СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуз-улуттун сыймыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема: Комуз-улуттук сыймык.

Тарбиялык сааттын максаты:

1.Билим берүүчүлүк:

Комуз жөнүндө балдарга кеңири түшүнүк берүү.

2.Өнүктүрүүчүлүк:

Комуздун пайда болуу тарыхы,кайсы улуттун аспабы жана комуздун түзүлүшү ,бөлүкчөлөрү мааниси жөнүндө түшүнүк берүү.

3.Тарбия берүүчүлүк:

Балдарды патриоттуулукка,комузду кадырлап аздектөөгө     

  тарбиялоо.

Методикалык ыкма:Ангеме айтуу,комузду көрсөтүү,ыр окуп  

  берүү,сүрөт тартуу,күү уктуруу,жекече иштөө,

Сөздүк иш:

Комуздун чарасы,капкагы,мойну,буроосу,кылы,тепкеги.

Колдонулган ресурстар:

Комуз,барак,карандаш,боёктор.

Жүрүшү:

-Балдар биз кайсы өлкөдө жашайбыз?

Кыргызстанда

-Улутубуз кандай аталат?

Кыргыз

-Балдар эгерде биз башка өлкөлөргө барып калсак кыргыз экенибизди эмнелер менен билдирсек болот жана биздин өзүбүзгө тиешелүү гана эмнелер бар?

Кыргыз тилибиз,калпагыбы,боз үйүбүз,улуттук кийимдерибиз,шөкүлө,ошондой эле комузубуз бар.

Ооба балдар бүгүн  комуз күнү.Комуз-биздин улуттук сыймыгыбыз.Комуз кыргыз элин даңазалап турат.Комуз кылдуу аспап.Ата-бабаларыбыз эзелтен аздектеп,азыркы мезгилге чейин жеткирген,бүгүн да ардакталып,таңшыган үнүн угуп келе жаткан комузубуз тууралуу А.Осмоновдун “Комуз” деген ырын окуп берейин.

 

 Үч буроо,үч кыл тээк,үч кыл комуз.

Чертилбейт күүгө келбейт чебер колсуз.

Опоңой,көргөн көзгө жөпжөнөкөй.

Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан кылым санай көксөй-көксөй.

Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.

Бул комуз көп сырларды кечип келген.

Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

(Ырга талкуу жүргүзүлөт,суроо-жооп аркылуу түшүнүктөрү кеңейтилет,такталат.)

-Комуз эмнеден жасалаарын ата-энеңерден же ага-эжеңерден укканыңар барбы?

-Туура өрүктөн чапкан комузду өрүк комуз дейбиз.Комузду карагайдан да чабат.Өрүк комузду колунан көөрү төгүглөн чоң усталар чаап,аны таланттуу кишилер чертишет.Аларды комузчу дейбиз.

Өрүк комуз бекем болот,үнү таза чыгат.

--Комуздун канча кылы бар?

--Туура үч кылы бар.

--Кылы эмнеден жасалаарын билесиңерби?

--Өрүк комуздун кылын койдун,кийиктин ичегисинен жасайт.Усталар көп аракеттенишип,ар кандай маанайдагы үндөрдү чыгарууга жарамдуу кылдарды даярдашат.Ал эми ушул үч кылды тиреп турган нерсени тээк дешет.Комуз үч бөлүктөн турат: комуздун чарасы,капкагы,мойну.

  Балдар комуздун түзүлүшү,бөлүктөрү,мааниси менен таанышып чыккандан кийин,сүрөт тартууга керектүү боёкторду тандап алышып,ишке киришишет.Адегенде кандай чоңдуктагы комуз тартышаарын,анын бөлүктөрүн болжолдуу алышат.

Балдар комуз жөнүндө кандай ырларды билесиңер

 

Эльвира: Үн катпай үйүбүздө турат комуз.

                   Көргөндүн көңүл оюн бурат комуз.

                   Кокустан колуң тийсе кылдарына.

                   Комуздан муңканган добуш чыгат.

 

Анвар: Камбар ата пири болсо жылкынын.

              Камбаркан күү алиппеси комуздун.

              Күүгө кошо үнү ачылып ырчынын.

              Көккө угулган жылаажыны добуштун.

Абдулазиз: Комуз-чебердин тийсе кол учу.

                    Чер жазган мукам добушу.

                   Чертилип келдиң замандаш.

                    Чечен тил кыргыз добушу.

Аяна:Таңшы комузум сайрап бергин.

           Досум жакшылап жерди көргүн.

           Тоого талаага көз сал шашпавй.

            Алар астында түркүн гүлдүн.

                                    Мансур:Таңшы комузум таңшы сайра.

Учкашып ырыңдын канатына.

Жулкунган аттарды ооздуктап.

Жигиттер жел  бербей шамалга.

Кайраты мурунку эрлердин.

Кайнасын күчөп кайра-кайра.

Абдулазиз:Таңшы комузум,таңшый бергин.

                   Эстеп элесин өткөн күндүн.

                   Азыр эл куунак эл бактылуу.

                   Таңшы комузум таңшы бүгүн.

Раяна:Таңшы комузум булуттарды.

           Ырлар сызышсын жетишсин айга.

            Достукту болоттой ширетилген.

           Элди мекенди даңазала.

Нурия:Комуз сынды-ыр жок.

            Көңүл сынды- сыр жок.

 

Азаматсыңар балдар бугун биз эмне жөнүндө билдик.(бышыктоо үчүн суроолор берилет.Жакшы жооп берген балдар бааланат).

Комузду аздектеп барктайлы.Себеби ал улуттук кылдуу аспабыбыз.Биз дагы кийинки муундарга өткөрүп берели.

Просмотр содержимого документа
"Комуз-улуттун сыймыгы"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!