СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Конспект план 6-класс

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Конспект план 6-класс»

План конспект

Сабактын аты: География

Классы: 6-класс

Сабактын темасы: Кыргызстандын көлдөрү жана суу сактагычтары

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар Кыргызстандын ири көлдөрдү жана суу сактагычтары жөнүндө маалымат алышат.

2. Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар көлдөрдү жана суу сактагычтарды таанып билишет, картадан көрсөтүп бере алышат,

Сабактын тиби: жаңы материалды өздөштүрүү.

Сабактын формасы: дарс, диалог.

Сабактын усулу: активдүү угуу

Сабактын жабдылышы: ТСО, Сары-Челек тууралуу газетадан макала, ватман.

Сабактын жүрүшү: 1.Баштапкы этап.Классты уюштуруу.

  1. Сел агымдары деген эмне?

  2. Кандай селадерди билесиңер?

  3. Кыргызстандын кайсы жеринде сел агымдары көп катталат?

  4. Селди пайда кыла турган шарттар?

  5. Биз жакта селдер барбы?

  6. Селдин адамга, жаратылышка алып келген зыяндары?

  7. Газетадан, интернеттен жаңылык таап келүү.

3. Жалпы теманы түшүндүрүү этабы.

- Кана балдар, бүгүнкү тема – “Көлдөр жана суу сактагычтар”.

4. Мээге чабуул: Көлдөр жөнүндө эмнени айта аласыңар?

Сабакты Инсерт түзүү менен баштайм.

5. Кыскача лекция: Кыргызстанда катталган көлдөрдүн жана суу сактагычтардын саны 750, аянты 6836 кв.км. Бул республиканын аянтынын 3,4% түзөт. Алардын ичинен 16 көл жана 11 суу сактагычтын узундугу 1 кмдан жогору.

Кыргызстанда эң чоң 4 көл бар, алар –Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек, Эң чоң суу сактагыч – Токтогул.

Түшүнүк картасын түзүү менен балдарга түшүндүрүү:

Көлдөр келип чыгышы боюнча бөгөлгөн чуңкурдагы аралашма жол. Дарыялардын мореналык ар кандай жол (калдык көлмөлөр) (мөңгүдөн пайда болот Ара Бел, Кумтөр) Өрөөндөрдүн кардык (кардан пайда болот) (Сары-Челек, Кулун , карсттык Кара-Суу) (Фергана)

Термокарсттык (Ара-Бел, Кумтөр,Сары-Жаз, Ак-Сай) жээктердин тектоникалык (Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл) (Кара-Көл, Кокуй көл).

6.Ысык-Көлдүн макети менен көлгө мүнөздөмө берүү.

Жайгашкан жери. Күнгөй жана Тескей Ала тоосунун ортосунда тектоникалык чуңкурда орун алган. Деңиз деңгеээлинен бийиктиги- 1607 м., бетинин аянты – 6236 км.,эң терең жери -668 м., орточо тереңдиги -278 м., узундугу -178 км., эң кеңири жери -60 км., орточо кеңдиги -35 км., суусунун көлөмү -1738 куб. км. Жээк сызыгынын узундугу -688 км., жээгинин тилмеленген коэффиценти -2,1., суусу тоңбойт -0,6% туз бар.80ден ашык суу куят, 22 балыктын түрү бар, 10 аклиматташкан, суу агып чыкпайт.

  1. Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челекке балдар мүнөздөмө беришет, китеп менен иштөө.

Окуучулар (а,б) (а,б,в) болуп иштешип, топто чыгарышат.

Схема чийүү. Суу агып чыгат, суу агып чыкпайт.

Сабакты бышыктоо этабы.

  1. Окуучулар таблицалар боюнча анализ жасашат. Эң,эң,эң

Эң бийик көл кайсы? Эң кооз көл кайсы?

Эң терең көл кайсы?Эң чоң көл кайсы?

Эң туздуу көл кайсы? Эң көп суу кайсы көлгө куят?

Эң таза суулуу көл кайсы? Эң суук көл кайсы?




Билем

Оюма карама каршы

Жаңы билим

Жаңы кызыктуу маалымат алуу

Окуучулар өз билгендерин сабактын башында жазышат, кыска жооп беришет, маалымат беришет

Түшүнбөгөн суроолор, өз оюна туура келбеген фактылар, сунуштар.

Жаңы теманы түшүндүрүп бүткөндөн кийин окуучулар жазышат.

Окуучуга эң кызыктуу эмне болду? Окуу китебинен тышкаркы материал.




  1. Сары-Челек көлү тууралуу видео көрсөтүү. Окуучулардын ойлору угулат.

  2. Кыргызстандагы эң чоң суу сактагыч – Токтогул (1974) энергия жана сугат иштери үчүн курулган, Папан, Киров, Төр-Күл, Орто-Токой ж.б.

  3. Карта менен иштөө, атласка түшүрүү.

  4. Дүйнө жүзүндөгү көлдөр.Кызыктуу маалымат.

Сабакты жыйынтыктоо этабы.

  1. Проблемалык суроолор:

Көлдөрдүн адамга кандай пайдасы бар? Азыркы күндөгү көлдүн абалы кандай? Экологиясы жөнүндө эмне айта аласың?

Окуучуларды баалоо.

Үй тапшырмасын берүү. “Кыргызстан” деген темада эссе жазып келүү.