СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Конкурска өзүн тааныштырууга арналган ырлар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Жыл мугалими" конкурсуна ырлар

Просмотр содержимого документа
«Конкурска өзүн тааныштырууга арналган ырлар»

Өзүн тааныштыруу

Көңүлүндө окуучусу, сабагы,

Аста, секин шилтеп келет кадамын.

Таң эртеден мектеп түшүп оюна,

Тамак ичпей, ачат китеп барагын (Перизат)

Ал жөнөкөй мугалим (хор)



Атың дагы, затың дагы таптаза,

Бала үчүн мээримиң да башкача.

Баардык күчүн бала үчүн сарптаган,

Баардык кесип башын ийет бир сага. (Фарида)

Ал жөнөкөй мугалим (хор)



Канчалаган окуучусу баатырлар,

Министр бар, президент бар, акын бар,

Баардыгынын жүрөгүнө жакын ал. Бермет

Ал жөнөкөй мугалим(хор)



Ыр төрөсү, сөз төрөсү Токтогул,

Бала болуп анан өсүп, толгондо,

Сөз үйрөтүп, ыр санатын үйрөткөн,

Аны дагы бир мугалим үйрөткөн

Балапандай эс толо элек кезинде(Алина)

Ал жөнөкөй мугалим (хор)



Тентек бала окубаса сабагын,

Иш дегенде ачат бүркөк кабагын

Катуу айтып көңүл дидар дедирбей

Көңүлү ооруп калбасын дейт баланын (Айгерим)

Ал жөнөкөй мугалим(хор)















Асмандагы жылдыздан калышпаган,

Эмгектенип күнү - түн талыкпаган

Эжекеси чыксын анда алдыңарга

Кыргыз тилге, окуучуга

Бүт өмүрүн багыттаган (Алина)

Р-

О-ойчул

З-Зриек

А-алгылыктуу иновациялык метод менен иштеген





К-комуникативдүү, компоненттүү

А-алгылыктуу иновациялык метод менен иштеген (Перизат)

С-сабагынан калбаган

Ы-ынтымакка үндөгөн (Фарида)

М-мээримдүү

Б-билимин дайым барктаган (Бермет)

А-ар дайым алга умтулган

Е – Европанын жакшы жактарын гана үйрөткөн (Алина)

В-вертуалдык дүйнөдө интерактивдүү доска менен иштеген

А-ардактуу биздин мугалимибиз Касымбаева Роза (Айгерим)













































Мугалим:

Класста болсо дагы канча бала,

Кыялы ар биринин башка, башка

Кубанып эжекелеп тосуп алса

Карегим толо түшөт ысык жашка



Балдар деп мектебиме келем шашып,

Балдарга ал ансайын сүйүүм артып

Баарына чыда десе балдар үчүн

Барууга даярмын мен белес ашып



Атсалоому алейкум амансыңбы калайык

Салты менен элимдин саламдашып алалык

Жадыраган жаздын күнүндөй,

Ачылган байчечекей гүлүндөй.

Айтамын салам ийиип,

Алманын ачкан бүрүндөй.



Зал ичинде олтурган,

Замандаштар аманбы?

Калыстыгы менен сынаган,

Калыстар тобу аманбы?

Көрүүгө келип ашыгып,

Күйөрмандар аманбы?

Улугу болгон дүйнөнүн,

Ыйыгы болгон коомдун

Нур чачып турган балдарга,

Мугалимдер аманбы?



Мен Касымбаева Розамын,

Сидерге ден-соолук каалаймын.

Төрөлгөм Коңур-Өлөң жеринде,

Жашаймын касиеттүү Каракучкач элинде.

Коңур-Өлөң киндик кан тамган жерим,

Коңур-Өлөң ойноп күлүп, өскөн жерим.

Касиеттүү Каракучкач элим менин

Сыймыктанам эмгектен чыкса терим.

Тийгизсем деп элге керегимди

Аябай келем талбай эмгегимди.



1984-жылында 30-майдын таңында

Мен төрөлдүм ата-энемдин койнунда

Ыңаалатып ак бешикке салышты,

Ак сакалдан бата сурап алышты.



Бал татыган балалыкты артка таштап,

Турмуш деген кадамды баштап.

Жети жаштан билим алдым

Коңур-Өлөң орто мектебинен

Окуучулук күндөрдү баштап



Окуучулук күндөр келди бат эле

Вантик тагып алиппени кармадым

Эжекемден мыкты билим мен алып

Классымда мыкты окуучу аталдым.



Айтматовдун чыгармасы, киносунан

Дүйшөн менен Алтынайдын тагдырынан

Таасирлендим мен мугалим болууга

Күн өтүп ай артынан жылдар акты,

Кыялым студенттик ишке ашты



Окудум Бишкек шаарында

И.Арабаев жогорку окуу жайында

Окуу жайда алкоолорго ээ болуп,

Факультетте мыкты студент аталдым,

Громмата, сыйлыктарды көп алып,

Студентке эжей болуп аталдым.











Иштеп окуу жайымда,

Уланттым жашоо-шартымды.

Түгөйлүү болуп айылымдан.

Кадыр-барк күттүм кайнымдан





Үч кыздын болдум апасы,

Жашоомдо тирек атасы.

Талыкпай иштеп келемин.

Болбосун деп капасы.



Бакыттын ачкан эшигин

К.Иманалиев атындагы орто мектебим

Мугалим болуп сүйүнгөм.

Кесибим ырыс-кешигим



Экинчи үйүм мектебим,

23 жашта иштеп келгемин

Балдарым болсо билимдүү,

Бул менин эң биринчи тилегим.



Тагдырдын таразасын таамай басып

Келемин ар дайым мектепке шашып

Балдарды сүйүп беремин билим

Сабаттуу жана адептүү кылуу

Алдыга койгон максатым менин!












Өзүн тааныштыруу

Көңүлүндө окуучусу, сабагы,

Аста, секин шилтеп келет кадамын.

Таң эртеден мектеп түшүп оюна,

Тамак ичпей, ачат китеп барагын

Ал жөнөкөй мугалим (Айгерим)



Эмгектенип күнү - түн талыкпаган

Эжекеси чыксын анда алдыңарга

Кыргыз тилге, окуучуга

Бүт өмүрүн багыттаган (Алина )



Р- роза гүлдөй жайнаган

О-окуучусун ар дайым ойлогон, ойчул

З-заманбап технологиялар менен сабак өткөн

А- ардактуу биздин мугалимибиз Касымбаева Роза

Мугалим:

Балдар деп мектебиме келем шашып,

Балдарга ал ансайын сүйүүм артып

Баарына чыда десе балдар үчүн

Барууга даярмын мен белес ашып



Атсалоому алейкум амансыңбы калайык

Салты менен элимдин саламдашып алалык

Зал ичинде олтурган,

Замандаштар аманбы?

Калыстыгы менен сынаган,

Калыстар тобу аманбы?

Көрүүгө келип ашыгып,

Күйөрмандар аманбы?



Мен Касымбаева Розамын,

Сидерге ден-соолук каалаймын.

Төрөлгөм Коңур-Өлөң жеринде,

Жашаймын касиеттүү Каракучкач элинде.





1984-жылдын 30-майында

Мен төрөлдүм ата-энемдин койнунда

Ыңаалатып ак бешикке салышты,

Ак сакалдан бата сурап алышты.



Бал татыган балалыкты артка таштап,

Турмуш деген кадамды баштап.

Жети жаштан билим алдым

Коңур-Өлөң орто мектебинен

Окуучулук күндөрдү баштап



Айтматовдун чыгармасы, киносунан

Дүйшөн менен Алтынайдын тагдырынан

Таасирлендим мен мугалим болууга

Күн өтүп ай артынан жылдар акты,

Кыялым студенттик ишке ашты



Окудум Бишкек шаарында

И.Арабаев жогорку окуу жайында

Окуу жайда алкоолорго ээ болуп,

Факультетте мыкты студент аталдым,

Громмата, сыйлыктарды көп алып,

Студентке эжей болуп аталдым.



Иштеп окуу жайымда,

Уланттым жашоо-шартымды.

Түгөйлүү болуп айылымдан.

Кадыр-барк күттүм кайнымдан



Үч кыздын болдум апасы,

Жашоомдо тирек атасы.

Талыкпай иштеп келемин.

Болбосун деп капасы.











Бакыттын ачкан эшигин

К.Иманалиев атындагы орто мектебим

Мугалим болуп сүйүнгөм.

Кесибим ырыс-кешигим



Экинчи үйүм мектебим,

23 жашта иштеп келгемин

Балдарым болсо билимдүү,

Бул менин эң биринчи тилегим.



Тагдырдын таразасын таамай басып

Келемин ар дайым мектепке шашып

Балдарды сүйүп беремин билим

Сабаттуу жана адептүү кылуу

Алдыга койгон максатым менин!










































Коңур-Өлөң орто мектебинен

Окуучулук күндөрдү баштап

Айтылуу КГПУдан орун алдым

Мугалимдик кесипке кадам таштап.





Мен киммин жөпжөнөкөй мугалиммин.

Билимимди балдарыма арнаган.

Окуучума кең келечек каалаган

Түйшөлсө бала менен бала болуп

Түйшүк тарткан кээ учурда

Окуучунун энесимин



Мен мугалиммин жашоону сүйүп турган,

Булактай ийилип турган.

Жөпжөнөкөй жашоосу бар.

Максаттар баарынын бийик турган.



Мен силерге бакыт менен жолуктум,

Эмгек менен барктуу инсан болпмун

Артыма бир кылчайып карасам

Балдарыма өзүм эне болпмун



Үй-бүлөм бар,

Мени сүйгөн балдар бар

Силер менен бүтүн дүйно толтура.



Жашоодогу максатым: Келечекке ийгиликтүү инсандарды тарбиялоо

Жетим кыздын арманы

Жаным апа, жаным апа сол жагым ооруп жатат, бирок сен капа болбо сабагымды бүтүрүп анан келдим сага. Апа, аталар да апаларга окшоп капа болушабы? Билбейм, бирок Бакыт айтты эгер сабагыңды окубасаң атаң капа болот деди, мына ошол үчүн айтып жатам апа. Мугалим эжей бүгүн бизди оң колуңда пияз, сол колуңда сарымсак деп үйрөттү. Бирок мен билем апа кайсы жагым сол жагым ооруганын абдан жакшы билем.

Бүгүн Айшаны апасы мектепке жетелеп келди апа. Жакасы аппак, чачтары өрүлгөн бетинен акырыын өптү да “бар эми кызым классыңа барагой” деди. А мен болсо ыйлагандан уялган жокмун апа, класска кирсем мугалим эжейибиз: “эмне болду сага” дегенде жыгылдым апа, тизем ооруду. Ыйлагандан уялган жокмун үйгө барып дагы ыйладым.

Классташтарымдын баардыгынын жакалары аппак, меники болсо боппоз апа. Түстүү кийимдер менен ак кийимди бөлүп жуушту атам билбейби апа? Мен, мен дагы аппак, аппак кийим кийгим келет апа, мен дагы чачтарымды өрдүрткүм келет апа. Карасаң атам эптээп эле өрүп берип койду.

Атакем мектепке жетелеп барды, кызым ишим бар, иштешим керек деди, а мен болсо дагы ыйладым апа, дагы ыйладым.

Апа, сага келип дал өзүң жакшы көргөн гүлдөрүңдү... неге унчукпайсың, сага келгенимди атам билбейт, билсе деле капа болбойт, урушпайт. Сенин топурагыңдан бир аз алайын, үйгө алып барып, жаздыгымдын башына коюп уктайм апа, түшүмө кир менин суранам, түшүмдө кучакта, түшүмдө өп апа. Сен түшүмө кирбесең ушул жерим ооруйт апа. Сени сагындым, сени сагындым апа. (Мен апамды жыты менен тааныгам ыры)











Ийгилик – ата-эненин кубанычы

Ар күнү акылга бай сөзүн айтып,

Ата-энем жакшы жолго багыт берген

Мейли сен кайсы кесип ээси болбо

Баарынан адам болуу парзың деген.



Алгачкы билим алган алтын уям

Эжей, агай ак эмгегин аябаган

Экинчи ата-энеңдей болуп алар

Турмуштун ак жолуна даярдаган



Бүгүн мен озүм апа, өзүм эжей,

Милдетим багыт берүү жакшы жакка

Ата-энем максатына жеткен болот

Окуучум өлкөбүздү алга тартса



Ата-эне кирпик какпай бала үчүн

Бактысын, келечегин тилек кылат

Ал тилек, терең билим, адам болуу

Агай-эжей, ата-энеге бул чоң кубат.



Мугалим берген билим терең болсун

Ата-эне акыл сөзүн айтып кошсун

Билимге сугарылган биздин балдар

Канат кагып мекен үчүн алга учсун













Жашоонун өзү эле ар атарптуу болот эмеспи, ошол сыңары мугалимдердин максаты жана милдети бул ар тараптуу болуу. Мугалим – коомдо үлгүлүү тарбиячы, үйдө мыкты эне. Ал эми мен ар тараптуу мугалим гана болбостон үйдө ажарлуу, мыкты жубай, мектепте алдыңкы мугалим, коомдо абройлуу инсан болуу менин ????м. Менин хоббим, 1-ден нан улук эмеспи, андыктан нандын түрлөрүн жассонун устатымын. 2-ден, гүл бул- адамдын көңүлүн көтөрүп, сергитип, адамга жакшы кубат алып келет эмеспи, ошондуктан, гүл өстүрүү менин хоббимдин бир бөлүгү. Ар күнү таң эрте гүлдөрүмө суктануу менен пикирлешип да алам. 3 дөн, илгертен ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан көл өнөрчүлүк, бул менин хоббимдин дагы бир бөлүгү. Ыр жазуу жана









Мугалим



Кыргыз тилим кыргыз үчүн жаралган

Кымбат баасын улутунан ала алган

Биринчи эле апа деген сөз чыгып

Билесиңби эне тил деп саналган.



Кыргыз тилим жашоодогу булагым,

Караңгыда жол көрсөткөн чырагым.

Өмүр боюу өзүм менен бир болуп,

Өтө ыйык маектешкен ынагым.





Мугалим – коомдо тарбиячы, үйдө мыкты эне.

Билимдүүлүк – адамды улуу кылат,

Адептүүлүк – адамды сулуу кылат.





Кесиптер

Силер менин таянаарым, тирегим,

Силер менин жайнап турган көздөрүм

Силердин да көздөрүңөр күлүп турса

Канткенде мен силерди кыямын



Балалыкта тандаган кесибим

Мен силерге берсем деймин терең билим

Эгерде кесибиңди өзгөрт десе

Силер үчүн түбөлүккө кала берем мугалим (шарлар учуп мугалим деген сөзт учат)