Сабактын темасы: Адам табият менен сулуу
Сабактын максаты |
Билим берүүчүлүк | Өнүктүрүүчүлүк | Тарбиялык |
«Табият да каргайт» тема боюнча кененирээк маалымат алышат. | Табият менен мындан ары таттуу мамиледе болууга, көнүгүшөт. | Көчөдө, коомдо жүрүүнүн адебин, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөнүшөт. |
Көрсөткүчтөр |
Билим берүүчүлүк | Өнүктүрүүчүлүк | Тарбиялык |
«Табият да каргайт» тема боюнча кененирээк маалымат алышса. | Табият менен мындан ары таттуу мамиледе болууга көнүгүшсө. | Көчөдө, коомдо жүрүүнүн адебин, жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөнүшсө. |
Сабактын тиби: Жаңы теманы кененирээк өздөштүрүү.
Сабактын формасы: Өз алдынча иштеп, ой жүгүртүү.
Сабакта колдонулуучу ыкма: Синквейн түзүү.
Окутуучунун усулдары: Аңгемелешүү, ролдоштуруп аткаруу.
Сабактын ресурстары: сүрөттөр, ватман, түстүү боёктор.
Сабактын жүрүшү:
а) Саламдашуу.
б) Жагымдуу маанай түзүү.
в) Класстын санитардык гигиеналык абалына көңүл бөлүү.
г) Жаңы теманы атоо.
Жагымдуу маанай түзүү.
Жакшы маанай деген кандай?
Жакшы маанай деген момундай
Жагымдуу маанай тартуулоо
Кандай? Ал мындай
Бири-бирине күлө карап
Жакшы тилек кааламай
Сен мыктысың татына
А сен зорсун баарынан
Бул сага менден
А бул сага менден
Бүгүнкү сабакта озуп кетем барибир сенден
Маанай ачтык чын дилден
Ха-ха, хо-хо.
Үй тапшырмасын кайталоо: «Мекеним Кыргызстан»
Жаңы тема: Адам табият менен сулуу.
Балдар табият деп биз эмнелерди айтабыз?
Акыркы жолу качан көчөгө таштанды таштадыңар?
Табиятка кандай мамиле жасадыңар?
Табияттын тазалыгы бизге кандай таасирин тийгизет?
«Табият менен таттуу мамиледе болуу»
Жаратылыш деген эмне?
Айланаңа көз чаптырып көрчү, ооба, сен күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды көрөсүң.
Демек ушулардын баары жаратылыш.
Бизди курчап турган чөйрө. Күн, асман, булут, таштар, суу, жаан, кар булар жансыз жаратылыш.
Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Канаттуулар да, айбандар да, кескелдириктер да, жыландар
да, бакалар да, балыктар да, ташбакалар да, курт-кумурскалар да жаныбарлар экенин эсиңден чыгарба.
Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң калаарлык нерселер. Ар бир кадам сайын сен ошол таң калаарлык нерселердин сырын ачууга мажбур болосун. Алгачкы сапарыңды жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоо тирикчилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайсың.
Жаратылыш бул биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо тирикчилигибизге керектүү көп нерселерди берет.
Сабакты бышыктоо: Кайтарым байланыш.
Эс алдыруу мөөнөтү:
Ордубуздан турабыз,
Колубузду сунабыз,
Алгач ирет оң колду,
Андан кийин сол колду.
Чарчаганда токтойбуз,
Баксёрлорго окшойбуз.
Сабакты жыйынтыктоо: Суроолор ар бир окуучуга жекече берилип, сүрөттөр боюнча иштөө.
Баалоо: Эмоцияналдуу баллоо
Үйгө тапшырма: Жаратылыштын кооздугун сүрөттөө.