Бүгүнкү сабакта өтүлгөн темаларды кайталап, билимдерди жыйынтыктоочу сабак болот. “Космос жылдыздары” деген оюнду ойнойбуз. Ал үчүн 3 командага бөлүнөбүз:
1-топ: “Сары жылдыздар”
2-топ: “Көк жылдыздар”
3- топ: “Кызыл жылдыздар”. Оюндун девизи: “Ойлон, изден, тап!”
Просмотр содержимого документа
««Космос жылдыздары» оюну»
Класс: 7в
Сабактын темасы: Кайталоо сабагы.
«Космос жылдыздары» оюну
Сабактын максаты:
Билим-берүүчүлүк- окуучулардын мурдакы сабактарда окулуп үйрөнүлгөн негизги билимдерин, колдоно билүү көнүмүштөрүн өздөштүрүлүш даражасын текшерүү
Тарбия-берүүчүлүк- окуучулардын кичи топто иштей алуусун, өз ара кызматташтыкка, бири-бирин сыйлоого, уга билүүгө тарбиялоого көмөктөшүү
Өнүктүрүүчүлүк- окуучулардын предметтик маалымдуулугун, предметке болгон кызыгуусун, алган билимдерин практикалык иште колдоно алуусун арттырууга көмөктөшүү
Окутуунун усулу:
Сабактын тиби: жыйынтыктоочу сабак
Сабактын жабдылышы:
Программалык жабдылыш: РР презентация “Космос жылдыздары”
Аппараттык жабдылыш: интерактивдүү доска, компьютер
Колдонулган адабият: Т.Р. Орускулов “Базалык курс”, И.К. Сафронова “Задачник-практикум по информатике”, О.Л. Соколова “Информатика”
Сабактын жүрүшү:
Окуучуларды сабакка уюштуруу
Бүгүнкү сабакта өтүлгөн темаларды кайталап, билимдерди жыйынтыктоочу сабак болот. “Космос жылдыздары” деген оюнду ойнойбуз. Ал үчүн 3 командага бөлүнөбүз:
1-топ: “Сары жылдыздар”
2-топ: “Көк жылдыздар”
3- топ: “Кызыл жылдыздар”. Оюндун девизи: “Ойлон, изден, тап!”
Оюн төмөнкудөй раунддардан турат:
Ар бир туура жооп үчүн бир тепкичке көтөрүлөсүнөр
Оюнду баштайлык. 1- раунд: Ойлонуп, иш кыл! Көңул бургула 1-тапшырма:
Кичи топто иштеп жообу айткыла? биринчи бүткөн топ доскага жазат. (3 мин)
2-раунд
3- раунд “Аттын жүрүшү”
4-раунд
Суроолор берилет:
“Информация” деген сөз латын тилинен которгондо эмне деп которулат? (билдирүү, кабарлоо)
Информациялык процесстер деген эмне?
Техникалык түзүлуштөрдө информациялык процесстер болобу?
1 байтта канча битке барабар?
1Кбайтта канча байт бар?
Сандардын жана алар менен болгон амалдарды чагылдыруу ыкмасы?
Кайсы системада 12 саны “С” деп белгиленет?
Араб цифралары кайда болгон?
Кайсы системада 1+1=10?
Келечек жөнүндө маалымат кандай касиеттке ээ болушу мүмкүн?
Жыйынтык чыгаруу.
Баалоо. Баа коюу.