СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Конференцияга макала

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Конференцияга макала»

Тема: Кыргыз адабиятындагы автобиографиялык чыгармалардын генезиси  Студент: Алиева Айсулуу Илимий жетекчи: ф.и.к. Жусуева Сюита

Тема: Кыргыз адабиятындагы автобиографиялык чыгармалардын генезиси

Студент: Алиева Айсулуу

Илимий жетекчи: ф.и.к. Жусуева Сюита

Жазуучу өз оюн, ааламдын кооздугун көркөм чагылдырууда ар кандай жанрларды, ар кандай формаларды, стилдик өзгөчөлүктөрдү колдонуп келет. Кыргыз жазма адабияты калыптанып баштаган күндөн тарта коомдун ар тарабын камтып, адабият, тарых, маданият өнүгүү этабына жараша жанрдык, идеялык жактан өнүгүп-өсүп келди. Адабиятыбызда автобиографиялык же мемуардык чыгармалар 20-кылымдын 50-60-жылдары пайда боло баштаган.

Ар кандай жанрдагы чыгарманын жаралуу тарыхы бар сыңары автобиографиялык жанрдагы чыгарманын жаралуу тарыхы автордун баскан жолуна, анын жазуу ишин баштоосуна байланыштуу. Автобиографиялык жанрдагы чыгармада автор өзү баяндоочу болуп, чыгармада өзүнүн өмүрүнн, тагдырындагы ары түйшүктүү, ары маңыздуу турмушун, андагы баскан татаал жолун, жашоодогу максатын, къш карашын, жанындагы колдоп же кордоп жүргөн инсандарды, аларга болгон мамилесин, алардын адамдык оң жана терс сапаттарын, ошол замандагы адамдардын бири-бирине кылган мамилесин, заманынын агымын, жараталышка болгон мамилесин, анын кубулушуна жана мыйзамына болгон ой толгоосун, сүйүүсүн, адамдагы асыл сезим махабатын өзүнүн көркөм сөз өнөрү менен эркин сүрөттөй алат. Жалпысынан алганда автобиографиялык жанрдагы чыгарма адам турмушун, тагдырын, өзүнүн башыан өткөн турмуш жолун, көкүрөгүндө сакталган жаман жакшы күндөрүн, жакшы же жаман элестер менен сакталган өтмүшүн эскерүү мүнөзүндөгү чыгарма .

Дүйнөлүк адабиятта бул жанрга көрүнүктүү негиз салуучулар катары Ж.Ж.Руссо менен А.И.Герцен эсептелинет. [5] Ар кайсы жанрда өз өнөрлөрүн сынап, адабиятыбызга зор салым кошкон кыргыз жазуучуларыбыз бул жанрда да өзүнүн мыкты экендигин далилдеп, автобиографиялык чыгармаларын жазышкан. Аларга мисал келтирсек: Аалы Токомбаев “ Менин метрикам”, Калык Акиевдин “Баскан жол”, Алыкул Осмоновдун “Жазуучулук баяным”. Мукай Элебаевдин “ Узак жол” жана башкалар.

Автобиографялык жанрдагы чыгармалардан мисалга кыргыз акындарынын, жазуучуларынын бири - Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасы. Бул романды автор 1934-жылдын январынан жазып баштап, 1935-жылдын 2-октябрында бүткөн жана ал 1936-жылы жарыяланган. Ушул басылышында автор бул чыгарман романдын биринчи китеби деп атайы эскерткен. “ Узак жол” жөнүндө биринчилерден болуп басма жөнүндө пикир айткан Кубанычбек Маликов анын жанрдык жагына келгенде “өзүнүн түрү жагынан тарыхый өмүр баян романга окшойт” - деп белгилеген. Романдын автобиографиялык чыгарма экенин кийинки изилдөөчүлөр да бир ооздон көрсөтүшөт. Бирок анын жанры жагына келгенде бүгүнкү күнгө чейин эки ача пикирде жашап келет.

Бир катар авторлор (К.Маликов, Б.Маленов) “ Узак жолду” роман деп, айрымдар (К.Асаналиев, Б.Кримжанова, К.Иманалиев, К.Бобулов) повесть деп эсептешет. 10-класстар үчүн жарыяланган кыргыз адабияты боюнча окуу китебинде да “ Узак жол” повесть деп көрсөтүлөт.. Баарыдан бир эле китептин баш жагында повесть, аяк жагында роман ( “Кырныз совет адабиятынын тарыхынын очеркинин” 53-54-беттерде повесть, 297-304-беттерде роман) делинип эсептелген учурлар кездешет. Чынында “Узак жолдо” романга да, повестке да туура келген касиеттер бар. (Бул жерде сөз романдын биринчи гана китеби жөнүндө болуп жатат, пландаштырылган 2- бөлүмү жазылганда калетсиз “Узак жол” романы болмок. [2.2004. 188-б]

 “ Узак жолдо” аты аталгандай эле теңчилик замандын, жаш да болсо кайраттуу баланын бактысы узактай баяндалат. Жазуучунун сүрөттөө кудуретинин күчтүүлүгү, жан дилинин берилгендиги, жай дүйнөнү арбап алып, кыял кемесине салып алып,чыгармадагы каарман Мукай эмес мен сыяктанып, ооруса кошо ооруп, кыйналса кошо кыйналып, кайгырса кайгысына ортоктош болуп, күлсө кошо күлүп,бактысына кубанып, кайра эле шордуу турмуш кысымына кабылса көзүмө жаш алып, кудум эле ошол турмушту өз башыман өткөрүп жаткандай окуйсуң.

Мына ушунун баары жазуучунун чыгармасына болгон берилгендик, өзүнүн турмушун оош-кыйышсыз көркөм жана жеткиликтүү сүрөттөй алгандыганда. Чыгармада каармандардын ички абалы жогорку деңгээлде көрсөтүлгөн. Бир эле үй бүлө менен бүтүн кыргыз элинин турмушун чагылдырып бере алган

Чыгарманын аяк жагында большевиктердин келишине байланыштуу сүрөттөлгөг окуяларды өтө кыска жана жалпы жазылып калганыдыгын “ Кыйын кезеңдеги” ошол окуяларды анан ары улантууга жышаан бериптургандыгын көрүп романдагы кээ бир мүчүлүштөргө 1-китептин план-мүмкүнчүлүгүнө жараша мамиле кылуу зарылдыгы тууларын да атайы эскергенибиз оң. [2.2004.189-б]

Балким, автор экинчи китебин да жазганда окурманга анын баскан жолу, ушул сөздөрдөн кийинки күндөрү, жетишкендиктери, адабияттагы өчпөс аты кеңири жана жеткиликтүү берилмек. Ошентсе да, бир эле автобиографиялык чыгармасы менен кыргыз адабиятынын деңгээлин дагы да көтөргөн. 30-жылдардагы адабиятыбызга олуттуу жаңылык киргизгенин баарыбыз эле билебиз .

Мукай Элебаев башка жазуучулардан кеч сабаты ачылса да, башкалардай элдик фольклорго эле таянбай орус адабиятын көп окуп, ошолордон үлгү алып, дайыма изденүүнүн, аракеттенүүнүн үстүндө болуп, башкалардан мыкты чыгармаларды жараткан. Элдик фольклорго таянбай жаңыча чыгармаларын жазгандыгын 1930-жылдардан баштап жазылган чыгармаларынан байкайбыз. Эгер акын, жазуучу дагы да көбүрөөк өмүр сүргөндө балким кыргыз адабиятын дагы да мыкты чыгармалар менен байытып, адабиятыбызда не бир шедеврлер жаралмак.  