казактар, Казак ордосу деп аташкан” [3] .

Аталыш тарыхы

“Кобуз” музыкалык аспабы көптөгөн аспаптардын ичинен 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдөөгө эмгектерин арнап келишкен жерлери бар. Орустун окумуштуусу С. Дмитриев: “Түрктөрдүн

руникалык жазууларынан 8-кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон” - деп жазган.

Эгерде биз сөздүн уңгусун алып, сөздүктөргө көз чаптырып аңдоо салсак, анда ар кандай үндүк тыбыштардын ар кайсы өзгөрүүлөрүн көрөбүз. Мисалы, кобыз, кабаза - деген сөздөр арабдарга таандык. “Гияс-ул-лугат” деген сөздүктө кобза - колго алуучу моюн, калем сап делип которулат экен. Калем сап деген түшүнүк бул жазууга пайдаланган буюм (ручка) деле турган болсо, колго алуучу моюн - бул бир мойнунан кармай турган буюмдун түшүнүгү. Демек, бул жерде музыкага тиешеси жоктой ойду бергени менен, Украинанын музыкалык аспабына С. Дмитриев эскергендей “Гияс-ул-лугат” сөздүгүндө “кобза” менен “кобзо” сөздөрү дал келет.

Play media

Нурак Абдыракмановдун аткаруусундагы - Токтогулдун Кербези

Ошондуктан, айтылган аттар “кобуз”, “кобыз”, “кобус”, “кабаза” деген аталыштар бир эле убактарда өзгөрүлүп айтылып келгендери да жок эмес. Бизге жеткени – “кобыз”, “копуз”, “кумус”, “хобус”, “хомыз”, “хомус”, “комус” деген өзгөрүлмө аттар. Кыргыздын эзелки сөздөрүндө “с” тамгасы “з” тамгасына караганда көп пайдаланылып, этнонимге да таандык болгону анык. “К” тамгасы эл аралык сөз терминде, айрыкча коңшулаш

кытай элинде “Х” же “Г” тамгалары көп пайдаланылгандыктан, фонетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында биздин сөздөрүбүздө кийинчирээк комуз деп айтылып калышы талашсыз.

Жапонияга жеткен “кобус” аспабы кыргыздарга таандык экенин Аясы Кенту (Ли- Чан - Сан) “Чыгыш музыкасын изилдөөдө” Тан империясынын тушунда кыргыз “комузу” Ханзу музыкалары менен бирге Жапонияга тарап, Жапандыктар кыргыз “комузунун” негизинде “Кьото” деген музыкалык аспапты жасашканын жазып, “Кьото“ деген сөз “кылдуу музыка “ дегенди түшүндүрөрүн айтат. Музыка деген сөздүн өзү кайдан чыкканына кайрылып көрөйүн деп, атайын музыкалык сөздүктү алып изилдеп көрдүм, Т.Крунтяева, Н. Молокованын сөздүгүндө[4] “музыка” деген сөз чыгыш элдерине таандык экенин музыкалык аспап “Музыка” деген сөздүн өзү жаңы эранын 30-жылында пайда болсо да,

европалык музыкалык терминдердин сөздүктөрүндө Чыгыш элине таандык делген жерин кезиктире албадым. Мисалы: “мьюзик” (англ.), музыка-мусика (латынча), музика-музыка (италияча) деген гана түшүнүктөр бар.

Сабырбек Абдырамен эрдин он жылдык чыгармачылык изилдөөсүндө “кыргыз” деген ат, этимология боюнча кыр-уу-уз деген аталыш жашоо-шарты тоо арасында өткөндүктөн келип чыккан деп түшүндүрүлөт. “Кыр” – тоолук, “куу” (ху) жана “уз” дейт. Ошол эле учурда эки мааниге ээ экенин кєчмєн эл ата-тегинин санжырасын “оў”, “сол” деп бєлїп, “куу уул”, “ууз уул” деп калганы кытай кол жазмаларында “куу” (ху) жана “ууз” деп эскерет[5] .

”Куу – күү”, “ууз – уз” деген сєздєр “күү-уз” – “кооздолгон” (уз), “күүчү – уз” деп өзгөрүп, этимология боюнча “күүчү-уз”, “коо-уз”, андан барып “коо-муз” “комузга” өтүп кетиши мүмкүн.

Демек, комуз деген сөз кыргызда фонетикалык термин катары “кол-музыкасы“, “кумус”, “кү-мүс” деген сєз кыргыздын “ү” тамгасы, же болбосо “Күн” - “Хун” деп айтылып кеткен сыяктуу эле, “Күү”-музыкасы, “кыл-музыкасы” деген түшүнүктү берерине ынандым. Кыргыз менен Жапондуктардын музыка түшүнүгүндө бир маанидеги музыкалык түшүнүктү айтып турган жалпылык бар, “кылдуу музыка“ менен “кыл-музыкасы” эгиз козудай окшош. Жыйынтыгы - “кол - күүлөрү”, “кыл – күүлөрү”, “кылдуу-күүлөр” комуз күүлөрүнүн жаралыш тарыхына келип такалууда.

Эгерде жогорудагы Коркут деген улуу инсан кезегинде 18 миң ааламга кулак төшөп, 28 үн тыбышты бөлүп ажыратып, “кобуз” менен музыкалык үндү кошуп, угармандарына жеткире алган болсо, Камбар деген кыргыздын улуу инсаны ичегиден кылды ойлоп таап, комуз аспабынын көркөмүн өзгөртүп, добуш чыкчу жерлерин тереңирээк кеңейтип, үндүн ыргактарын кулака жагымдуу кылып уккулуктуу кылып добуш берип, жаңыча жаңылык кийрип, комуздун тагдырын ушу күнгө жеткидей кылганына, кыргыз эли сыймыктануу менен тарыхын айтып, чертип жүргөнү бекер эмес дээр элем.

Кыргыздын комузуна өзгөртүүнү кийин эле үч кылдын ордуна, төрт кылды тагып черткен айтылуу залкар комузчу Атай Огомбаев чоң жаңылык киргизгени - комуздун тагдырынын өзгөрүш тарыхы. Комуз аспабы азыркы убакта бөлөк элдердин аспаптарынан айырмаланып, анын моюн жагын манжалар басып, күү, обонго келтирген жеринде атайын бөлүнгөн пернелери (ладдары) жок. Кыргыз комузчулары белек элдердин аспапчыларынан айырмаланып, кол ойнотоор касиетке өтө чебер жана маштап черткен жагынан эч бирине теңдешсиз. Комуз аспабы азыркы кезде дүйнө элдерине абдан таанымал аспап дешке толук укук бар.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!