СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуз жөнүндө маалымат

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Комуз жөнүндө маалымат»





Сабактын темасы:  Бактылуу болгуң келсе өзүңдү таанып бил.



Сабактын максаты:
1. Окуучулар өзүн таанып билүугө, адептуу болуу жонундо ой жугуртууго өбөлгө тузулөт.
2. Окуучулар адеп билимин калыптандырып, озун адептуу кармоого тарбияланышат.
3. Элдик каада-салтты, урп-адатты баалоого кондүгөт. Улууларды урматтоого, кичуулорду сыйлоого чакырылат.
Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакатттар.
 Сабактын журушу:
1. Уюштуруу:
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.
2. Жаны тема:
   Балдарым акыл-эстуу, адептуу болсо деп ар бир эле ата-эне тилек кылат. Ата-энебиз каалагандай бала боло алабызбы? Ата-бабаларыбыз байыртан эле адеп-ахлак маселесине олуттуу конул буруп келишкен.
 Кылымдар бою түзүлгөн элдик мораль, ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөр– күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.  
   Калыгул даанышмандын гуманисттик этикасы насыяттайт: «Орой айтсаң адамга жукпайт, орой сөздү киши укпайт, сылык-сыпаа сөз жетет, ал мээге эмес, жүлүнгө кетет». Элдик кеменгер Калыгулдун ишениминде  оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.
   Элдик этикада калыстык, чынчылдык, адилеттүүлүк, акыйкатчылдык, жоомарттык, “таш менен урганды аш менен урган” айкөлдүк, топуктуулук, сабырдуулук, сылык-сыпаалык, кечиримдүүлүк, мээримдүүлүк, ар намыстуулук, жоопкерчиликтүүлүк,  мекенчилдик ж.б. улуу сапаттар ар дайым даңазаланып, адамдык жүрүм-турумдун идеалы болуп келген.
Элдик каада-салттан, урп-адаттан алынган адеп билими менен таанышалы:
1. Озунду адептуу тут, кийим-кечен жупунусуна кайыл бол. Озуно чак, таза кий. Адегенде сырткы корунушун козго чалдыгат.
2. Башкаларга акаарат айтпа. Ал сага тийишпесе, кемсинтпесе ж.б. ызаалуу создор менен сени ууктурбаса, текөөрдөшпөсө, мейли зыяндуу пенде болсо да, аны оз жолуна кой.
3. Бироого учурашууда, кол беруудо,туз карап жуздон. Улууларга биринчи салам айт.
4. Ушак айындан озунду алыс тут. Эр жигитке бироонун устунон бир нерсе





айтууну жараткан жазган эмес. Жаратылышы тегиз “жакшынын козу кор, кулагы кер”. Мында айколдук, жоомарттык, эркекке таандык сапаттар жатат.
5. Уурулукка малынба, ал адамдын жузун жер каратат. Кээ бир адам намазын окуйт, келмеси оозунан тушпойт. Бирок журуш-турушу олдоксон. Калкка жакканын, кудай-таалага жакканын.
6. Дилинди ак карма, алдым-жуттум болбо, бей-бечара момундарды аёо сезимин дайыма ниетине чаап турсун. Колдон келсе дайыма аларга кайрымдуулук кыл.




7. Адал менен арамды айра тааный бил. Арамдык жеке тамак-ашта эле эмес, ал журуш-турушта, адамдык сапатта, жекече касиетте, таман акы, мандай терде.
8. Жарык жана жалган дуйнодо сугалак болбо, бироолорго коз артпа. Тируучулуктун зыйнаты ыйманын жолдош болсо, ошол олжо.
9. Адатта кулуунун да ар кандайы бар. Тан-тамашаларда, тентуштардын арасында, жайыл дасторкон отуруштарда, улуу-кичуулордун арасындакулуунун оздук маданиятын, адебин кыргыз эли жондуу корот да, кулку омурдун мулку катары ырыхат алышат. Кулуу аркылуу конул куунакталат. Кытмыр кулуу – арамзалык ойдун бир белгиси, терс сапат.
Кылымдар бою ата-бабаларыбыз түзгөн улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрдөн бир аз тааныштынар. Ар бир пунктун талдап чыгалы.



3. Бышыктоо:
Ата-бабаларыбыз тузгон улуу адептик-ыймандык нарк-дөөлөттөрду муноздогон макал-лакап, накыл создордон айтып бергиле. Аларды чечмелегиле.
Сыйлаганга аш таппасан, сыпаалыкка соз тап.
Улууга урмат, кичууго ызаат.
Сыйласан сыйлуу болосун.
Сыйлашпаган тууганын, сыр айтпаган душмандай.
Сый сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
Уят олумдон катуу.
Сабырдын тубу сары алтын.
Жылуу созго жылан ийнинен чыгат. Ж.б.




4. Жыйынтыктоо:
  “Карынын кебин капка сал” дегендей, ата-энебиз, улуулар айткан насаат создорду кунт коюп угуп, конулго туйуп, озубузду адептуу, ыймандуу, нарк- насилдуу болуп чоноюууга, келечекте “жакшы” адам болууга умтуулуубуз керек экен. Азыр баарынар эле ушул ойго кошулсанар керек деп ойлойм. Биз ошондо ата-энебиздин максат-тилегин орундап, аларды эч качан уятка калтырбайбыз.






5. Уйго тапшырма беруу:
  Озунордун жаман сапаттарынар барбы ойлонуп коргуло. Аларды жакшы сапаттарга алмаштырууга болобу? Адепсиздик кылган учурларынар болгонбу? Ошол учурда кандай кылсанар туура болмок? Ойлорунарды баракка жазып келгиле.





















Сабактын темасы: Улуулукка таазим Дооронбек Садырбаев – кыргыз кинорежиссеру жана жазуучусу.


Сабактын максаты:
1. Дооронбек Садырбаевдин орноктуу омуру, чыгармачылыгы менен тааныштыруу.
2. Дооронбек Садырбаевдин чыгармачылыгынын маани-манызын талкуулоо менен окуучулардын искусствого кызыгуусун арттыруу.
3. Патриоттулукка ундоо. Кесиптик тарбия беруу. Кругозорун остуруу.


Сабактын жабдылышы: Дооронбек Садырбаевдин жана кинотасмадан алынган суроттор.


Сабактын журушу:

I. Уюштуруу.
Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.

II. Киришуу учун суроолор.
Дооронбек Садырбаев ким болгон?
Анын кайсы тасмасын коргонсунор?

III. Жаны теманы баяндоо.
Мугалимдин созу:
   Быйыл кыргыз эли Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык юбилейин белгилеп жатат. Садырбаев, Дооронбек Садырбаев - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери. Өлгөндөн кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы (2008-ж.) ыйгарылган.
Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1939-жылы 13-февралда туулган. Аны урматтап "Доке" деп кайрылышаар эле. Анын классташтарынын бири кыргыздын коомдук ишмерлеринин бири Абдуразак Султанов болгонун Доке өзү эскергени бар.
Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган.
7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирген. Ал жерде ынтымактуу окушкан, себеби: ар улуттун өкүлдөрү окуган.
Мектеп жашында ал жакшы окуган жана орус жана өзбек тилдерин да жакшы өздөштүргөн. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган.
Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка окууга тапшырган.
Академик Иса Ахунбаев сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан.
Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрүно кызыга баштаган.
4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган.

Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "актерлордун" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн.
   Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган.
Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган.
   Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.
1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган.
Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду.
Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти. 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон.
Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон. Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган. 21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.
   2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлерден болгон.
2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан. Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө берилген.
  Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган.
  Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан.  1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган























Сабактын  темасы:  Достук байлыктан жогору.
Сабактын  максаты: Сүрөт  тарттырып,  тест  алуу  менен   окуучулар  кандай  достукка   ээ экендигине  өздөрү  ынанышат;  Бул  сабак  аркылуу  окуучу  өзүнүн достукта кандай экенин билбеген  жактарын  билип,  терең  тааный  алуусуна  шарт  түзүшөт.
Сабактын  жабдылышы  :  кагаз  ,  калем  пломастер  .
    Сабактын  жүрүшү :
1 .Уюштуруу .
2. Сабактын  темасы  доскага  жазылат  .
3. Мугалим  бул  сабакта  окуучуга  өзүн  -  өзү  таануусу  үчүн  сүрөт  тарттырып, тест  алуудан  баштайт.

Достук, дос ж-дө ангемелешүү. Достук ж-дө тест таркатуу. Окуучулардын ой-жугуртуусу боюнча достук ж-дө суроо жооптор алынат.



Уйго тапшырма:

Мен кандай дос боло алам? Дилбаян



Сабактын темасы: Мен жана менин ден соолугум.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар адамдын спорт менен машыгуусунун ден соолукка таасири жонундо тушунук алышат.

  2. Озунун ден соолугуна кам коруу керек экендигин тушунот.

  3. Ан сезимдуулукко, сергек жашоо мунозуно, спорт менен машыгууга умтулуусуна оболго тузот.


Сабактын жабдылышы: Ден соолук жонундо учкул создор жазылган плакат.

Сабактын журушу:


I. Уюштуруу:
Аптечкабызда эмне бар? А эмне болуш керек эле?


II. Киришуу учун суроолор:
Ден соолук жонундо откон мурдагы сабактарыбыздан канчалык билим алганынарды томонку суроолор менен текшерип королу.
- Ооруганда созсуз дары колдонуу керекпи?
- Оорунун алдын алуу учун эмне кылуу керек?
- Сенин ден соолугуна эн жоопкер адам ким?
- Эмне учун Кыргызстанда журок-кан тамыр оорулары менен ооругандар кобойуп  жана жашарып баратат деп ойлойсунар?

III. Жаны теманы баяндоо:
«Озун айыктыра албаган адам-акылсыз» (Сенека).
  «Биринчи байлык ден соолук» дегендей адамдын ден соолугу жакшы болсо, ал озунун турмушун жакшы жолго коюуга, билим алууга, оз максатына жетууго мумкунчулугу болот. Ошондуктан ар бир адам оз ден соолугуна кам корууго милдеттуу. Эгер адам озу аракет кылбаса, анын ден соолугун чындоого башкалардын мумкунчулугу азыраак.
   Ооруп калып андан кийин дарылангандан коро, оорунун алдын алган бир топ женил болоорун медицина кызматкерлери да эскертишет. Оорунун алдын алуунун эн натыйжалуусу сергек жашоо мунозу – тазалык, жаман адаттардан алыс болуу, туура тамактануу, денени чындоо экени да белгилуу.
  Ал эми денени чындоодо спорт менен машыгуу жакшы жыйынтык берет.   
  Анткени спорт менен машыгууда адамдын бардык булчундары кыймылга келип, кан айлануусу жакшырат. Адамдагы ыкшоолук, ашыкча толуп кетуу ж.б. ден соолугуна зыяны тие турган факторлордон арылат.

 ӏV. Талкуулоо учун суроолор:
   Класстагы ар бир окуучудан спорттун кайсы туру менен машыгаарын (жок дегенде спорттун кайсы туру менен машыгууну кааларын сурап чыгуу керек).
 - Спорттун кайсы туру менен машыккан пайдалуурак деп ойлойсунар?
 - Эмне учун андай ойлойсунар?
 - Адамдын айрым организмине пайдалуу гимнастикаларды билесинерби?
 - Ал гимнастиканы корсотуп бере аласынарбы?

  V. Бышыктоо. Конугуу иштоо.
  Бул конугуубузду «Унчукпастар оюну» деп коёбуз. Класс уч топко болунот.
Ар бир топ бирден мучосун чыгарат. Мугалим ага озуно гана коруно тургандай кылып карточкага жазылган же суроту тартылган спорттун бир турун корсотот (же машыгып жаткан адамды). Ал доскада туруп ун чыгарбастан кыймыл менен корсотот. Анын озунун тобу кайсы спорт экенин таап айтып беришет.
  Бул оюн буткон сон, класс окуучулары жана мугалим гимнастикалык конугуулордон бир нечесин жасаса болот.

  Vӏ. Жыйынтыктоо.
  Эмесе балдар сабагыбыздын акыркы болугундо элибизде эзелтен келе жаткан ден соолук жонундогу макал-лакаптардан айтып королу.
«Биринчи  байлык–ден  соолук».
«Кулку-ден  соолуктун  мулку».
«Жашындан  дененди   чынаганын-кылымга  чыдаганын».
«Отургузсан  бак-шак, ден  соолугун  болот сак».
«Досторум  менин  силерге  берээр  кенешим: орто  тойгонунар  ойдогудай, аша  тойгонунар–ден  соолукту  сойгонунар».
«Тазалык–ден  соолуктун  булагы».
«Дарттуу  болсон   дарылан, соо  болсон  сактан».
Тамеки чегуу – омурду кыскартат.
 

Сабактын темасы:    Ден соолук жана адеп.
Сабактын максаты:
1. Адамдын ниетинин, адебинин ден соолукка таасири жонундо тушунук алышат.
2. Озунун ден соолугуна кам коруу керек экендигин тушунушот.
3. Ан сезимдуулукко, сергек жашоо мунозуно умтулуусуна оболго тузулот.

Сабактын жабдылышы: ден соолук жонундо учкул создор жазылган плакат.


Сабактын журушу:
I. Уюштуруу:
Аптечкабызда эмне бар? А эмне болуш керек эле?

II. Киришуу учун суроолор:
Ден соолук жонундо откон мурдагы сабактарыбыздан канчалык билим алганынарды томонку суроолор менен текшерип королу.
- Ооруганда созсуз дары колдонуу керекпи?
- Оорунун алдын алуу учун эмне кылуу керек?
- Сенин ден соолугуна эн жоопкер адам ким?
- Эмне учун Кыргызстанда журок-кан тамыр оорулары менен ооругандар кобойуп  жана жашарып баратат деп ойлойсунар? 

III. Жаны теманы баяндоо:
«Озун айыктыра албаган адам-акылсыз» (Сенека).
Адамдын оюнун, эмоциясынын, жашоосунун туура же туура эмес уюштуруусунун, адеп-ахлагынын ден соолукка таасири барбы?
  Коптогон медициналык илимий изилдоо борборлрдун изилдоолоруно караганда онокот оорулары бар адамдардын дарты менен оюнун, адебинин, кылмыштуу иштеринин ортосунда себеп-натыйжа байланыш бар:
Каржы абалы боюнча(байлыкка жетпедим деп) ото кайгырган адамдардын, алы жетпеген жумушта иштеген, иши ото оор адамдардын аркасы, бели оруйт;
Келечектен коркууну жене албагандардын буту ооруйт;
Оз алдынча чечим чыгарып, аны жузого ашыра албагандардын тишинин эти ооруйт;
Озунун жанылыштыгына башкаларды куноолоп, жашыруун таарынычы бар, ийкемдуу ой жугуртууго жондомсуз адамдардын тамагы ооруйт;
Ачуусу чукул, каардуу, куйколоктогон адамдардын боору ооруйт;
Башкаларга устомдук кылгысы келген, аларды козомолдогусу келген адамдардын(падагра) муундары ооруйт;
Кубанганды билбеген, жашоодон ырахат албаган адамдар журок оорусунан жабыр тартышат;
Эски таарынычын унута албаган, озун жана башкаларады кечире албаган адамдарда шишик пайда болот;
Консервативдуу, уу тилдуу, заардуу, жанга тийуучу создорду суйлогон, откон жаман эмоцияларын унутпаган адамдар запордон азап чегишет;
Келиндин онокот таарынычы болсо, баласы оорулуу болот;
Ушак айтуучулардын, сын тагуучулардын тиши эрте тушот;
Агрессивдуу адамдардын психикалык проблемалары коп болот, кан басымынын жогорулашы, инфаркт, инсульт болушу мумкун;
Куноолуу сезимдери бар адамдардын (ал ыймансыздыктан, ынсапсыздыктан, кара муртоздуктон) денеси, булчундары, тарамыштары ооруйт, чарчайт;
Коро албастык, ичи тардык- истерия нерв ооруларынын себеби болушу мумкун. Ичи тардыктан жинди болуп кеткендер бар;
Эки жуздуулуктун «кесиптик дарты» - кант диабети, калкан безинин жана бойроктун устундогу бездин бузулушу;
Киши олтургон, ырайымсыз адамдардын тиши эрте тушот, буту,колу коп чыгат, когорот, коп ооруйт;
IV. Жыйынтыктоо:
Адамдын психикасынын анын  ден соолугу менен байланышы бар экендигин Франц Месмердин жана Зигмунд Фрейддин эксперименти аркылуу биринчи болуп далилденген. Терс эмоциялуу, жаман ойлуу адамдардын организми адреналин, шал кылуучу кислота,ацето-уксус кумурска жана сут кислотасын коп иштеп чыгарат. Алар организмдеги зат алмашуусун начарлатат, анда клеткалар тез картаят , олот.
  Ойду озгортуу менен оорудан айыкса болот. Аны учун адебинерди ондогула, ыймандуулукка умтулгула, жакшы адам болгула, ошондо гана озунор жонундо оюнар жакшы болот. Ички (жан) дуйнонор тазарса гана денинер соо болот









Сабактын  темасы:  Өз мүнөзүңдү кантип тарбиялайсың?
Сабактын  максаты: Сүрөт  тарттырып,  тест  алуу  менен   окуучулар  кандай  мүнөзгө  ээ экендигине  өздөрү  ынанышат;  Бул  сабак  аркылуу  окуучу  өзүнүн билбеген  жактарын  билип,  терең  тааный  алуусуна  шарт  түзүшөт.
Сабактын  жабдылышы  :  кагаз  ,  калем  фломастер  .
    Сабактын  жүрүшү :
1 .Уюштуруу .
2. Сабактын  темасы  доскага  жазылат  .
3. Мугалим  бул  сабакта  окуучуга  өзүн  -  өзү  таануусу  үчүн  сүрөт  тарттырып, тест  алуудан  баштайт.
      Бул  оюндун  шарттарын  мугалим  оозеки  түшүндүрүп  берет:  а) Бир  барак  кагаз  аласыңар .
   Б) .  Ошол  баракка  тоонун,  үйдүн,  дарыянын, каптын (мешоктун)  жана  өзүңө  жаккан  бир  жаныбардын  сүрөтүн  тартасыңар.  Буга  20  минута  убакыт  берилет.  Барактын  четине  фамилияңарды  жазып  койгула.  Анан  мага  тапшырасыңар.
20  минутадан  кийин  мугалим  барктарды  топтоп  алып,  төмөндөгүдөй  кылып  чечмелеп  берет:
4.Тоонун  учтары  шиш  чуштугуй  болсо  адам  өтө  ачуусу  чукул  болуп  чыгат 
Боз  үйдүн  сүрөтүн  тарткан  окуучу  патриот  болуп  эсептелет.
Дарыя  үзгүлтүксүз  тартылса  адам  өз  алдынча  иш  кыла  алат, ал  эми дарыя үзүк үзүк  тартылса  өзүнчө  иш  кыла  албайт,бирөөнүн  көрсөтмөсү менен  гана  иш  кылат.
Каптын  ( мешоктун)  оозу  буулуп  тартылса  адам  өтө  бышык , сараң  болуп  эсептелет.  Ал  эми  каптын  оозу  ачык  тартылган  болсо  адам  колу  ачык ,  берешен март  болуп  эсептелет
 Кайсы  жаныбардын  сүрөтүн  тартса  мүнөзү  ошол  жаныбардын  мүнөзүнө  окшош  болот . М:  Иттин  сурөтун  тартса  өтө  сак,  мышыктын  сүрөтүн  тартса  үйдөн  чыкпаган,  арстан  же  жолборстун  сүрөтүн  тартса  айбаттуу  эч  нерседен  кайра  тартпаган  адам.
5.  Бул  сабак  аркылуу  окуучулардын  мүнөзүндөгү  айрым  кемчиликтерди  аныктап,  жоюуга  аракеттенсе  болот же  окуучулардын  жакшы  жактарын  аныктап,  өнүктүрүүгө  мүмкүнчүлүк  түзүлөт. Уйго тапшырма:

Мен озумдуу канчалык денгээлде таанып биле алдым? Суроого жооп жазып келуу





Сабактын темасы:   Чыныгы намыс жана кур намыс.

Сабактын максаты:
1. Окуучулар чыныгы намыс менен кур намыстын айырмачылыгы жонундо тушунук алышат.
2. Ар намыс, адамгерчилик, акылдуулук жонундо ой жугуртууго туртку алышат.
3. Намыской болууга, патриоттулукка, эр журоктуулукко багыт алышат.

Сабактын жабдылышы:  суроттор.
              
Сабактын журушу:


I. Уюштуруу.
Окуучуларды жоктоо. Класстын тазалыгына конул болуу. Сабактын максатын тушундуруу.


II. Киришуу учун суроолор:
Адамда кандай жакшы сапаттар болот?
Ошол сапаттар силерде барбы?
Ар намыс дегенди кандай тушуносунор?

III. Мугалимдин созу:
   Ата-баба салтында, ар бир элдин адебинде, урук, урууларда «кепке кемтик, сөзгө сөлтүк» болбошу үчүн этиет жүрүү, туура жолду багыттоо, ар намыстуулук, нукура таалим-тарбия көрүү сыяктуу сапаттарды аркалашкан. Бироолор бир күнөө кетирсе, ал айыл ичинде белгилүү. Ууру кылса, ушак суйлесе, эр олтурсе, эриш бузса, кийинки муундары үчүн да бетке чиркоо болуп, намыска жыгылышкан. «Алардын тукуму ушундай, ата-бабаларынан бери айтылып келе жаткан соз» -делет. Кеп-соз кыябы келе калганда башкача турде дал ошол айыптарын, таалуу жерин толгоп, айтууга кыргыздар чебер да, чечен да, жүйөөлүү да болушат. Мында, «Силер эмнеңерге мактанасыңар, бизди билбейт дейсиңерби?» – деп, соз баштаганда кепке шылкыят. «Уят олумдон да катуу» – дегендей мындай жагдайларына алар сына түшөт. Ошон үчүн ар бир журтчулук аяр жүрүшкөн. Эгерде уруусунан кимдир бироону кордогон болсо, ошол уруунун ар бир жигити намыстанган. Ар намысты коргоо алар учун баарынан ыйык болгон.

IV. Талкуулоо:
Эми балдар, чыныгы намыс жана кур намыс деген эмне экендигин чечмелеп тушунолу.
 Журокко сакта акыл создун тамчысын,
Ала жатпа жамандыктын камчысын.
Адам деген атын жашайт кылымга,
Коргоп жаша адам деген намысын.
  Ар намысы бар адам, эч качан адамдык сапаттарын жоготпойт. Озун жана жакындарын жаман созго калтырбайт. Ар намысын сактоону ыйык корот. Намыской адам ошондой эле озунун жакындарынын да уятка калуусун каалабайт. Ушак айтуу, уурулук кылуу, адепсиздик кылуу алар учун жат корунуш.
    -  Ал эми кур намыс деген эмне? (окуучулардын ойлорун угуу керек).
Туура айтасынар балдар, ушак угуп алып «мени мындай дептир» деп, кокурогун уруп жулкунуп калышат. Же болбосо, жарышып, ойноп утулуп калса аябай жаман иш кылгандай , жерге кире уялып, же туталанып калышат. Азыркы учурда акчасы аз, кийими жупуну болгону учун да намыстанып, уялып калышат. Бул учурларда кур намыска алдырбай «мен эч кандай уят иш кылган жокмунго?!» деген ой жугуртуулор болушу керек.

V. Жыйынтыктоо:
Чыныгы ар намыстуу адамдар бугунку кундо да бар, ошондой эле кыргыз элибиздин тарыхында коп болгон. Алардын ар намыстуулугу эл ичинде адеп-ахлакты сактаса, эл четинде жоодон коргогон.
Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү жер урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!!!
Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин, Исках Раззаковдон тартып, Чолпонбай Түлөбердиевге чейин аба менен дем алгандай дем алып, элинин ар намысы учун оз жанын аябай, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен.

Уйго тапшырма:

«Чыныгы намыс жана кур намыс» деген темага дил баян жазып келуу













Сабактын темасы:   Укук жана милдеттер.



   Сабактын максаты:  


1. Конституция , мыйзам жонүндо түшүнүкко ээ болушат.
2. Оз укугун коргой билүү, оз укугу үчүн күрошүү зарыл экендигин түшүнүшөт. Мыйзамды сыйлоо  керектигин түшүнүшөт.
3. Оздөрүнүн кругозорун остүрүүго умтулуусуна комок берет. Патриоттуулукка тарбияланышат.


Сабактын жабдылышы: «Конституция- негизги мыйзам» боюнча маалыматтар, суроттор.
 
С а б а к т ы н     ж у р у ш у :
І.Киришуу:
- Мыйзам деген созду кандай тушуносунор?
- Адам укугу жонундо эмне айта аласынар?
- Мыйзамды бузуу дегенди кандай тушуносунор?
- Укук менен милдет жонундо оюнарды айтып бергиле.
-«Баланын укугунун конвенциясы» боюнча отулгон сабактан эсинерде калгандарын айтып бергиле.

Китеп окууну көнүмүш адатка айландырабыз

Сабактын максаты: - окуучуларга китептин, билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү; - татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болууга тарбиялоо; - биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо. Колдонулуучу материалдар: Түстүү сүрөттөр, ватмандар, маркерлер, Ж.Баласагын "Кут алчу билим", "Макал-лакаптар". Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү) Мугалим Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" китебинен үзүндүнү көркөм окуйт. Айткым келди, о акылман, сөз жайын,- Окуу, билим пайдасынан баштайын. Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң маңдай ачык жаркырап. Окуу, билим көп нерсеге жеткирет, Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт. Сокур дешет билимсизди - жөн дебе, Окуу гана жарык чачат дүйнөгө. Мугалим: Балдар, бул ыр саптары кайсы автордун, эмне деген чыгармадан үзүндү экендигин билесиңерби? Балдар: Билебиз. Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасынан. Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Силер да окуу, мектеп, билим жөнүндө билгениңерди айтып көргүлөчү? (Окуучулар билгендерин айтып беришет) - Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат. - Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы. - Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн. - Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет. - Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок. - Ким көп окуса, ал көптү билет. - Китеп - мүлк, оокат, нан, Китеп окубаган адам ал - наадан. Китеп - билим, Билимиң менен баалан. Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Силер окуу, билим, билим кени болгон китеп жөнүндө эң жакшы макалдарды, накыл кептерди айтып бердиңер. Байкадыңарбы, биздин бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз кандай темада экен? Окуучулар: Окуу, билим тууралуу экен. (Доскага тема жазылат) Тема: "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". Мугалим: Балдар, бүгүнкү 1-сентябрь - Билим күнүнө жана 31-август Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мен силерге атайын кайрылуу кат даярдап келдим. Алгач ошону окуп берейин, көңүл коюп уккулачы. (Мугалим кайрылууну окуп берет) Кымбаттуу жаш жеткинчектер! Силерди жаңы окуу жылыңардын башталышы менен чын дилден куттуктайм! Билим күнү бардык кыргызстандыктар үчүн жакшы башталыштардын, ачылыштардын жана ийгиликтердин символу болуп калды. Илим, билимдеги ийгиликтер - бул Кыргызстандын келечеги эмеспи! Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал - ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн. Эгемендүү мамлекетибиз - биздин ыйык Мекенибиз. Эс тартып чоңойгон сайын силер өз Мекениңерге, эли-журтуңарга карыздар экениңерди түшүнө баштайсыңар. Анткени Ата Мекенибиз силерди асырап өстүрүп, ырыстуу балалыкты тартуу кылып отурат. Силер ошол бир боор жерден, бир тууган элден баштап дүйнөнү тааный баштагансыңар. Сулуулугуна сөз жеткис, учу-кыйырына көз жеткис Ата Мекенди бизге ата-бабаларыбыз мураска калтырган. Эми силер да Ата Журтту, ата мурастарын көздүн карегиндей сактап, өзүңөрдөн кийинки урпактарга ыйык таберик катары өткөрүп берүү - атуулдук парзыңар да, карызыңар да экенин унутпашыңар керек. Ар бир жаш өспүрүм өз Мекенинин, жашап өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп-билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз элинин, жеринин тарыхын, эне тилин, салт-санаасын, каада-салтын жана рухий казынасын жетик билген, аны жашаган заманына, мезгилине жараша баалап түшүнө алган, таалим-тарбиялуу, билимдүү жаш адам гана өз алдына келечек максатын кое билет жана турмуштагы өз чыйырын туура салып, ордун таба алат. "Максатсыз адам - канатсыз куш" деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңарындай, бул жашоодо ар бир адамды улуу максат жетелеп, илгери үмүт, таза ниет менен иштеп, көрөңгөлүү өмүр, ишенимдүү кең келечекке ишенип жашоосу абзел. Биз тээ ак чач замандардан бери нечен кылымдарды карытып жашап келген түптүү элибиздин тарыхы, дүйнөдө теңдеши жок алп дастан "Манасты" жараткан эне тилибиз - кыргыз тили, каада-салты, маданияты жана өлбөс-өчпөс эрдиги менен сыймыктанууга толук татыктуу элбиз. Ушундай улуу мурастарыбызды эч качан, эч убакта унутпай, урпактарыбызга чыпчыргасын коротпой жеткирип, толуктап алып жүрүүбүз зарыл. Жаш достор, силер Эгемендүү Кыргыз Республикасында эркин, ырыстуу, бактылуу балалыкта жашап, билим-тарбия алып жатасыңар. Мындай бактыны силерге өткөн ата-бабаларыбыз, улуу муундарыбыз, ата-энелерибиз кан-жанын аябаган күрөшү, бүт өмүрүн арнаган эмгеги жана аруу тилек-максаттары менен нуска кылышкан. Улуу бабаларыбыздын жолун аталарыбыз уланткан, аталардын жолун биз улап келе жатабыз, ал эми биздин жолду силер, силердин жолуңарды кийинки жаш муундар улантышат. Ошентип муундардын өз ара байланышы үзүлбөй, элибиз тарыхта изин жоготпой жашай берет. Буюрса, силер келечекте биздин ордубузду татыктуу басышыңар керек. Ал үчүн акыл-эстүү болуп эрезеге жетип, "ийне менен кудук казгандай" терең билим алып, ар түрдүү өнөр-кесиптин ээси болууга аракеттенүүңөр керек. Улуу инсаныбыз Исхак Раззаков "Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" дегендей, дилиңер да, пейилиңер да, эмгегиңер да аруу, таза болсун. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу", - деп туура белгилеген. Ар бир күндө чыныгы АДАМ деген атка татыктуу болуп, адамдык менен, адалдык менен жашап, иштөөгө жашыңардан чын дилден ниеттенгиле. Улуу муундардын салтын улап, ириде, силерге өмүр тартуулап, адам кылган ата-энеңерди, жаш муундардын жаркын келечеги үчүн билимин, өмүрүн арнап, албан эмгек кылган ардактуу кесиптин ээси мугалимдерди сыйлагыла жана урматтагыла. Ата-энени, устатты сыйлоо, улууну урматтоо - элибизде келе жаткан нарктуу салт, ыйык милдет. Кыргыз элибиздин улуттук кызыкчылыгын, ар-намысын жана аброюн бийик тутуп, эркин республикабыздын туусун бийик көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өз салымыңарды аябагыла. Ата-бабаларыбыздын эрдигин, көсөмдүгүн, айкөлдүгүн, кеменгерлигин, эмгекчилдигин жана ариеттүүлүгүн кан-жаныңарга сиңирип, ар кандай шарттарда силер да сабырдуу, акылман, ар намыстуу, бирдиктүү болгула. Кымбаттуу жаш атуулдар! Ата Мекенибиздин, кутман элибиздин жаркын келечеги, ата мурастарыбыздын муундан муунга өтүп жашашы силердин ар бириңердин жоопкерчилигиңерге, аракетиңерге, эмгегиңерге жараша болорун унутпагыла! Ата-бабаң өткөн жериңди сүй, Түптүү кыргыз элиңди сүй, Элиң сүйлөгөн эне тилиңди сүй. Ата Мекенге, ата мураска, элге, эне тилге Кошой, Бакай, Манас бабаларыңдай күй! Ар бир айтылган сөздөр кулагыңарга кыттай уюп, жүрөгүңөрдүн толтосунан орун алып, акыл-сезимиңерде оттой жанып турсун. Силердин келечегиңер кең, бактылуу, ырыстуу жана ооматтуу болушун каалайм! Мугалим: Эми билим жөнүндө улуу адамдардын айткан сөздөрүнө кулак төшөп көрөлүчү. (Балдар ар бир залкар сөздү бирден окуп, маанисин чечмелешет) o "Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат". В.Г.Белинский o " Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат". Д. Дидро o " Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок". А.Навои o " Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат". В.Шекспир o " Билим адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал". Я.А.Каменский o " Билимден ашкан күч жок. Горький (Жогорудагы улуу адамдардын айткан сөздөрүнүн маанисин чогуу талдап, ар бири өз пикирлерин ортого салышат.) Мугалим: Биздин залкар жазуучуларыбыз окуу, билим, китеп тууралуу жазылган ырлардан көркөм окуп бергилечи. Бүгүн сабакта ошол ырлардан айтып коелучу. 1-окуучу: Китеп - менин тунук таза булагым, Китеп - менин өчпөс жарык чырагым. Көптү окуп, көптү билип китептен, Мекениме талбай кызмат кыламын. Китепти сүй, баркын бил, Китептин көп акылы. Ким китепке дос болсо, Ал ошонун жакыны. 2-окуучу: Билим кени - китеп, Тарбия кени - мектеп. Ким китепти көп окуса, Ал көптү билет. Андыктан аны барктай билүү керек, Китеп бизге чын жолдош. Китеп бизге анык дос Пайдаланып китептен Акылыңа акыл кош. 3-окуучу: Кимде ким окуй билсе, олжо табар, Кимде ким билим алса - олжо алар. Илимдүү асыл адам чындыгында, Билимдүү - өкүмдарга керек тура. Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн, Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн. Акылдуу, илимдүүлөр улуу асылдар, Билим менен бек күчү ишке ашар. Жеткирди миң-миңдеген ачылышка, Сага даңк илим күчү - урмат сага! Өнөргө ээ болосуң окуу менен, Аз болсо да билимде пайда кенен. / Ж.Баласагын / Мугалим: Балдар, келгиле азыр үч топко бөлүнүп алып, "Билимдүү адам", "Сүйүктүү кесип", "Кызмат кылуу" деген сөз айкаштарынын айланасында кластер түзүп көрөлү. (Ар бир топко ватман, маркер берилип, өз алдынча иштешет. Кичи топтор менен иштөөдө "Ар бир пикир баалуу" деген принцип эске алынышы зарыл. Андан соң түзгөн кластерлери боюнча сүйлөп беришет.) "Билимдүү адам" - көп окуйт - көп изденет - эмгекчил болот - алган билимин турмушта колдоно билет - башкаларга жардам берүүнү унутпайт - керектүү маалыматтарды түрдүү булактардан ала билет - өз оюн ортого салып, пикир бөлүшөт, ж.б. "Сүйүктүү кесип" - мугалим - врач - куруучу - менеджер - юрист - экономист, ж.б. "Кызмат кылуу" - өлкөбүздүн келечеги болгон балдарга терең билим-тарбия берүү; - элдин ден соолугун чыңдоо, кам көрүү; - сапаттуу, кооз, бекем үйлөрдү куруу, ж.б. Андан соң "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада окуучулар 5 мүнөттүк эссе жазышат жана өз ойлорун ортого салышат. Мугалим сабакты жыйынтыктайт. Балдар, силер билимдүү-илимдүү, маданияттуу, өнөрлүү жаштардан болсоңор, өлкөбүздүн келечеги кең болот. Илим-билимдүү жаштар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүүгө, элдин маданиятын гүлдөтүүгө, өзүлөрүнөн кийинки муундар үчүн ар тараптан эң мыкты шарттарды түзүүгө кам көрүшөт. Ошондуктан ар бир окуучу алтынга тете убактысын текке кетирбей, өз убагында көптү окуп, көптү билүүгө аракеттениши керек. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашы керек. Үйгө тапшырма: 1. "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". аттуу темада дилбаян жазып келүү; 2. Билим, тарбия, мектеп, мугалим тууралуу ыр, макал-лакап, накыл кептерди чогултуу.



х



Комуз бабалардан калган мурас



Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт,күүгө келбейт, чебер колсуз.
Оп-оңой, көргөн көзгө жөп-жөнөкөй,
Бирок да өнөрү бар айтып болгус.

Кылымдан кылым санап көксөй-көксөй,
Жыргалдуу биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз, көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

Бул – ак калпак кыргыз элинин байыртан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Ал өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, тал, терек, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз токой жыгачтарынан чабылат. Комуз чабууга чеберлердин уста канасында көбүнчө керки, бычак, ийги, үмкү, түрпү, өгөө өңдүү жөнөкөй куралдары болот. Комуз ар кандай формада чабылып, анын мойну ичкерип кетет. Комуздун жалпы узундугу 90 см дей келет. Комуз башы, тулкусу, чарасы, моюну ,капкагы, куткуну, тепкеги, үч кулагы анан үч кылдан турат. Комуздун үч кулагы өрүктөн, арчадан жана ошондой эле мүйүздөн жасалат.

Базар-Коргон районунун тургуну Комуз устасы болгон Ы.Боронбаевдин билдирүүсүндө өрүк жыгачын декабрь айларынын ортосунда( кыргызча айтканда “Токсон түшкөндө”) кыят. Мында өрүк жыгачы баш тартып, өсүшүн токтотуп турган учуру болот.Чабууга да, пайдаланган кезде да ал жыгач жарылып кетпейт. Анын кабыктарын арчып, сомдоп, жерди чуңкур казып, ага суук түшкөн чакта ат тезегин салат. Ошого жыгачты көмүп, үстүнө тезекти төгө берет. Ал бир кезде өзүнчө бууланып түтөп, комуздун ширесин тартат. Жыгач жазга дейре жатып, ойдогудай кургайт. Муну да чабылуусу ээрдей каныктырыш үчүн сомдоп, шыбап, ошол бойдон шамал тийбес жайда бир жыл жатат. Ошондон кийин гана чаба баштайбыз дейт- Ы.Боронбаев.

Ала-Тоосу, ак калпагы менен көкөлөп жаткан доордо торгой тил комуздун сапаттуу жасалышына ар бир адам күйөөрман. Таамай айтканда муну “чечен тилди” даана тапкандар азыр жергебизде аз. Анткени комузчунун өзү комуз уста болгон. Аспапты жасоо үчүн өнөрпоздун угуму, добушту ажырата алышы, чаба билиши өзгөчө бааланат. Тоо булбулу Токтогулдан тартып Кара Молдо Орозов, Ыбрай Туманов, Чалагыз Ыйманкулов сыяктуулар комузду өзүлөрү гана билип, бирөөлөргө карматбай, кыраан шумкардай таптап, кол тийгиздирбей асырап жүрүшкөндүктөн алардын комузунун тили “буудай кууруп турчу”. Бул аспап чакан болгон. Ат үстүндө, чепкен ичинде колтугуна катып жүрүүгө шартташкан. Мисалы Токомдун комузунун узундугу 63см келип, төрт дубан элде шаңшыган.

Комуз өзүнүн формасы менен бирге үнүда жагымдуу, назик келип, адамдын сезимин ойготуп, жүрөгүн кытыгылагандай болот. Башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу келет. ”Адамды сүйлөткөн тил болсо, комузду сүйлөткөн кыл” болот эмесби. Комузду жакшы чапкан чеберлер мыкты комузчулардын учаар канаты болгон.

Пайда болушу

Дүйнөнүн чыгыш элдеринде ар кандай музыкалык аспаптар бар, алардын пайда болуш тарыхы өтє терең. Адам баласы алгач чогуу жашоо (общиналык) коомунун шартында улам барган сайын акыл, аң-сезими өркүндөп, өсүп отуруп, өзүнүн жашоо шартына, тиричилигине ылайыктап, ар кандай өсүмдүк жыгачтарынан, малдардын башынан, мүйүздөрүнөн үн коштоочу аспаптарды ойлоп таап, аларды бири-бирин чакырууга, айбанаттарга аңчылык кылууга, үркүтүүгө, үн аркылуу үйрөтүүгө пайдаланып келишкени тарыхта белгилүү.

Коом өнүгүп адам акылы биринчи орунга чыгып, ойлоо сезими өзгөрүп, ар кандай мүйүз, жыгачтардын ордуна темир аспаптар пайда болуп, керней, сурнай, үйлөмө чоорлор эл катмарына барган сайын сиңип, өз жаңылануусун арттырып келди. Ошонун натыйжасында жез аспаптар керней, сурнайларда жасалды. Жыгач аспаптардан ооз комуз, темир ооз комуз жаралып, кыл кыяк капкактары териден таарылып, алардын сапат жагы артып, аспап катары кылымдап жыл карытып, элге жагып, ушу күнгө чейин ойнолуп келүүдө. Кыргызда комуздан мурда кыл кыякты ойлоп таап, аны аттын келбетине окшоштуруп жасап, куйругунан кыл тартып, үн коштоочу кыл таягын камчыга ылайыктап, аны сүрө тартып, укмуштуудай музыкалык аспапты жасап, ушу күнгө жеткирип койгондугу - адам акылынын тереўдиги. Айрым изилдөөчүлөр кыл кыяктын пайда болушун белгилүү дарыгер Абу-Али-Ибн-Сина 10-кылымда ойлоп тапкан деген айың сөздөрдү айтып-жазып келишкен. Ал эми комузга токтоло турган болсок, коңшулаш казактарда домбра (кобуз) аспабын Коркут деген адамга таандык деген маалыматтарды айтып келишет.

Чынында кыргыздарда комуз качан пайда болгон? Кыргыз тарыхынын энциклопедиясынын туу чокусу болгон Манас эпосунда, Манас атабыз кеселдеп жаткан учурунда, белгилүү манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтымында: “Карагай капкак жаптырган, Комузчудан жүздү алдырган” деген жери бар. Демек, комуз Манастын убагында эле бар экени айкын. Андан мурдагы тарыхый булактарга сереп салып көрсөк. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: “Комуз музыкасы жаңы эрадан илгери биринчи кылымдарда ата мекенибиздин ички аймактарына таркаган. Жаңы эрага чейин 33-жылы Хан империясынын падышасы Хан- Юальдий ордо кенезектеринин бири болгон Ван-Хавчук деген кызды Уннулардын теңири кутуна “падышасына” узаткан. Бир канча жылдан кийин Ван-Хавчук өз мекенине Чоң-Аит шаарына кайтканда бир музыка ала келген. Конок ашында отурган бир аалым: “Бул музыканын аты эмне?” деп сураган. “Бул кобус деген музыка болот” деп жооп берет. Ван-Хавчуктун айтуусу менен эле “кобус” кыргыздардын “комуз” деген сөзүнөн чыккан болсо керек” деп болжолдоп койгон, так маалымат жок. ( А. Кайбылда уулу. “ Күү баяны “ Б. 2000 - ж. 15-бет).

Ушуга эле удаалаш маалымат: “Жапандык музыка адиси Аясы-Канту (Ли-Чан-Сан) деген адамдын,“Чыгыш музыкаларын изилдөө” аттуу эмгегинде кыргыз комузу жунгонун (кытайдын) Таң империясынын тушунда Ханзу (кытай) музыкалары менен бирге Жапанияга барып калган. Жапандыктар бул музыкага өтө көңүл буруп, кыргыз комузунун негизинде “Кьото” деген музыканы ойлоп табышкан. “Кьото” – кылдуу музыка дегенди билдирет”- деп жазат. (Анвар Байтур кытай тарыхчысы “ Кыргыз тарыхынын лекциялары”. Б. “Учкун“, 1992-ж. 1-2 том, 115-бет).

Азыр бизге эки нерсе белгилүү болду, казактардын эки кылдуу аспабы – “кобуз” жана жапандыктардын эки кылдуу аспабы – “кьото”. Тарыхка сереп салсак, кытай тарыхчысы Анвар Байтур жаңы эранын 33-жылында “кобус” деген аспапты атап, анын 1-чи кылымдарга таандык экенин далилдейт. Кээ бир булактарда казактын Каркут деген ырчысын мисал келтирип, кобуз ага таандык деп жазышат. Орустун окумуштуусу Алексей Левшиндин эмгектеринин биринде “Кыргыз-Кайсактар (Кыргыз-Казактар) тууралуу тарыхый маалыматтар” деген макаласынын 1-чи бабында мындай деп жазгандары бар: “Кайсак деген сөз - Казак дегендин бурмаланган түрү, айрым чыгыш жазуучуларынын ырастаганына карасак, бул сөз Христин төрөлүшүнөн да мурда пайда болгон. Бул пикирдин туура же туура эместигин иликтеп отурбастан, орто кылымдардагы орус урууларынын турмушунун көптөгөн тармактарына таралып кеткен Казак деген аталыш башынан бери эле Кыргыз-Кайсак ордолоруна таандык экенин жана азыр да алар өздөрүн Казак деп гана атарын белгилегибиз келет. Персиялыктарга, бухаралыктарга, хивалыктарга, жана Азиянын башка элдерине алар мына ушул ат менен белгилүү. Кытайлыктар “К” тыбышын жумшартып Харсак деп айтышат. Россияда 18-кылымга чейин Кыргыз-Кайсактарды билишпеген, бирок аларды Казактар, Казак ордосу деп аташкан”. ( Кыргыздар, 2-т. Бишкек. Кыргызстан,1993-ж. 252-бет.)

Кыргыз элинин эзелтеден колдонуп келген музыкалык аспаптарынын тарыхы да эң эле байыркы тереңдикке кетет. Буга Каракалпактын Кой кырылган калаа жана топурак калаасынан табылган б.з.ч. 1-жана 3- кылымдарга таандык музыкалык аспаптардын дареги күбө боло алат деп келип, үйлөмө, урма аспаптардын катары келтирилип, комуз жөнүндө айтылбайт.

Ал эми ушундай ойду түрк элдеринин орто кылымдагы ойчул-философ музыканты - Абу-Насыр Фараби (850-950) “Китаб ал мусики-ал кабар” аттуу эмгегинде кээ бир аспаптарды тизмектеп келип “тамбур” өңдүү кылдуу аспаптын кабарын айтат да, кыпчакка таандык кылат, ал эми кобуз (комуз) жөнүндө такыр айтылбайт. Кобуз 8-9- кылымдарга таандык музыкалык аспап катары элдик эпос “Китаби Деде Каркатта” айтылат.

Аталыш тарыхы

“Кобуз” музыкалык аспабы көптөгөн аспаптардын ичинен 11-кылымга таандык болгон Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгүндө” кездешет. Тарыхый музыка изилдөөчүлөр комузга кайрылып, анын кайсы кылымга таандык экенин изилдєєгє эмгектерин арнап келишкен жерлери бар. Дагы бир орустун окумуштуусу С. Дмитриев: “Түрктөрдүн руникалык жазууларынан 8-кылымдын башында пайда болгон кобуз кийин эң кеңири тарап, кала берсе азыркы улуттук маданияттын арасында Украинанын кобзосына салыштырсак, жалпы эле түрктөрдүн улуттук музыкалык аспабы катары кеңири белгилүү болгон” - деп жазган.

Эгерде биз сөздүн уңгусун алып, сөздүктөргө көз чаптырып аңдоо салсак, анда ар кандай үндүк тыбыштардын ар кайсы өзгөрүүлөрүн көрөбүз. Мисалы, кобыз, кабаза - деген сөздөр арабдарга таандык. “Гияс-ул-лугат” деген сөздүктө кобза - колго алуучу моюн, калем сап делип которулат экен. Калем сап деген түшүнүк бул жазууга пайдаланган буюм (ручка) деле турган болсо, колго алуучу моюн - бул бир мойнунан кармай турган буюмдун түшүнүгү. Демек, бул жерде музыкага тиешеси жоктой ойду бергени менен, Украинанын музыкалык аспабына С. Дмитриев эскергендей “Гияс-ул-лугат” сөздүгїндө “кобза” менен “кобзо” сөздөрү дал келет.





Ошондуктан, айтылган аттар “кобуз”, “кобыз”, “кобус”, “кабаза” деген аталыштар бир эле убактарда өзгөрүлүп айтылып келгендери да жок эмес. Бизге жеткени – “кобыз”, “копуз”, “кумус”, “хобус”, “хомыз”, “хомус”, “комус” деген өзгєрүлмө аттар. Кыргыздын эзелки сөздөрүндө “с” тамгасы “з” тамгасына караганда көп пайдаланылып, этнонимге да таандык болгону анык. “К” тамгасы эл аралык сөз терминде, айрыкча коңшулаш кытай элинде “Х” же “Г” тамгалары көп пайдаланылгандыктан, фонетикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында биздин сөздөрүбүздө кийинчирээк комуз деп айтылып калышы талашсыз.

Жапанияга жеткен “кобус” аспабы кыргыздарга таандык экенин Аясы Кенту (Ли- Чан - Сан) “Чыгыш музыкасын изилдөөдө” Тан империясынын тушунда кыргыз “комузу” Ханзу музыкалары менен бирге Жапанияга тарап, Жапандыктар кыргыз “комузунун” негизинде “Кьото” деген музыкалык аспапты жасашканын жазып, “Кьото“ деген сөз “кылдуу музыка “ дегенди түшүндүрөрүн айтат. Музыка деген сөздүн өзү кайдан чыкканына кайрылып көрөйүн деп, атайын музыкалык сөздүктү алып изилдеп көрдүм, Т.Крунтяева, Н. Молокованын “ Словарь иностранных музыкальных терминов (Ленинград “Музыка”, 1988 г. 7-е издание) сөздүгүндө “музыка” деген сөз чыгыш элдерине таандык экенин музыкалык аспап “Музыка” деген сөздүн өзү жаңы эранын 30-жылында пайда болсо да, европалык музыкалык терминдердин сөздүктөрүндө Чыгыш элине таандык делген жерин кезиктире албадым. Мисалы: “мьюзик” (англ.), музыка-мусика (латынча), музика-музыка (италияча) деген гана түшүнүктөр бар.

Сабырбек Абдырамен эрдин он жылдык чыгармачылык изилдєєсїндє “кыргыз” деген ат, этимология боюнча кыр-уу-уз деген аталыш жашоо-шарты тоо арасында өткөндүктөн келип чыккан деп түшүндүрүлөт. “Кыр” – тоолук, “куу” (ху) жана “уз” дейт. Ошол эле учурда эки мааниге ээ экенин кєчмєн эл ата-тегинин санжырасын “оў”, “сол” деп бєлїп, “куу уул”, “ууз уул” деп калганы кытай кол жазмаларында “куу” (ху) жана “ууз” деп эскерет. (Вечерний Бишкек”, 31.07.09. ж. “Стряхивая пыль веков”, Бермет Маликова)

”Куу – күү”, “ууз – уз” деген сєздєр “күү-уз” – “кооздолгон” (уз), “күүчү – уз” деп өзгөрүп, этимология боюнча “күүчү-уз”, “коо-уз”, андан барып “коо-муз” “комузга” өтүп кетиши мүмкүн.

Демек, комуз деген сөз кыргызда фонетикалык термин катары “кол-музыкасы“, “кумус”, “кү-мүс” деген сєз кыргыздын “ү” тамгасы, же болбосо “Күн” - “Хун” деп айтылып кеткен сыяктуу эле, “Күү”-музыкасы, “кыл-музыкасы” деген түшүнүктү берерине ынандым. Кыргыз менен Жапандыктардын музыка түшүнүгүндө бир маанидеги музыкалык түшүнүктү айтып турган жалпылык бар, “кылдуу музыка“ менен “кыл-музыкасы” эгиз козудай окшош. Жыйынтыгы - “кол - күүлөрү”, “кыл – күүлөрү”, “кылдуу-күүлөр” комуз күүлөрүнүн жаралыш тарыхына келип такалууда.

Эгерде жогорудагы Коркут деген улуу инсан кезегинде 18 миң ааламга кулак төшөп, 28 үн тыбышты бөлүп ажыратып, “кобуз” менен музыкалык үндї кошуп, угармандарына жеткире алган болсо, Камбар деген кыргыздын улуу инсаны ичегиден кылды ойлоп таап, комуз аспабынын көркөмүн өзгөртүп, добуш чыкчу жерлерин тереңирээк кеңейтип, үндүн ыргактарын кулака жагымдуу кылып уккулуктуу кылып добуш берип, жаңыча жаңылык кийрип, комуздун тагдырын ушу күнгө жеткидей кылганына, кыргыз эли сыймыктануу менен тарыхын айтып, чертип жүргөнү бекер эмес дээр элем.

Кыргыздын комузуна өзгөртүүнү кийин эле үч кылдын ордуна, төрт кылды тагып черткен айтылуу залкар комузчу Атай Огомбаев чоң жаңылык киргизгени - комуздун тагдырынын өзгөрүш тарыхы. Комуз аспабы азыркы убакта бөлөк элдердин аспаптарынан айырмаланып, анын моюн жагын манжалар басып, күү, обонго келтирген жеринде атайын бөлүнгөн пернелери (ладдары) жок. Кыргыз комузчулары бєлєк элдердин аспапчыларынан айырмаланып, кол ойнотоор касиетке өтө чебер жана маштап черткен жагынан эч бирине теңдешсиз. Комуз аспабы азыркы

Сабактын максаты: - окуучуларга билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү; - татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болууга тарбиялоо; - биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо. Колдонулуучу материалдар: Түстүү сүрөттөр, ватмандар, маркерлер, Ж.Баласагын "Кут алчу билим", "Макал-лакаптар". Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү) Мугалим Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" китебинен үзүндүнү көркөм окуйт. Айткым келди, о акылман, сөз жайын,- Окуу, билим пайдасынан баштайын. Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң маңдай ачык жаркырап. Окуу, билим көп нерсеге жеткирет, Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт. Сокур дешет билимсизди - жөн дебе, Окуу гана жарык чачат дүйнөгө. Мугалим: Балдар, бул ыр саптары кайсы автордун, эмне деген чыгармадан үзүндү экендигин билесиңерби? Балдар: Билебиз. Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасынан. Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Силер да окуу, мектеп, билим жөнүндө билгениңерди айтып көргүлөчү? (Окуучулар билгендерин айтып беришет) - Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат. - Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы. - Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн. - Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет. - Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок. - Ким көп окуса, ал көптү билет. - Китеп - мүлк, оокат, нан, Китеп окубаган адам ал - наадан. Китеп - билим, Билимиң менен баалан. Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Силер окуу, билим, билим кени болгон китеп жөнүндө эң жакшы макалдарды, накыл кептерди айтып бердиңер. Байкадыңарбы, биздин бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз кандай темада экен? Окуучулар: Окуу, билим тууралуу экен. (Доскага тема жазылат) Тема: "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". Мугалим: Балдар, бүгүнкү 1-сентябрь - Билим күнүнө жана 31-август Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мен силерге атайын кайрылуу кат даярдап келдим. Алгач ошону окуп берейин, көңүл коюп уккулачы. (Мугалим кайрылууну окуп берет) Кымбаттуу жаш жеткинчектер! Силерди жаңы окуу жылыңардын башталышы менен чын дилден куттуктайм! Билим күнү бардык кыргызстандыктар үчүн жакшы башталыштардын, ачылыштардын жана ийгиликтердин символу болуп калды. Илим, билимдеги ийгиликтер - бул Кыргызстандын келечеги эмеспи! Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал - ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн. Эгемендүү мамлекетибиз - биздин ыйык Мекенибиз. Эс тартып чоңойгон сайын силер өз Мекениңерге, эли-журтуңарга карыздар экениңерди түшүнө баштайсыңар. Анткени Ата Мекенибиз силерди асырап өстүрүп, ырыстуу балалыкты тартуу кылып отурат. Силер ошол бир боор жерден, бир тууган элден баштап дүйнөнү тааный баштагансыңар. Сулуулугуна сөз жеткис, учу-кыйырына көз жеткис Ата Мекенди бизге ата-бабаларыбыз мураска калтырган. Эми силер да Ата Журтту, ата мурастарын көздүн карегиндей сактап, өзүңөрдөн кийинки урпактарга ыйык таберик катары өткөрүп берүү - атуулдук парзыңар да, карызыңар да экенин унутпашыңар керек. Ар бир жаш өспүрүм өз Мекенинин, жашап өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп-билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз элинин, жеринин тарыхын, эне тилин, салт-санаасын, каада-салтын жана рухий казынасын жетик билген, аны жашаган заманына, мезгилине жараша баалап түшүнө алган, таалим-тарбиялуу, билимдүү жаш адам гана өз алдына келечек максатын кое билет жана турмуштагы өз чыйырын туура салып, ордун таба алат. "Максатсыз адам - канатсыз куш" деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңарындай, бул жашоодо ар бир адамды улуу максат жетелеп, илгери үмүт, таза ниет менен иштеп, көрөңгөлүү өмүр, ишенимдүү кең келечекке ишенип жашоосу абзел. Биз тээ ак чач замандардан бери нечен кылымдарды карытып жашап келген түптүү элибиздин тарыхы, дүйнөдө теңдеши жок алп дастан "Манасты" жараткан эне тилибиз - кыргыз тили, каада-салты, маданияты жана өлбөс-өчпөс эрдиги менен сыймыктанууга толук татыктуу элбиз. Ушундай улуу мурастарыбызды эч качан, эч убакта унутпай, урпактарыбызга чыпчыргасын коротпой жеткирип, толуктап алып жүрүүбүз зарыл. Жаш достор, силер Эгемендүү Кыргыз Республикасында эркин, ырыстуу, бактылуу балалыкта жашап, билим-тарбия алып жатасыңар. Мындай бактыны силерге өткөн ата-бабаларыбыз, улуу муундарыбыз, ата-энелерибиз кан-жанын аябаган күрөшү, бүт өмүрүн арнаган эмгеги жана аруу тилек-максаттары менен нуска кылышкан. Улуу бабаларыбыздын жолун аталарыбыз уланткан, аталардын жолун биз улап келе жатабыз, ал эми биздин жолду силер, силердин жолуңарды кийинки жаш муундар улантышат. Ошентип муундардын өз ара байланышы үзүлбөй, элибиз тарыхта изин жоготпой жашай берет. Буюрса, силер келечекте биздин ордубузду татыктуу басышыңар керек. Ал үчүн акыл-эстүү болуп эрезеге жетип, "ийне менен кудук казгандай" терең билим алып, ар түрдүү өнөр-кесиптин ээси болууга аракеттенүүңөр керек. Улуу инсаныбыз Исхак Раззаков "Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" дегендей, дилиңер да, пейилиңер да, эмгегиңер да аруу, таза болсун. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу", - деп туура белгилеген. Ар бир күндө чыныгы АДАМ деген атка татыктуу болуп, адамдык менен, адалдык менен жашап, иштөөгө жашыңардан чын дилден ниеттенгиле. Улуу муундардын салтын улап, ириде, силерге өмүр тартуулап, адам кылган ата-энеңерди, жаш муундардын жаркын келечеги үчүн билимин, өмүрүн арнап, албан эмгек кылган ардактуу кесиптин ээси мугалимдерди сыйлагыла жана урматтагыла. Ата-энени, устатты сыйлоо, улууну урматтоо - элибизде келе жаткан нарктуу салт, ыйык милдет. Кыргыз элибиздин улуттук кызыкчылыгын, ар-намысын жана аброюн бийик тутуп, эркин республикабыздын туусун бийик көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өз салымыңарды аябагыла. Ата-бабаларыбыздын эрдигин, көсөмдүгүн, айкөлдүгүн, кеменгерлигин, эмгекчилдигин жана ариеттүүлүгүн кан-жаныңарга сиңирип, ар кандай шарттарда силер да сабырдуу, акылман, ар намыстуу, бирдиктүү болгула. Кымбаттуу жаш атуулдар! Ата Мекенибиздин, кутман элибиздин жаркын келечеги, ата мурастарыбыздын муундан муунга өтүп жашашы силердин ар бириңердин жоопкерчилигиңерге, аракетиңерге, эмгегиңерге жараша болорун унутпагыла! Ата-бабаң өткөн жериңди сүй, Түптүү кыргыз элиңди сүй, Элиң сүйлөгөн эне тилиңди сүй. Ата Мекенге, ата мураска, элге, эне тилге Кошой, Бакай, Манас бабаларыңдай күй! Ар бир айтылган сөздөр кулагыңарга кыттай уюп, жүрөгүңөрдүн толтосунан орун алып, акыл-сезимиңерде оттой жанып турсун. Силердин келечегиңер кең, бактылуу, ырыстуу жана ооматтуу болушун каалайм! Мугалим: Эми билим жөнүндө улуу адамдардын айткан сөздөрүнө кулак төшөп көрөлүчү. (Балдар ар бир залкар сөздү бирден окуп, маанисин чечмелешет) o "Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат". В.Г.Белинский o " Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат". Д. Дидро o " Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок". А.Навои o " Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат". В.Шекспир o " Билим адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал". Я.А.Каменский o " Билимден ашкан күч жок. Горький (Жогорудагы улуу адамдардын айткан сөздөрүнүн маанисин чогуу талдап, ар бири өз пикирлерин ортого салышат.) Мугалим: Биздин залкар жазуучуларыбыз окуу, билим, китеп тууралуу жазылган ырлардан көркөм окуп бергилечи. Бүгүн сабакта ошол ырлардан айтып коелучу. 1-окуучу: Китеп - менин тунук таза булагым, Китеп - менин өчпөс жарык чырагым. Көптү окуп, көптү билип китептен, Мекениме талбай кызмат кыламын. Китепти сүй, баркын бил, Китептин көп акылы. Ким китепке дос болсо, Ал ошонун жакыны. 2-окуучу: Билим кени - китеп, Тарбия кени - мектеп. Ким китепти көп окуса, Ал көптү билет. Андыктан аны барктай билүү керек, Китеп бизге чын жолдош. Китеп бизге анык дос Пайдаланып китептен Акылыңа акыл кош. 3-окуучу: Кимде ким окуй билсе, олжо табар, Кимде ким билим алса - олжо алар. Илимдүү асыл адам чындыгында, Билимдүү - өкүмдарга керек тура. Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн, Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн. Акылдуу, илимдүүлөр улуу асылдар, Билим менен бек күчү ишке ашар. Жеткирди миң-миңдеген ачылышка, Сага даңк илим күчү - урмат сага! Өнөргө ээ болосуң окуу менен, Аз болсо да билимде пайда кенен. / Ж.Баласагын / Мугалим: Балдар, келгиле азыр үч топко бөлүнүп алып, "Билимдүү адам", "Сүйүктүү кесип", "Кызмат кылуу" деген сөз айкаштарынын айланасында кластер түзүп көрөлү. (Ар бир топко ватман, маркер берилип, өз алдынча иштешет. Кичи топтор менен иштөөдө "Ар бир пикир баалуу" деген принцип эске алынышы зарыл. Андан соң түзгөн кластерлери боюнча сүйлөп беришет.) "Билимдүү адам" - көп окуйт - көп изденет - эмгекчил болот - алган билимин турмушта колдоно билет - башкаларга жардам берүүнү унутпайт - керектүү маалыматтарды түрдүү булактардан ала билет - өз оюн ортого салып, пикир бөлүшөт, ж.б. "Сүйүктүү кесип" - мугалим - врач - куруучу - менеджер - юрист - экономист, ж.б. "Кызмат кылуу" - өлкөбүздүн келечеги болгон балдарга терең билим-тарбия берүү; - элдин ден соолугун чыңдоо, кам көрүү; - сапаттуу, кооз, бекем үйлөрдү куруу, ж.б. Андан соң "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада окуучулар 5 мүнөттүк эссе жазышат жана өз ойлорун ортого салышат. Мугалим сабакты жыйынтыктайт. Балдар, силер билимдүү-илимдүү, маданияттуу, өнөрлүү жаштардан болсоңор, өлкөбүздүн келечеги кең болот. Илим-билимдүү жаштар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүүгө, элдин маданиятын гүлдөтүүгө, өзүлөрүнөн кийинки муундар үчүн ар тараптан эң мыкты шарттарды түзүүгө кам көрүшөт. Ошондуктан ар бир окуучу алтынга тете убактысын текке кетирбей, өз убагында көптү окуп, көптү билүүгө аракеттениши керек. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашы керек. Үйгө тапшырма: 1. "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". аттуу темада дилбаян жазып келүү; 2. Билим, тарбия, мектеп, мугалим тууралуу ыр, макал-лакап, накыл кептерди чогултуу.