СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим- сыймыгым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Эне тилим- сыймыгым                       өтүү мөөнөтү_______классы 8Д

Сабактын максаты:

Индикатор:

Компетенттүүлүгү:

А) билим берүүчулүк:

Окуучулар эне тилдин ыйыктыгын, баалуулугун, жашоодогу ролун, тил тарыхыбыздын негизги куралы экендигин түшүнүшөт;

Эгерде окуучулар эне тилдин ыйыктыгын, баалуулугун, жашоодогу ролун билишсе;

НК

Б) өнүктүрүүчүлүк:

Окуучулар эне тилибиздин тарыхын айтып бере алышат,эне тили жөнүндө макал-лакап, учкул сөздөрдү, көркөм окууларды айтып бере алышат;

Эгерде окуучулар эне тили жөнүндө ой жүгүртө алышса, өз чыгармачылыгы менен эне тилди даназалай алышса;

НК, МК

В) тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар сабак учурунда бири-бирин сыйлашат, урматташат.Сөз байлыгы, эске тутуусу, көркөм айта билүүсү калыптанат;

 Эгерде окуучулар көркөм айта алса, эске тута билсе;

    НК

Сабак аралык байланыш: кыргыз тили, кыргыз адабияты, тарых

Сабактын жабдылышы: Слайд, гербдин,желектин сүрөттөрү, плакат

Сабактын жүрүшү: уюштуруу

Слайдда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги көтөрүлөт, Кыргыз Республикасынын гимни ырдалат.

     Саламатсыздарбы,урматтуу биздин бүгүнкү сабактын катышуучулары жана коноктору. Сиздерди мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына арналган  “эне тилим-сыймыгым” аттуу темадагы  5-Дклассы тарабынан даярдалган тарбиялык саатыбызга куш келипсиздер.

     Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун дегендей эне тилибиз – кыргыз тилин аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо сабагын баштоого уруксат этиниздер!

Хор. Эне тилсиз эл болбойт.

Ажар.

23- сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Ар бир элди улут катары тааныткан анын тили. ЭНЕ ТИЛ. Кандай жөнөкөй,  кандай терен, кандай улук сөз. Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, сезимибизди ойготуп, акылыбызды арттырып турат.

Арууке.

23- сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 30 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “ Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.

Асанбек.

Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаныланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Ажар.  Кыргыз тили – элибиздин эң башкы эн белгиси. Кыргыз тили болгон үчүн кыргыз деген эл, Кыргыз мамлекети жашап келүүдө. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин мамлекеттик символикаларыбызды: Туубузду көтөрүп, Гимнибизди ырдап, Гербибизди кабыл алдык.

 Раяна.    Эгемендүүлүккө жетүүнүн миңдеген жылдык узак, коогалуу татаал сапарында  элибиздин биримдигин сактап, эркиндикке умтулуу идеясын, улуу сезимин жараткан кыргыз тили болгон.

Саламат.   Демек, элибизди башка элдерден айырмалап келген, улутубуздун улуттугун сактап жана ташка тамга баскандай көрсөтүп берген- кыргыз тилибиз.

Актан.   Биздин мухиттей чалкыган улуу мурастарыбыз, асыл дөөлөттөрүбүз, рухий кенчибиз, озоктуу маданиятыбыз, каада –салттарыбыз, улуттук коронгобуз, дуйно кабылдообуз кыргыз тили аркылуу бабалардан урпактарга таберик катары жашап келет.

Бегимай.   Ата – бабабыз бизге калтырган тилибиздин өмүрү – түбөлүктүү. Мына ошол мурасты аздектеп, сыйлап колдонуп, өзөгүн бузбай,кийинки муундарга өткөрөлү.  Тилибиз менен сыймыктанып, мактанып, ар дайым башыбызды бийик көтөрүп сүйлөп жүрөлү.

Айдана.    Биздин тил сан миңдеген жылдарды, узун тарыхты тулкусуна батырган коронгосу бай тил. Демек, бул тил дүркүрөп өнүгүү жолуна бет аларына терең ишенебиз.

Эмир.    Эне тил – кандай гана улуу сөз. Кандай гана кулака жагымдуу угулат. Эзелтен өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет. Эне менен эне тил...бул экөө тээ эзелтен бери бирдей деңгээлде ардакталып, көкүрөккө уюп, сакталып келет.

Азиз.    Эненин бешик ырын укпаган бала энесиз өскөн менен барабар.  Эне тилинде ыр укпаган, эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет өлкөдө жүргөн менен барабар.ошондуктан, эне тилин билбесе, аны ардактап сүйбөсө, Ата Журтумду сүйөм деп айта алабы.

Аяна.   Эне тилим- ыйык туткан сыймыгым,

             Бабалардан жете келген сыймыгым.

тамчы суудай бапестелип сакталган,

жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.

Сезим.

Эне тилде ой жүгүртөм, сүйлөймүн,

Канат созо ай- ааламга күүлөймүн.

Аалам менен алакалар түзүлүп,

Эне тилим энекемдей сүйөмүн.

Бекжан.

Суусаганда тамчы сымал тамчылайт,

Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат.

Чарчаганда эргүү берет эс менен,

Жыргалдантып анан демин алдырат.

    Көркөм окуу  ( Раяна )

Эне тил

Кылычты кыя чапкан тил,

Кыргызым барктап баккан тил.

Кызыл жалын от кечип,

Кылымдап жолду баскан тил.

Кырааты менен сүйлөсө ,

Кытайга дагы жаккан тил.

Эчен ашуу ашкан тил,

Элибиз барктап баккан тил.

Элдигим элим жоготпой,

Энедей барктап баккан тил.

Эр Төштүк, Жаңыл, Курманбек

Эпостун баары баткан тил.

Акындын багын ачкан тил,

Акылды элге чачкан тил.

Башынан сактап жат айткан,

бабабыз Манас баткан тил.

Ааламды элге таанытып,

Айтматов багын ачкан тил.

Макал- тилдин көрку, макал сөздүн каймагы дейт. Анда кезек макал- лакаптарда.

Тил кылычтан өткүр.

Тил -ойдун сандыгы.

Тил- пикир алышуунун куралы.

Баш кесмей бар, тил кесмей жок.

Тил улуттун жан дүйнөсү.

Кылычынан кан тамганды,

Тилинен бал тамган жеңиптир.

Канча тил билсең, ошончо дил билесиң. ж.б.

Белгилүү адамдардын тил жөнүндө айткандарынан:

Нурсултан.

Тил эң эле ыйык! Ал элпектикти, сулуулукту, тактыкты, уккулуктуулукту талап кылат. Ага кайдыгерлик кылып кароого болбойт ( А.Токомбаев)

Жанайым.

Тил – улуттун жан дүйнөсү (Д.Садырбаев)

Малика.

Эне тилин кадырлабаган адам, элин,өзүн дагы кадырлабайт.

Фатима.

Элдин өмүрү – анын тилинде. Кыргыз үчүн дүйнөдө кыргыз тилинен кымбат тил жок. Өз тилин урматтоо – улутчулдук эмес. Өз тилин өгөйлөө – өз элине текебердик кылуу. Кыргызды – кыргыз кылган- кыргыз тили (Ч.Айтматов)

2 – бөлүк

Хор. “Эне тилим”

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катаал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.

Кезекте биздин балдар “ Ошол да тоолук кыргызбы?” ырын аткарып беришет.

Чебердин тийсе кол учу,

Чер жазган мукам добушу.

Чертелип калдың байыртан,

Чечен тил кыргыз комузу.

Жаркынбектен “Маш ботой” күүсү сиздер үчүң.

Көзгө сүйкүм кыргыз бийин,

Кимдер гана билбесин.

Биздин кыздар кызгалдактай,

Кулпурушуп бийлешсин.

Кыздар коллективи “Кыргыз бийин” аткарышат.

   Саякбай Каралаев үч күн,үч түн бою бир тынбай демек жетимиш эки саат Манас айтып, жетимиш эки саат бою колу, денеси, башы кыймылдап, тили сайрап турган. Манас эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата – бабабыз 3000 жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхый жолундагы баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурас.

Актан Саякбай атабыздын айтуусундагы “Манастын төрөлүшүнөн” үзүндү айтып берет.

Хор. “Кыргызстаным”

Ушуну менен мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгына арналган сабагыбыз аягына чыкты, көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим- сыймыгым»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!