СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көп кырдуу талант ээси Мырзабек Тойбаев

Нажмите, чтобы узнать подробности

 Көп кырдуу талант ээси Тойбаев Мырзабек Раевич  кыргызга драматург, акын, журналист, илимпоз жана котормочу катары тааныла алды. Мырзабек Тойбаев 1935-жылы 25-январда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. Кесиби – филолог. Акын 2019-жылы 8-июнда көз жумган.

Просмотр содержимого документа
«Көп кырдуу талант ээси Мырзабек Тойбаев»

Мырзабек Тойбаев (1935-2019)

Көп кырдуу талант ээси Тойбаев Мырзабек Раевич  кыргызга драматург, акын, журналист, илимпоз жана котормочу катары тааныла алды. Мырзабек Тойбаев 1935-жылы 25-январда Чүй районунун Алчалуу айылында туулган. Кесиби – филолог.

ЭМГЕК ЖОЛУ: Эмгек жолун 1958-жылы Кыргыз радиосунда редактор болуп иштөөдөн баштаган. Кийин «Кыргызстан пионери» гезитинин адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1977-79-жылдары Актёрлор Үйүнүн директору, 1991-жылдан тарта республикалык «Кыргыз тили» коомунун вице-президенти, 1994-жылы Жазуучулар союзунун аппаратынын башчысы,
1993–2006-жылдары
Кыргызстан драматургдарынын ассоциациясынын президенти кызматтарын аркалаган.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ:

Чыгармачыл жолун 1948-жылы акын катары баштап, 1952-жылдан драматургия жаатында эмгектенет. Эң биринчи китеби «Ак пейил» 1963-жылы жарык көргөн.

М.Тойбаевдин Т.Сатылгановдун жүз жылдык юбилейине арналган «Токтогулдун күлкүсү» деген комедиясы республикалык элдик театрларда, 1967-жылы «Жаңы келин» аттуу комедиясы Т.Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драмтеатрында чоң ийгилик менен коюлган.

Ак пейил”, “Ак пахта”, “Жүргүлө, достор!”, “Ынтымак”, “Замандаштардын образы жана сахна”, “Мезгил, адам, драма”, “Жаңы келин”, “Турмуш, сахна, мүнөз”, “Ак жол”, “Өчпөс жылдыз” сыяктуу көптөгөн китептери, “Атанын баласы”, “Жоронун жоруктары” сындуу 30дан ашык пьесасы жарык көргөн.

Анын бир нече пьесалары орус, өзбек, казак, түркмөн, тажик, каракал-пак, татар, башкыр, монгол, уйгур, дунган, якут, украин, түрк ж.б. тилдерине которулуп коюлган.

КОТОРМОЧУЛУГУ:

М.Тойбаев дүйнөлүк драматургиядан Артур Миллердин «Баары менин балдарым», орус классикасынан А.Чеховдун «Аюу», С.Михалковдун «Үйүмө кетким келет», боордош элдерден Хамза Хакимзаде Ниязинин «Бай жана батрак», К.Мухаметжановдун, Д.Исабековдун, А.Абдугафуровдун ж.б. пьесаларын кыргыз тилине которгон.

КОМПОЗИТОРЛУГУ:

М.Тойбаевдин жүзгө жакын ырына композиторлор: Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Сатылган Осмонов, Сардарбек Жумалиев, Каныкей Эралиева жана башкалар тарабынан музыка жазылган. Акындын кыргызга эң таанымал ырларынын бири – “Бишкегим”.

Акын 2019-жылы 8-июнда көз жумган.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!