СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КРнын мамлекеттик атрибуттары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик атрибуттары

Просмотр содержимого документа
«КРнын мамлекеттик атрибуттары»

Кыргыз Республикасынын Атрибуттары

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаралышы кыргыз элинин тарыхындагы эң маанилүү окуя болгон. Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстанда биринчи кезекте мамлекеттик түзүлүшүтү,Республиканын ички жана тышкы саясаттарын аныктоо болгон.

1990жылдын аягында эле жаны Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев башында турган Конституциялык комиссия түзүлгөн. Бул комиссия бир жарым жылдык мөөнөттө Кыргызстан Конституциясынын биринчи долбоорун иштеп чыккан.Конституциянын долбоору Жогорку Кенештин биринчи сессиясында талкууланып 1993-ж 5-майда кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргызстандын элинин эркине жана кызыкчылыктарына ылайык Кыргызстандын коомдук түзүлүшүнүн жана саясатынын негиздерин аныктаган.

Кыргыз Республикасында Мамлекеттик бийликти Кыргыз Республикасынын Президенти жана эки палатадан турган Мыйзам чыгаруу жыйынынан жана Эл окулдөр жыйынынан турган Жогорку Кенеш,КРнын Өкмөтү жана Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Конституциялык сот, Жогорку сот, Жогорку Арбитраждык сот, соттор жана сот адилеттиги системасынын судьялары Конституцияда белгиленген бийлик укутарынын чектеринде жүргүзүшкөн

Кыргыз Республикасынын символикалары

Өлкөбүздүн Конституциясында белгиленгендей Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору-Желеги,Герби жана Гимни бар.

Мамлекеттик Желек

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Желеги Жогорку Кеңеш тарабынан 1992-ж 3-мартта бекитилген.Анын долбоорунун авторлору Э.Айдаров Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыковдор болгон.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин тусу кызыл. Бул, эркиндиктин, кайратмандыктын символу катары эсептелет. Асабанын ортосундагы күндүн фонунда бейкутчулукту, байлыкты, кыргыз элинин дүйнө, чексиз аалам мнен байланышын элестеткен боз үйдүн түндүгү тартылган.

Асаба бекиген туунун түсү да кызыл,анын башына темирден жасалып алтын жалатылган желек ашталган. Тууга желек ашталган жерге алтын түстөгү жиптен эшилген чачылуу байрак иштелген.



Мамлекеттик Герб


Кыргыз Республикасынын Герби Жогорку Кенеш тарабынан 1994-ж 14-январда бекитилген.Долбоордун авторлору А.Абдраев менен С.Дубанаев .

Гербде символикалык түрдө күн, тоолор, көл, талаалар, буудай менен пахта тартылган. Башкы планда кыргыз турмушунун символу катары ак шумкардын элеси берилген.

Кыргызстандын Гербиндеги ак шумкар өзүн-өзү коргоого жөндөмдүү жолу демократиялык мамлекетибизди,калган сүрөттөр күнөстүү, тоолуу жерибиз Ыссык-Көл, Соң көл, Чатыр- Көл өңдүү тунук көлдөрүбүз, мол түшүмдүү айдоо аянттарыбыз жөнүндө маалымат берет.

Мамлекеттик Гимн


КыргызРеспубликасынын Гимни 1992-ж 18-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Гимндин Сөзүн Ж.Сыдыков менен Ш.Кулуев, музыкасын Н.Давлесов менен К.Молдобасанов жазган.
Кыргызстандын мамлекеттик символдору кыргыз элинин кылым карыткан тарыхынан кабар берет. Аларда кыргыз элинин муундан-муунга өтүп келген улуу руху, бекем биримдиги, күчтүү эрки чагылдырылган. Эгемендүү республикалардын мамлекеттик символдору дүйнөдөгү мамлекеттердин символдорунун катарында өзүнүн маанилүү ордун ээлеп турат.

Гимн

Ак мөңгүлүү аска зоолор талаалар

Элибиздин жаны менен барабар

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп

Сактап келди биздин ата бабалар

Кайырма:

Аалгалай бер кыргыз эл

Азаттыктын жолунда

Өркүндөй бер өсө бер

Өз тагдырын колуңда

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме

Досторуна даяр дилин берүүгө

Бул ынтымак эл бирдигин ширетип

Бейкуттукту берет кыргыз жерине


Аткарылып элдин үмүт тилеги

Желбиреди эркиндиктин желеги

Бизге жеткен ата салтын мурасын

Ыйык сактап урпактарга берели

5



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!