СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эне тилим сыймыгым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эне тилим сыймыгым»

Эне тилим сыймыгым!

Сабактын максаты:

Окуучулар өз эли-жерин,эне тилибиз-мамлекеттик тилди,ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактан маалыматтарды алышат.

Патриоттукка,намыскөйлүккө,ынтымак-достукка тарбияланышат.

Мугалим:


Мындан туура 29-жыл мурун,т.а. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили-ммлекеттик тил деген статуска ээ болуп,ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.

Андыктан бардык мекендештеримди бүгүнкү “Улуу майрамы” менен куттуктап кетмекчимин.

Ооба,улуу майрам деп да айтууга толук негиз бар.Анткени ар бир улуттун өзүнүн ыйыкөзгөчөлүктөрү болот.Алардын эң башкысы бул-тил.Демек тилибизди көздүн карегиндей сактап,улам байытып,өнүктүрүп,өстүрүп туруу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети!


Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?


ОКУУЧУ:


-Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык.


ОКУУЧУ:


Кыргыз эли үчүн ак боз үйү ыйык.


ОКУУЧУ:


Кыргыз эли үчүн ак калпагы,ак элечеги ыйык.


ОКУУЧУ:


Кыргыз эли үчүн эне тили ыйык.


ОКУУЧУ:


Эне тил-кандай жөнөкөй,кандай бийик,кандай улуу сөз!Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп,акылыбызды арыштатып турат.


ОКУУЧУ:


Тилим барда улутмун,

Тилим менен улукмун.

Эне тили болбосо,

Аты аталбайт улуттун.-дегендей,эне тилибиз-кыргыз тилин,аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо сабагын баштоого уруксат этиңиздер.


МУГАЛИМ:


Элибизи эл кылып,улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул эне тилибиз- кыргыз тили.

Элсиз тил болбойт,

Тилсиз эл болбойт.”

Анын сыңарындай кыргыздардын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет,эне тили аркылуу даңкталат.Дүйнөдө теңдеши жок алп “Манастай” дастандарды жараткан эне тилибиз-кыргыз тили жөнүндо эмнелерди айта аласыңар?


ОКУУЧУ:


Абалтадан салт-санаасын сактаган,

Акыл,оюн алыс жолго тактаган.

Кылымдардан кылымдарды карыткан,

Кыргызымдын тили менен мактанам.


ОКУУЧУ:


Кыргызстан ардактуу,

Менин ата мекеним.

Эне тилим-кыргыз тил,

Билем кымбат экенин.



ОКУУЧУ:


Эне тилим-өз тилим,

Эси жоктук иш кылат,

Өзүнүн эне тилинде,

Сүйлөбөсө сөздү ким.


ОКУУЧУ:

Арнап ага жан дилимди,

Алам окуп билимди,

Сүйлөп,Ырдап,

Жомок айтып,

Сүйөм эне тилимди.


ОКУУЧУ:


Эне тилим – намысым,

Эне тилим – арым да.

Билбейм жолдун алысын,

Эне тилим барында.


Эчен ашуу ашкан тил,

Элибиз барктап баккан тил.

Элдигин элимдин жоготпой,

Энедей барктап баккан тил.




ОКУУЧУ:


Эне тилим карегим,

Сенде менин дарегим.

Сен турганда мен бармын,

Сен турганда бар элим.


ОКУУЧУ:


Эне тилге кайрылып,

Бак-таалайлуу болмокмун.

Эне тилден айрылып,

Калган күнү мен жокмун.



ОКУУЧУ:


Энең берген эне тил,

Эне тилди жакшы бил.

Атаң берген алтын тил,

Ата тилин жакшы бил.


ОКУУЧУ:


Кылычын кармап от чачып,

Кызыгып кимдер келген жок.

Кыргында жанын берсе да,

Кыргызым тилин берген жок.





ОКУУЧУ:


Ар бир улут өз тилин,

Барктайт, сүйөт,кадырлайт.

Эне тилдүү эл улуу!

Тили бар эл басынбайт.


ОКУУЧУ:


Манас ата сүйлөгөн,

Менин тилим-улуу тил.

Ата-журттай ыйык тил,

Энекемдей сулуу тил.

ОКУУЧУ:


Эне тилдин кадырын,

Билбегендер билишсин!

Кыргыз тилин кыргыздар,

Чын жүрөктөн сүйүшсүн.


Жеңишбек Жумакадыр


Таза туруп баттык окшойт санаага,

Ак нерсени алмаштырдын карага.

Ата дешти алмаштырды “папага”,

Апа дешти алмаштырды “мамага”.

Башка тилдер минип жүрсө мерседес,

Кыргыз тилим минип калды араба.

Кыргыз дебейм,кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,

Кыргыз дебейм,элди бөлгөн,жерди бөлгөн акмакты.

Кыргыз дебейм,сатып жүргөн өз мекенин там-ташты.

Кыргыз дебейм,өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.


ОКУУЧУ:


Алтынбек Исмаилов


Тилсиз элдин тукуму курут болгон,

Тилин мактап калган эл улут болгон.

Ата салтын,мурасын унуткандар,

Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып,тарыхты төккүм келет,

Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.

Эне тилин эсирип чангандарды,

Эне тилде ашатып сөккүм келет.


ОКУУЧУ:

Кубат Жакыпов


Алп Манас,бабам Бакай сүйгөн тилим,

Алоолоп Ала-Тоодо күйгөн тилим.

Ак калпак Ата-Журттун насибине,

Асмандан энчи болуп тийген тилим.

Асмандан балбыл жанган жылдыз тилим,

Ааламга аты чыккан Чыңгыз тилим.

Арыбай кылымдарды багынта бер,

Ардагым ата мурас кыргыз тилим.


ОКУУЧУ:


Шайлообек Дүйшеев


Жыргагандын бары эле турмуш эмес,

Жылт эткендин бары жылдыз эмес.

Билебиз деп төштөрүн каккан менен,

Билбегендер өз тилин кыргыз эмес.

Тил жоголбойт,

Жоголсо жоголот дил,

Тукумуң да,тууруң да жоголот бил!

Тил жоголбойт,

Жоголсо жоголот дил,

Уулуң дагы,кызың да жоголот бил!

Тил жоголбойт,жоголсо айланасың,

Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир.


МУГЛИМ:


Макал – тилдин көркү.

Макал – сөздүн каймыгы демекчи кезекти макал-лакаптарга берели.


Ааламдын көркүн көз ачат,

Адамдын көркүн сөз ачат.


Өнөр алды кызыл тил.


Эне сүтү бойду өстүрсө,

Эне тили ойду өстүрөт.


Эне тилим-эне сүтүм.


Тил билсең кучакташасың,

Тил билбесең бычакташасың.


Тилдин тазалыгы – дилдин тазалыгы.

Тил билсең,дил билесиң.


Тил улуттун байлыгы.


Адамдын даңкын чыгарган да тил,

Тарпын чыгарган да тил.


Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,

Апа сөзү эпке салат жаманды.


Ооздун көркү-тил,

Тилдин көркү-сөз.


Билимдүүнүн сөзү өткүр,

Өнөрлүүнүн көзү өткүр.


Баш кесмек бар,тил кесмек жок.




ОКУУЧУ:


Чыңгыз Айтматов:

Кылымдан кылым өтүп,кыргыз эли жашап турса,кыргыз тили да жашай берет”-деп абдан туура,таамай айткан.



Алыкул Осмонов:

Бирге жүрсөм кыргыз тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм,сүйлөйм,ыр ырдайм.

Башка тилди жандай жакшы көрсөм да,

Өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм.-деп өзүнүн ыр саптарында да жазып кеткен.


Байдылда Саргоноев:


Эне тилин билбеген,

Эси жогун аныктайт.

Эне тилин сүйбөгөн,

Элин сүйүп жарытпайт.-деп өзүнүн ыр саптарында эне тилин билүү керектигин жазып кеткен.


Жусуп Баласагын:


Тил адамды бакыт,даңкка жеткирет,

Тил адамды торго салат,өлтүрөт.

Илим менен билимге көпүрө-тил,

Көкөлөткөн адамды тили деп бил.-деп айткан.


Расул Гамзатов:


Эртең тилим жок болоору чын болсо,

Анда бүгүн мен өлүүгө даярмын!-деп таамай айткан.



Эсенгул Ибраев:


Тунук болсом,-

Тилим менен тунукмун.

Улук болсом,-

Тилим менен улукмун,

Улут болсом,-

Тилим менен улутмун.-деген


МУГАЛИМ:


Азаматсыңар балдар!Ошол үчүн мындай деп айткым келет:

Энеден айрылган жетим эмес,эне тилинен айрылган – анык жетим.Атадан айрылган эмес,Ата-Журтунан айрылган – анык жетим.Багыбыз тоодой болсун десеңер,энебиз да болсун,эне тилбиз да болсун!Атабыз да болсун,Ата-Журтубуз да болсун!

Кыргыз тилинин Гимни Ырдалат.


К-көчмөн

Ы-ыймандуу

Р-руху күчтүү

Г-гумандуу

Ы-ынтымактуу

З-залкар


Т-тарыхый

И-ишмер

Л-легендерлуу

И-илимдүү

Кыргыз тилим балдай ширин таттуусуң,

Көңүл кушун көкөлөтүп таптуусуң.

Мезгил басып кылымдарды карытып,

Дүйнөдөгү чоң тилдердей барктуусуң.



Рахмат,силерге окуучулар! Силер эне тилибиздин анык күйөрмандары,эне тилибизди таза,ыйык,бийик тутуп,ал гана эмес ата салтыбызды,улуу дөөлөттөрүбүздү билгендигиңерди эл алдында далилдей алдыңар.

Бирок да,өз эне тилине күйбөгөн,өз эне тилинде сүйлөбөгөндөр арабызда жок эмес,аларга эмне дейсиңер?


Аларга биздин айтаарыбыз:


Атың кыргыз,

Затың башка,

Өзүң кыргыз,

Сөзүң башка,

Диниң кыргыз,

Тилиң башка,

Болуп калсын дебесең-

Жыйындарда,

Курултайда,

Чогулушта,

Жолугушта,

Ажоң баштап,

Кожоң коштоп,

Оз тилиңде сүйлөгүн СЕН!


Туура айтасыңар,балдар.Силер айткан бул сөздөр барыбызга чоң сабак болсун дейли.

Адамдын эне тили- анын жан тамыры”-дегендей,жан дүйнөбүздөгү ой-тизмектерибизди эне тил аркылуу билдирип жүрөлү.


Анда эмесе,тээ алыстан бери келе жаткан булубл тилдүү таңдайынан чаң чыккан,күлкүлүү кеби күн батырып.тамаша кеби таң атырган кыргыз элимдин-эне тилин ыйык туутуп,даңазалап,көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалык.


ХОР: “Кыргыз калкым ”


КЫРГЫЗ ТИЛИМ КЫЛЫМДАРДЫ КАРЫТКАН,

ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН”




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!