СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кош бол Алиппе 1-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кош бол Алиппе 1-класс»

Тема: Кош Алиппе!

МАКСАТЫ: - Окуучулардын «Алиппе» китебинен алган билимдерин, түшγнүктɵрүн жыйынтыктоо, кабыл алуусун, сɵз байлыгын ɵнүктурүү, үн кубултуп кɵркɵм окууга үйрөтүү;

-Билимге, эмгекке ɵнɵргɵ, умтуулуга бири-бири менен сый мамиледе болууга, кыргыздын баалуулуктарын сактоого тарбияланат.

ЖАБДЫЛЫШЫ: Учкул сөздөр, түстүү гүлдөр, шарлар.

ЖУРУШУ: Музыканын коштоосунда окууучулар келип тизилет. (Балалык.)

-Уюштуруу

-Саламдашуу

МУГАЛИМ: Кымбаттуу мугалимдер. АТА-ЭНЕЛЕР ЖАНА ОКУУЧУЛАР

1 «Б» класстын «Кош Алиппе!»

аттуу майрамына кош колипсиздер.

Билимдин жолуна чыйыр салып, мектеп босогосун аттап, билимге кол сермеген окуучуларымды майрамдары менен куттуктаймын!

Келечектеги биздин улуу адамдарыбыз, сиздердин алдыныздарда. Тамга таанып,ɵз алдынча окуп, жазып калышты. Ушуну үйрɵткɵн «АЛИППЕ» китеби менен коштошоор учур да, келип турат. Ушул учурду окуучулар эмес, ата-энелер да чыдамсыздык менен күттүк эле. Анда эмесе майрамыбызды ачык деп жарыялайбыз.


МУГАЛИМ:

Мугалимдик кесипти ыйык кɵрүп,

Кесиптердин ичинен бийик кɵрүп.

Өмүрүмдү ушул ишке арнап келем,

Наристеге бүт дилимден мээрим берип.

Мектеп болуп менин ыйык үйүмдөй,

Өмүр өтөөр, өмүр көчөөр билинбей.

Саамайларым агарса да шашылып,

Арзып келем мектебимден түнүлбөй.

17 окуучуга билим берем,

Балдарым күттүгө деп шашып келем.

Бактылуу болсо экен деп тилеп келем.

Келечекте баатырлары, балбаны,

Мына булар эр Манастын урпагы.

Билим алып өнүгүүгө умтулат,

Текке кетпей менин берген билимим,

Болсо экен дейм ар кесиптин адамы.




Саламдашууу салт экен го кыргыз элде (окуучулардын айтуусу менен башталат)

Ассалому алейкум, меймандарым аманбы!.

Арбагыла калайык, мен да айтам саламды!

Салтты билип башында, саламдашып алалы!

Амандыкты сураган айткылачы жаманбы?

Айдай сулуу апаларга!

Аска –Тоодой аталарга!

Мээримдүү мугалимдерге!

Баш ийип салам айтабыз

ХОР: «МЕКТЕБИМ»

АЛИППЕГЕ! АРНАЛГАН БӨЛYМ

Кош алиппе! Алым сабак ыры

-Тамгаларды үйрөткөн, сөздөрдү кошуп сүйлөткөн мыкты китеп.

-Эмине, муну айтчы билет ким?

-Билем аны «Алиппе» билим берген алгачкы. Тизмектеп окуткан Алира эжей жардамчы.

-Эрке ойноок бала элек, тарбиялап үйрөткөн. Жыл ичинде өзгөрткөн ал Алира эжебиз.

-Алиппени колго алып, барактасан барагын. Эмнелер бар ичинде бизге кандай талабы?

-36 тамга бар, түркүн сүрөт тартылган. Муундаган сөздөр бар. Баары жогун камтыган.

ЧОГУУ: Ыраазы бол ак АЛИППЕ, сени уят кылбайбыз!

МУГАЛИМ: Бүгүн бизде чон майрам,

«Алиппенин» майрамы

Ариптерди үйрөткөн,

Ал акылдын каймагы.


ХОР: Мектеп бүгүн шаңга толгон, тизилишет тамгалар.

Китептердин төл башчысы Аиппени даңтайбыз!

Алфавитте отуз алты тамга бар,

Ар биринин милдети зор аткарар.

Аларсыз биз окуп, жаза албайбыз,

Аба мене суудай керек бизге алар.

Ача аласың билимдин кең эшигин,

Алфавитти жатка айта аласың


ТАМГАЛАРДЫН ЫР КЕСЕСИ

“А”

Ата апа деген ыйык сөз. А тамгадан башталат,

Алфавитти билет деп, Ата-энебиз кубанат.

Ырды «Б» га узатсам, ыр кесебиз уланат.




“Б»

Беш деген баа менен, биринчини бүтөмүн,

Бакыт таап эмгектен, баатыр болуу тилегим.

Бул ырымдын жообун, «В» тамгадан күтөмүн.


“В”

Велоспорт жарышын, вертолеттон карашат,

Вуздун коргоп намысын, велосипедчи болсом жарашат.

«Г» га берсем кезекти, кубанып сонун ыр айтат.



“Г”

Газетадан окусам,Гагарин аттуу адамды,

Гагариндей болом деп, гезитке жазгам кабарды.

«Д» тамгага ыр сунам, чарк айланып ааламды.


“Д”

«Д» тамгадан башталат, Дүйшөнкул, Дайыр аталар,

Данкы алардын таш жарат, душманды толук женди алар.

Ырларды алсак Е тамга, ыр кесебиз уланар.


«Е»

«Е» тамгасы мен болом, эч кимдин жолун тоспогон.

Сөз башына келбестен, орто аягын кооздогон.

Ётошкон тамганы Ё менен мен дос болом.


“Ё”

«Ё» деген тамганын й менен о ну кошкондо,

Бир тамга болуп каламын, эки тыбышты билдирген.

Эн эле оор салмагым, «Ж» га кезек узатам жаркырап турат жан жагым.


“Ж”

«Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста,

Жакшы окуучуболсок биз, бизди журтубуз дайым мактайт.

Ыр кесени узатам ырыстуу «З» тамгага.


“З”

Замирбек аттуу акын бар , з тамгадан башталат.

Замандын токмо ырчысы ал, заманбап ыр куу аткарган.

«И» тамгага ыр сунам, ишимде дайым макталган.


“И”

Илимдуу эжей-агайлар, иштешет дайым талыкпай,

Й тамгага ыр келсе, Ырларды созот булбулдай.


“Й”

Ай, чай май деген сөздөрдун, аягында келемин,

Ар сөзду кооздо жагынан, Артык менин өнөрум.

Колумдагы ыр кесени, «К» тамгага беремин


“К”

Кыргызым менин кыргызым,Кымбатым улуу улутум,

Бабалар баскан жолду улап, Баратат алга уул-кызын.

Кесени «Л» га узатам, көкто жанган жылдызын.


“Л”

«Л» деген тамганын лампочкадай жанамын,

Лира акын айткандай, Лира болуп алганмын

Ыр кесенин жообун «М» тамгадан аламын.


ЖЕКЕ НОМЕР: «Мугалим эжеке»

“М”

Мекен деген ыйык сөз. М тамгадан башталат

Мазмуну чексиз ааламдай, Манас айтуу зор талант.

Намыстуу «Н» га ыр сунам, Назик ун менен аткарат.


“Н”

«Н» тамгасы мен болом, Намыстуу балдар колдогон,

Насыят айтам балдарга, Нанды уболоп ойногон.

Жакшы ыр менен «н» тамга жооп берет деп ойлоном.


“Ӊ”

Атаң, апаң, агаң, эжең, синдиң, өзуң

Агайың, эжейиң деген сөздөрдөн аягыңа келемин.

Орус эли менен достошкон О го кезек беремин


“О”

Окуу, окуу жана окуу. Осуятын дайым угабыз.

Орусча тамгаларды да, Окуйбуз жана жазабыз.

Обон созуп, ыр ырдап, О го узатып жатабыз.


“Ө”

Өмүрүн арнап балдарга, өзгөчө сүйгөн кесибин

Өмүрү өрнөк улууга,өзгөчө туюм ,сезимим.

Парталашым «П» тамга, Ырлардын ырдайт жетигин



“П”

Партада бирге туруп, П ны жазып баракка толтуруп.

Бишкеке барганбыз каникулда, Поезд менен вагон толтуруп.

«Р» га узатам кезекти. Ыр кесени мен сунуп.


“Р”

Райондо данкталган, Республикага чейиин мактанган.

Рыспектей жигит көп . «Р» тамгадан башталган.

Сыймыктанып аларга , «С» кезекти узатам



С

Сайраса жолдо комузу, Сыйкырлуу мукам добушу.

Самара эже кыргыздын.Сыймыктанар бир кызы.

Талантка таазим кылабыз. «Т» кезек сунабыз.


"Т

Толубайдай ырчы бол,Токтогулдай ырчы бол.

Таланттуу бол ,улуу бол, Тааныган кыргыз улуу бол.

«У» узатам кезекти, Ушулардай адам бол.



У

Улууга урмат, Кичүүгө ызат,

Жүрөгүм ушул макалды, Жүрөгүнө бек сакта.

«Т» сунган кесеге, жооп берейин ыр ырдап.



ЖЕКЕ НОМЕР: «Мый-мый»



Y”

Yсөнбай Замирбек, Yйрөнуп алат өнөрду.

Yч кылдуу комуз куу согот, Yйүмдөн күндө көрөмүн

Фонардай жанган балбылдап, «Ф» га кезек беремин.


Ф

Фабрикада иштеген , Фатима эжем алдыда.

Футболчулар кийуугө. Форма тигет дайыма.

Кезекти берем уккула, Керемет «Х» тамгада.


“Х”

«Х» деген тамганы халатымдай дили ак, дарыгер болом чонойсом.

Ден соолукту бек сактап , Ц берем кезекти .

Цирк жөнундө сөз жылат.


“Ц”

Циркте иштеген байкелер, Циркте иштеген эжелер.

Сыйкырдуу кесип ээлери, Сиздерге ким тенелет?

«Ч» га узатам кезекти. Ырдаса жүрөк термелээр.




“Ч”

Ч. Айтматов улуу жазуучу, Ч.Айтматов улуу инсан.

Чыныгы адам болосун, Чыгармаларын окусан.

«Ш» га кезекти, Шаттуу ырын бир уксам.


“Ш”

Шейшемби куну да көрдум шаршемби куну да көрдум.

Шаршен атанын артисттеринин шайырдыгына тан бердим.

«Щ» га кезек узатып, Щанкылдап ырдап мен келдим.


ХОР «Ала-Тоонун ары жагы»


“Щ”

Щётканын түрү өтө көп, Щёткага мышык өтө өч.

Щвейцар деген ар күнү, Щётка менен өткөрөт


“Ъ”

«Ъ» белгиси аткарган дебе көп жумуш.

Ансыз сөз болот жагымсыз.

Ыр кесени узатам «Ы» тамгага мен сунуп.


“Ы”

Ырчылар обон созгондо, Ыктаа коюп угабыз.

Ырчы айымдар досторго, ыраазы болуп чыгабыз.

«ь» белгисине ийилип, кесе сунабыз


«Ь»

Мен ичкертүү белгиси,Ички сырым жашырбайм

Тамгалардын биринин, тыбыш болуп айтылбайым.



Э»

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

Кыялым максат тилегим, Кызмат кылуу Мекенге.

Ата журт чегин сактаймын,айланып мыкты жоокерге.


«Ю»

«Ю» деген тамгамын, баарына зоор жардамым.

Укугун коргоп элимдин, Юрист болуп алганмын.

Акыйкаттык чындык деп, Ааламга жар салганмын.

«Я»

36 тамгамын, орус тилинен кирип.

Кыргызча сйулөп калганмын, Көбунчө сөз башына келип.

Кыргыздын төл сөздөрундө, ортосу менен аягында тандадым.






БАЛДАРДЫН АТКАРУУСУНДА

Ар бир тамга сырлары,

Баарыбызга жат болду.

Эми баардык жомокторду,

табышмактарды, макалдарды,

Өзүм окуй аламын.

Орундатып ой тилекти,

Окуп буттум АЛИППЕНИ

Таанып билип алдым мен,

Тамгаларды жалпы эми.


МУГАЛИМ: Азаматсынар, балдар биз ар бир тамганын сырларын уйронуп алдык , биз эми өз алдыбызча жомокторду окуп, табышмактарды жашырып, макалдарды, жанылмачтарды айта алат экенбиз.эмесе табышмактарды жашыралы.

ТАБЫШМАКТАР:

Кызыл жашыл өңуу бар,

Суйлөгөнду билбейт ал (гүл)

Суйлөбөйт бирок акыл уйрөтөт (китеп)

Тундө бар, кундузу жок,

Асманда бар, жерде жок (жылдыз)

Балдар барбаганын койбойт,

Ал жерде турдуу айбанаттар ойнойт (цирк)

Түктүү тили бар,

Тазалыкты сүйөт ал (щётка)

Өзʏ темирден, жылынга окшоп соймолойт (поезд)


Макалдар

Китеп билим булагы.

Билим- кенч, эмгек анын ачкычы.

Туулган жердин топурагы алтын

Өнөруң болсо өргө чап.

Сен деген – сенек сөз,

Сиз деген – сылык сөз.

Куч кетет, билим кетпейт.

Акылдуу бала – элпек,

Акылсыз бала – тентек.

Көз коркок, кол баатыр.

Акыл баштан, асыл таштан.


Жанылмачтар

Ак кептер, көк дептер.

Толтура, көп дептер, топ дептер.


Асан менен ким эгиз?

Апал менен ким эгиз?

Yсөн менен ким эгиз?

Yпөл менен ким эгиз?


Топту тоголотту, Топ тоголокпу?

Тоголонгон топту, токон торомокпу?

Мугалим : “Бийле жигит, бийле кыз, бийлегенге не жетсин”, - демекчи кезекти бийге беребиз (кыздардын аткаруусунда.)

БИЙ:

Мугалим: Азаматсынар кыздар, эми биз Алиппе китебинен жаттаган ырларыбызды, көркөм, ʏн кубултуп, айтып береличи.


Китепти сүй.

Китепти сүй баркын бил,

Китептин көп акылы.

Ким китепке дос болсо,

Ал ошонун жакыны.

Сүттөй таза тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй туну акыйкат,

Анын ар бир барагы.


Yйрөнөм

Кыргыз тили-эне тилим,

Орус тилин билемин.

Эми болсо англисче,

Билсем деген тилегим.

Мээрим

Эжеке,эжеке айтынызчы?

Мээрим, мээрим мээрим.

Мээрим деген эмне?

Мээрим эркелетип,

Сени өстургөн ата –эне.

Жакшы көрөм кундө эртеден,

Энем жайнап кулгөнун.

Тура гой- деп эркелетип,

Көздөрумдөн өпкөнун.


Жазда

Жазды мактап тоскондой,

Ырдай берет боз торгой.

Төрт түлүк мал төлдөшөт,

Айран, сүттү көлдөтөт.

Балыр чөптү кармалап,

Балдар издейт мандалак.


Жайда

Бедерленип жер бети,

Жашылданат келбети.

Чымын, чиркей көпөлөк,

Учуп журөт көпөлөк,

Жур, жур балдар, баралык,

Калкан кармап алалык.

Куздө

Керилген жер бети,

Алтындай келбети.

Тоо болуп жыйналат,

Эмгектин бермети.


Кышта

Мына, мына аппак кар,

Аппак карда алтын бар.

Жазда тердеп эришет,

Жерге жашын төгушөт.


Чыйырчык дос

Туруң баркыт өңуңдөй,

Каралыгың көмурдөй.

Кайда журдуң чыйырчык,

Куздөн бери көрунбөй.


Келсе экен деп айылга,

Сени куттум айылда.

Ала шалбырт жаз менен,

Уя салдым бутакка.


Сен кичине баатырсың,

Ыйык жана асылсың.

Чегирткени терип чык,

Жердин көрку ачылсын.


Төө жумушка келатса

Өчөң-өчөң төө желип,

Келе жатса жумушка.

Чакырып калды конокко,

Чай ичип кет деп кумурса.

Тамак-ашын турдуулөп,

Дасторконго жайнатып,

Кумурска чай апкелди,

Самооруна кайнатып.

Кичинекей чынысы,

Кичинекей табагы.

Кичинекей кумурсканын

Кыпындай да тамагы.

Буларды төө көрө албай,

Буркөлуп турду кабагы.




МУГАЛИМ: Элим кыргыз, урааным Манас.

Кыргыз элинде мурдатан бери айтылып келе жаткан, муундан-муунга алып, атагы чыгып, кыргызды ааламга тааныткан “Манас” эпосунан үзүндү.

Муктарбеков Баяман, Сейитказыев Атай.

Салима: Кыргыз элим улуусун

Кымбатым жерим сулуусун

Курманжан Манас төрөлгөн,

Энелер кандай улуусуң.

Баяман: Эне тилде улуу Манас суйлөгөн.

Кыл айткан, Бакай эне тил менен.

Алманбет да чоро болуп Манаска,

Кыргыз тилин өз тилиндей уйрөткөн.

МУГАЛИМ: “Эсепсиз дос айрылбай” дегендей, кезек математика сандарында

Санак бирден башталат,

Бул сан бир деп аталат.

Сан башында жол башталат

Сандын баарын башкарам.


Эң эле кооз койкойгон,

Эки деген сан болот.

Эринчээкке, жалкоого,

“Эки” деген баа коем.


деген сан боломун,

Yмутумду кошомун.

Эл аралык мелдеште,

Ээси менмин колонун


Төрт деген сан мен болом.

Бир, эки, учтөн чоң болом.

Жакшы окуган балдарга,

Жакшы деген баа коем.


Бардык сандан беш жакшы,

Буга болот кимм жакшы?

“Отличник” деп коет,

Бешке окуган баланы.


Айлакер тулку аңдыптыр,

Бөдөнө тиштен алыптыр.

Алты” деп айта коем деп,

Аңырайып калыптыр.


Мен жетимин, жетимин,

Бир жумада жети кун.

Билип жургун дайыма,

Бири Кыдыр жетинин.

Балпайган сегизмин,

Бардык сандан семизмин.

Эки төрткө бөлунуп

Кызмат кылам эл учун


Тогуз деген сан болом?

Топ сандан чоң болом,

Топтоголок башым бар,

Тогуз коргоол ойногон.


Мен болом тоголок,

Менин атым нөл болот.


2 саны: 0 саны жок сансың кет.

5 саны: 0 сандын кереги жок.

8 саны: 0 сансыз эле жашайбыз.

БААРЫ: Кет, кет, бизден кет. Биз сенсиз эле жашайбыз.

МУГАЛИМ: Балдар, силер 0 санын кереги жок деп араңардан кууп жибердиңер. Кана, анда көрөлʏчʏ, силер 0 сансыз эле жашай алат бекенсиңерби. Мен азыр силерге бир нече мисал берем чыгарып көргʏлөчʏ?

8+1 суммасы канча болот?

2+5 суммасы канча болот?

8+2 суммасы канча болот?

Балдар, суммасы канча болот? Азыр бизге кайсы сан керек болуп жатат.

Сандар: 0 саны керек болуп жатат.

МУГАЛИМ: Кана анда 0 санынан кечирим сурап эрчитип келгилечи.

Сандар: 0, бизди кечирип кой. Бизге сен абдан керек экендигиңди билдик. Кечирип кой.

0 саны: Мен барбайм. Силерге абдан таарындым.

2 саны : кечирип кой 0 саны.

5 саны:Биз сенсиз жашай албайбыз

8 саны: сенсиз биз мисал чыгара албайт экенбиз.

0 саны: Макул анда, мен силерди кечирдим. Жʏргʏлө мисалдарды чыгаралы.

МУГАЛИМ: Ошондон бери сандар чатак чыгарбай математика кабинетинде ынтымактуу жашап калышыптыр.

МУГАЛИМ: Жакшы балдар турбайбы, Билимге абдан умтулган.

Ата-энем айым кʏнʏм.

ЖЕКЕЧЕ ЫР: “Апакем”

Мугалим: Ата-эне канынан адам болуп жаралган.жарыкчылык тартуулашкан, буга абдан кубанам. Балдарыбыздын бактысы ата-энеси менен аманчылыкта, маңдайында болуусунда эмеспи, анда көңʏлʏңʏздөрдʏ «Ата-энем –айым кʏнʏм» аттуу адабий монтажга көңʏл бурабыз.

Мектептен ʏйгө барганда силерге ким жардам берет?

ХОР: Атам, апам!

Назик: Ата деен сөз уксам, аалам болуп угулат,Ата-энем мен ʏчʏн, айдай болуп туюлат.

Баяман: Ата деген сөз айтсам асыл болуп угулат. От жагылып очокко, аппак камыр жуурулат.

Салима: Жумуштан келгиче, сагынамын апамды, ʏйгө кирсе жар этип, унутамын капамды.


ХОР: АТА-ЭНЕМ

МУГАЛИМ: Азаматсынар, балдар дайыма ата-энелерибизди сыйлап, урматтап журөлу.

ЖОМОКТОН YЗУНДY: (балдардын аткаруусунда.)

БАЛАНЫН ПАРЗЫ”

Автор: Бир карыянын уч уулу бар экен. Алар өспурум куракта келишкенде атасы ооруп төшөккө жатып калат. Туркун дврыгерлер келип айыктыра алышпайт. Ошондо атасы балдарын чогултуп мындай дейт.

Атасы: Балдарым мен оорумдан айыкпайт окшойм. Дарыгерлер айыктыра алышпады. Кана айткылачы балдарым, мен көз жумсам кимиң кандай зыйнат көрсөтөсунөр?

Улуу баласы: Мен заңгыратып ак мрамордон эстелик салам.

Ортончу баласы: Атыңызды эл айтып каларлыктай кылып ат чаптырып, Ала-Тоодой эт бышырып, чон той берер элем.

Кичуу баласы: Мен акыл-эстуу болуп, окуп билим алсам, көп өнөр уйрөнуп элге кызмат кылсам баланчанын баласы деп айтса болду. Менин тилегим да, максатым да ушул.

Атасы: Мен оорумдан жакшы болуп кеттим. Эң кичуу балам туура айтат. Мен эми өлбөй калдым. “Жакшы сөз жан эргитет” деген туура айтылыптыр. Билим алгыла, билимдуу адам дайыма кыйналбайт.

ХОР: Көп окуган көпту билет.

БИЙ: (балдардын аткатуусунда)



ХОР: «Ак гүлдөр»

МУГАЛИМ: Ушуну менен биздин 1 б кл “Кош Алиппе” майрамына арналган кечебиз аягына чыгып келип турат. Мындан ары балдар жакшы окуп, тартиптʏʏ болуп дайыма мектептин алдыңкы окуучулары болуп жʏргʏлө.

Сөз мектептип директору Чыныбаев Жолдош агай.

Окуу бөлʏмʏнʏн башчысы Мокушова Гульзат эже.

Ата-энелер

Көңул бурганыныздар учун чоң ырахмат!






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!