Козу уулунун чыгаандары
Балбак – Кокон хандыгындагы элдин эркиндиги үчүн аскердик согуштарда эрдик көрсөткөн баатыр.
Шермат (Абылгазынын уулу) – 1908-1912-жылдары казы болгон.
Абдыразаков Карим ажы Саке уулу – ардагер-педагог, көп жылдар бою Өзгөн районундагы Красный Маяк орто мектебинде директорлук кызматта иштеген, 2008-жылы ажылык парзын аткарган, 2015-жылдан КР ардактуу аксакалы ордени менен сыйланган, ардактуу аксакалдар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.
Абдрасулов Бөкөнбай (Ысаков Икрам) – 1952-жылы туулган Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүргөн, Жалал-Абаддагы заводдо технолог, башкы технолог, инженер, директор, мерияда бөлүм башчы кызматтарында эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Давлятов Ырыскул – Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, согушта бир колунан ажыраган. Айылда биринчилерден болуп пединституттан окуп, химия жана биология мугалими адистигине ээ болгон. Академик Б.Мурзубраимов, партиялык жана советтик кызматкерлер Абдышүкүр Исабаев, Алайбек Мамасадыков, Тажимамат Абдыгапаров ж.б. окутуп, тарбиялаган.
Давлятов Улукбек Ырыскулович – техника илимдеринин доктору, Москвадагы автомобиль-жол институтун бүтүргөн, И.Раззаков атындагы техникалык университеттин кафедра башчысы, профессор, КР Инженердик академиясынын академиги.
Досмамат кызы Тоту – 1955-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5-чакырылышынын депутаты.
Абдразаков Ильяс – Өзгөн районунда алгачкылардан болуп кыска мөөнөттүү партиялык мектепти бүтүргөн, райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, төраганын орун басары, Жалпак-Таш селолук советинин педседатели, Куршаб зонасы боюнча куратор. 1942-жылы Улуу Ата Мекедик согушка кетип, согушта курман болгон.
Темирбаев Жунус – ардагер педагог, эл агартуунун отличниги, пенсионер.
Зулумбеков Улан – КГУСТАнын бүтүрүүчүсү, райархитектура бөлүмүндө эмгектенет.
Султанбеков Абдыкадыр – Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорундагы финансы жана кредит тармактарында үзүрлүү эмгектенип, жаш кадрларды тарбиялоодо.
Абжапаров Жусупбек – Жалал-Абаддагы зооветтехникумду бүтүргөн, көп жылдар бою башкы зоотехник, бөлүм башчысы, Зергер совхозунун профсоюз комитетинин төрагасы кызматтарында үзүрлүү эмгектенип, пенсияга чыккан.
Абжапаров Теңизбек Жусупбекович – 2016-жылдан КР Социалдык фондунун төрагасы.
Абдразаков Залкарбек Кубанычбекович – 2010-жылдан КР Жогорку Кеңешинин протокол бөлүмүнүн кызматкери, спикердин жардамчысы (Келдибеков А.), вице-спикердин жардамчысы (Т.Мамытов), 2013-2014-жылдары Мегакомдун Өзгөндөгү бөлүмүнүн жооптуу кызматкери, 2015-жылдан ЖК депутаты Т.Мамытовдун кеңешчиси.
Балтабаев Жолдош Инклапович– КР жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер (2002), КР Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган (1997), көп жылдар бою Өзгөн райондук жана Ош-Баткен областтар аралык токой чарба башкармалыгын жетектеген. Райондук кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, райондун ардактуу атуулу.
Арстанбеков Немат Абдуллаевич – медицина илимдеринин кандидаты, КР Улуттук ооруканада нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы.
Арстанбеков Таалайбек Абдуллаевич – КГУСТАнын бүтүрүүчүсү, ИИМдин Кант шаардык бөлүмүнүн кызматкери, милициянын подполковниги.
Төрөгелдиев Атыр – мугалимдер институтунун алгачкы бүтүрүүчүсү, Ош обкомунда жайыттар бөлүмүнүн башчысы, Куршаб райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору, азыр Красный Маяк айылындагы мектеп анын атын алып жүрөт.
Төрөгелдиев Алтынбек Атырович – 1953-жылы туулган, КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, Ош облустук Сүрөтчүлөр союзун 2005-2006-, 2012-2013-жылдарда жетектеген. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Өзгөн райадминистрациясынын аймагындагы согуштун жана эмгектин баатырлардын айкелдеринин автору.
Султаназаров Акбарали - көп жылдар бою чарбаларда зоотехник, бөлүм башчысы, директордун чарба боюнча орун басары, кооператив башчысы кызматтарында үзүрлүү эмгектенип, пенсияга чыккан.
Султаназаров Аскарали – 2007-жылы ажылык парзын аткарган.
Султаназаров Арапбай – 2007-жылы ажылык парзын аткарган.
Сарыков Турдубай – 2006-жылы ажылык парзын аткарган.
Сарыкова Ырыс – 2006-жылы ажылык парзын аткарган.