СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коп кырдуу талант

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Коп кырдуу талант»

Өмүр жолу

Алыкул ОСМОНОВ - Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал ымыркай кезинде апасынан, 3 жашында атасынан ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнаактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. А.Осмоновду окуу, үйрөнүү кыргыз адабиятында алыкул таануу илиминин пайда болушуна чоң өбөлгө болду.

Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты.

Жаштайынан жалгыздыктын жабырын тарткан акын зарыгып жүрүп кыздуу болот. Ал төрөлгөндө күнү-түнү наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди, акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпары бар болгону он беш гана күн жашап, чарчап калды. Ал өзүнүн бул күйүтүн поэмага тете "Бөбөккө" деген ырында төктү. Күчтүү күйүттөн жаралган бул ырды акындын керт башынын арманы катары кароого болбойт. Анда жалпы эле адамзаттын балага болгон ыйык сезими, түбөлүктүү сүйүүсү берилген. Өмүр менен турмуш, жашоо менен тиричиликке арналган мындай мазмундагы ырлар акындын чыгармачылыгында өзгөчө бир өзөктү түзүп, орчундуу орунду ээлейт.

Чыныгы талант өмүр бою өзүнө нааразы болуп жүрүп өтөт. Бир чети мүлдө кыргыз көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардыгынан танып, ырдан танбаган Алыкул да өзүнө ыраазы болбой, поэзиянын түпсүз терең көлүндө чабак уруп олтуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди.

Проза - Сагымбай

Кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмонов акын гана эмес, эң мыкты публицист да болгон. Өз доорунун чыгаан инсаны катары ар темаларда коомчулукту ойго салган макалаларды да жазган. Анын улуу манасчы Сагымбай Орозбаков жөнүндөгү макаласы күнү бүгүн да актуалдуу. “Биздин уятыбызга жараша ушул улуу киши жөнүндө бир да сөз жазыла элек”, – деген Алыкул алп Сагымбайдын ким экендигин бул макаласында таамай ачып берген. Айта кетүүчү нерсе, макала “Алыкул” аталган чыгармаларынын тандалма чыгармаларынын жаңы чыккан II томдугуна киргизилген.



Котормо - И.Крыловдун ырлары


И.А.КРЫЛОВ

БАКА МЕНЕН ӨГҮЗ

Бир өгүз көк шиберлүү суу жээгинде,
Капарсыз оттоп жүрөт өз эркинче.
Бир кезде чөпкө тоюп токтоп калды,
Ээн-эркин ошол жердин суусун иче.

Тушуна бул өгүздүн бака келди,
Жанында жолдошуна: “Кара мени!
Досум, мен өзүмдү өзүм чоң кыламын,
Байкагын, дал өгүздөй болом”, - деди.

Толтуруп эки-үч эсе жыйды демди:
- Кандаймын, - жолдошуна, - кара, - деди.
- Баягы кейпиң такыр өзгөргөн жок,
Чоңойгон эч бир сенде жок го белги?

- Эмичи, кара, досум, кандай болдум?
- Азыраак баягыдан жоон болдуң.
Өгүздүн туягынан чоң эмессиң,
Эч пайда чыкпас, досум, эми койгун.

Кара деп, барлык болгон демин алды,
Алайып эки көзү чыгып калды.
- Эмичи, эми кара, - деген кезде,
Жел толуп ошол жерде тарс жарылды.


ЖАЯН, АК КУУ, ЧАЯН

Эгер сенин ырксыз болсо жолдошуң,
Ишке кылат бекер мээнет-жолтоосун.
Туура ишиңден бекер азап чегесиң,
Андай ырктын билгин пайда болбосун.

Бир күнү жаян, ак куу жана чаян,
Тартышты жеңил гана жүктү алган.
Үчөөнүн ыркы үч жакта, жүк бир жакта,
Ордунан былк эткен жок ошондуктан.

Жулкунуп, тартып учат ак куу көккө,
Кур сүйрөйт чаян четке, жаян көлгө.
Жеңил жүк бир ордунан кыймылдабайт,
Ыркына бири көнбөйт, бири көнсө.

Тартышты үчөө үч жакка далай убак,
Былк этпей дал ошол жүк дале турат.
Байкачы, бул үчөөнүн киминде айып,
Билесиң кимден билип, кимден сурап.


ТҮЛКҮ МЕНЕН ЖҮЗҮМ

Күн чыга бир куу түлкү чыкты ийинден,
Секирип түштү бакка өзү билген.
Шимшилеп үстү жагын карап көрсө,
Мөлтүрөп жүзүм турат шагы ийилген.

Мезгили жүзүм толук бышкан убак,
Үзүлүп жерге түшөт бирден убап.
Жетсем дейт, куу түлкүнүн көзү күйөт,
Секирет, бирок жүзүм бийик турат.

Жалдырап бир топ саат турду мында,
Жете албай ыза болуп акырында:
“Анчейин көзгө жакшы көрүнүптүр,
Быша элек, көпкөк бойдон, чийки тура, –
Деди да, түлкү кайра жөнөп кетти, –
Не керек тиш каматып бекер буга?”


КАНДЕК

Бир пилди килем жаап салган көрккө,
Таңдантып калың журтка көрсөтмөккө,
Аземдеп жай бастырып алып жүрдү,
Жетелеп бир көчөдөн бир көчөгө.

Көрмөккө пилдин көркүн, пил сымбатын,
Кайнаган тобун көрчү келген калктын.
Чымылдап эл ичинен өтүп барып,
Бир кандек тосуп үрөт пилдин алдын.

– Эй, тууган, сен койсоңчу пилге үргөндү!
Үнүңө былк этсечи пил жүрөгү.
Сен байкуш алың куруп, үнүң бүттү,
Карачы, көзүнө илбей тим жүргөндү, –
Кандектин жанындагы да бир күчүк, –
Теңелбе пилге бекер, – деп сүйлөндү.

- Жок, досум, сен билбейсиң, - деди кандек, -
Меники тоодой атак, жеңил эмгек.
Биз коркчу, бизден күчтүү дөбөт иттер,
Бул кандек пилге да үргөн дешип кетет.

КАРГА МЕНЕН ТҮЛКҮ

Кайдандыр бир үзүм эт кудай берип,
Бир карга талга конду учуп келип.
Жүрөгү шаттыкта ойноп, тамак барбайт,
Жок жерден тапкан этке жаны эрип.

Жегенге көңүлү жок, көөнү барбай,
Тапканын тумшугуна кымтый кармай,
Жыргалга жалгыз батып турганында,
Келе жатты бир шум түлкү тамак таппай.

Түлкү акең бир орунда токтой калды,
Шимшилеп эттин жытын таап алды.
Көргөн соң бир үзүм эт карга оозунан,
Жымыйып салам берип тик карады.

Карганын өңүн көрүп аптыккансып,
Сыпайы сымбат менен оозун ачып,
Карганы түк болбогон мактоого алды,
Жумшак тил, ширин сөздөн бирден чачып:

– Сен кимсиң, боюң жакут, сулуу келген?
Бир сендей дүйнөдө куш чын бар бекен.
Ой, чиркин, канаттарың, эки көзүң,
Жаңылып, түз карайм деп тандым эстен.

Келишкен мунун кара тырмактарын,
Карачы, бир карашта мас кылганын.
Өзгөчө, сайраганың башка чыгар,
Уксам ээ бул чиркиндин ырдаганын.

Издеген алыс жерден мен бир элчи,
Дешти эле сулуу кушту билеличи...
Жалынтпай, сен керемет миң кубултуп,
Эрийин, кана, жаным, сайрап берчи...

Мактоого көк мээ карга башы айланды:
“Бечара ким болду экен, бул кайдагы?
Эмесе, көргөн-билген жерлерине.
Кур кетпей, айта барсын сайраганды...”

Карганын жаман үнү бир “карк” этти,
Оозунан тиштеп турган түшүрдү этти.
Түлкү акең лып эттире тосуп алып,
Жолуна түшүп алып жүрүп кетти.



«ҮЙДҮ ОҢДОП ЖАТКАНЫМА КҮЛКҮСҮ КЕЛГЕНДЕР БОЛДУ»
Эми Алыкул Осмонов 1945-1950-жылдары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жашаган үйгө кеп нугун бурсак. Учурда ал «Алыкулдун үй-музейи» деп аталат. Үй көл жээгинен 100 метрдей алыста жайгашкан. Музейге баш бакканда эле Алыкулдун духун берип тургандай сезим калтырды. Анткени ошол калыбында калтырганга аракет кылышкан экен. Текчеде бир катар китептери, акын жаткан керебет, шам чырак, идиш-аяктар жана колдонгон медициналык аппараттар сакталуу. Музейдин жетекчиси БАКТЫБЕК АСАНБАЕВ:

– Мен Ысык-Көл жергесинен болом. Алыкул Осмоновдун фанатымын. Бир күнү акындын китебин окуп отуруп, «Эмне арман, көл жээгинде атым турса кара таштан» деген сабын окуп ичим тыз дей түштү. Көл жээгинде акын жашаган үйү бар деп укчумун. Дароо ошол үйдүн учурдагы абалы кандай болду экен деп ойлодум. 2005-жылы Чолпон-Ата шаарына көчүп келип, акын жашаган үй менен тааныштым. Ал бир учурда китепкана болуптур, андан кийин ижарага алып үй кылып жашашыптыр. Кийин үйдү кара кулпу кайтарып калган экен. Терезелеринин баары сынып, жылыткычтарын, мештин оозун, анча-мынча калган буюмдарды чыгарып кетишиптир. Жергиликтүү жетекчилерге барып, үйдүн документтерин тактап, толуктап, «Алыкулдун үй-музейи» кылып түптөгөнгө аракет кылдык. Бул жердеги сүрөттөрдү Бишкектеги «Алыкул үй борборунан», экспонаттардын көбүн туулган жеринен алып келдик. Үйдү оңдоп баштаганда «буга эмнеге убара болосуң, эмгегиң текке кетет» деген «акылдуулар» да чыккан. Музей ачылгандан бери жыл сайын кандайдыр бир иш-чара өткөрүүгө аракет кылабыз. Былтыр өзүнүн, сүйгөн жарынын, чыгармаларынын каармандарынын скульптураларын жасадык.

Бул үйгө келгенде негедир өзүмдү жеңил сезем. Үйдү тазалап, бак-дарактарды сугаруу – хоббим. Жашоодо ар кандай маселелер болгондо ушул үйгө келип жеңилдеп алам. Кыргызда «арбак билет» деп коюшат эмеспи. Кароосуз калган үйдү иретке келтирип, аз да болсо акындын аркасында эмгектерин жыйнаганым үчүн акындын арбагы ыраазы болсо керек деп ойлойм. Мындан улам Алыкул акын менин түшүмө качан кирет болду экен деп күтө берем. Музейге келгендердин көбү бул үйдөн эргүү ойгонуп, ырга болгон шык пайда болот деп калышат. Кээде өзүм дагы сөздөрдү уйкаштырып сүйлөп калсам, үй-бүлөм «сенде бир нерсе пайда боло баштаган го» деп күлүп калышат.





Алыкул Осмонов ушул күнү дүйнө салган (видео)

Басып чыгаруу

Жарыяланган күнү: 12-декабрь 2012-ж. 19:00

1593    0

Акындын алпы Алыкул дал ушул күнү, 1950-жылдын 12-декабрында дүйнөдөн кайткан. Осмоновдун арабыздан кеткенине 62 жыл болсо да, анын ырлары менен азыркы муундун акындары да түздөнүп келет. Азыр анын үч үй-музейи бар. “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмеси 2015-жылы Осмоновдун 100 жылдыгын өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Бирикме акындын Бишкектеги музейин чоңойтуу жана Чолпон-Атадагы Алыкулдун үйүнө жакын жердеги эс алуу паркына анын ысымын берүү сунушу менен президентке кат жолдоду. Акын Алыкул Осмонов ата-энесинен эрте ажырап, жетимдиктин азабын, турмуштун кыйынчылыктарын башкалардан өзгөчө тарткан. 15 жашында анын адабий тушоосу кесилип, биринчи жолу “Кызыл жүк” деген ыры гезит бетине жарыяланган. Ушундан баштап анын ырлары гезит-журналдарга үзбөй басылып турган. 1935 - 1950-жылдардын аралыгында ал ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырган. “Кыргыз-Туусу” гезитинин башкы редакторунун орун басары Догдурбек Юсупов: “Чоң атам көз айнегин тагынып, мага Алыкулдун ырларын окуп берчү. Мен анда мектепке дагы ьара элек бала болчумун.” Поэзиянын таң чолпону Алыкулдун Бишкекте, Панфилов районунда жана Чолпон-Атада үй-музейи бар. Маалыматтар боюнча акындан үч-төрт гана буюм калган. Алар учурда Каптал-Арык айылындагы музейде сакталуу. Ал эми бул Бишкектеги төрт бөлмөлдөн турган үй-музейде акынга байланыштуу китеп-журналдар, анын учурунда колдонулган экспонаттар коюлган. “Мына ушул үйдө улуу акын Алыкул Осмонов беш жылга жакын жашап, ушул жерден көз жумуп, ушул үйдөн сөөгү чыккан. Бул жер 2001-жылы үй-музей болгон. Учурда музейде акындын сүрөттөрү, ал тууралуу гезит-журнал беттерине жарыяланган макалалар жана акындын чыгармалар жыйнагы орун алган. Музейдин жетекчилиги жакында эле Алыкулдун арзыган адамы Айдай Жигиталиеванын мына мындай кол сумкасын таап, текчеге койду.” “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев: “Мына бул китеп Алыкул которгон Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасынын алгачкы басылып чыккан варианты. Бул латын алфавитинде жазылган.” Алыкулдун үй-музейинде топтолгон архивдик материалдар, түрдүү экспонаттар, кол жазмалар, китептер менен таанышуу үчүн келгендерге тейлөөнү жакшыртуу максатында музейдин жаңы имаратын салуу маселеси турат. Бул боюнча коомдук бирикме шаардык мэрияга кайрылып, бирок жарытылуу жооп алган эмес. Эми алар Баатырлар Күлүйпа Кондучалова, Сүйүнбай Эралиев жана Сооранбай Жусуевдин колу коюлган катты президентке жолдоду. Катта “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин 2015-жылы акындын 100 жылдыгын өткөрүү демилгеси да бар. Гүлнара Касымбекова, Азамат Кыдыртоктоев, Коомдук биринчи канал.

Анын талантын кадырлаган акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер жана окурмандар Алыкул акындан Бишкектин Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейит башына, киндик каны тамган Каптал-Арыктагы адабий музейине барып эскеришти.

Улуу акынга таазим

Чүй өрөөнү аркылуу күн батышты карай кеткен кан жолдун 75-чакырымында жайгашкан Каптал-Арык айылынын кире беришинин оң тарабында кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун музейи жайгашкан. Биз жекшемби күнү ал жерге барганыбызда айылдын тургундары, мектеп окуучулары майрамдагыдай кийинишип, жайдары тосуп алышты.



Мен тансам
Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
________________________________________


Эскерме
Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.

Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.
________________________________________


Өзүмдү өзүм
Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат...
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан...
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.

Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт...
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.

Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.

Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.

Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.

Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.

Мен кыргыздын акыны
Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды.
Ушакчыдан не кылам деп сурасам,
- Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!

Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү койсо керек атымды.
Ичи арамдан не кылам деп сурасам,
- Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңүлүн куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!

Таш идишке куйса керек бактымды,
Татты идишке куйса керек атымды.
Кароолчудан не кылам деп сурасам,
- Балам алсын бекер бер дейт даңкыңды.
Берем!
Алсын!
Сатпайм кадыр-баркымды,
Уйчу, койчу, кетменчинин
Менмин кымбат акыны!
Баалай келсе тең келе албайт,
Бул ааламдын алтыны!
________________________________________


Адамзат
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.
________________________________________


Ата журт
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
________________________________________


Отуз жаш
Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Ал зымырайт, үстү үстүнө камчылап,
Жегээр жери, түшөр үйү барчылап.
Эгер анын жетээр жери бар болсо,
Неге суудай тынбай агат адамзат?
Ошондуктан тынымы жок өмүрүм,
Уч-кыйры жок алыс жолго шаштырат.

Бүгүн дуулдап, кечкимди ойлонбой,
Кечээ жыргап: эртеңиме кайдагы ой.
Мени алдаган жаштыгыма ишим жок,
Өлүм мени эркелетип койгондой?!
Ушунча күн, ушунча жыл арасы,
Жана гана, бая гана болгондой.

Шайтан көрдүм–долулугун карачы,
Байкуш жандын момундугун карачы,
Өлүм-өмүр аралыгы даңгырап,
Тазалыгын, сонундугун карачы!
Даяр орду, белен жайы бош турбай,
Анын мелт-калт толумдугун карачы!

Артык экен, кымбат экен жаштык кез,
Алтын экен, жакут экен баа жетпес.
Маңдайынан да бир сүйүп калууга,
Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес.
Коюн толгон отуз жаштан айнууга,
Өмүр чиркин, өкүмү күч жол бербес.

Айныр элем, айныганда не пайда,
Он сегизде ойноктогон мен кайда?
Отуз да аз… көп болгонго кубангын,
Андан көрө амандыкка бел байла.
Тирүүлүктө кара өлүмдөн өч алып,
Калкың үчүн кан чыгарып бер пайда!

Кантсин боз ат бир топ жолду баскансыйт,
Атырылып алга карай баргансыйт.
Сүрөп алган жазмыш жолу аябай,
Камчы менен май сооруга чапкансыйт.
Жым-жым эткен ээндикке жоголуп,
Караан үзүп кирип бара жаткансыйт.

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары-сур,
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам карап тур!

Ырас өмүр, кандай кыска, кандай аз,
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас,
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?..
________________________________________


Аялга
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет жанып чыккан таш болуп.

Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
________________________________________


Сулууга
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Огуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген–сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген–от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бакча миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген–сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген–сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу;
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу;
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусүңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар,
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүндө сүйүү бар.

Бирок менин махаббатым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
________________________________________


Сүйүү жана мен
Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү
Бермет, жакут, каухар кийип жолукту.

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.

Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш,
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык ойнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга,
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды, жылаан таштап мойнума.

Менде айып жок… төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, “күнөө өзүңдө” деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Үчүнчүсү, заар чачты бетиме.
________________________________________


Неге кечигет
(1942-жылдын жазына).
Эсимде… Бир жолу эмес, нечен ирет
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл… күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?

Алда эмне? Алмаштырып сан кылымды,
Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы,
Же биздин каршы келип бактыбызга,
Алсырап, жол жүрө албай чарчабады?

Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси,
Келатып бир кырсыкка кезиктиби?
Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп,
Же бизге таарынуунун белгисиби?

Эл жүдөп, жан-жаныбар арыктады,
Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы?
Болбосо, ак иреңи сары болуп,
Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы?

Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган…
Жогорку үч себеп тең бирдей жалган.
Эмесе кечигүүнүн чын себеби:
Немецтин уулуу огунан жараланган.
________________________________________


Маляр
Маляр келди, бир чоң үйдү майлады,
Кабак түйгөн капалыкты айдады.
Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен.
Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.

Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы,
Кеткенине кубанды уул атасы.
Ушул адам, ушул эски кийимчен,
Бул дүйнөнүн үстүндөгү тазасы.

Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды,
Өмүргө кас, учкан чаңдар басылды.
Сөздөрү орой, чала кызуу бул адам,
Бул дүйнөнүн асылынын асылы.

Эң кеч жатып, элден эрте тура алган,
Ойлогонун ойдогудай кура алган.
Касиеттүү мындай кымбат кесиптен,
Менин атам, билбейм неге кур калган?
________________________________________


Фрунзе
Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман.
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт,
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.

Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам,
Жаш күнүм, балалыгым сенде калган.
Турмуштун эң ысыгын сага берип,
Бөлүнүп бир өзүңдөн кайда барам.

Эй карачы эс алуучу жер сонун,
Көрө аласың ырахаттын толугун...
Фрунзе өстү, таштап баткак чыласын,
Бир эле көр, дүйнөгө кеп кыласың...

Дагы мына сабыр кылгын шашпагын,
Тээ тетиги бийик зоока таштарын.
Ташып келип сонун тамдар тургузсак,
Келет го дейм дагы миң жыл жашагың.
________________________________________


Бар бололу
Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,
узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.
________________________________________


Эркин кыз
Бетиңде Эркин бакыт нуру нурланган
Белиңди көр эмгекте элпек буралган.
Эркин кыз ай, күлүп берсең шыңкылдап,
Койчу деги чыдай албайм, кубанам.

Сени мактайм аалам уксун, үн салам,
Үн салуудан талантыма күч алам.
Эпкиниңе менин берген белгим деп,
Келчи Эркин кыз, келчи кызыл гүл тагам.

Кубатыңан балбандуу бул колуңдун,
Жазачы Эркин турмуштун бир сонунун.
Келчи Эркин кыз, келчи бирге күлөлү.
Келиштирип дүнүйөнүн форумун.

Эй, Эркин кыз, сен командир болуп ал!
Кел Эркин кыз авангарддын ролун ал!
Аалам уксун, Эркин кыз деп билишсин,
Алоолонгон кызыл тууну колуңа ал!
1933
________________________________________


Түндөгү үн
Ай асмандын түпсүз учун бойлогон,
Сансыз жылдыз ыргытышып ойногон.
Жашыл шибер, ачылган гүл, мамык жел,
Сүйүп-сүйүп миңдеп сүйүп тойбогон.

Күмүшүмсүң, берметимсиң, нурумсуң,
Жаш тилекке неге мынча сулуусуң?
Нуруңду төк, толкунсуз көк бетинен,
Муңсуз жүрөк кубанычка жуулсун.

Колум жетсе кучагыма алайын.
Күмүшүңдү күзгү кылып карайын.
Сүйөр эмгек шоола чачтың жериме,
Көз айырбай ошондуктан караймын.

Деген күүлөр жүрөгүмдөн термелди,
Күлүк кыял өтүп жатты мендеги.
Жүргүн курбум биз алдынан тосолу,
Ана, кара! Толкун, толкун келгенди.
Булбул созот өзү билген күүлөрдү

Араладым атыр жыттуу гүлдөрдү,
Көрдүм сайма жашыл ала түрлөрдү.
Арасынан аскер маршын кубултуп,

Кайда барат? Ал жашыруун иш эмес,
Мага келет катарланган миң элес.
Тиги тоонун ачыла элек сыры бар,
Ошондуктан карап жатчу биз эмес.

Күүлөр менен музыкалар урулат.
Шаңдуу дабыш алда кайдан угулат.
Тулпар учуп, жүрөк бирге токтобой,
Душман үчүн атырылат жулунат.

Белгиси бар кызыл жылдыз тагынган,
Жоосун жеңип алкыш алат табынан.
Болот кылыч жаркылдаса майданда
Мен да кызып, толкун чыгат канымдан.

Айды көрөм күмүштөнтөт нурларын,
Жылдыз бермет көзүн ачып жумганын.
Кызыл аскер күрөш үчүн төрөлгөн,
Гүлүм, нурум, берметим күл, кубангын.

Ашкын кайрат дагы тоодой болсо экен.
Аскер болсом, жашым эрте толсо экен.
Күмүш нурум берер бекен мүмкүндүк
Мен да барам, көргөнчө эсен бол десем.
12/II 1933