СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Конфуцийдин канаттуу создору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Конфуцийдин канаттуу создору.

Просмотр содержимого документа
«Конфуцийдин канаттуу создору»

КОНФУЦИЙДИН КАНАТТУУ СӨЗДӨРҮ — ТУРМУШТУН УЛУУ САБАКТАРЫ

On 18.01.2019 By oshakir

  • Home

  • 2019

  • Январь

  • 18

  • Конфуцийдин Канаттуу Сөздөрү — Турмуштун Улуу Сабактары

Ким ичи тар жана ач көз болбосо, ал бирөөгө эмне үчүн жамандык кылмак?

*     *     *

Эгерде пайда көрчү жерде милдетин ойлосо, коркунучка кабылган кезде өмүрүн кыйууга даяр болсо, алган нерселерин кайтарып берип, айткан сөзүнө бекем турса, мындай адамды телегейи тегиз мыкты адам деп айтса болот.

*     *     *

Жеңил келген ийгиликке ишенбе, оңой келген пайдага азгырылба. Шашсаң — максатыңа жетпейсиң, азга азгырылсаң — улуу иштерди жасай албайсың.

*     *     *

Адамдардын сени билбей калганына кайгырбай, сен адамдарды билбегениңе өкүн.

*     *     *

Цзы-гундан сурашат: «Кандай адамды жакшы адам десек болот?»

Анда философ мындай дептир: «Адегенде ишин бүтүрүп, андан кийин сүйлөгүндөрдү».

*     *     *

Жакшы адам өз жаңылыштыктарынын себебин өзүнөн издейт, акмак адам аны башкалардан көрөт.

*     *     *

Кимдир бирөө сураптыр: «Жамандыкка жакшылык менен жооп берген туурабы?»

Мугалим минтип жооп бериптир: «Кантип ошондой болсун? Жамандыкка акыйкаттык менен жооп бериш керек. Жакшылыкка жакшылык менен жооп бер».

*     *     *

Сүйүүсү жок адам, кедейликти көпкө көтөрө албайт жана көпкө кубана да албайт.

*     *     *

Мен адамдар жакшылыкты сулуу нерсени сүйгөндөй сүйгөнүн көргөн жокмун.

*     *     *

Эгерде максатыңа жете албасыңа көзүң жетсе, максатыңды эмес, ага жетүү үчүн бара турган жолду өзгөрт.

*     *     *

Жашоо жөнүндө билгенибиз ушунчалык аз болсо, өлүм жөнүндө эмнени айта алабыз?

*     *     *

Өмүр бою караңгылыкты тилдеп жүрүп өтсө да болот же болбос кичинекей шам жагып алса да болот.

*     *     *

Чындыгында жашоо жөнөкөй нерсе, биз аны өзүбүз чоң аракет менен татаалдантып алабыз.

*     *     *

Жинди киши гана өз оюн өзгөртпөйт.

*     *     *

Чалынып жыгылбаган эрдик эмес, жыгылган сайын туруп кеткен эрдик.

*     *     *

Бирөөнүн акылын тамчылатып кабыл алабыз, бирөөгө акылды чакалап беребиз.

*     *     *

Бирөөгө жакшы жагыңды да, жаман жагыңды да айтпа. Биринчисинде — ишенишпейт, экинчисинде — кооздоп  жиберишет.

*     *     *

Уктум — унуттум, көрдүм — эстедим, жасадым — түшүндүм.

*     *     *

Максатыңа кандай ылдамдык менен баратканың маанилүү эмес, эң башкысы – токтоп калба.

*     *     *

Эгерде эки адам менен бирге баратсам, ал экөөнөн тең сабак алам. Бирөөсүнөн жакшы жактарын үйрөнсөм, экинчисинен анын жаман жактарын кайталабаска аракеттенем.

*     *     *

Бирөөдөн кек алууну чечсең, эки мүрзө камда.

*     *     *

Адамдар акча табуу үчүн ден-соолуктарын беришет, анан ден-соолугун оңдош үчүн акча сарпташат. Келечекке жетем деп жүрүп, учурду унутушат, жыйынтыгында учурда да келечекте да жашоо эмне экенин билбей өтүшөт. Алар эч качан өздөрүн өлбөстөй көрүшөт, а өлүп баратканда эч бир жашоо көрбөй өтүшкөнүн түшүнүшөт.

*     *     *

Бардык улуу нерселер майда нерселерден башталат.

*     *     *

Дүйнөдөгү эң керемет көрүнүш — сен көрсөтүп берген жол менен турмуш жолунда ишенимдүү кадам таштап бараткан баланын көрүнүшү.

Которгон Абийирбек АБЫКАЕВ