Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Коопсуздук ,жолдо жүрүү жана мектеп турмушунда өзүн туура алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштыруу
Сабактын методу: Эвристикалык
Сабактын тиби: аралаш
Сабактын формасы: өз алдынча иштөө
Максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкретүү максаты (билим берүүчүлүк) : Жолдо жүруу эрежелери менен таанышат | Жолдо жүрүүнүн эрежелерин, сактай алышат. |
Б) Конструктивдүү(өнүктүрүүчүлүк , тарбиялоочулук) Жолдо жүрүүдө этият болууда, адамдарга жардамдашууга, кичипейилдикке, боорукерликке тарбияланышат. Мектепте өзүн таза тыкан алып жүрүшөт. | Жолдо жүрүү эрежелелеринин белгилерин билишет Мектепте мугалим жана окууучулар менен өзүн таза тыкан ала жүрөт |
Күтүлүүчү натыйжа:
Жолдо жүрүү эрежелерин билишет
Башкаларга жардам көрсөтөт
Кичипейилдикке, боорукерлик сапаттарга ээ болушат
Мектепте өзүн таза ала жүргөндү билет
Башкалар менен өтулгөн темаларды бөлушөт
Сабактын мотивациясы(бул сабак эмнени берет?)
Балада жаңы ой пайда болот. Айдоочу менен жөө жүргүнчүнүн милдеттерин биле алышат
Сабактын өбөлгөсү:
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат
Убакыт:45 минута
Убакытты бөлүштүрүү:
Чакыруу этабы 5-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү) 20-25мин
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо) 10-12мин
Сабак (Сабактын жүрүшү)
Чакыруу этабы
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу, класстын тазалыгын көзгө салуу, тактоо
Жагымдуу маанай тартулоо:
Бугун аба ырайы абдан сонун!
Түшүнүү этабы (сабактыни негизги бөлүгү)
Мугалим: Саламатсыңарбы балдар! Бүгүнкү биздин тема “Коопсуздук ,жолдо жүрүү жана мектеп турмушунда өзүн туура алып жүруунун эрежелери менен тааныштыруу”. Мынакей азыркы күндө Кыргызстанда анын ичинен борборубуз Бишкек шаарында канча деген жол кырсыктары болуп жатканын массалык маалымат каражаттарынан угуп жатабыз. Айрыкча мектеп окуучулары кабылган учурлар дагы кездешүүдө.
Шаарыбызда камералар орнотулуп “коопсуз шаарга” айланууга болгон күчүбүз менен аракет кылуудабыз
Бул демилгеге баарыбыз жапа тырмак болуп катышуу менен бирге, өлкөбүздөгү ар бир жаран жол эрежелерин билүүсү керек.
Жолдо жүрүу эрежелеринин тарыхына кайрылып өтсөк.
Жолдо жүрүү эрежелери – шаарларда жана калктуу конуштарда жол кыймылынын бардык катышуучуларынын (жөө адам, транспорт каражаттары) коопсуздугун камсыз кылууга жана тартибин сактоого багытталган жоболор. СССРде алгачкы жолдо жүрүү эрежелери Москва шаары жана анын айланасы үчүн 1922-ж. бекитилген. 1940-ж. типтүү эрежелер 1-жолу иштелип чыгып, ал 1957-ж. унификацияланган. Мына ушундан кийин союздук республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да жолдо жүрүү эрежелери киргизилген. Кийин эл аралык конвенциялардын жол кыймылы жана жол белгилери менен сигналдары жөнүндөгү нормаларын, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу менен «Жолдо жүрүүнүн жаңы эрежелери» түзүлүп, ал 1973-жылдын 1-январынан СССРдин бардык жеринде колдонула баштаган. Азыр КРдин аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ – КРдин Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтомунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери», 1999-жылдын 1-сентябрынан колдонулат. 2009-жылдын 3-мартында ага өзгөртүүлөр киргизилип, 2009-жылдын 1-апрелинен мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген. Жолдо жүрүү эрежелери төмөнкүлөрдү камтыйт: жалпы жоболор; айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн, жөө адамдардын укуктары жана милдеттери; атайын сигналдарды колдонуу; светофордун жана жөнгө салуучунун сигналдары; авариялык сигналдарды жана авариялык токтоп калуу белгисин колдонуу; кыймылды баштоо, манёвр жасоо; жүрүүчү бөлүктө унаа каражаттарынын жайгашуусу; кыймылдын ылдамдыгы жана аралыкты (дистанция) сактоо; озуп өтүү жана кайчы өтүү; унаа туруучу жана токтооочу; кесилиштерден өтүү; жөө адам өткөөлдөрү жана маршуттары, транспорт каражаттарынын аялдамалары; темир жолдордон өтүү; автомагистралдар аркылуу кыймыл; турак жай зоналарындагы кыймыл; маршруттагы транспорт каражаттарынын артыкчылыгы; тышкы жарык берүүчү каражаттарды колдонуу; механикалык транспорт каражатын сүйрөтүү; айдаганга үйрөтүү, жүргүнчү жана жүк ташуу; велосипеддердин, мопеддердин, арабалардын кыймылына, ошондой эле мал айдоого кошумча талаптар. Жолдо жүрүү эрежелери жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагында, КРдин бүткүл аймагында атайын ички иштер органдарынын контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлери иш алпарышат. Жолдо жүрүү эрежелерин транспорт каражатын айдоочулар жана жөө адамдар сактоого милдеттүү.
Көчө кесилишиндеги кыймылды светофор жөнгө салып турат. Анын кызыл, сары жана жашыл жарык беруучу уч фонары бар. Көчөдө жүрүүгө жана андан өтүүгө уруксат жашыл фонарь жанган багыт боюнча гана берилет. Ал эми кызыл жанганда көчөдө бир дагы машина болбосо дажүрүугө жана өтүүгө тыюу салынат Анткени өтө ылдам келе жаткан машина чыга калышы ыктымал.
Сары фонарь көчөдөгү кыймыл жакында башталарын же тоторун эскертип турат. Ал күйүп турганда айдоочулар жана жөө бара жаткандар көчө кесилишин тезирээк бошотуулары зарыл, же болбосо токтоп турушу керек. Бирок бул эки учурда тең айдоочу жөө бара жаткандарды өткөрүп жиберип, андан кийин өзү өтүүгө милдетүү.
Төшөмө (чоң) жол- айдоочуларга, тротуар- жөө жүргүнчүлөргө арналат.
Силер тротуардын оң тарабы менен жүрүшүңөр керек, дайыма эсиңерде болсун!
Көчөдөн өткөндө автомобилди өткөрүп анан өзүң өт!
Жөө кишилер өтүүчү жол же өткөөл аркылуу гана өт!
Көчөдөн жашыл жарык жанганда гана өт!
Бул белгилерди сөзсүз билгиле жана башка досторуңар менен бөлүшкүлө!
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Бышыктоо:
Жолдо кандай жарык жанганда өтүү керек?
Жолдогу белгилерден дагы кандайларды билесиӊер
Үй тапшырма : “Менин коопсуз шаарым” деген темада эссе.
Баалоо:
Критерийлер менен баалоо топто жана жеке
“5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан жаңы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча , экиден топто иштеше алса, алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгарса алса.
“4”- жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса
“3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса
“2”- таптакыр эле аракети жок болсо