Тема: Кош бол, Алиппе.
Саламатсыздарбы? Урматтуу ата-энелер, агай-эжейлер, !Биздин сабатыбызды ачып, “А” тамгасын таанытып, билимдин чексиз мейкиндигине жетелеп алып барар “Кош бол, Алиппе” майрамына кош келиңиздер!мммм
Гүл өстүрдүм 22 даана багымда, Анда эмесе эшик кенен ачылсын, Гүлдөр келет эркелешип жаныма. Сыртта толгон гүлдөр бизге шашылсын. Гүлдөрүмдү көрүшсүн деп сиздерди, Аянбастан кол чапкыла коноктор, Чакырганмын бүгүнкү чоң майрамга. Гүлдөрүмдүн бүгүн чери ачылсын. Мугалим: Окуу жайын тушундук Алиппенин майрамын,
Алиппени бутурдук, Ар кун сайын кутундук, анда эмесе биз чыдамсыздык менен куткон кечебиздин катышуучулары 1- классынын окуучуларын тосуп алабыз.
Мугалим: Кечиктим деп тез басып, Адепти дайым сактаган
Уйунон келет ал шашып. Башкалардан кеп угам,
Убакыт болсо дайыма, Адинай жакшы деп угам.
Жетишсем дейт баарына. Капыржанова Адинай
Жаныкулов Оомат
Бул класста айымдар коп, Узун бойлуу сулуу кыз
Анын бири Даткайым. Анын аты Гулзинат.
Эл журтунду урматтап, Уйдо билбейм кандайын,
Кызматын кыл ар дайым Мектепте созулат.
Эрбаева Даткайым Мамбеталыева Гулзинат
Жоош, момун сабырдуу, Атына заты жарашкан,
Нурел деген балабыз. Боюна келсе талашкан.
Мындай балдар коп болсо. Кулуп турат коздору,
Биз алдыга чыгабыз Ыр бийлерди тараткан.
Аширбеков Нурэл Сапаралыева Раяна
Атына заты жарашкан, Уй- булонун эркеси,
Боюна келсе талашкан. Бетинен дайым нур тамат.
Кулуп турат коздору, Дастан аттуу балабыз.
Ыр бийлерди тараткан. Нурдуу болуп шаттанат.
Сапаралыева Раяна Эргашев Дастанбек
Озун таза кармаган Кичинекей бою бар,
Класста жакшы окуган. Копту билген жагы бар.
Тартипти да сактаган. Кичинекей баракка
Билим алганга умтулган, Коп нерсени батыраар.
Койчубаева Чачыкей Ракымова Сабина
Жарашыктуу бою бар. Эрте ашыгат мектепке
Жакшы окусам деген ою бар. Келтире албайсын эч кепке,
Энесинин колунда, Уялчактык жагы бар,
Эркелеген жагы бар. Гулдой назик аты бар.
Мамбеталиев Умар Кадырбекова Зарина
М тамгасы кошулат, Билимге дайым умтулган,
Марлендин атына. Жардамга да кол сунган,
Окусам деп дайыма, Сабактарда кунт коюп
Мектепке келет шашыла. Конул буруп олтурган.
Абдуваитов Марлен Мейманбекова Нурканым
Уй булонун кенжеси, Гулдой назик пейли бар,
Гулзада деген кызыбыз. Гулду суйор жагы бар.
Кыздарды кубантат, Гул жыттанып мектепке,
Биринчиде олтурат. Кулуп келер жагы бар.
Ташполотова Гулзада Калыбекова Мариям
1-класстын, Адептуу да тартиптуу,
8 уул, 14 кызы бар. Улгу болот баарына,
Алардын эң кенжеси, Эч бир сабак калтырбай,
Райхана деген кызы бар. Оозуп чыгат алдыга.
Усупбекова Райхана Салибеков Бекболот
Озу дилгир шамдагай, Азиреталы биздин балабыз.
Аракетчил балакай, Сабакка дайым кечикпей
Эркелик да жагы бар. Бирге окуп барабыз.
Атына заты жарашкан, Дөөлөткелдиев Азиретал
Кадырбекова Татына
Озу тыкан таптаза, Бою узун шамдагай,
Эжекенин ай кызы Суроо берет байма-бай,
Айтып берет бут баарын, Олкобуздо белгилуу
Эмнелерди жаттаса. Болсом дейт го аалымдай.
Суеркулова Айжанат Баястанов Бекназар
Жарашыктуу бою бар,
Таза тунук оюу бар,
Себепсиз сабак калтырбайт,
Нур жуздуу бул кызыбыз.
Доолоткелдиева Асена
Төмөндөгү ыр саптарын мектеп директору Стамбекова Дарыя Абдимомуновнага арноо менен бүгүнкү кечени ачып берүү үчүн сахнага чакырып алсак
Жашоого жол көрсөтүп багыт берген,
Талыкпай акыл айтат сөзү менен.
Билимден бийиктикти, урмат-сыйды,
Ак эмгектен, маңдай терден тапкан эжем.
Күлүм сүрөп күлүп чыгат күн дагы,
Наристедей назик сүйкүм жайдары.
Бүгүн мына эл чогулуп шаң менен,
Белгиленет Алиппенин майрамы.
1.Саламдашуу.
Мамбеталиев Умар: Капыржанова Адинай:
1.А дегенде саламдаш, 2.Алиппенин майрамында, Ачык көңүл амандаш Биз айтабыз саламды. Адам катар бирдейбиз, Ассалому алейкум, Айланайын замандаш. Бул сегиз айда тамга таанып,
Салибеков Бекболот: Окуп, жазып үйрөндүк.
3. Майрамга келген бүгүнкү, Баштагыдай тентек болбой,
Ата-энелер аманбы? Улуулардан иймендик.
Тамгалар менен достошкон,
Балдарың айтат саламды.
Сапаралыева Раяна: ХОР.Тоо гүлүндөй ачылган,
4.Урматтуу келген коноктор, Жыты сонун чачылган.
Ушундай биздин салтыбыз. Ысык салам сиздерге,
Тамгалардын бүгункү, 1-класстын атынан.
Майрамын көрүп кайтыңыз.
2.Мектеп жөнүндө ырлар.
Мугалим: Балдар билимди силер кайсы жерден аласыңар?
Балдар: Мектептен
Мугалим: Анда мектеп жөнүндөгү ырларыңарды айтып бергилечи.
Жаныкулов Оомат: Мейманбекова Нурканым:
1.Мектепте билим кени бар, 2.Биз мектепке барабыз,
Үйрөнөмүн, билемин. Терең билим алабыз.
Шыңгыраса коңгуроо, Мектебибиз жөнүндө,
Классыма киремин. Ырдап көңүл ачабыз.
Окуу – менин таалайым,
Окуу – менин тилегим.
Эргашев Дастанбек: Эрбаева Даткайым:
3.Жаш денемди чыңалтып, 4.Айланаңдан кетпеймин,
Болоттой бек ширелткен. Ар убакта эстеймин.
Билим кени мектебим, Таалим берип өстүргөн,
Алпештеген энемсиң. Билим кени мектебим.
Аширбеков Нурэл: Доолоткелдиева Асена:
5.Күндө ачып барагын, 6.Колдо болуп дептерим,
Китебиме карадым. Ачып китеп беттерин.
Акыл сезим өркүндөп, Жакын болуп ушунча,
Алга кетип барамын. Жандай сүйгөн мектебим.
Хор “Мектебим”
Мугалим: Ичи толгон алфавитке билимдеги жарык эмне?
Хор: -Ал сүйүктүү Алиппе
Андай болсо алиппе жөнүндөгү ырларыңарды айткылачы.
Сапаралыева Раяна: Абдуваитов Марлен:
Бүгүн бизде чоң майрам, Орундатып тилекти,
Алиппенин майрамы. Окуп бүттүм алиппени.
Илим менен билимге, Таанып-билип алдым мен,
Ушул китеп каймагы. Тамгаларды жалпы эми.
Мейманбекова Нуркан: Хор менен:
Отуз алты тамганы, Кана эмесе, бир-бирден,
Жазып, окуй аламын. Тамгаларды айталы.
Жаңылбастан шар окуп,
5 деген баа аламын.
3.Тамгалар ырдайт.
А Капыржанова Адинай: Б Салибеков Бекболот:
Ата, апа, алмага Бала, балык, балкага
«А» тамгасын жазабыз, «Б» жазылат баш тамга.
Алгач жолу билимди, Балдар туруп эртелеп,
«Алиппеден» алабыз. Баратышат бакчага.
В Капыржанова Адинай: Г Мамбеталыева Гулзинат:
Велосипед, вертолёт Гимн, гербди жазганда,
«В» тамгадан башталат. Керек дайым «Г» тамга.
Вокзал жакка паровоз Гүлай, Гүлзат баратат,
Вагон сүйрөп баратат. Гүл тергени талаага.
Д Эрбаева Даткайым: Е Баястанов Бекназар:
Данек, дарак, дарбызга Жашайт экен токойдо
«Д» жазылат дайыма. Енот деген жаныбар
Дамир, Дөөлөт – эки дос, Кудум мышык окшогон
Жардам берди Дайырга. Куйругунда чаары бар.
Ё Мамбеталыева Гулзинат: Ж Жаныкулов Оомат:
«Й» менен «О» биригип, Желек, жебе, жарганат
«Ё» тамга деп аталат. «Ж» тамгадан башталат.
Жашыл ёлка балаты Жоо келтирбей жерине,
Жаңы жылда жасанат. Жоокер жерин кайтарат.
З Кадырбекова Зарина: И Калыбекова Мариям:
Зоока «З»дан башталат, Ийне, илгич, ийнелик –
Зым заводдон жасалат. «И» тамгасын билелик.
Уйдун пири – билип ал, Илим кудук казгандай
Зеңги баба аталат. Ийне менен изденип.
Й Суеркулова Айжанат: К Калыбекова Мариям:
Йогурт менен йодду Кийим кийип калыңдап,
«Й» тамгадан баштайбыз. Канат кайда камынат?
«Й» башында бөлөк сөз Карасаңар, баарына
Издесек да таппайбыз. «К» тамгасы жазылат.
Л Аширбеков Нурэл: М Абдуваитов Марлен:
Лампочкага, лыжага Мышык, маймыл, мамалак –
«Л» жазылат башына. «М» тамгасы жазылат.
Лейла кооздоп алыптыр, Майрам эже мышыгын
Лента тагып чачына. Мый-мый-мый деп чакырат
Н Мейманбекова Нурканым: Ң Кадырбекова Зарина:
Мен «Н» деген тамгамын, Дөңгөлөнөт дөңгөлөк.
Нанды, данды жазамын. Дөңгөлөккө «Ң» келет.
Нандан ыйык байлык жок, Дагы кайсы сөздөргө
Нанды дайым барктагын. «Ң» тамгасы эң керек?
О Дөөлөткелдиева Асена: Ө Эрбаева Даткайым:
Тоголонгон топ окшош, «Ө» тамгасы тегерек,
«О» тамгасы тоголок. Өгөө десең «Ө» керек.
Окуу, отун, орокко Өтөгөнгө саначы,
«О» тамгасы колдонот. Канча тамга «Ө» келет.
П Жаныкулов Оомат: Р Сапаралыева Раяна
Пахта, пилге, партага Ракетага, Рахатка
«П» жазылат баш тамга. Сөз башына «Р» келет.
«П» тамгасы болбосо Компьютерлер башкарган
Парча айланат арчага. Роботтор иштешет.
С Ракымова Сабина: Т Кадырбекова Татына:
Сабыр сабиз сугарат, Темир, тырмоок окшогон.
Сайра сайдан суу алат. «Т» тамгасы мен болом.
«С» тамгадан башталып, «Т» тамгасын жазбасаң,
Сүйлөм сөздөн куралат. «Топ» болбостон, «оп» болом.
У Мамбеталиев Умар: Ү Ташполотова Гүлзада:
Улуу тоодо жашаган, Үлүл, үкү, үпүпкө,
Уккулуктуу сайраган. Үстөл, үкөк, үртүккө
Ушул кайсы канаттуу, Жазылат «Ү» тамгасы
«У» тамгадан башталган? Жана дагы үтүккө.
Ф Мамбеталиев Умар: Х Усупбекова Райхана:
Фартук жана фонарга Халат, Хасан, халвага
«Ф» жазылат баш тамга. «Х» тамгасын жазабыз.
Фломастерлер эң керек, Көк тиреген чокуну
Кооздоп сүрөт тартканга. Хан-Теңир деп айтабыз.
Ц Мейманбекова Нурканым: Ч Койчубаева Чачыкей:
Айлананы кагазга Чабалекей, чагылган,
Циркуль менен чиебиз. «Ч» тамгасы жазылган.
Сонун оюн көргөнү Чынчыл болуп чоңойгун,
Циркке барып киребиз. Чындык ыйык баарынан.
Ш Дөөлөткелдиев Азиреталы: Щ Суеркулов Айжанат:
Шыпылдатып колдорун, Бул «Щ» тамга аталат.
Шырдак шырыйтШарипа. Щётка кийим тазалайт.
Шабдалыны үзөм деп, Шатырата күн жааса,
Шакир чыкты шатыга. Плащ жаандан калкалайт.
Ь Абдуваитов Марлен: Ы Сапаралыева Раяна:
Алигиче атым жок, Ышкырыкка «Ы» келет,
«Ичкертүү» деп коюшат. Ырысбекке «Ы» керек.
«Июнь», «июль» сөздөргө «Ы» тамгасы колдонгон
Мени жазып коюшат. Кайсы сөздү ким билет?
Ъ Кадырбекова Татына: Э Эргашев Дастанбек:
Ат койбоптур энчилеп, Эшик, элик, эмерек –
«Ажыратуу белги» деп. «Э» тамгасы эң керек.
Съезд, подъезд сөздөргө Эң бир ыйык адамың
Мени жазат белгилеп. Эне десең «Э» келет.
Ю Койчубаева Чачыкей: Я Салибеков Бекболот:
«Й» менен «У» биригип «Й» менен «А» кошулса
«Ю» тамга деп аталат. «Я» тамга деп аталат.
Юла деген оюнчук Якорь, Ялта, январь
Чимирилип айланат. «Я» тамгадан башталат.
4.Балдар силерди китептер ким тааныштырды? Силерди окутуп, тарбиялап, көп нерсени үйрөткөн ким?
Балдар: Мугалим
-Анда мугалим жөнүндөгү ырларыңарды айтып бергилечи.
Абдуваитов Марлен: Калыбекова Мариям:
1.Окутуп көптү үйрөткөн, 2.Сылык болсо бала, - дейт,
Ойлонтуп көркөм сүйлөткөн. Мен кубанам ага, - дейт.
“Адептүү бол” – дейт ар убак, Таза жуунуп, тыкан жүрүп,
Мугалим эжем ал менин, Өз боюңа кара, - дейт.
Актасам дейм эмгегин.
Сапаралыева Раяна: Ракымова Сабина:
3.Сабак жүрүп жатканда, 4.Көрүнгөндө карааның,
Кулак сал, -дейт атканга. Көлдөй толкуй каламын.
Үйрөнгүн, - дейт, - жана да Өмүрүңдүн азыгы,
Түз отуруп жазганга. Өзүң берген сабагың.
Баястанов Бекназар: Кадырбекова Зарина:
5.Айрыбагын барагын, 6.Алтыдагы бөбөккө,
Китепти аяр кармагын,- Алиппени тааныткан.
Деген сөзүн унутпайм, Адамзатты илимге,
Айтурган эжекемдин сабагын. Алып кирген даанышман.
Чогуу:Аруу тилек балага,
Агай, эжей дедирген.
Билбегенин билгизип,
Билим балын жедирген,
Мактоо сага – мугалим.
5.Ата-эне жөнүндө ырлар.
Мугалим: Ушундай жакшы ырларды китеп аркылуу силерге ким үйрөттү?
Хор: Мугалим (2 жолу)
Мугалим: Мектепте мугалим үйрөтсө, үйдөн ким жардам берди?
Хор: Атам, апам
Ак шейшепке ороп сени, Уйку көрбөй узун түндө,
Кичинеңден баккан ким? Таптап сени жаткан ким?
Хор: Апам! Хор: Апам!
Ыр, табышмак үйрөтүп,
Көңүлүңдү ачкан ким?
Хор: Апам
Мугалим: Кана балдар апа жөнүндөгү ырларыңардан айткылачы.
1.Эрбаева Даткайым: 2.Жаныкулов Оомат:
Апа бизди төрөгөн, Апабызды сүйөбүз!
Ал-күн! Тийген төбөдөн. Ал-теңдешсиз,
Ашкан камкор, Билебиз.
Боорукер, Кайгы-муң аз, эркелеп,
Мээримине бөлөгөн. Каткырабыз,
Күлөбүз.
Айтат дайым акылын,
Ай, күнгө,
Кол серметип.
Актайбыз биз ак сүтүн.
Күчкө толсок эр жетип.
3.Доолоткелдиева Асена 4.Койчубаева Чачыкей
Сүтүн берип, сүйүп, ийип, Бутуң шилтеп талпынганда,
Эркелетип күлгөн ким? Колдон кармап баскан ким?
Кечке колдон түшүрбөстөн, Тилиң чыгып сүйлөгөндө,
“Кешигим” – деп жүргөн ким? Мээримдүү сөз айткан ким?
Кадырбекова Зарина:
Бала деп жашап оболу,
Бала деп чыккан обону.
Апалар жакшы, а бирок,
Апамдай апа болобу?
Мамбеталыева Гулзинат:
Чачымды тарасам да, тарабасам,
Күзгүнү карасам да, карабасам.
Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт.
Кийимим жупунубу, ашкереби?
Жашоомо кыш келеби, жаз келеби.
Бир гана апам мени сүйүп турат,
Бир гана апам мага ийип турат.
Чөнтөгүм жукасында, калыңында,
Тагдырым караңгыда, жарыгында.
Бир гана апам жолум аттап кетпейт,
Кыйындык башка түшсө таштап кетпейт.
Кыялым жакшысында, жаманында,
Кыя албайт себеби ага баламын да.
Апакем жалгыз адам, жалгыз адам,
Апакем чындап мени аярым да.
Биздин сүйүктүү ата-энелерибизге жана мугалимдерибизге арналат.
6.“Доктур эже” хору.Адинай, Асена, Гулзинат, Чачыкей, Сабина, Татына, Айжанат, Раяна, Райхана
7.Акыйнек
Акыйнек айтып сындашуу,
Абалтан кыргыз салты экен.
Ыр ырдашып сындашуу,
Атабыз кыргыз наркы экен.
Акыя-акыя-акыя
Мамбеталыева Гулзинат: Салибеков Бекболот:
1.Макалдатып акыйнек, 1.Баатырдын көркү маңдайда,
Айтышууга жараса. Чечендин көркү таңдайда.
Чыксын кана кимде ким, Акыйлашсаң акыйлаш,
Чеченмин деп санаса. Мен жараймын андайга.
Акыя-акыя-акыя Акыя-акыя-акыя
Койчубаева Чачыкей: Мамбеталиев Умар:
2.Кокус сабак сураса, Эжекейдин айтканын,
Оозун ачып турушат. Убагында кылбайсың.
Айыбын айтса ушинтип, Үй жумушун аткарбай,
Аябай катуу урушат. Өзүңчө эле жыргайсың.
Акыя-акыя-акыя Акыя-акыя-акыя
Капыржанова Адинай: Жаныкулов Оомат:
3.Бут кийими жамандар, Акылы бар адамдан ,
Төрдү булгайт дечү эле. Айла качып кутулбайт.
Оюу бузук адамдар, Азаматтын жакшысы,
Элди булгайт дечү эле. Аз сүйлөйт да көп тыңшайт.
Акыя-акыя-акыя Акыя-акыя-акыя
Сапаралыева Раяна: Абдуваитов Марлен:
4. Тартип сактап жүрбөгөн, Көп кайталап сүйлөгөн,
Элди көзгө илбеген. Тантык болуп калбайлы.
Тентектигиң калбады, Өзүбүздү өзүбүз,
Ороң-бараң сүйлөгөн. Уят кылып албайлы.
Акыя-акыя-акыя Акыя-акыя-акыя
Эрбаева Даткайым: Аширбекова Нурэл:
5.Ырыс алды-ынтымак, Адам болмок аста-аста,
Ырыскыга жеткирет. Айбан болмок бир паста.
Ыркырашкан ызы-чуу, Сөз маанисин билбесең,
Ырыскыңды кетирет. Акыйлашпа, чырлашпа.
Акыя-акыя-акыя Акыя-акыя-акыя
Мейманбекова Нурканым: Эргашев Дастанбек:
6.Пейли кенен адамдын, Айта берсек түгөнбөйт,
Тилегени токчулук. Макалдардын жомогу.
Пейли тар адамдын, Акыйнекти коелу,
Тилегени жокчулук. Ынтымактуу бололу.
Акыя-акыя-акыя Акыя-акыя-акыя
Кыздар:Жакшы болсо кыздары,
Жакадагы кундуз – дейт!!!
Балдар: Жакшы болсо уулдары,
Асмандагы жылдыз дейт.
8.Жаңылмачтар
Каткырганда кээ бирөө жарылат,
Кайсалактап айта албастан жаңылат.
Акылы тунук уул-кызы кыргыздын,
Токтолбостон айтып берчи жаңылмач.
Капыржанова Адинай: Жаныкулов Оомат:
1.Асан менен ким эгиз? 2.Апам алмадан үчтү үздү,
Апал менен ким эгиз? Алмуруттан үчтү үздү.
Үсөн менен ким эгиз? Жетпегенин күбүсө,
Үпөл менен эгиз? Жерге баары түз түштү.
Сапаралыева Раяна: Эрбаева Даткайым:
3.Ак мончок, көк мончок, 4.Топту тоголотту,
Аябай көп мончок. Топ тоголокпу?
Көп мончок ичинде, Тоголонгон топту,
Көгүлтүр көз мончок. Токон торомокпу?
9.Кыргыз бий.
Бийле-бийле музыканы көрсөтүп кыймыл менен,
Колдоруңду чимирилтип ийкем менен.
Майрамдарда жаркылдап бийлесеңер,
Көңүлүңөр көтөрүлөт абдан кенен.
10.Манас айтуу.
Мектепке балдар келишет,
Тарбия билим алышат.
Бабалардын мурасы,
“Манастан” айтып беришет.
11.Стюардесса бийи
Кыргызымдын кыздары бийчи келет,
Чимирилип ак куулардай бийлешет.
Дүркүрөтүп кол чаап, коштоо менен,
Кеченин кезегин бийге берсек.
12.Жеке номер Татына
13.Ак шоола хору “Чыр бала”. Умар, Оомат, Бекболот, Дастан, Раяна, Марлен, Даткайым, Асена
14.Ооз комузда күү аткаруу. Даткайым
15.“Жер кепе” жомогу
Талаада бир жер кепе бар экен.Жанынан чычкан жүгүрүп бара жатып,
Чычкан: Жер кепе, жер кепе, жер кепеде ким жашайт?
Эч ким жооп бербейт.Ошентип, чычкан кирип ошол кепеде жашап калат.Секирип, секирип бака келет.
Бака: Жер кепе, жер кепе, жер кепеде ким жашайт?
-Мен чычкан ийинчээк.
-А сен кимсиң?
-Мен бака бакылдаак.
-Кел бирге жашайбыз.
Ошентип, чычкан менен бака бирге жашай баштайт.Коенек өтүп бара жатып, жер кепени көрө калып сурайт.
Коен: Жер кепе, жер кепе, жер кепеде ким жашайт?
-Мен чычкан ийинчээк.
-Мен бака бакылдаак.
-А сен кимсиң?
-Мен коенек секирчээк.Коенек секирип жер кепеге кирет.Алар үчөө бирге жашай баштайт.Түлкү эже өтүп баратат.Терезени такылдатып: Жер кепе, жер кепе, жер кепеде ким жашайт?
Мен чычкан ийинчээк.
-Мен бака бакылдаак.
-Мен коенек секирчээк.
-А сен кимсиң?
-Мен түлкү эжекемин.Түлкү да жер кепеге кирет.Төртөө бирге жашай баштайт.Көк жал карышкыр жүгүрүп келет. --Жер кепе, жер кепе, жер кепеде ким жашайт?
Мен чычкан ийинчээк.
-Мен бака бакылдаак.
-Мен коенек секирчээк.
-Түлкү эжеке.
-А сен кимсиң?
-Мен көк жал карышкыр.Карышкыр кепеге эптеп батып, алар бешөө бирге жашай баштайт.Аюу өтүп баратып, кепени көрүп, кыйкырат.
--Жер кепе, жер кепе, жер кепеде ким жашайт?
Мен чычкан ийинчээк.
-Мен бака бакылдаак.
-Мен коенек секирчээк.
-Түлкү эжеке.
-Көк жал карышкыр
-А сен кимсиң?
-Мен май таман аюумун деп кепеге кирмек болот.Канчалык аракет кылса, ичкери кире албайт.Мен андан көрө чатырда жашайм.
-Сен бизди басып каласың?
-Жок баспайм.
Анда чыга бер.
-Аюу эми эле чыгайын дегенде кепени тарс этип кулатып салат.Жаныбарлар туш тарапка качып чыгышат.Алар карагай ташып, тактай тилип, жаңы кепе курушат.
Чычкан- Калыбекова Мариям Бака- Кадырбекова Татына
Коенек – Капыржанова Адинай Түлкү – Мамбеталыева Гулзинат
Карышкыр – Абдуваитов Марлен Аюу – Салибеков Бекболот
16.Кызыктуу оюн “Сезимтал апа”
17.Испан бийи.Марлен, Бекболот, Оомат, Умар, Татына, Айжанат, Раяна, Даткайым
Бийле жигит, бийле кыз,
Бий көңүлдүү сергитет.
Бийле жигит, бийле кыз,
Бий көңүлдүү эргитет – демекчи кезек бийде.
18.Индия бийи.Адинай, Датка, Татына
19.Тамашоу
Тамашоу, тамашоу,
Кызыктуубу байкагыла.
Маанисине көңүл буруп,
Кызык болсо мактагыла.
1.Момпосуй Адинай, Гулзинат
.Апасы алып келген момпосуйдун баарын кызы жеп түгөтмөк болду.
- Секетиң кетейин, анча-мынчасын эртеңкиге да калтырсаңчы!
-Апаке, бүгүн бүткөрөр ишиңди эртеңкиге калтырба!-деп өзүңүз айтасыз го.
2. Бергиси келбей Умар, Оомат
-Умар, мышыгыңды берчи бир күнгө.Биздин үйдө чычкандар көбөйүп кетиптир, кармап жесин.
-Антпей эле сен чычкандарыңды мында алып кел.Менин мышыгым жеп берет, - деди мышыгын бергиси келбеген Умар.
3.Оорубайт Даткайым, Дастан
-Дастан, балка менен ойнобо, бармагыңды оорутуп, чаап аласың!
-Оорубайт, мыкты Адинай кармап турат да.
4.Түгөтө элек. Зарина, Нуркан
-Нуркан, аквариумдагы сууну жаңырттыңбы?
-Жок, энеке.Алар мурдагы сууну да ичип түгөтө элек экен.
5.”Балыктар неге сүйлөбөйт?” Бекболот, Оомат
-Ата,- деп айтты Оомат, - мен балыктар эмне үчүн дудук болушарын билдим.
-А эмне үчүн экен?
-Сиз башыңызды сууга салып, эки-үч сөз айтып көрүңүзчү....
6. Архитектор болом Адинай, Айжанат
-Ай кызым бул эмне кылганын ыя.Ушундайында качан койосун ыя сениби! Тур бурчка!
-Апаа мен чонойгондо ким болоорумду билдим!
-Билем мен сени ким болооруңду чоңойгондо боенгонду жакшы көрөсүң визажист эле болосуң.
-Жок апа, мен чоңойгондо архитектор болом.Жалаң бурчу жок үйлөрдү салам.
-Эмне үчүн бурчу жок?-Анткени мен дайыма бурчта тура берип тажап кеттим.
7.Топ Нурэл, Бекболот
-Ай балам алдагы кебетең кантет? Баш кийимиң кир болуптур го
- А бул менен балдар топ ойношкон.
-Апей балдар топ ойношсо, анан сен жөн эле карап отурдуңбу?
-Жок мен аларга дарбазачы болуп бердим.
8.Сабакта Оомат, Марлен, Дастан
Мугалим сабакта:
-Оомат, уй бизге эмне үчүн керек?
-Сүт берүү үчүн! -Азаматсың!
-Марлен, а кой эмне үчүн керек?
-Бизге эт, жүн берүү үчүн!
-Туура, Дастан, а эчки эмне үчүн керек?
-Уй-койду алдыга баштоо үчүн!
9.Шым Раяна, Бекболот
Мугалим Бекболотту урушуп жатат:
-Бекболот, сен мурдагы күнү мектепке эмнеге келген жоксуң?!
-Апам шымымды жууп койгон эле.
-А кечээ эмнеге келбедиң?
-Кечээ сиздин үйүңүздүн жанынан бара жатып, шымыңыз жайылып турганын көрүп, сизди келбесе керек дегем...
10.Күндөлүк Гулзинат, Умар
Үйүндө апасы Умар:
-Умар, эмнеге сенин күндөлүгүң бурчта турат?
-Мен аны “2” алгандыгы үчүн жазаладым да, апа! – дептир.
11.Момпосуй Оомат, Адинай
-Апа -Ов, балам -Мага момпосуй берчи?
-Койчу балам, карачы ансыз деле тиштериңдин баары курттап түшуп калды.
-Эч нерсе болбойт, апа -Ыы
-Менин тиштерим көп да -Кана -Ыы
Байкап жүргөн балдарымды карасам,
Баары тегиз оозун ачкан балапан.
Чоң сыноодо жаңылбасын деп тилейм,
Алыс учсун акыл тилеп канатчан.
“Кош бол - Алиппе” аттуу концертибиз аягына чыкты.Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.Кезек орус тилинде.