Тема: Коррупция -тили узун уулуу жылан (9-10-11-кл тегерек стол)
Максаты: 1. Окуучулар коррупция жөнүндө кеңирни маалымат алышат.
2. Коомго тийгизген кесепеттерин талдашат жана сынчыл ой
жүгүртүүлөрү калыптанат, чындыкка, адамдык ыйык сапаттарды тутууга
тарбияланышат.
Тегерек столдун катышуучулары:
Мектеп директору: Д.Жангелдиева.
Мугалимдер жамааты.
Ата-энелер
Окуучулар
А.б.: Коррупция – бул, калктын терең катмарына жайылган илдет, таза коомдун бирден-бир душманы деп эсептелет.
Ал ар бир гана инсандын же болбосо бир эле мамлекеттин маселеси эмес, тилекке каршы, бүтүндөй дүйнөнү түйшөлткөн глобалдуу көйгөй.
175 өлкөнүн ичинен биздин мамлекетибиз коррупция боюнча 136 орунда турат. Анын ичинен билим берщщ жаатында 97 факты катталган.Катталган фактылар билим берүү мекемелерде кеңири кулач жайгандыгы бардыгыбызга маалым. Билим берүү жаатында коррупциянын күч алгандыгына 20 жылга жакын убакыт болуп калды.Коррупция Кыргызстанда бөтөнчө тамыр алгандыктан көп зыяндарга учурап, социалдык жана саясий – экономикалык абалы начарлап жатат, ошондой эле өсүп өнүгүшүнө чон тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы ар бирибизге малым экендиги шексиз.
Турмуштан бир көрүнүштөн мисал: Асыл – мыкты педагог. Кайсы бир мамлекеттик билим берүү мекемеге ишке орношуу щчщн жетекчиге кирди. Бирок, ал аны жумушка кабыл албастан, өзүнүн бир таанышынан акча алып орноштуруп койду. Ал эми Асыл өз мекенинен билимдүүлүк, кесипкөйлүк менен жумуш таба албасына көзү жетип, чет өлкөгө жумушка орношту. Натыйжада мамлекет мыкты адистерден куру калып, кадр маселесинен аксап жатат.
А.б.: Урматтуу тегерек столдун катышуучулары ушул көрүнүштөн кийин мен сиздерге бир суроо менен кайрылгым келет.
Суроо: Акчага баардык кыялыбызды орундата алабызбы?
Жооп: 1. Коррупцияга барчу жол акчадан башталат.
2. Көп акчаны көргөндө ким болбосун жолдон адашат.
3. Кайда барба, ким менен сүйлөшпө акча жетпейт, акча жок деген гана
сөздөрдү көп угабыз.
Чын эле акча маанилүүбү? деген жооптордун негизинде суроо жооптор
болду.
Мектеп директору сөз алып буларга токтолду. Ошондой эле коррупция, менин жеке оюм боюнча, билим берүү, сот тармагында, медицинада, ички иштер кызматында өзгөчө тамыр алган.Анда иштеген кызматкерлер дагы коррупцияны жашоосунда бир бөлүгүндөй көрүп, пара алуунун , жек – жаатчылыктын сазына белчесинен батып калгандай. Элдин убалынан коркпогон, калк кызыкчылыгын өздүк кызыкчылыктарга алмаштырып, мамлекеттин келечегин ойлобогон адамдардын айынан бул нерсе, кудум эле ХХ кылымдагы чума эпидемиясындай күндөн-күнгө күч алууда. Ал эми ушундай ыплас көрүнүштөрдүн көбөйүүсү болгон жаш муундарыбызга татыктуу билим алып, таза жашоого үндөп, ар бири коррупциядан алыс болуусуна үндөйм.
Ата-энелер Саалиев Улан агай сөз алып окуучулардын жан дүйнөсүн,акыл – эсин, жашоого болгон көз карашын түп тамырынан бери коррупциядан алыс болуусуна, «Окуганда эмне? Атамдын мансабы бар же акчанын күчү менен окууга өтөм, жумушка орношом», деген түшүнүктөн ажыратуу. Өлкөнүн келечеги жаштар деп жатабыз, мындай ыплас ойдон алыс болууга, коррупцияны акыл – эсине сунгуп киргизбей, келечек муундар мамлекеттин кыйын кырдалына бек туруп, андан – ары улут катары сактап кете алышына туура багыт жана тарбия берүү керек.
Мектептин тарыхчы мугалими Абданбаева Минара. Демек, коррупция – мамлекеттин саясий - экономикалык абалын гана томондотпостон, бир бутундой олконун ал эле эмес улуттун жок болушуна жеткируучу татаал койгой экендиги талашсыз.
Бирок, коррупциянын ушунчалык кучтуу, майтарылбас душман экендигин билип туруп кайдыгерлик кылбастан, бардыгыбыз жапа тырмак киришип , катал мыйзамдарды кабыл алуу менен козомолду кучотуу зарыл. Ошондой эле чон – чон кызматтарды аркалап жургон карт борулордун ордуна билимдуу, кайрат – жигердуу, патриот сезимдеги позитивдуу жаштардан сынакттын негизинде жумушка кабыл алуу керек деп эсептейм. Мына ушул иш аракеттер гана коррупцияны толугу менен жойбосок да, богот кое алабыз деген ойдомун.
Ал эми озум болсо 11-класстын окуучусу Жамгырчы кызы Меймуна бирок келечекке карай, мени тынчсыздануу коркунучу жан дуйномду ойкоп келет. Себеби биздин мамлекетибизде коррупция жогорку окуу жайларда, жакшы жумуштарда тамыр жайган.Мындай кырдаал мен учун абдан окунучтуу жана кайгылуу. Алдыдагы келечекке карай бактылуу жашоо куруу керек экендигине ынандым.
Албетте, озум энсеген кесипке ээ болгум келет, бирок менин катарымда эле колунда кызматы, байлыгы бар инсандардын балдары акчанын кучу менен каалаган окуу жайга отуп кетишет. Ошондон улам мен коррупцияны жек коргондон, жек коруп келем.
Мекенимдин эн мыкты журналисти болгум келет, менин жашоомдогу кырдаал ушундай абалда болсо да, мен учун умуттун шооласы эч качан очпойт. Жашоодо созсуз акыйкат болоруна ишенем!
А.б.: Албетте силердин бүгүнкү ой-пикирлериъер мага да жакты, сиздерге да жакты болушу керек. « Аз эле каражатыңа топук кыл, сабырдуу жашаган адам бактылуу, ал эми жашооңо каражатыъ жетшип туруп, жан дүйнөң суз болсо, бакыттын изи да болбойт »деп акылмандар туура айткан. Ошондой оокатка азгырылбай, жан дщйнёбщздщ билим менен байыталы.» Билим-акылдын машыгуусу жана азыгы», «Билимсмз акыл эч нерсеге жарабайт».
Ар бирибизди ушул тегерек столдон алган билим –тарбиябызды келечекте. жашообузда туура колдонууга чакырамын.
Келеген конокторго, окуучуларга чоң рахмат!