Адабий окуу .
Сабактын темасы: КОЖОЖАШ
Сабактын максаттары:
• билим берүүчүлүк: Табиятка жасалган кыянаттык кайра адамдын өзүнө кайтып келерин туюндуруу. Жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоо тууралуу түшүнүшөт. Жаратылыштан керегине жетишинче алуу, бирок напсини агытпоо, үй жана жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасоо керектигин билишет.
• өнүктүрүүчүлүк: Өз оюн эркин, далилдүү айта билүүгө машыгат. Сынчыл ой жүгүртө алат. Топто жоопкерчилик менен даярданып, башкаларга жеткиликтүү айтып берүүгө машыгат.
• тарбия берүүчүлүк: Табиятты коргоо ар бирибиздин милдетибиз экенин билишет. Топто ишти аткарууда бирин-бири сыйлап угууга үйрөнүшөт.
Көрсөткүчтөр:
Жогоруда коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:
• чыгарманын мазмунун түшүнсө; чыгарманы өз сөзү менен талдай алса;
• табият ар бирибиздин тагдырыбыз экендигин, ал эми табиятты коргоо ар бирибиздин парзыбыз экенин билишсе; чыгарманы талдай алса;
• тексттеги каармандардын кылык-жоруктарын мүнөздөй алса;
• топто жоопкерчилик менен даярданып, башкаларга жеткиликтүү айтып бере алса;
• өз оюн далилдүү айта алса;
• топто биргелешип текст менен иштей алса;
• топтук ишти аткарууда бирин-бири сыйлап, уга билсе.
Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү
Колдонулган ыкма: кезектешип бирин-бири окутуу
Сабактын жабдылышы: 1 флипчарт эки окуучуга бирден текст (№1, 2, 3 тиркемелер).
1-кадам: Окуучулар 1ден 6га чейин санап, топторго бөлүнүшүп отурушат.
2-кадам: Мугалим окуучулардан жаратылыш байлыктарын, жан-жаныбарларды сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек? деген суроо аркылуу акыл чабуулун өткөрөт.
3-кадам: Окуучулар өз ойлорун айтышат, алар доскага же флипчартка кыскача жазышып, окшоштору болсо бирөө чийилет (3–5 мин.).
4-кадам: Ар бир топтун экөөнө бирден текст таратылат.
5-кадам: Окуучулар берилген тексттерди окушат, топто талкуулап, башка топтогуларга айтып, даярданышат (10 мин.)
6-кадам: Даярдыктан кийин 1-топ калган топторго бөлүнүп отурушат да даярданган тексттерин аларга айтып беришет (5-7 мин.).
7-кадам: Алар ордуна келип отурганда 2-группага бул ишти улантат. Акырында бардык группа кезектешип айтып берүү менен бүтүндөй теманы өздөштүрүп чыгышат.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
1. Кожожаш камалып калган аска-зоонун бийиктигин көз алдыңарга элестеткиле?
2. Кожожаштын ушундай абалда калышы эмненин натыйжасы?
3. Жаратылыш байлыктарын, жан-жаныбарларды сактоо үчүн биз эмне кылышыбыз керек деп ойлойсуңар?
4. Аскада калган мергенчинин абалын элестетип, сүрөтүн тарткыла.
Окуучулардын билими сабактын максаттарына ылайык берилген көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат.
Үйгө тапшырма катары төмөнкүлөр берилет:
1. Өтүлгөн теманы кайрадан окуп, мазмунун айтып берүү.
2. Аскада калган мергенчинин абалын элестетип, сүрөтүн тартып келүү.
№1 тиркеме. Кожожаш
Мергенчи Кожожаш бир урууну мергенчилик менен багып турат. Эпосто кайбереңдин ээси Сурэчкинин Алабаш деген текесин атып, жалдырап суранса да болбой, улактарын бүтүндөй кырган. Ал үчүн Кожожаш Сурэчкинин каргышына калат. Керемет сыйкырлуу күчү бар Сурэчки мергенчини жазгырып, жалама аскага калтырат. Кожожаш асканын боорунда калат. Аны аскадан эч ким куткарып кала албайт. Колундагы мылтыгын таштаса, ал дагы жерге жетпей, күкүм болуп жок болот. Анан өзү аскадан боюн таштап өлөт.
Дастанда жаратылыш сырларын ачуу жолунун татаалдыгы жана жаратылышты кадырлап сыйлай билүү зарылдыгы жөнүндө баяндалат.
Анда эмесе, сөз аскада калган Кожожаштын Зулайкага айткан керээзи жөнүндө болмокчу.
№2 тиркеме.
Кожожаштын Зулайкага айткан керээзи
Аскада калган Кейибегин, алганым,
Кетти ичимде арманым,
Бир эчкинин зарынан,
Билбедим ташта калганым.
Караны кийип кайгырып,