СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуз улуттук мурас

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Комуз улуттук мурас»


Долбоордун темасы:

Кыргыз элинин улуттук аспаптарынын бири-Комуз



Аткарган: Турусбаева Нуриза Осмоналиевна




Максаты:

Кыргыз элинин баалуулуктарынын бири болгон, комуздун келип чыгыш тарыхын , жасалышын, түрлөрүн муундан муунга даңазалоо.

Улуттук комуз менен электрондук комуздун айырмачылыктарын билүү.





Кыргыз элинин улуттук аспабы- Комуз


Комуз (байыркы аталышы — чертмек) — кыргыз элинин байыртан берки келе жаткан үч кылдуу чертме аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат.






Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт,күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз, көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.



Жалпы маалымат:


Комуздун жалпы узундугу болжолдуу 75-90 смдей келет. Формасы алмурут сымалдуу. Кылдары мурда мал-жандын ичегисинен, тарамыштарынан даярдалчуу, учурда капрон, нейлон жана пластик жиптерден жасалат. Комуз чертүүчүнү — «Комузчу» дешет. Музыкалык аспаптардын арасында кылдуу музыкалык аспаптар бөлүмүнүн чертме кылдуу аспаптарга таандык. Комуздун сүрөтү улуттук валюта сомдун беттерине дагы түшүрүлгөн.

Тарыхы: Комуз — кыргыз аспаптарынын эң байыркысы деп саналат, буга күбө катары «Китаби Деде Коркут» (VIII—VIV кылым) эмгегинде аспап «кобуз» деп эскерилген.


Комуз бүтүндөй жыгачтан жасалып, ага тагылган үч кылды чертүү аркылуу үн чыгарылат. Комуз кыргыз элинин эң байыркы жана кеңири тараган музыкалык аспабы. Илгерки кыргыз комузу көбүнчө боз үйдүн ичинде чертилчү. Ырчылар аны менен ат үстүндө жар чакырган. Комуздун үнү өз чөйрөсүндө мукам угулуп, кыргыз маданиятын байытууда жакшы кызматын аткарган жана дагы деле аткарып келет.



Комузду сактоо жана колдонуу

Комузду чапкандай эле, аны сактоо жана урунуу күлүктү таптаган саяпкерге, куш асыраган мүнүшкөргө барабар. Албетте ургак жерде сактоо зарыл, сууга салып койгон адам болбосо керек, муну айтпаса деле түшүнүктүү нерсе. Ал эми чалкасынан же көмкөрөсүнөн жаткызуу сунушталбайт, жүккө же дубалга жөлөнөт, көбү башына атайын илгич орнотуп илип коюшат. Тагыраак айтканда комуздун мойну көөдөнгө кирген бөлүгүнүн аркасына (шилисине) тогоо бекитип, чачыланган жиптен боо тагылат. Комуз кабына салынбай турганда ошол илгичтен үйдүн көрүнүктүү жерине мыкка илинет. Кулагынан илип коюуу сунушталбайт. Эки жакка чыкканда атайын комуз кутусуна салып жүрүү жакшы. Мисалы, көркөм тигилген комуз каптары, же атайын катуу кутучалар. Негизгиси күн нурунан жана нымдуулуктан коргоо максатында…










Актуалдуулугу:


  • Комуздун түрлөрүн жасап адамдардын кызыгуусун жаратуу.

  • Жалпы элдин атуулдук сезимдерин ойготуу

  • Улуттук баалуулуктарды сактоо.





Милдеттери :

  • Комузду жакшылып таанып, билүү

  • Үйрөнүү жана башкаларга үйрөтүү

  • Комузга аяр мамиле кылуу






































Долбоорго катышкандар:


  • Асанова Жазгүл


  • Чилдебеков Амир


  • Казыбекова Чачыкей





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!