СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Көрүнүктүү ишмер С.Ибраимов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Көрүнүктүү коомдук  ишмер С. Ибраимовдун кылган  иштерин  окуучулар  менен тааныштырып. окуучуларды  жакшы  инсан  болуп  чыгууга  тарбиялоо жана эл  үчүн  кызмат  кылып  акылдуу  инсандардан  болуп  чоңоюшуна чакыруу

Просмотр содержимого документа
«Көрүнүктүү ишмер С.Ибраимов»

Тема : Элдин камын ойлогон адам ал ким ?

Сабактын максаты : а) окуучулар көрүнүктүү инсан С.Ибраимов туралуу

маалымат алышат , алган билимдерин эске тутушат.

Б) көрүнүктүү инсан,коомдук ишмер С .Ибраимовдун эл үчүн жасаган эмгектерин билишет. Берилген суроолорго өз ойлорун айтышып эркин баяндап сүйлөөгө калыптанышат

В) окуучулар бир –бирин угушат,топто жана жупта иштей алышат.

Сабактын тиби : жаңы материалды өздөштүрүү.

Сабактын жабдылышы: темага ылайык сүрөттөр

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу учуру , окуучулардын сабакка болгон даярдыгын текшерет.

2. Мугалим окуучулар менен учурашып,жаңы теманы балдарга жарыялайт.

- Балдар саламатсыңарбы? Биз бугүнкү тарбиялык саатыбыз да силер үчүн кызыктуу болот деп ишенем. Анда эмесе мен силерге макал айтам ошол макалдын маанисин чечмелеп көрөлү.

“Эр жигит эл четинде , жоо бетинде”

“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” (окуучулар өз ойлорун айтышат)

  • Анда эмесе балдар бүгүнкү сабагыбызда ушундай жакшы инсан жөнундө таанышабыз. Темабыз айтып жаткандай “Эл камын ойлогон инсан ал ким?” эмесе угууга даяр болсоңор силерге кыргыз элинин көрүнүктүү инсаны болгон Султан Ибраимов туралуу маалымат берем.





Султан Ибраимов көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер мезгилинде республиканын суу чарба министиринен тартып ,Кыргыз ССР нин Министирлер Советинин төрөгалык кызматтарын татыктуу аркалаган. С Ибраимов эң бийик кызматта иштесе да карапайым калк менен аралашып, элдин турмушун жакшы инсан болгон.

Биздин Кыргызстан агрардык олкө болгондуктан карапайым эл жер менен иш алып барат . С. Ибраимов айыл чарба тармагын жакшы билген. Чуй өрөөнүндө жугөрүнүн данын көбөйтүү маселесин көтөрүп чыккан. Анын натыйжасында түшүмдүүлүк 54 центрге айланган. Ал өкмөттө иштеп жатканда эгиндин түшүмдүүлүгүн көбөйтүп элдин жашоосун жакшыртууга умтулган. Мындай нерсени жасоо көп эмгек көп түйшүк талап кылган.

С.Ибраимов жакшы жетекчи болгон. Иш жасабаган, планды аткарбаган айыл өкмөттөрдү көп элдин алдында урушуп тилдечү эмес. Тескерисинче жакшы иштеген адамдарды үлгү алгыла деп жакшы айтчу. Жаш адистерге жаман кеп айтпай алардан көп нерсе үмүт кылчу. С. Ибраимов Сары –Өзөн Чүйгө канаттулар фабрикасын ачууну ойлоп, ошол айылдын өкмөт башчысын ээрчип Кеминден Ивановкого чейин жөө басып айылды өнүктүрүү боюнча сүйлөп барган. Ошол ойлогон ишин ишке ашырып Токмок шаарынын чекесинен салат. Мунун натыйжасында ошол жердеги канча деген тургундар иш менен камсыз болгон. С.Ибраимов кымбат үстөлдүн үстүндө отуруп эл башкарбай эл менен аралашып, элимдин турмушу жакшы жакка өзгөрсө деп жашаган инсан.

“Байлык жоголот,эмгек элде калат” деп айткан сөзү бар.Өзү айткандай С.Ибраимовдун эмгеги элдин эсинде калды.1980-жылдын 3-декабрда көрө албаган адамдар көрүнүктүү ишмер атабызды өлтүрүшкөн.Ал болгону 53-жыл гана өмүр сүргөн.Эми анын элине сиңирген эмгегин парламент көтөрүп чыгып,Кыргыз Республикасынын баатырдыгында көрсөтүп жатат.Ал быйыл 90 жашка чыкмак.



Бышыктоо : Суроо – жооп.

  1. Балдар бугүнку сабакта силер кандай маалымат алдыңар?

  2. С.Ибраимов кандай инсан экен?

  3. Кыргыз эли жана жери үчүн кандай эмгектерди жасачу экен?

  4. Адамдарга кандай мамиле жасачу?

  5. Кандай мгектери бар экен?

  6. С. Ибраимов быйыл канча жашка чыкмак экен?

Жыйынтыктоо : Демек балдар биздин кыргыз элибизден көрүнүктүү инсандар көп болгон. Ошол инсандардын арасында коомдук ишмер С.Ибраимов да бар. Эл үчүн ,Кыргызстандын өсүп өнүгүүсү үчүн баарына даяр болгон адам. Силер да келечекте Кыргызстандын өсүп өнүгүүсү үчүн өз салымыңардыкошуп жакшы инсан болуп чоңоюшуңар керек.



Үй тапшырма: Өтулгөн тема боюнча түшүнгөнүңөрду жазып келесиңер.

С.Ибраимовго – класстер түзүп келесиңер.



Баалоо : Мактап,күч дем берүу.



32 Бекназар атындагы орто мектеби.





Тема: Көрүнүктүү жана коомдук ишмер

С.Ибраимов.



Мугалим : Аширова Жазгуль









Кызыл – Ураан айылы.