Мырзагелдиева Э.К.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ТЕМАСЫ:
КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВГО 120 ЖЫЛ
(Сабак-викторина)
11-класс
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
14.05.2021
“Бекитемин” Т.И.Б.Д.О.Б Б.:
Сабактын темасы: “Көп кырдуу талант Касым Тыныстановго 120 жыл” (120-жылдык мааракесине арналган класстан тышкаркы сабак).
Сабактын максаты:
Окуучулар Ксым Тыныстанов боюнча мурдагы алган билимдерин эске салышат;
Окуучулардын сөз байлыгын , өз алдынча ойлонуусун, сабаттуулугун өстүрө алышат.
Сабактын тиби: Билген жана билгичтиктерин калыптандыруу;
Сабактын усулу: Интерактивдүү. Сабак-викторина. (Сүйлөмө жана практикалык усул);
Сабактын жабдылышы: ТСО
Сабак аралык байланыш: кыргыз тил жана адабияты, тарых.
Сабактын жүрүршү:
Уюштуруу. Мугалим сабакты поэзия менен баштайт.
Кылымдын башындагы эң билимдүү,
Кыргыздан чыккан инсан Касым болгон.
Өркүндөтүш керек деп илим-билим,
Өз алдына максатын таасын койгон.
Айылдан алгач диний билим алды,
Орус-тузем мектепке кирип алды.
Бүтүрүп кыргыз-казак институтун,
Билбеген көп нерсени билип алды.
Эселеп кызмат өтөп жылдан-жылга,
Элге кылган мээнети тамырланды.
Эмгектенип бир топ жыл окуу жайда,
Эң алгач профессор наамын алды.
Кыргыз тил тагдырынын камын көрдү,
Кыйла эмгек калтырды бул жагынан.
“Чоңдор үчүн алиппе” китеп жазып,
Сабатсыздык жоюлду бир жагынан.
Каза, кыргыз тилинде ыр жаратып,
“Жаңыл Мырза” поэма жазып берди.
Кыргызчага эң алгач ал которду,
Крылов жазып кеткен тамсилдерди.
(Казакбай Абдышев).
Саламатсыздарбы, бүгүнкү “Мыкты окуучу болгуң келеби?” викторинасынын катышуучулары?!
Бүгүнкү таймашка катышып, өз күчтөрүн сынамак үчүн алдыбызга 11-класстын эң алдыңкы 3 окуучусун чакырып алалы.
Ал эми азыр силерге логикалык суроолор берилет, ким эң көп упай топтосо, ошол окуучу “Мыкты окуучу болгуң келеби?” таймашына катышып, Касым Тыныстанов боюнча өз билимин тереңдетмекчи же болбосо сынамакчы.
Жылдын кайсы айында 28 күн бар? (12 айда тең)
Ит 10 метрлик жипке байлануу, ал узунунан түз 200метр басты. Кантип? (Анткени анын жиби эч нерсеге байлануу эмес болчу?
Жумулган көз менен эмнени көрсө болот? (Түш).
Эмне отко күйбөйт, сууга чөкпөйт? (Муз)
Жашыл адамды көргөндө эмне кылуу керек? (Жолдон өтүү керек. Жол чырагындагы адам).
Жапайы жаратылышта ак аюулар эмнеге пингвиндерди жебейт? (Ак аюулар Түндүк полюса, а пингвиндер Түштүк полюса жашашат).
Беш күндү аттарын айтпастан атап бер. (Мурда күнү, кечээ, бүгүн, эртең, бүрсүгүнү).
Отуз эки жоокердин бир командири бул... . (Тиш жана тил).
Суу астынан шереңкени аягына чейин күйгүзүү мүмкүнбү? (Ооба, суу астындагы кайыкта).
“Ооба” деп кайсы суроого жооп берүү мүмкүн эмес? (Уктап жатасыңбы?)
Мына, биз викторинага катыша турган окуучуну тандап алдык, анда эмесе ийгилик каалоо менен оюнубузду баштайлы.
Бизде Касым Тыныстанов боюча 14 суроо катылган, ошол суроонун барына туура жооп берсең, “Мыкты окуучу болгуң келеби” викторинабыздын жеңүүчүсү атанып, дипломго ээ болсуң. Анда эмесе, оюнду баштадык!
Кыргызстандан биринчи чыккан профессор, Касым Тыныстанов качан жана кайда туулган? |
А) 1901-ж. Баткен облусунун Исфана шаарында туулган | Б) 1901-ж. Ысык-Көлдүн Чырпыкты айылында туулган | В) 1901-ж. Токтогулда туулган | Г) 1901-ж. Нарындын Куртка айылында |
Илимий-Окутуучулук эмгеги үчүн К.Тыныстанов кайсы наам ыйгарылган? |
А)Профессор, илимдер кандидаты | Б)Профессор, доктор | В)Доцент, профессор | Г)Агартуучу, профессор |
К.Тыныстанов “Мариам менен көл жээгинде” аттуу аңгемесин качан жазган? |
А)1923-жылы | Б)1921-жылы | В)1926-жылы | Г)1924-жылы |
Кыргыз тилиндеги биринчи прозалык чыгармасы кайсы? |
А) “Зарылык” | Б) “Мариям менен көл жээгинде” | В) “Күкүк менен Зейнеп” | Г) “Соңку бир күн” |
“Касым ырларынын жыйнагы” качан жарык көргөн? |
А) 1925-жылы | Б) 1929-жылы | В) 1927-жылы | Г)1924-жылы |
Касым Тыныстанов жараткан поэма кайсы? |
А) “Ким болду экен” | Б) “Энем” | В) “Жаңыл Мырза” | Г) “Толубай сынчы” |
Касым Тыныстановдун тунгуч прозалык чыгармасы качан, кайсы басылмада жарыяланган? |
А) 1920-ж., “Көмек” | Б)1925-ж., “Эркин-Тоо” | В) 1924-ж. “Жас кайрат” | Г) 1921-ж., “Өрис” |
Касым Тыныстановдун драмалык чыгармасы кайсы? |
А) “Кайгылуу Какей” | Б) “Карачач” | В) “Сүткор” | Г) “Академиялык кечелер” |
Касым энесине арнаган ыры кайсы? |
А) “Бөбөк терметкенде” | Б) “Ала-Тоо” | В) “Таң нурунда” | Г) “Бүгүнкү күн” |
Тыныстановго таандык жылдар ... |
1901-1937-ж.ж. | Б) 1902-1979-ж.ж. | В) 1891-1937-ж.ж. | Г) 1901-1988-ж.ж. |
К.Тыныстанов алгач ырларын кайсы тилде жазган? |
А) кыргыз | Б) орус | В) өзбек | Г) казак |
Касымдын 1919-1921-ж.ж. жазаган ырлары кайсы гезиттерге жарыяланган? |
А) “Көмек”, “Ушкын” | Б) “Эркин Тоо” | В) “Өрис”, “Жаңа өрис” | Г) “Тилши”, “Ак жол” |
Касым Тыныстанов кыргызча которгон чыгарма кайсы? |
А) “Дубровский” | Б) “Ийнелик менен кумурска” | В) “Евгений онегин” | Г) “Козголоң” |
Тыныстановдун касы жалган жалаалар менен өмүрү кыйылган? |
А) “Эл душманы”, “улутчул”, “байчыл” | Б) “Эл душманы”, “куугунтукчу”, “байчыл” | В) “Улутчул”, “куралдуу-күчтүү” | Г) “Байчыл”, “улутчул”, “идеалист” |
Жыйынтыктоо: Азаматсыңар! (Жеңүүчү диплом менен сыйланат).