КОНФЛИКТ ЖАНА АНЫ ЖЕҢҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Сабактын максаты:
«Конфликт» түшүнүгүнө аныктама берүү;
Конфликт жөнүндө билимин кеңейтүү;
Конфликттерге туура мамиле жасоо жөндөмүн өнүктүрүү.
Сабактын милдеттери:
Талаштан тактык жаралат.
Макал
Конфликттин инсандын өнүгүүсүнө оң жана терс таасири боюнча анализдөө;
Адамдын эмоционалдык чөйрөсүнүн маанилүүлүгүн жана ал чөйрөнүн конфликтке таасир берүүсүн көрсөтүү;
Топтордо иштөө жөндөмүн өнүктүрүү.
Керектелүүчү ресурстар: флипчарттар, маркерлер.
Сабактын планы: |
№ | Көнүгүү | Убакыт |
1. | Уюштуруу учуру. Активдештирүү көнүгүү «Кичинекей трамвайлар» | 5 мүн. |
2. | Киришүү: «Үч позиция» | 10 мүн. |
3. | Негизги бөлүк: «Конфликт» түшүнүгүнө аныктама берүү «Конфликттин оң жана терс жактары» көнүгүүсү Сүйлөшүү-бул конфликтти жөнгө салуу ыкмасы | 25 мүн. |
4. | Жыйынтыктоо. | 3 мүн. |
5. | Коштошуу адеби. «Ритм» көнүгүүсү. | 2 мүн. |
| | 45 мүн. |
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу учуру. Активдештирүү көнүгүү (5 мүн.)
Максаты: окуучулардын сабакка көңүлүн буруу, талкуулоо үчүн эркин абалды түзүү.
Мугалим: Балдар, келгиле биз бир оюн ойнойлу. Бардыгыңар тегерек болуп олтургула. Бир стул бош калат. Кимдин сол жагында бош стул турган болсо ошол адам оюнду баштайт. Ал жанындагы бош стулга олтуруп, «Мен кетип бара жатам» деп айтат. Кийинки катышуучу жанында калган бош стулга олтурат дагы «Мен дагы» деп айтат.
Үчүнчү катышуучу: «Мен коён менен» деп жанындагы бош стулга олтурат. Ал эми төртүнчү катышуучу айтат: «А мен олтурам…” (катышуучулардын арасынан каалаганынын атын айтат). Кимдин атын айткан болсо, ал ошол бош стулга олтурганы аракет кылат жана ошентип башынан кайталана берет.
Киришүү бөлүгү.
«Үч позиция» (10 мүн.)
Максаты: окуучулардын көңүлүн сабактын максатына жана темасына буруу.
Мугалим: Силер өзүңөрдү кандай сезип жатасыңар?
Бул активдештирүү көнүгүү абдан позитивдүү болду, ал мага ээленген орун пикир келишпестикке, талаш- тартышка алып келген адамдардын жашоосундагы эпизоддорду элестетти. Класста, маршруткада, кинодо ээленген орун конфликттин себеби болуп калышы мүмкүн.
Класстын периметрине карай бир катарга тургула. Айланаңарды карасаңар ар кайсы жерде барактарда сөздөр жазылган:
Макул көрөм Билбейм Макул көрбөйм
Социалдык жашоодо болгон конфликт көрүнүшүнө кандай карайсыздар, ошого карап орундарды ээлөөңөрдү суранам.
Эгерде макул көрсөңөр, анда «макул көрөм», эгерде макул көрбөсөңөр «макул көрбөйм», эгерде билбесеңер «билбейм» деген карточкалардын жанына тургула.
Окуучулар: Окуучулар бөлмөдө басышып, ушул көрүнүшкө болгон мамилесине жараша өз орундарын ээлешет.
Мугалим: Конфликтти макул көргөн топтун мүчөлөрүнөн эмне үчүн бул орунду тандагандыгын түшүндүрүүңөрдү суранат элем. Андан кийин мугалим ар бир топтун кезектешип түшүндүрүүсүн суранат. Эгерде окуучулар «макул көрөм» деген карточкага турушпаса, анда «макул көрбөйм» деген позицияда тургандар менен талкуулайт.
Мугалим: Бул көнүгүүдөн кандай жыйынтык чыгарса болот?
Окуучулар: Мүмкүн болгон жооптор: ар бир адамдын өз тажрыйбасына байланыштуу конфликт жөнүндө өзүнчө түшүнүнүгү бар.
Негизги бөлүк (25 мүн.)
Максаты: «конфликт», конфликттин
«конструктивдүү» жана «деструктивдүү» жактары, конфликт деструктивдүү болбош үчүн адамдын жүрүм-туруму кандай болуш керек экендиги жөнүндө талкуулоо.
«Конфликт» түшүнүгүнө аныктама берүү (5 мүн.)
Мугалим: Доскада турган аныктаманы окуйт.
Конфликт – бул ар түрдүү бири- бирине дал келбеген максаттары, кызыкчылыктары жана көз караштары бар адамдардын же топтордун кагылышуусу.
«Конфликт» деген сөз латын тилинен которгондо «кагылышуу» дегенди түшүндүрөт. Англис сөздүгүндө
«конфликт»: күрөшүү, кагылышуу, макул болбоо, кастык, оппозиция дегенди түшүндүрөт.
Конфликттин себептери төмөндөгүлөр болушу мүмкүн
Максаттары ар түрдүү;
Маалыматтын жетишсиздиги;
Төмөн деңгээлдеги жүрүм-турум маданияты;
Ресурстардын жетишсиздиги.
Көнүгүү «Конфликттин оң жана терс жактары»
(15 мүн.)
Мугалим: Конфликт чындыгында боло турган көрүнүш катары ар түрдүү көз
Конфликттин оң жактары: | Конфликттин терс жактары: |
Конфликт көмүскөдө турган мамилени көрүүгө мүмкүнчүлүк берет | Ар түрдүү ооруларга алып келүүчү терс эмоциялар. |
Конфликттерди чечүү муктаждыгы инсандын өнүгүшүнө алып келет | Мамиленин кыйын болушу |
Конфликт – көнүп калган нерсеге болгон көз карашыңды кайра карап чыгууга түрткү берет | Адамдар арасындагы өздүк жана ишке байланыштуу мамиленин бузулушу, тартиптин төмөндөшү. Жалпысынан алганда социалдык - психологиялык климаттын начарлашы |
| Жеңгендер же жеңилгендерди душман катары көрүү |
| Ар бир тарап өздөрүнө башкаларды кошуп, кичинекей конфликт чоңго айланат |
| Конфликттерди ый, стресс коштойт |
| Абал кайрадан кайталана берсе зордук- зомбулукка алып келет |
Болжолдуу жооптор:
Мугалим: Конфликттердин оң жана терс жактары бар. Азыр
силер конфликттин терс жактарына көбүрөөк көңүл бурдуңар. Анткени биздин жашообузда конфликттер көп учурда жамандыкка алып келет. Биз конфликттерди башкарганды билишибиз керек.
караш менен караганда анын оң жана терс жактарын тапса болот.
Мугалим окуучуларды эки топко бөлөт. Биринчи топ мээ чабуулу аркылуу флиппте конфликттин мүмкүн болгон оң жактарын жазышат, ал эми экинчи топ конфликттин терс жактарын жазышат.
Бул көнүгүүгө 5-7 мүнөт берилет.
Окуучулар жазган жумуштарын презентация кылышат.
Социалдык жашоодо конфликттер керектүү көрүнүш экендигин түшүнүүңөрдү каалайм. Конфликттерсиз жашоо жокко эсе. Ар бирибиз ар кандай конфликттерге учурайбыз: өзүбүз менен өзүбүз, башка адамдар менен.
Ар биринен биз ар кандай тажырыйба алабыз, ошондуктан конфликттер биздин инсан катары өзүшүбүзгө түрткү берет.
Конфликтти
жөнгө салуу ыкмалары: Эмоционалдык кызуулукту басаңдатуу жана сүйлөшүү жөндөмдүүлүгү
Мугалим: Конфликттерди жөнгө салууда ар түрдүү ыкмалар бар.
Сиздер билгендей эле конфликттерге негизинен «түрткү берген күч» терс (негативдүү) сезимдер – эмоциялар болуп саналат. Адамды акыл башкарбай, негативдүү эмоциялар башкарса,
анда анын зыяны чоң болушу мүмкүн. Ошондуктан, конфликттерди жөнгө салууда эмоциянын күчөшүн төмөндөтүү биринчи маселе болуп саналат.
Биринчиден, өзүңдөн баштоо керек-ошол абалга болгон өзүңдүн жүрүм- турумуңду жана мамилеңди өзгөртүүң керек.
Конфликтти жөнгө салуудагы дагы бир ыкма - бул сүйлөшүү болуп саналат. Бирок конфликттүү абалда сүйлөшүү кыйын жана жагымсыз болот. Ошол кездеги чыныгы сезимдерди билдирүү жана айтуу биз үчүн кыйын болот жана
биздин сезимибизди башкалар түшүнбөйт деп кыжырланабыз.
Сүйлөшүү натыйжалуу болуш үчүн ачык болуш керек жана башкалар эмнени айтып жаткандыгын угуу керек. Конфликттер көбүнчө биз
башкалардын ой-пикирин билебиз деген ойдо болгондо чыгат. Диалог аркылуу жай сүйлөшмөйүнчө биз өзүбүздүн сунуштарыбыз жаңылыш болгондугун түшүнө албайбыз.
Мисалы, сүйлөбөө ар түрдүү абалды түшүндүрөт: ачууланууну,
чарчагандыкты, нааразычылыкты, уялып кысылууну жана тамак ооругандыкты. Ал эмне үчүн унчукпай жаткандыгынын себебин андан сурап гана биле алабыз.
Ошондуктан, конфликттер аз болуусу үчүн бири-бири менен сүйлөшүүнү үйрөнүү керек, көңүл коюп угууну жана ачык сүйлөөнү билүү керек.
Эгерде, силер ушул эки ыкмага үйрөнсөңөр: өзүңөрдүн эмоцияңарды башкара билесиңер жана натыйжалуу сүйлөшө алсаңар, анда конфликттүү абалдан позитивдүү чыга аласыңар.
Сабакты жыйынтыктоо
(3 мүн.)
Максаты: алынган билимди текшерүү.
Мугалим: Мен сүйлөмдүн башын окуйм, а силер ал сүйлөмдү бүтөсүңөр.
Конфликт – бул…..
Конфликттин конструктивдүү тараптары – бул….
Конфликттин деструктивдүү тараптары – бул….
Сүйлөшүү жардам берет…..
Конфликттерди конструктивдүү чечүү үчүн төмөндөгүлөрдү жасай жана билиш керек…
Коштошуу адеби. Көнүгүү
«Ритм» (2 мүн.)
Максаты: класстагыларга биримдикте болуу сезимин сезүүгө мүмкүнчүлүк берүү, көнүгүүнү позитивдүү бүтүрүү.
Мугалим: Бардыгыңар тегерек болуп тургула. Алып баруучуну тандагыла.
Алып баруучу кол чабат, ал эми калганы аны туурайт. Алып баруучу ар кандай кылып кол чапса болот жана калган катышуучулар аныкындай жасаш
керек. Кийинчерээк алып баруучуну алмаштырса болот.