Просмотр содержимого документа
«Коргол Досу уулу.......»
КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ Кошкон admin | 26.07.2017 КОРГОЛ Досу уулу (1882–1962, Кетментөбө р-ну) – чебер, өткүр ырчы, талантуу аткаруучу. Атасы баба дыйкан уста, мергенчи, ары чоң комузчу, апасы Үпөл кошокчу болгон. Коргол атасынын бүт күүлөрүн үйрөнүп, айтылуу Ниязалыдан да комуздун бардык жол-жобосун өздөштүргөн. Коргол ата-энесинен эрте ажырап көп кыйынчылыкты көргөн. Байга малай болуп, кыйын күндө жүргөндө башын бошотуп, эл аралатып, өнөрүн жөндөп, көп кырлуу чоң ырчылардан болуп калышына Токтогулдун салымы зор. Ал кыргызга белгилүү көптөгөн эл шайырларын көрүп, алардан да таалим алган, Ниязалы, Жеңижок, Эшмамбетти да көп эскерет, бирок Токтогулду өзгөчө жакын көрүп, пир тутуп, өмүр бою ырдап, даңазалаган. Коргол чындыкты бетке айтып, түз ырдаган, жагымдуу юморго жакын, өткүр тили менен өзгөчөлөнгөн ырчы болгон. Ошондой эле жүргөн жери күтүүсүз жагымдуу окуялардын, таң-тамашалардын чордону болгон. Ошон үчүн төкмөнүн эң жакын өнөрлөшү, замандашы атактуу Калык ырчы ага берегидей төп мүнөздөмө берет: Коргол – бул, өткүр ырчы эле, Кептери кызык, курч эле. Каалап турган сөздү айтса, Кары-жаш дебей күлчү эле. Анан, сымбаттуу келин кыз көрсө, Сыртынан кайрып ийчү эле. Коргол – эң чебер портретчи. Ал тарабынан Айтыке, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет ж. б. эл шайырларынын портреттери тартылган, ушулардын баарысы тең, айрыкча Барпынын портретин Коргол бар тарабынан таасын, эч кайталангыстай чебер, элестүү, төп кылып мыкты чыгарган. Санатчылык – ырчынын каруусун, күчүн көрсөтүп койчу бул өнөрдүн маанилүү бир тармагы. Коргол көлөмү аз болсо да мааниси саз бир катар баалуу санат, терме ырларды мураска калтырды. Өмүр, жаштык ырлары Корголдун негизги тематикасынын бири. Ал айрыкча «карылыкка” көп кайрылып, анын маани-маңызын, олуттуу жактарын жакшы ачып берген: Калтардан бермет жүн кетти, Калыбы тайып тил кетти. «Калжаңдабай отур” деп, Кемпириме тилдетти. Белимден кубат, күч качты, Бетимди сакал, түк басты. Мөңкүгөн менен түшпөгөн, Мага бир, мүйүздүү балээ учкашты. Бул жерде карылыктын канчалык мүшкүл, жашоо жазмышы тартуулаган кадимкидей эле оору экендигин Коргол саал юморлуу, курч тили менен абдан жеткиликтүү тизмектеген. Корголду Корголдун атын чыгарган, анын жандай сүйүп, бүткүл жандүйнөсү менен балкып ырдаган негизги тематикасынын бири – ашыктык ырлары. Чындыгында, анын нукура төкмөлөрүнө баш ийген терең философиялуу, ири сүрөткерлигин айкындаган элестүү жана көптөгөн нускалуу чыгармалары акындар чынармалыгында кайра жаралгыс баалуу мурастардан болуп калды. Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ ОКШОШ МАТЕРИАЛДАР КОРГОЛ ДОСУ УУЛУ МУЗООКЕ ЖАМАНКАРЫ УУЛУ ЖЕҢИЖОК КӨКӨ УУЛУ КАЛЫГУЛ БАЙ УУЛУ АРСТАНБЕК БУЙЛАШ УУЛУ ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ ИнсандарДосу инсандар Коргол уулу ырчы Досторуңуз менен бөлүшүүнү унутпаңыз (ツ) Акыркы кошулгандар: ВАСИЛИЙ ВЛАДИМИРОВИЧ БАРТОЛЬД ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛАЕВ КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВ Post navigation← КУЙРУЧУКТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ → Макалалар Адам жана коом Дастандар жана эпостор Инсандар Ислам Каада-салт Кыргыз адабияты Кыргыз тарыхы Иш кагаздары жана үлгүлөрү Кыргыз кол өнөрчүлүгү Манас эпосу Философия Эсселер 1. Саясат таануу Блог Анда короочу болмокмун Youtube канал ""Көк Бөрү" тасмасы тууралуу фактылар" Китептер «ТЕҢДИК ЖОЛУНДА» Сыдык Карачев «АШЫРБАЙ» Токтоболот Абдымомунов Чыңгыз Айтматов «КАССАНДРА ТАМГАСЫ» «ОТТОН ӨСКӨН КЫЗЫЛ ГҮЛ» Турар Кожомбердиев «СҮЙҮҮ ЖАНА ҮМҮТ» Токтоболот Абдымомунов Яндекс.Директ Обучение от практиков PM Expert Биз Фейсбукта Сунуштайбыз «Перед классом» тасмасы Санак 76 Колдонуучу онлайнда 1 Колдонуучу Бул баракты кароодо Колдонуучулар: 1 Мейман Макалалар Адам жана коом Дастандар жана эпостор Инсандар Ислам Каада-салт Кыргыз адабияты Кыргыз тарыхы Иш кагаздары жана үлгүлөрү Кыргыз кол өнөрчүлүгү Манас эпосу Философия Эсселер 1. Саясат таануу Рефераттар Инсандар Кыргыз тарыхы Дастандар жана эпостор Адам жана коом Биология География Каада-салт Кыргыз адабияты Кыргыз тили Манас эпосу Математика Педагогика Санжыра Саясат таануу Философия Акыркы кошулгандар Ысык-Көлгө «Титаник» сүзсө кандай болмок? БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАЙТИК баатыр БАЙ «БАБУР-НААМА» «АШАР» – коомдук-саясий кыймыл. АТКАРУУЧУ БИЙЛИК АТКА МИНЕР «АТА-МЕКЕН» партиясы «АСАБА» – улуттук кайра жаралуу партиясы. АРСТАНБЕК Буйлаш уулу «АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ Студенттик портал 2017-2019. Сайттын материалдарын колдонууда сайтка шилтеме коюуу зарыл.
Булак: http://students.com.kg/?p=256