Коомдо өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери
Коомдук нормалар бир эле мезгилде коомдо өзүн өзү алып жүрүү эрежелери болуп саналат. Мындай эрежелердин саны абдан көп, бири-биринен мааниси боюнча айырмаланат. Түрдүү коомдун, элдин жашоосу ар кандай, бирок көп учурда коомдук нормалары окшош болот, себеби адамзатынын коомдук нарктуулары бирдей. Айылда жашаган адамдардын жашоо мүнөзү шаарда жашаган адамдардыкынан айырмаланса да, алардын коомдо өзүн өзү алып жүрүүсү бирдей эрежелерди көздөйт. Жашоо мүнөзү адамдардын көнүмүштөрү менен байланышта. Тамакты кашык же вилка менен жейбиз, төшөккө жатып уктайбыз, жатаарда жана эртең менен тишибизди тазалайбыз, даарат алгандан кийин колубузду жууйбуз жана башка - булар биздин көнүмүштөр. Кандайдыр бир аракетти көп жолу кайталасак, ал көнүмүшкө айланат. Көнүмүштөр абдан көп, адатта аларды адам ойлонбой туруп эле итттке ашырат. Көнүмүштөрдүн көбүнө тегеректеги адамдар көп көңүл бурбайт, бирок кээ бир көнүмүштөр терс мүнөзгө ээ, мисалы, катуу сүйлөө, шорулдатып тамак ичүү, тазалыкты сактабоо ж. б. Мындай көнүмүштөр адамды кооздобойт жана башкаларга жакпайт.
Ошондуктан балдарда терс көнүмүштөр пайда болгонго жолтоо кылуу керек. Туура көнүмүштөрдү балдарга үйрөтүп, биринчи убакытта ошол аракеттерди так аткарганына көз салуу керек. Көнүмүштөр жекече мүнөзгө ээ болсо, адаттар элдин көбүнө таандык, мисалы улууларды сыйлоо, конокту тосуу, Жаңы жылды, Ноорузду майрамдоо. Эгерде көнүмүштөргө адамдар кайдыгер мамиле жасаса, адаттарды аткарбаган адамга тегерегиндегилер терс мамиле жасайт: жактырбайт, сыйлабайт, мамиле түзбөйт. Адаттарга балдарды үйрөтүш үчүн алар менен маек куруп, адаттын пайда болгонун, анын оң жагын түшүндүрүү чоң өбөлгө болот.
Мындан башка коомдо өзүн-өзү алып жүрүү эрежеси катары салттарды кармоо эсептелет. Муундан муунга өткөн көнүмүштөр, адаттар бара-бара салттарга айланды. Элдин жашоосунда эң маанилүү салттар жана көнүмүштөр кийинки муундарга оозеки же жазылган мурастар аркылуу берилчү. Мектепке чейинки балдар өзүнүн турмушунда салттардын көбүнө күбө болушат, мисалы балдарды бешикке салуу, үйлөнүү салты, эркек балдарды отургузуу жана башкалар. Бала өзү эле бул нерселерге көңүл буруп, көптөгөн суроолорду берет, ошондуктан баланын суроосун четке какпай, салтты түшүндүрүп берсе, анда бала салттарды сыйлаганга үйрөнөт.
Адеп-ахлактар - деп моралдык мааниге ээ болгон адаттар аталат. Бул адаттар адамга таандык болгон жогорку инсандык касиеттердин калыптанышына чоң көмөк көрсөтөт, мисалы, ар-намыс, уят-сый, урматтоо-сыйлоо жана башкалар. Кайсы адаттар адеп-ахлактар деп аталышы элдин жашоо мүнөзүнө көз каранды. Бирок мындай адеп-ахлактар кандай болбосун, аларды бузган адам коомдон чоң жаза көрөт. Ошондуктан баланы кичине кезинен баштап адеп-ахлактарга түшүндүрүп тарбиялоо керек. Адеп-ахлактардын негизинде ар бир өлкө мыйзамдарды иштеп чыккан.
Өкмөт тарабынан иштелип, кагаз жүзүнө түшүргөн жүрүш-туруштун эрежеси мыйзам деп аталат. Мындай эрежелерди ар бир адам сактаганга милдеттүү, анткени мыйзамды бузган адам жоопкерчиликке тартылып, сот тарабынан жазаланат. Эгерде кичине кезинен баштап бала адеп-ахлактарды билип түшүнсө, чоңойгондо мыйзамды бузбайт.
Адам баласы жаныбарлардан этикет эрежелерин сактоосуу менен айырмаланат. Ал эми коомдук унаада адамдын чыгыны жүзүн көрүүгө болот. Анткени бардыгы эле турмуштагыдай өзүн алып жүрүү эрежелерин унутуп коюшат. Бирок, бул олуттуу жана начар сапатты жоюуга болот.
1- Эреже
Коомдук унаанын кайсы түрү болбосун кирип бара жатканда алгач, кары- картаңдарды, майыптарды, жаш балдарды жана айымдарды биринчи өткөрүп жиберүү керек. Мындан сырткары, өзүңүз кирээрге чейин чыгып келе жаткан адамга жол бошотушуңуз керек.
2- Эреже
Кээде коомдук унааларга түшүп жатканда кары- картаң же кош бойлуу адамдардын оор жүк менен жүргөнүн көрүүгө болот. Мындай шартта аларга көтөрүп жеткирүүгө жармыңызды сунуш кылып жана жардам бериңиз.
3- Эреже
Кары- картаң, майыптарга жана кош бойлуу айымдарга, дегеле бардык аялзатына орун бошотуп бериңиз. Жөн эле туруп кетпестен, Келиңиз бул орундукка отуруп алыңыз- деп койсоңуз, ал адамдга жагымдуу маанай тартуулап, алкышына арзыйсыз. Эгер унчукпай эле шарт ордуңуздан туруп кетсеңиз, ал адам озүн ыңгайсыз сезип калышы ыктымал. Себеби, мага орун бошотуп бергенине кыжырланды деп ойлоп калышы мүмкүн. Эгер сизге орун берген жагдай жаралса анда жылмая карап ыраазылык билдириңиз.
4- Эреже
Унаага жетишпей чуркап келе жатканыңызда айдоочу токтогон болсо, ага сөзсүз ырахмат айтыңыз. Эсиңизде болсун, жөн эле ырахмат айтыңыз. Кээ бир учурда, ырахматка башка бир анча жагымдуу угулбаган сөздөрдү кошуп алышат, ал болсо маанайды бузат. Маселен, ырахмат братан деген сыяктуу сөздөр.
5- Эреже
Эрежеге ылайык орун бошотуп берүү керек болгон адамдар туруп турса, ал эми уктамыш болуп отурган өспүрүмдү көрсөңүз, аны акырын ойготуп орун берүүсүн сураныңыз. Үнүңүздү акырын чыгарып кайрылыңыз.
6- Эреже
Коомдук унаада башка бирөөлөр жол кире төлөбөй же бирөөгө орун бербей же отура албай талашып- тартышып кетишсе, ага кийгилишпей эле койгонуңуз дурус. Мында, өзүңүздүн ички терс сапатыңызды көрсөтүп алышыңыз ыктымал.
7- Эреже
Комдук унаада эч качан бир нерсе жеп же суу ичпеңиз. Биринчиден, өзүңүз чакап калышыңыз ыктымал. Экинчиден сиз башкалардын кийимин булгап алышыңыз мүмкүн. Ошондой эле боёну дагы адептүүлүккө жатпайт.
8- Эреже
Такыр эле чектен чыгып чуу салган жана эреже бузган адамга бир жолу эскертүү берип, тынчтанууга чакырыңыз. Адатта кары- картаңдар наалып калышат же ашыкча көпкөн жигиттер кызуу кандуулукка алдырышат. Андыткан жөн гана эскерүү берип коюу туура болот.
9- Эреже
Коомдук унаага чоң сумка жүгүңүз менен кирсеңиз, анда дароо эле аны колуңузга алып же тоскоолдук жаратпаган жерге коюп коюңуз. Башкаларга ыңгайсыздык жаратпасын.
10- Эреже
Дене мүчөңүз чоңбу же кичинекейби айрымасы жок, тыгында келе жатканда болгон жердин баарын ээлеп албай четке чыгып, жылып туруу керек. Жүргүнчүлөргө тоскоол болбосун.
11- Эреже
Эгер сиз келе жаткан аялдамадан түшпөй турган болсоңуз, анда артыңыздагы адамдарга жол бериңиз.
12- Эреже
Коомдук унааларда досуңуз же үй бүлөңүз менег телефондо катуу үн чыгарып же тынчтыкты бузуп катуу сүйлөшпөңүз. Кийинчерээк байланыша тургандыгызды билдирип коюңуз.
13- Эреже
Коомдук унаада отуру китеп же гезит окуп жаткан болбоңуз, өтө абайлашыңыз керек. Башкаларга тоскоолдук тийбесин.
14- Эреже
Музыка уккуңуз келсе, анда кулагыңызга атайын таккыч кийип алып угуңуз.
15- Эреже
Эң негизкиси этикет эрежелерин өзүңүз туура сактаганды үйрөнүңүз.