Сабактын темасы:Комуз- кыргыздын улуттук аспабы жана залкар комузчулар
Сабактын максаты:Окуучулар комуздун кыргыз элинин улуттук аспабы экендигин билишет.Атактуу комузчулар жөнүндө маалымат алышат.Улуттук жана маданий баалуулуктарды айтып беришет.
Сабактын тиби:Жалпылоо жана билимдерин системалаштыруу
Сабактын усулу:топтордо иштөө,кластер
Сабакка колдонулуучу ресурстар:комуздун сүрөтү , комузчулардын сүрөттөрү,ватман,маркерлер,А-4 барактар.
Сабактын жүрүшү:а)уюштуруу иши
б)жагымдуу маанай түзүү
Жаңы тема:а)киришүү
Комуз ,черимек-кыргыз элинин кылдуу чертме музыкалык аспабы.
Комузда кулактары ,башы,моюну,кылдары,капкагы,чарасы ,тепкеси болот.Түрк элдеринде улуттук тартма кылдуу ,чертме жана какма аспаптарынын кобус,комыс,кобуз,кумуз деп аталышы комуздун эң байыркы аспап экенин далилдейт.Комуз экме жана жапайы жыгачтардан (өрүк,алмурут, карагай,арча)өңдүү формада чабылып,моюну ичкерип кетет.Комуздун жалпы уз.75 см чамалуу.Залкар комузчулар кылды добушуна жараша өтө кылдаттык м-н тандашкан.Комузду мыкты чапкан усталар:Айманбет,Жансерке,Чалагыз,Намазбек Уралиев ж.б.Азыркы комуз Орозов ат.эл аспаптар оркестринде комуздун 4 түрү (комуз-прима,комуз-секунда,комуз-альт,комуз-бас)чертилет.Комузда күүлөр чертилип,3 үнгө чейинки ырлар коштолот жана оркестрде ойнолот.
Өткөн заманда комуз үнү жайлоодо,боз үйлөрдө жаңырса,бүгүн дүйнөлүк чоң аренага чыгууда.Залкар комузчуларыбыз Токтогул ,Муратаалы Куреңкеев,К.Орозов,Ыбырай Туманов,Ниязаалы,Айдараалы Жөргөлөк,Атай Огомбаевдин жараткан классик күүлөрү,обондору кыргыз элинин салттуу музыкасын жаңыртып келет. Самара Токтакунова эжекебиздин черткени кандай керемет!Нурак атабызды дагы унутпашыбыз керек.
Кыргыз элинин комузчулары заманына жараша бардыгы чебер болушкан.Кыргыз залкар комузчулардын аткаруучулук классификациясы позициялык техникага таянат дагы,күүнүн жанр-стилдик жүзүн калыптандырууда чоң мааниге ээ.Кыргыз элинин 17-19-кылымдардагы залкар комузчуларынын дагы ысымдары айтылып келет,алар:Абак,Байкабыл,Серкебай,Тайтеке,Арстанбек,Кудайберген, Кыдыр аке.Атактуу виртуоз комузчу,комуз чыгармаларынын автору албетте Токтогул Сатылганов (1864-1933)атабыз болгон.Атабыздын колунан 50дөн кем эмес түрдүү жанрдагы комуз чыгармалары жаралып ,ири масштабдуу күүлөрү болгон.Токтогулдун популярдуу күүлөрүнүн бири “Тогуз кайрыкты”айтсак болот.Өзүнүн эл алдына чыгууларын,Токтогул дал ушул Тогуз кайрыктан баштачу деп айтышчу экен. Балким бул күүгө залкар комузчу өзгөчө маани берсе керек.Анткени анын музыкасы жаркындыгы, майрамдык маанайы менен өзгөчөлөнүп турат.”Токтогулдун тогуз кайрыгы”-деген сөз бекеринен калбаса керек.
Окуучулар 2 топко бөлүнүшөт.
1-топ “Комуз” деген сөзгө,ал эми 2-топ “Залкар комузчулар”деген сөздөргө кластер түзүшөт.Ар бир топ өз алдынча ватманга жазышат.Андан кийин доскага илишет.
Эс алуу убагы: “Ой,комузчу”бийине бийлешет.
Сабакты бышыктоо:Суроолор жазылган карточкалар таркатылат.
Жыйынтыктоо:Ар бир окуучу стикерге сабак б-ча ойлорун жазышып магниттик доскага чапташат.
Мугалим:Демек,балдар,улуттук жана маданий баалуулуктарыбыздын бири комуз жөнундө маалымат алдыңар.Комузду дайыма сактап,баалай билүүңөр керек.