Көп орундуу сандарды номерлөө
Көп орундуу сандар миңден чоң сандар. Көп орундуу сандар – бул миңдиктер классындагы жана миллиондуктар классындагы сандар. Көп орундуу сандар разряд түшүнүгүнө гана таянылып жазылбастан, класс түшүнүгүнө ылайык окулат, жазылат жана түзүлөт.
Класс үч разрядды бириктирет. Бирдиктер классы – бирдиктер, ондуктар жана миңдиктер. Бул – биринчи класс.
Миңдиктер классы – миңдиктердин бирдиги, миңдиктердин ондугу, миңдиктердин жүздүгү. Бул – экинчи класс. Бул класстын бирдиги – миңдиктер.
Миллиондуктар классы – миллиондуктардын бирдиги, миллиондуктардын ондугу, миллиондуктардын жүздүгү. Бул – үчүнчү класс. Бул класстын бирдиги – миллион.
1 – класстагы разряддардын таблицасы:
жүздүктөр | Ондуктар | бирдиктер |
3 – разряддагы бирдиктер | 2 – разряддагы бирдиктер | 1 – разряддагы бирдиктер |
2 | 5 | 7 |
таблицада 257 саны жазылган.
2 – класстагы разряддардын таблицасы:
Миңдиктердин жүздүгү | Миңдиктердин Ондугу | Миңдиктердин бирдиги |
6 – разряддагы бирдиктер | 5 – разряддагы бирдиктер | 4 – разряддагы бирдиктер |
2 миңд.жүзд. | 5 миңд.онд. | 7 миңд.бирд. |
таблицада 257 000 саны жазылган.
Миллиондуктардын жүздүгү | Миллиондуктардын ондугу | Миллиондуктардын бирдиги |
9 – разряддагы бирдиктер | 8 – разряддагы бирдиктер | 7 – разряддагы бирдиктер |
2 млн.жүзд. | 7 млн.онд. | 7 млн.бирд. |
таблицада 275 000 000 саны жазылган.
Көп орундуу сандар 2 – класс – миңдиктер классын жана 3 – класс – миллиондуктар классын түзөт.
Он жүздүк – бул миң. 1001ден 1000 000 чейинки сандар миңдиктер классындагы сандар.
Миңдиктер классындагы сандар – бул төрт, беш жана алты орундуу сандар. Төрт орундуу сандар төрт цифранын жардамында куралат: 1537, 7455, 3164, 3401.
Төрт орундуу сандын жазылышында оң жактан 1 – цифра биринчи разряддагы же бирдик разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 2 – цифра экинчи разряддагы же ондук разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 3 – цифра үчүнчү разряддагы же жүздүк разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 4 – цифра төртүнчү разряддагы же миңдик разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 5 – цифра бешинчи разряддагы же он миңдик разряддагы цифра деп аталат. Оң жактан 6 – цифра алтынчы разряддагы же жүз миңдик разряддагы цифра деп аталат. Бүтүн миңдиктер (1000, 2000, 3000, 4000, 5000, 6000, 7000, 8000, 9000).
Көп орундуу сандар солдон оңго карай окулат.
Көп орундуу сандарды окуу тартиби: көп орундуу сандар солдон оңго карай окулат. Алгач оң жактан 3 цифрадан эсептелип, сан класстарга ажыратылат. Сандын окулушу жогорку класстын бирдиктеринен баштап (солдон) окулат, жогорку класстын бирдиктери 3орундуу сан катары класстын аталышы менен кошо окулат. Биринчи класстын бирдиктери класстын аталышы айтылбай окулат.
Мисалы: 1 234 456 – бир миллион эки жүз отуз төрт миң төрт жүз элүү алты.
Эгерде сандын жазылышында кайсы бир класста маанилүү цифралар камтылбаса, ал класс аталбайт.
Мисалы: 123 000 324 – бир жүз жыйырма үч миллион үч жүз жыйырма төрт.
Класс үч бирдикти бириктирет (бирдиктер, ондуктар, жүздүктөр).
2 – класс миңдиктер классы | 1 – класс бирдиктер классы |
миңд.жүзд. | миңд.онд. | миңд.бирд. | жүзд. | онд. | бирд. |
Көп орундуу сандарды жазуу эрежеси: көп орундуу сандар жогорку разряддан баштап класстар боюнча жазылат: ар бир аталган класстын бирдиктери башка класстын бирдиктеринен байкалып тургандай кылып алыстатып, бирдиктердин группасын ажыратып жазуу керек.
Мисалы: он эки миллион төрт жүз элүү миң жети жүз кырк эки – 12 450 742
Классты курам – көп орундуу сандарда «класстык сандардын» ажыратылышы.
Мисалы:
123 456 = 123 000 + 456
34 123 456 = 34 000 000 + 123 000 + 456
Разряддык курам – бул көп орундуу сандарда разряддык сандарды ажыратуу: 299 056
200 000 90000 9000 50 6
Разряддык кошулуучулар – көп орундуу сандардын разряддык кошулуучуларынын суммасы:
247 000 = 200 000 + 40 000 + 7 000
968 460 = 900 000 + 60 000 + 8 000 + 400 + 60