СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Комуздун жаралуу тарыхы

Категория: Музыка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Комуздун жаралуу тарыхы 

Просмотр содержимого документа
«Комуздун жаралуу тарыхы»

Комуз (Чертмек)

Комуз- Кыргыз элинин улуттук аспабы. Комуз негизинен экме жана жапайы жыгачтардан (өрүк, алмурут, арча, карагай, жапан тал, акация, ж.б.) чабылат. Мөмөсү бышкан кезде кыйылган өрүктүн жыгачы сомдолуп, сууга кайнатылып, ышталып чабылган комуз бек жана добуштуу болот.

Комуздун жалпы узундугу 75-90 см болот.

Комуз: Баш, кулак, моюн, чара, капкак, кыл, тепкек, куткундан турат.

Кылы негизинен ичегиден, жибектен жасалат. Азыркы учурда көбүнчө жилкадан жасалган кылдар пайдаланылат.

Комузду мыкты чапкан усталар: Чалагыз Исабаев, Нурак Абдырахманов, азыркы Намазбек Уралиев, Орозобаев, Кенчинбаев.

Кытай жазмаларында комуз: “куу-күү", “ууз-уз"- “күүчү уз" деп белгиленген.

Комуз жөнүндө айта берсек сөз көп. Анын ар бир тоому ар башка үн берет. Комузду адамга окшоштурсак да болот. Себеби кулагы менен угуп күүгө келет. Адамга мурун кандай керек болсо, анын капкагындагы тешиги да ошондой керек. Себеби ал жок болсо үнү жакшы чыкпайт.

Негизинен комуздун жаралуу тарыхы жөнүндө көптөгөн миф, легенда, уламыштар бар. Алардын чындыкка жакын экөөнү алып карайлы....

Илгери-Илгери жоокерчилик заманда Камбаркан аттуу аңчы, мергенчи болгон. Ал өз өнөрү менен бүтүндөй айыл элин багып жүргөн. Күндөрдүн биринде ал талаада кетип баратса, бир башкача мукаам үн угулат. Камбаркан ал үн чыккан жакка барса, кайсы бир жаныбардын бакка илинип калган ичегисинен чыгып жаткан болот. Мергенчи ал ичегини алып, үйүнө келип, жыгачтан аспап чаап, ичегини тартып, канчалык чертсе да чертилбей коет. Канчалаган жыгачтардан жазап көрөт. Эч жыйынтык чыкпайт... Акыры ойлонуп, кайра баягы бакка барып аны кыйып келип, андан аспап чаап чыгат. Ошондо гана андан мукаам үн чыгат. Мергенчи өзү чапкан аспабына “Комуз" деген ат берип, түнү менен моокуму канбай чертет. Бул добушту уккан эл улам көбөйүп келе берет. Ошентип Камбаркан эл алдына өзүнүн чеберчилигинен чыккан биринчи күүсүн ойнойт. Бул күү Камбаркан деп аталат.

Элибизде “Күүнүн башы Камбаркан” деген сөз ушундан келип чыккан десек болот.

Ал эми экинчи уламышка карасак:

Илгери-Илгери өткөн заманда Камбаркан аттуу жанда жок сулуу кыз жана Комуз аттуу кедей бала болуптур. Алар бири-бирин абдан сүйүшүп, мына-мына үйлөнөлү деп жатканда, бир кызды сүйүп жүргөн бай экөөнүн бактылуу жүргөнүн көрө албай, ортосуна от жагып, тоскоол болуп, кызды өзүнө имерүүнүн жолун издейт. Бир күнү ал Комузду жолунан тосуп чыгып:-Биз кербенге кетип жатабыз, жардамдашып барып кел! Жакшы төлөп берем-дейт. Комуз жаман оюу жок ага макул болот. Ошентип, бай жигиттери Комуз болуп жолго чыгышат. Айылдан бир аз алыстагандан кийин бай Комузду өлтүрүп, 3-4 күндөн кийин айылга келишет. Кызга жолдон каракчылар кол салып каза болуп калды деп коет. Кыз Комузду катуу сүйгөндүктөн аны издеп жөнөйт. Баратып эле бир башкача добушту угат. Барса жигиттин сөөктөрү, жанында кургап бараткан ичеги. Кыз аны устага алып келип аспап жазатат. Ошентип кыз кайгы-муңунан жаралган алгачкы күүсүн ойнойт. Ушундан улам аспаптын комуз аталышы, күүнүн башы Камбаркан деген сөз калган десек да болот.