Турдакун Усубалиевге
100 жыл
Билими жана илимий
ишмердиги
1919-ж. Нарын облусунун Кочкор районундагы Тендик кыштагында
туулган.
1938-1941-жж. Кочкор кыштагында мугалим, окуу иштери боюнча
директордун орун басары
1941-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогика институтун бүтүргөн
1945-ж. ВКП(б) БКнын алдындагы жогорку партиялык мектебин бүтүргөн
1965-ж. Москвадагы В. И. Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргөн.
1977-ж. Тарых илимдеринин кандидаты
2009-ж. Кыргызстан УИАсынын ардактуу академиги
2013-ж. КУУ жана БГУнун ардактуу профессору, Кыргыз-Түрк «Манас»
университетинин доктору.
1941-ж. партиянын Кочкор райкомунда бөлүм башчынын орун басары
1941-1945-жж. Кыргызстан КП БКнын (1941–45) инструктору
1945-1955 КПСС БКнын инструктору
1955-1956-жж. Республикалык «Советтик Кыргызстан» кезитинин редактору
Саясый ишмердиги
1956–1958-жж. Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы
1958-1961-ж. Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунун 1-секретары.
1961.09.05 - 1985. 02.11 Кыргызстан КП БКнын 1-секретары.
1985-ж. тартып пенсионер
1961-ж. тартып КПССтин мүчөсү.
1985-ж. партиялык дооматтар менен 1985-ж. партиядан чыгарылган, бардык льготаларынан ажыратылган. Бирок КПСС БК булл чечимге макулдук берген эмес.
1988-ж. кайра Т. Усубалиевдин арызы каралып, коюлган дооматтардан акталып,партиядагы мүчөлүгү жана льготалары толугу менен калыбына келтирилген. СССР Жогорку Кеңешинин 6-11 чакырылыштарын депутаты.
1995-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
1-2 чакырылыштарында эл өкүлдөр жыйынын депутаты, депутаттардын
ыйгарым укуктары, этика, жалпы маалымат каражаттары жана
коомдук бирикмелер менен байланышуу комитетинин төрагасы.
2008-ж. "Бирдиктүү Кыргызстан" партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон.
Турдакун Усубалиевге 100 жыл
Усубалиев Турдакун Усубалиевич
(06.11.1919 - 07.09.2015)
Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер.
Кыргызстан КП БКнын 1-секретары
(1961.09.05 - 1985.02.11).
Кыргыз Республикасынын Баатыры(1999).
«Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, 3 Ленин,
Эмгек Кызыл Туу ордени, Октябрь Революциясынын баатыры наамы,
Достук (РФ),
1-даражадагы
«Манас» ордендери менен сыйланган.
Жасаган эмгектери
- Усубалиев Турдакун
- Кыргызстан КП БКнын 1-секретары
9 май 1961 жылы 2-ноябрь 1985 жылы
- Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району Тендик кыштыга.
Турдакун Усубалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, алдыңкы өнөр жай өлкөсүнө айланышына, маданий жактан өнүгүшүнө, парламенттик системанын түптөлүшүнө, ошондой эле Кыргызстанды жана анын борбор шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө зор эмгек сиңирген. 1960–70-жылдары өлкөнү индустриалдаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, гидроэлектростанцияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, 150дөн ашык ири өнөр-жай имараттары, 511 миңден ашык көп квартиралуу үйлөр, борбор шаарда онкологиялык оорукана ишке киргизилген жана ар бир райондо райондук ооруканалар, маданият үйлөрү, китепканалар ачылган. Космосту изилдөө боюнча институт ачылып, айдын топурагын ала турган атайын аппарат жана башка зор эмгектер жасалган.