Просмотр содержимого документа
«Коптуктун элементеринин саны»
Көптүк – аныкталган объекттердин жыйындысы. Көптүктү түзгөн объекттер көптүктүн элементтери деп аталат. Көпчүлүк учурда, тиги же бул белгилер менен аныкталуучу көптүк элементтеринин санын аныктоо зарылчылыгы туулат. Көптүктөрдү бириктирүүдө кайталан-ган элементтер бир гана жолу жазылат.
Эки көптүктүн биригүүсүнүн элементтеринин саны ар бир көптүк-түн элементтеринин сандарынын суммасынан бул көптүктөрдүн ке-силишинин элементтеринин санын алып салган айырмага барабар.
Адатта, көптүктүн элементтеринин санын аныктоо үчүн Эйлер-Венндин диаграммаларын колдонушат. Биздин окутуу тажрыйбабыз, эки башка мүнөзгө ээ көптүкчөлөрдөн түзүлгөн көптүктөр үчүн, табли-ца ыкмасы ыӊгайлуу жана түшүнүктүү экендигин көрсөтөт.
Окуучулар бул темага көӊүлдөнүп жана ырахаттануу менен масе-ле ойлоп табарын белгилей кетсек болот.
Аларга, Сиздердин классыӊардагы, жашаган жериӊердеги, жомок-тордогу, популярдуу фильмдердеги маалыматтарды колдонуп, ма-селелерди түзүүнү сунуштаӊыз. Албетте, эреже боюнча, окуучулар түзгөн маселелерди редакциялоо керек, бирок, окуучулар сунуштаган сюжеттер жана каармандар көп учурда кызыктуу болот.
Биздин сөздү бекемдөө үчүн, Сиздердин көӊүлүӊүздөрдү 5-класс-тын окуучусу ойлоп тапкан маселеге буралы.
Маселе
ДАР шаарында 1700 үй-бүлө бар. Алардын 980инде «Тойота» мар-касындагы, 650сүндө «Мерседес» маркасындагы автоунаалары бар. «Тойота» дагы, «Мерседес» дагы маркасындагы автоунаалары бар үй-бүлөлөрдүн саны – 442. Канча үй-бүлөнүн «Тойотасы» да, «Мерседеси» да жок?
Чыгарылышы
Таблица түзөлү.
| | «Тойота» бар | «Тойота» жок | |
| | | | |
| «Мерседес» бар | 442 | | 650 |
| | | | |
| «Мерседес» жок | | | |
| | | | |
| | 980 | | 1700 |
| | | | |
13
Издательство
1700 − 980 = 720; 1700 − 650 = 1050 болгондуктан:
| | «Тойота» бар | «Тойота» жок | |
| | | | |
| «Мерседес» бар | 442 | a | 650 |
| | | | |
| «Мерседес» жок | b | x | 1050 |
| | | | |
| | 980 | 720 | 1700 |
| | | | |
алабыз.
a, b, х тардын маанилерин эсептеп табыш үчүн жана калган клетка-ларды толтуруу үчүн, анын маанисин, биринчи жолчодогу маалымат-тарды колдонуп эсептейли: а = 650 − 442 = 208.
| | | | «Тойота» бар | «Тойота» жок | |
| | | | | | |
| | «Мерседес» бар | | 442 | 208 | 650 |
| | | | | | |
| | «Мерседес» жок | | b | x | 1050 |
| | | | | | |
| | | | 980 | 720 | 1700 |
| | | | | |
| Мындан ары, экинчи мамыча боюнча: x = 720 − 208 = 512. |
| Чыгарылыш алынды. | | | |
| | | | | | |
| | | | «Тойота» бар | «Тойота» жок | |
| | | | | | |
| | «Мерседес» бар | | 442 | 208 | 650 |
| | | | | | |
| | «Мерседес» жок | | b | 512 | 1050 |
| | | | | | |
| | | | 980 | 720 | 1700 |
| | | | | | |
Жыйынтыгын текшерүү үчүн биринчи мамычанын b = 980 − 442 = 538 маалыматтарын колдонсо болот.
| | «Тойота» бар | «Тойота» жок | |
| | | | |
| «Мерседес» бар | 442 | 208 | 650 |
| | | | |
| «Мерседес» жок | 538 | 512 | 1050 |
| | | | |
| | 980 | 720 | 1700 |
| | | | |
Экинчи жолчодогу сандар талапка жооп берерин тастыктоо калды:
538+512=1050.
Эмесе, коюлган суроого жооп: 512 үй-бүлө «Тойотага» да, «Мер-седеске» да ээ эмес.