СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КРнын орографиясы

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

КРнын орографиясы

Просмотр содержимого документа
«КРнын орографиясы»

2.1. Кыргыз Республикасынын аймагынын жалпы орографиялык схемасы Кыргызстандын аймагы Тянь-Шань (Теңир-Тоо) тоо системасынын батыш бөлүгүн жана Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Аларды бөлүп турган табигый чек - Фергана өрөөнү.Тянь-Шань батыштан чыгышка карай 2450 кмге созулган Борбордук Азиядагы ири тоо системасы. Анын батыш жагын- дагы 1000 кмге жакын бөлүгүндө Кыргызстандын аймагынын басымдуу көпчүлүк бөлүгү орун алган. Чет жакалары, батыш жана түндүк жагындагы кырка тоолордун кээ бирлери толугу менен, кээси жарым-жартылай Тажикстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын аймактарына кирип кетет

2.1. Кыргыз Республикасынын аймагынын жалпы орографиялык схемасы

Кыргызстандын аймагы Тянь-Шань (Теңир-Тоо) тоо системасынын батыш бөлүгүн жана Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Аларды бөлүп турган табигый чек - Фергана өрөөнү.Тянь-Шань батыштан чыгышка карай 2450 кмге созулган Борбордук Азиядагы ири тоо системасы. Анын батыш жагын- дагы 1000 кмге жакын бөлүгүндө Кыргызстандын аймагынын басымдуу көпчүлүк бөлүгү орун алган. Чет жакалары, батыш жана түндүк жагындагы кырка тоолордун кээ бирлери толугу менен, кээси жарым-жартылай Тажикстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын аймактарына кирип кетет

Меридиан кырка тоосу  Батыш Тянь-Шань менен, Кытай Эл Республикасынын аймагындагы чыгыш Тянь-Шандын табигый чеги узундук боюнча түндүктөн түштүктү карай созулуп жаткан, орточо бийиктиги 6000 м ден кем болбогон Меридиан кырка тоосу. Ал кырка тоо жалпы Тянь-Шань тоо системасын дээрлик тең эки бөлүккө болот жана ошол кырка тоонун тушунда Тянь-Шань тоо системасынын туурасы эң,кууш тартып кетет. Меридиан кырка тоосунан чыгышты карай да, батышты карай да Тянь-Шань түзгөн тоо кыркалары негизинен кеңдик боюнча таралып, улам жайылып кеңейип кетүүсү мүнөздүү. Мисалы, Текестин өрөөнүнөн Таримге чейин болжол менен 100 км, ал эми батыштагы Чүй өрөөнү менен Чыгыш Кызыл-Суунун өрөөнүнө чейин 400 кмден ашык.

Меридиан кырка тоосу

  • Батыш Тянь-Шань менен, Кытай Эл Республикасынын аймагындагы чыгыш Тянь-Шандын табигый чеги узундук боюнча түндүктөн түштүктү карай созулуп жаткан, орточо бийиктиги 6000 м ден кем болбогон Меридиан кырка тоосу. Ал кырка тоо жалпы Тянь-Шань тоо системасын дээрлик тең эки бөлүккө болот жана ошол кырка тоонун тушунда Тянь-Шань тоо системасынын туурасы эң,кууш тартып кетет. Меридиан кырка тоосунан чыгышты карай да, батышты карай да Тянь-Шань түзгөн тоо кыркалары негизинен кеңдик боюнча таралып, улам жайылып кеңейип кетүүсү мүнөздүү. Мисалы, Текестин өрөөнүнөн Таримге чейин болжол менен 100 км, ал эми батыштагы Чүй өрөөнү менен Чыгыш Кызыл-Суунун өрөөнүнө чейин 400 кмден ашык.
 Сары-Жаз, Хан-Тенир (Кан-Теңири) чокусу (6995 м ) Меридиан кырка тоосунан батышка карай дээрлик тик бурчтукта тараган Сары-Жаз, Хан-Тенир (Кан-Теңири) чокусу (6995 м ) орун алган. Ал чокуну мамлекеттик чек ара деп айтып жүрүшөт.Чындыгында ал чоку Кытай Эл Республикасынын чек арасынан (Боз-Кырдын кырынан) 18 км түндүктө, Меридиан кырка тоосунан 9 км батышта жайгашкан. Хан-Теңир, Түштүк Эңилчек менен Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүн бөлүп турган кырка тоонун кырында жайгашкан. Меридиан кырка тоосу менен Боз-Кырдын тутумундагы чокунун бийиктиги 6814м,андан14 км батышта мамлекеттик чек ара боюнча созулган Боз-Кырдын кырына бүткүл Тянь-Шань тоо системасынын жана Кыргызстандын эң бийик жери Жеңиш чокусу (7439 м) орун алган.

Сары-Жаз, Хан-Тенир (Кан-Теңири) чокусу (6995 м )

  • Меридиан кырка тоосунан батышка карай дээрлик тик бурчтукта тараган Сары-Жаз, Хан-Тенир (Кан-Теңири) чокусу (6995 м ) орун алган. Ал чокуну мамлекеттик чек ара деп айтып жүрүшөт.Чындыгында ал чоку Кытай Эл Республикасынын чек арасынан (Боз-Кырдын кырынан) 18 км түндүктө, Меридиан кырка тоосунан 9 км батышта жайгашкан. Хан-Теңир, Түштүк Эңилчек менен Түндүк Эңилчек мөңгүлөрүн бөлүп турган кырка тоонун кырында жайгашкан. Меридиан кырка тоосу менен Боз-Кырдын тутумундагы чокунун бийиктиги 6814м,андан14 км батышта мамлекеттик чек ара боюнча созулган Боз-Кырдын кырына бүткүл Тянь-Шань тоо системасынын жана Кыргызстандын эң бийик жери Жеңиш чокусу (7439 м) орун алган.
Хан-Тенир тоосу  Меридиан кырка тоосунан 9км батышта Хан-Теңир тоосунун кырында илгертен бери Тянь-Шань тоо системасынын эң бийик чокусу делинип келген эң бир көрүнүктүү, түндүгүнөн жана батышынан өтө бийик болуп бөлүнүп, азуу тиштей көрүнгөн Хан-Теңир (Хан-Теңири) чокусу (6995 м) орун алган. Сары-Жаздын батышты карай созулуп жаткан кырында, Меридиан кырка тоосунан 12 км аралыкта Семёнов чокусу (5816 м) орун алган.Ал чокунун түндүк капталынан Тескей Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү Ашуу-Төр кырка тоосу башталат жана ал кырка тоонун түндүк капталы Казакстанга карайт, андан дагы 7 км батышта Адыр-Төр кырка тоосу башталат. Боз-Кырдан болсо Ак-Тоо, Эңилчек-Тоо, Кайыңды, Көйкап, Май-Баш деген тоо кыркалары башталат.

Хан-Тенир тоосу

  • Меридиан кырка тоосунан 9км батышта Хан-Теңир тоосунун кырында илгертен бери Тянь-Шань тоо системасынын эң бийик чокусу делинип келген эң бир көрүнүктүү, түндүгүнөн жана батышынан өтө бийик болуп бөлүнүп, азуу тиштей көрүнгөн Хан-Теңир (Хан-Теңири) чокусу (6995 м) орун алган. Сары-Жаздын батышты карай созулуп жаткан кырында, Меридиан кырка тоосунан 12 км аралыкта Семёнов чокусу (5816 м) орун алган.Ал чокунун түндүк капталынан Тескей Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү Ашуу-Төр кырка тоосу башталат жана ал кырка тоонун түндүк капталы Казакстанга карайт, андан дагы 7 км батышта Адыр-Төр кырка тоосу башталат. Боз-Кырдан болсо Ак-Тоо, Эңилчек-Тоо, Кайыңды, Көйкап, Май-Баш деген тоо кыркалары башталат.
Хан-Тенир тоосу Түндүк жана Түштүк Эңилчек мөңгүлөрүнүн суу бөлгүчү болгон Хан-Теңир тоосу Меридиан кырка тоосунан батышка 38 кмге гана созулуп, кескин бүтөт. Анын туурасы 6-9 км, орточо бийиктиги 6000 мден ашык, батышынан Сары-Жаз өрөөнү менен чектелген. Аталган кырка тоолордун системасы Меридиан кырка тоосунан чыгышка багытталган Кытайдын аймагындагы Калык-Тоо жана Түндүк (Сайкал) кырка тоолору менен бирдикте Хан-Теңир тоо тоомун түзөт. Хан-Теңир тоо тоому бүткүл Тянь-Шань (Теңир- Тоо) тоо системасынын эң бийик мөңгүлөргө бөлөнгөн борбору. Ушул тоо тоомунан баштап батышка да, чыгышка да карай тоолордун бийиктиги улам жапыздап, жайылып тарайт.Хан-Теңир тоо тоомунан батышка тараган кырка тоолордун айрымдары нечен жүздөгөн км аралыкка созулуп, Кыргызстандын аймагындагы эң көрүнүктүү ири орографиялык бирдиктерге айланат. Жалпысынан ал тоо кыркалардын системасы-түндүк, ортоңку жана түштүк болуп үч тизмекке бөлүнөт.

Хан-Тенир тоосу

  • Түндүк жана Түштүк Эңилчек мөңгүлөрүнүн суу бөлгүчү болгон Хан-Теңир тоосу Меридиан кырка тоосунан батышка 38 кмге гана созулуп, кескин бүтөт. Анын туурасы 6-9 км, орточо бийиктиги 6000 мден ашык, батышынан Сары-Жаз өрөөнү менен чектелген. Аталган кырка тоолордун системасы Меридиан кырка тоосунан чыгышка багытталган Кытайдын аймагындагы Калык-Тоо жана Түндүк (Сайкал) кырка тоолору менен бирдикте Хан-Теңир тоо тоомун түзөт. Хан-Теңир тоо тоому бүткүл Тянь-Шань (Теңир- Тоо) тоо системасынын эң бийик мөңгүлөргө бөлөнгөн борбору. Ушул тоо тоомунан баштап батышка да, чыгышка да карай тоолордун бийиктиги улам жапыздап, жайылып тарайт.Хан-Теңир тоо тоомунан батышка тараган кырка тоолордун айрымдары нечен жүздөгөн км аралыкка созулуп, Кыргызстандын аймагындагы эң көрүнүктүү ири орографиялык бирдиктерге айланат. Жалпысынан ал тоо кыркалардын системасы-түндүк, ортоңку жана түштүк болуп үч тизмекке бөлүнөт.
Тянь-Шандын (Теңир-Тоонун) түндүк тизмеги Кетмен кырка тоосунан Талас Ала-Тоосуна чейин узатасынан жаткан ири антиклиналдык түзүлүш. Түндүгүнөн Иле, Чүй жана Талас өрөөндөрүнүн түздүктөрү менен чектелет. Тянь-Шандын ортоңку тизмегинен Суусамыр, Кочкор, Ысык-Көл жана Текес өрөөндөрү менен ажырап турат. Түндүк тизмекке Кыргызстандын аймагына тийиштүү Күнгөй Ала-Too, Иле Ала-Тоосунун батышы, Кыргыз Ала-Тоосу, Талас Ала-Тоосу кирет. Күнгөй Ала-Too Каркыра суусунун өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин 285 кмге созулуп, Ысык-Көл өрөөнүн түндүгүнөн курчап турат. Эң бийик жери Чок-Тал чокусу (4771 м). Иле Ала-Тоосунан Челек менен Чоң Кеминдин өрөөндөрү аркылуу бөлүнөт. Чоң Ак-Суунун төрүнөн Иле Ала-Тоосуна тутумдашып, Талгар тоо тоомун түзөт.

Тянь-Шандын (Теңир-Тоонун) түндүк тизмеги

  • Кетмен кырка тоосунан Талас Ала-Тоосуна чейин узатасынан жаткан ири антиклиналдык түзүлүш. Түндүгүнөн Иле, Чүй жана Талас өрөөндөрүнүн түздүктөрү менен чектелет. Тянь-Шандын ортоңку тизмегинен Суусамыр, Кочкор, Ысык-Көл жана Текес өрөөндөрү менен ажырап турат. Түндүк тизмекке Кыргызстандын аймагына тийиштүү Күнгөй Ала-Too, Иле Ала-Тоосунун батышы, Кыргыз Ала-Тоосу, Талас Ала-Тоосу кирет. Күнгөй Ала-Too Каркыра суусунун өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин 285 кмге созулуп, Ысык-Көл өрөөнүн түндүгүнөн курчап турат. Эң бийик жери Чок-Тал чокусу (4771 м). Иле Ала-Тоосунан Челек менен Чоң Кеминдин өрөөндөрү аркылуу бөлүнөт. Чоң Ак-Суунун төрүнөн Иле Ала-Тоосуна тутумдашып, Талгар тоо тоомун түзөт.
Иле Ала-Тоосу,Кыргыз Ала-Тоосу    Иле Ала-Тоосунун Талгар тоо тоомунан батышка карай созулуп, Чоң Кемин, Кичи Кемин өрөөндөрүн түндүгүнөн чектеген түштүк капталы гана Кыргызстандын аймагында. Батышында жапыздап барып, Чүй Иле тоолоруна өтүп кетет. Кыргыз Ала-Тоосу орографиялык жагынан Күңгөй Ала- Тоосунун Боом капчыгайынан батышка кеткен уландысы. Боом капчыгайынан батышты карай Кыргыз Ала-Тоосу кеңдик боюнча созулуп, Тараз шаарына жакын барып бүтөт. Анын узундугу 454кмге созулуп, туурасы эң жазы жеринде 40км ден ашык.Бийик бөлүгү Кара-Балта жана Шамшы сууларынын аралыгында, эң бийик жери Бишкек шаарынын тушунда Батыш Аламүдүн чокусу (4895 ж), Түндүгү Чүй өрөөнү, түштүгү Талас, Суусамыр жана Кочкор өрөөндөрү менен чектелет.

Иле Ала-Тоосу,Кыргыз Ала-Тоосу

  • Иле Ала-Тоосунун Талгар тоо тоомунан батышка карай созулуп, Чоң Кемин, Кичи Кемин өрөөндөрүн түндүгүнөн чектеген түштүк капталы гана Кыргызстандын аймагында. Батышында жапыздап барып, Чүй Иле тоолоруна өтүп кетет.
  • Кыргыз Ала-Тоосу орографиялык жагынан Күңгөй Ала- Тоосунун Боом капчыгайынан батышка кеткен уландысы. Боом капчыгайынан батышты карай Кыргыз Ала-Тоосу кеңдик боюнча созулуп, Тараз шаарына жакын барып бүтөт. Анын узундугу 454кмге созулуп, туурасы эң жазы жеринде 40км ден ашык.Бийик бөлүгү Кара-Балта жана Шамшы сууларынын аралыгында, эң бийик жери Бишкек шаарынын тушунда Батыш Аламүдүн чокусу (4895 ж), Түндүгү Чүй өрөөнү, түштүгү Талас, Суусамыр жана Кочкор өрөөндөрү менен чектелет.
Талас Ала-Тоосу Талас Ала-Тоосу Кыргыз Ала-Тоосунан Кара-Балта, Каракол жана Суусамыр сууларынын суу бөлгүчү катары Өтмөктүн тоосунан башталат.Ириде түштүк-батышка багытталып, Ат- Ойнок жана Чаткал кырка тоолору менен тутумдашкандан ки- йин батыш-түндүк-батышты карай батыштагы Арыс суусунун өрөөнүнө чейин 260 кмге созулуп жатат. Туурасы эң жазы же­ринде 40 кмден ашык. Эң бийик жери Манас чокусу (4482 ж). Түндүгүнөн Талас өрөөнү менен чектешет, түштүгүнөн Сууса­мыр, Кетмен-Төбө, Чаткал өрөөндөрү курчап турат.

Талас Ала-Тоосу

  • Талас Ала-Тоосу Кыргыз Ала-Тоосунан Кара-Балта, Каракол жана Суусамыр сууларынын суу бөлгүчү катары Өтмөктүн тоосунан башталат.Ириде түштүк-батышка багытталып, Ат- Ойнок жана Чаткал кырка тоолору менен тутумдашкандан ки- йин батыш-түндүк-батышты карай батыштагы Арыс суусунун өрөөнүнө чейин 260 кмге созулуп жатат. Туурасы эң жазы же­ринде 40 кмден ашык. Эң бийик жери Манас чокусу (4482 ж). Түндүгүнөн Талас өрөөнү менен чектешет, түштүгүнөн Сууса­мыр, Кетмен-Төбө, Чаткал өрөөндөрү курчап турат.
Тянь-Шандын ортоңку тизмеги Хан-Теңир тоо тоому тоо тоомунун түндүк-батыш капталынан, Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталынан Ашуу-Төр кырка тоосу деген ат менен эң көрүнүктүү орографиялык бирдик-Тескей Ала-Too башталат. Тескей Ала-Too Хан-Теңир тоо тоомуна Ашуу-Төр кырка тоо­су деген ат менен Сары-Жаздын эң бийик жери Семёнов (5816 ж) чокусу аркылуу барып кошулат. Ашуу-Төрдүн эң бийик жери 5470 ж. Сары-Жаз суусунун жогорку агымында Тескей Ала-Тоонун бийиктиги кескин төмөндөп, 3300-3600 ж бийиктиктеги сырттар менен теңелип, Оттук суусунун тушунда кайра кескин көтөрүлүп, батышка карай 354 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 40 км ден ашык. Түндүк капталы Ысык-Көлдүн ойдуңун чектеп, Кочкор өрөөнүнө чейин келип бүтөт. Тескей Ала-Тоосу­нун эң бийик жери Каракол чокусу (5216 ж), Каракол суусунун төрүн чектеп турат.Эгерде Ашуу-Төр Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгү деп эсептелинсе Семёнов мөңгүсүнүн оң жагындагы 5470 м бийиктиктеги чоку анын эң бийик жери деп эсептелинет.

Тянь-Шандын ортоңку тизмеги Хан-Теңир тоо тоому

  • тоо тоомунун түндүк-батыш капталынан, Сары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталынан Ашуу-Төр кырка тоосу деген ат менен эң көрүнүктүү орографиялык бирдик-Тескей Ала-Too башталат.
  • Тескей Ала-Too Хан-Теңир тоо тоомуна Ашуу-Төр кырка тоо­су деген ат менен Сары-Жаздын эң бийик жери Семёнов (5816 ж) чокусу аркылуу барып кошулат. Ашуу-Төрдүн эң бийик жери 5470 ж. Сары-Жаз суусунун жогорку агымында Тескей Ала-Тоонун бийиктиги кескин төмөндөп, 3300-3600 ж бийиктиктеги сырттар менен теңелип, Оттук суусунун тушунда кайра кескин көтөрүлүп, батышка карай 354 кмге созулуп жатат. Эң жазы жери 40 км ден ашык. Түндүк капталы Ысык-Көлдүн ойдуңун чектеп, Кочкор өрөөнүнө чейин келип бүтөт. Тескей Ала-Тоосу­нун эң бийик жери Каракол чокусу (5216 ж), Каракол суусунун төрүн чектеп турат.Эгерде Ашуу-Төр Тескей Ала-Тоонун чыгыш бөлүгү деп эсептелинсе Семёнов мөңгүсүнүн оң жагындагы 5470 м бийиктиктеги чоку анын эң бийик жери деп эсептелинет.

Тескей Ала-Тоосу

  • Тескей Ала-Too түзүлүшү боюнча асимметриялуу:түндүк капталы жазы келип, Ысык-Көл ойдуңуна акырындап төмөндөйт, ал эми түштүк капталы болсо кыска жана кескин төмөндөйт. Тянь-Шандын ортоңку тизмегин түзгөн башка кырка тоолордон Кара-Кужур, Кичи Нарын, Ара-Бел, Кум-Төр, Сары-Чат,Көөлү жана Сары-Жаз өрөөндөрү менен бөлүнгөн. Аталган өрөөндөрдөн түштүктө Тескей Ала-Тоосундай эле кеңдик боюнча таралган бир канча бийик тоо кыркалары жайгашкан. Эң чыгышында Сары-Жаз, Көөлү кырка тоолору, Ак-Шыйрак тоо түйүнү.Батышка карай биринен кийин экинчиси уланган Жетим-Бел, Жетим, Нура, Капка-Таш, Байдулу, Кара-Жорго деген кыска бирок бийик тоолор жайгашкан. Долон ашуусунан батышта жогоруда аталган тоолордун уландысы Соң-Көл-Тоо, Кызарт, Карагатты тоолору. Соң-Көлдү түштүк жагынан курчаган Молдо-Тоо, Жумгал өрөөнүн түндүк жагынан курчаган Жумгал-Too менен Сандык кырка тоолору.Көкөмерен өрөөнүнөн батышка Талас Ала-Тоосуна чейин Суусамыр кырка тоосу созулуп жатат. Кетмен-Төбө өрөөнүн Тогуз-Торо өрөөнүнөн бөлгөн Көк-Ирим-Тоо,Тянь-Шань системасынын ортоңку тизмегин Фергана тоо кыркасына тутумдаштырган орографиялык бирдик.

Тянь-Шандын түштүк тизмегинин негизги тармагы

  • Хан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш жагынан башталган Как- шаал-Тоо системасы. Боз-Кырды камтып, батышты карай мамлекеттик чек ара боюнча Чатыр-Көлдүн түштүгүнө чейин 582 кмге созулган Какшаал-Тоо бүткүл Тянь-Шань тоо системасынын ири орографиялык бирдиги болуп эсептелет.
  • Какшаал-Тоо системасы татаал орографиялык түзүлүш. Кан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш бөлүгүн ээлеген Какшаал-Тоодон бир нече кырка тоолор башталат. Эң чыгышында Эңилчек мөңгүсүн, анын сол курамы Жылдызча мөңгүсүнөн Ак-Тоо кыркасы бөлүп турат.Ал Согуш Топографтары чокусунан (6873м) түндүк-батышты карай 15кмге созулат жана бийиктиги 5200-6000 мден кемибейт. Негизги тоо кыркасынын кырынан түндүктү карай Ак-Тоого жарыш дагы бир нече кыска (9-10кмге), бирок бийик айрыктар Жапайы,Пролетардык Турист,Комсомол мөңгүлөрүн бөлүп,ТүштүкЭңилчектин өрөөнүнө түшөт.Жылдызча мөңгүсүнүн куралуу областы Какшаал-Тоонун эң бийик жери Жеңиш чокусунун түндүк капталында. Көйкап-Башы (5620мге), чокусунан түндүктү карай созулуп жаткан айрык кырка батышка карай бурулуп, ириде Кайыңды кырка тоосун, андан ары Эңилчек тоосун түзөт
Какшаал-Тоонун Согуш Топографтары чокусунан Са­ры-Жаздын капчыгайына чейинки бөлүгү Боз-Кыр деп да аталат.Сары-Жаз капчыгайынан батышка карай Үзөңгү-Кууштун капчыгайына чейинки бөлүгү да бийик келип, мөңгүлөргө капталган.Эң бийик жери-Жаңгарттын-Башы чокусунун бийиктиги 5390м. Үзөңгү-Кууш менен Ак-Сай(Какшаал) капчыгайларынын арасындагы Какшаал-Тоонун бөлүгүндө бийиктиги 5982 мге жеткен Данков чокусу жайгашкан. Бул жерде Какшаал-Тоонун ири мөңгүлөрү орун алган. Ак-Сай капчыгайынан батыштагы Какшаал-Тоонун төртүнчү бөлүгү ириде түштүккө карай созу­луп, кийин кайра батышка бурулуп барып, Торугарт-Тоого уланат. Торугарт-Тоо Фергана кырка тоосуна барып тутумдашат. Тянь-Шань тоо системасынын ортоңку тизмегин түштүк тизмегинен бөлүп турган негизги табигый чек Нарын өрөөнү. Чыгышта ал чектердин уландысы Чоң Нарын, Кара-Сай, Ак- Шыйрак жана Эңилчек өрөөндөрү. Түштүк тизмекке Сары-Жаз алабынын оң тарабындагы Эңилчек-Тоонун батыш уландысы Теректи кырка тоосу менен Кайыңды кырка тоосунун уланды­сы Эшегарт (Үч-Көл) кырка тоосу кирет.
  • Какшаал-Тоонун Согуш Топографтары чокусунан Са­ры-Жаздын капчыгайына чейинки бөлүгү Боз-Кыр деп да аталат.Сары-Жаз капчыгайынан батышка карай Үзөңгү-Кууштун капчыгайына чейинки бөлүгү да бийик келип, мөңгүлөргө капталган.Эң бийик жери-Жаңгарттын-Башы чокусунун бийиктиги 5390м.
  • Үзөңгү-Кууш менен Ак-Сай(Какшаал) капчыгайларынын арасындагы Какшаал-Тоонун бөлүгүндө бийиктиги 5982 мге жеткен Данков чокусу жайгашкан. Бул жерде Какшаал-Тоонун ири мөңгүлөрү орун алган.
  • Ак-Сай капчыгайынан батыштагы Какшаал-Тоонун төртүнчү бөлүгү ириде түштүккө карай созу­луп, кийин кайра батышка бурулуп барып, Торугарт-Тоого уланат. Торугарт-Тоо Фергана кырка тоосуна барып тутумдашат.
  • Тянь-Шань тоо системасынын ортоңку тизмегин түштүк тизмегинен бөлүп турган негизги табигый чек Нарын өрөөнү. Чыгышта ал чектердин уландысы Чоң Нарын, Кара-Сай, Ак- Шыйрак жана Эңилчек өрөөндөрү. Түштүк тизмекке Сары-Жаз алабынын оң тарабындагы Эңилчек-Тоонун батыш уландысы Теректи кырка тоосу менен Кайыңды кырка тоосунун уланды­сы Эшегарт (Үч-Көл) кырка тоосу кирет.
Меридиан кырка тоосунан Ак-Шыйрак тоо түйүнүнө че­йин, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоосу жана түштүгүнөн Какшаал-Тоо менен чектелген Тянь-Шандын эң бийик, мөңгү муздар көп топтолгон бөлүгү Борбордук Тянь-Шань деген ат менен гео- графиялык адабиятта белгилүү. «Борбордук» деп аталышынын негизги себеби Кытай жагындагы Чыгыш Тянь-Шань менен Кыргызстандын аймагындагы Батыш Тянь-Шандын ортосунда борбордук абалда жайгашкандыгында. Жогорудагы мүнөздөлгөн Тянь-Шань тоо системасынын үч тизмегинин ортоңку жана түштүк тизмектери батышта Фергана тоо кыркасына барып такалат. Ал негизги тоо кыркаларынан өзгөчөлөнүп, түштүк-чыгыштан түндүк-батышты карай кыйгач жайгашкан.
  • Меридиан кырка тоосунан Ак-Шыйрак тоо түйүнүнө че­йин, түндүгүнөн Тескей Ала-Тоосу жана түштүгүнөн Какшаал-Тоо менен чектелген Тянь-Шандын эң бийик, мөңгү муздар көп топтолгон бөлүгү
  • Борбордук Тянь-Шань деген ат менен гео- графиялык адабиятта белгилүү. «Борбордук» деп аталышынын негизги себеби Кытай жагындагы Чыгыш Тянь-Шань менен Кыргызстандын аймагындагы Батыш Тянь-Шандын ортосунда борбордук абалда жайгашкандыгында.
  • Жогорудагы мүнөздөлгөн Тянь-Шань тоо системасынын үч тизмегинин ортоңку жана түштүк тизмектери батышта Фергана тоо кыркасына барып такалат. Ал негизги тоо кыркаларынан өзгөчөлөнүп, түштүк-чыгыштан түндүк-батышты карай кыйгач жайгашкан.
Фергана тоо кыркасы Фергана өрөөнүн Ала-Бука, Тогуз-Торо жана башка Нарын тараптын майда өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Структуралык түзүлүшү боюнча Ички Тянь-Шандын батыш чеги. Торугарт-Тоосу Алай тоо кыркаларына тутумдашкан жериндеги эң бийик Үч-Сейит тоо түйүнү 4893м бийиктикке жетет. Түндүк-батышты карай барганда бийиктиги азайып, 3000 мге чейин түшүп, Кара-Үңкүрдүн төрүндө кайра 3500- 4000 м ге чейин көтөрүлөт. Батыш айрыгы Бабаш-Ата тоосунда бийиктиги 4427м ейин жетет. Фергана тоо кыркасы эң маанилүү табигый чек. Ал Ортоңку Нарын жана Фергана өрөөндөрүн бөлүп турган жалаң эле орографиялык эмес, климаттык, гидрологиялык жана ландшафттык чек ара. Фергана тоо кыркасынын түндүк-чыгыш капталы кыска жана кескин төмөндөйт,түштүк-батыш капталы болсо жазы жана акырындап ба­рып, Фергана өрөөнүнүн түздүгүнө өтөт.

Фергана тоо кыркасы

  • Фергана өрөөнүн Ала-Бука, Тогуз-Торо жана башка Нарын тараптын майда өрөөндөрүнөн бөлүп турат. Структуралык түзүлүшү боюнча Ички Тянь-Шандын батыш чеги. Торугарт-Тоосу Алай тоо кыркаларына тутумдашкан жериндеги эң бийик Үч-Сейит тоо түйүнү 4893м бийиктикке жетет. Түндүк-батышты карай барганда бийиктиги азайып, 3000 мге чейин түшүп, Кара-Үңкүрдүн төрүндө кайра 3500- 4000 м ге чейин көтөрүлөт. Батыш айрыгы Бабаш-Ата тоосунда бийиктиги 4427м ейин жетет. Фергана тоо кыркасы эң маанилүү табигый чек. Ал Ортоңку Нарын жана Фергана өрөөндөрүн бөлүп турган жалаң эле орографиялык эмес, климаттык, гидрологиялык жана ландшафттык чек ара. Фергана тоо кыркасынын түндүк-чыгыш капталы кыска жана кескин төмөндөйт,түштүк-батыш капталы болсо жазы жана акырындап ба­рып, Фергана өрөөнүнүн түздүгүнө өтөт.
Батышында Фергана кырка тоосу ,анын түндүк-батыш уландысы Ат-Ойнок кырка тоосу, Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү, Тескей Ала-Тоо, Ак-Шыйрак тоо түйүнү андан Сары-Жаз суусунун алабын бөлгөн суу бөлгүч аркылуу Какшаал-Тоого чейин барып, анын кыры менен кайра Фергана тоо кыркасына келген туюк контурдун ичиндеги аймак географиялык адабиятта

Батышында Фергана кырка тоосу

  • ,анын түндүк-батыш уландысы Ат-Ойнок кырка тоосу, Талас Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгыш бөлүгү, Тескей Ала-Тоо, Ак-Шыйрак тоо түйүнү андан Сары-Жаз суусунун алабын бөлгөн суу бөлгүч аркылуу Какшаал-Тоого чейин барып, анын кыры менен кайра Фергана тоо кыркасына келген туюк контурдун ичиндеги аймак географиялык адабиятта
Ички Тянь- Шань  Ички Тянь-Шань батыш чеги Кетмен-Төбө ойдуңун Кара-Суунун алабынан бөлүп турган Ат-Ойнок кырка тоосу Чаткал кырка тоосу менен Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнө барып такалат. Ушул үч кырка тоолордун тутумдаш­кан жеринен батыш-түндүк батышты карай созулуп жаткан Талас Ала-Тоосу Батыш Тянь-Шань деп аталган физика-географиялык аймактын орографиялык огу болуп эсептелет. Ал кырка тоонун түштүк капталынан түштүк-батышты карай Чат­кал кырка тоосунан башка ага жарыш Чандалаш, Пскем, Угам жана Каржан-Тоо кыркалары созулуп жатат. Алардын ичинен Чаткал тоолорунун басымдуу көпчүлүк бөлүгү, Чандалаш тоо­су толугу менен, Пскем тоосунун түштүк-чыгыш капталы Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

Ички Тянь- Шань

  • Ички Тянь-Шань батыш чеги Кетмен-Төбө ойдуңун Кара-Суунун алабынан бөлүп турган Ат-Ойнок кырка тоосу Чаткал кырка тоосу менен Талас Ала-Тоосунун батыш бөлүгүнө барып такалат. Ушул үч кырка тоолордун тутумдаш­кан жеринен батыш-түндүк батышты карай созулуп жаткан Талас Ала-Тоосу
  • Батыш Тянь-Шань деп аталган физика-географиялык аймактын орографиялык огу болуп эсептелет. Ал кырка тоонун түштүк капталынан түштүк-батышты карай Чат­кал кырка тоосунан башка ага жарыш Чандалаш, Пскем, Угам жана Каржан-Тоо кыркалары созулуп жатат. Алардын ичинен Чаткал тоолорунун басымдуу көпчүлүк бөлүгү, Чандалаш тоо­су толугу менен, Пскем тоосунун түштүк-чыгыш капталы Кыргызстандын аймагында жайгашкан.
Чаткал, Чандалаш, Пскем кырка тоолору Чаткал тоо кыркасы Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчап, Кыргызстандын аймагында Сары-Челек көлүнөн Гава-Сайдын өрөөнүнө чейин созулган, андан батышта Өзбекстандын айма- гында Ахангаран өрөөнүн түндүгүнөн чектеп турат. Ахангаран- дын түштүк суу бөлгүчү Курама тоо кыркасы. Чаткалдын узун- дугу – 225км эң жазы жери – 30км,эң бийик жери – 4503м. Чандалаш кырка тоосу Талас Ала-Тоосунан түштүк-батышты карай Чаткалдын ири оң куймасы Чандалаш суусунун чатына чейин 72км ге созулат. Эң жазы жери -10км, бийик жери – 4114м Пскем кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталы гана Кыр­гызстана карайт. Жалпы узундугу – 141км,эң жазы жери – 20км, эн бийик жери Беш-Төр чокусу – 4299м Кыргызстандын түштүк-батыш жагы Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүнөн орун алган. Ал тоо системасын Тянь-Шань тоо системасынан бөлүп турган табигый чек Алай- куу өрөөнү.

Чаткал, Чандалаш, Пскем кырка тоолору

  • Чаткал тоо кыркасы Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчап, Кыргызстандын аймагында Сары-Челек көлүнөн Гава-Сайдын өрөөнүнө чейин созулган, андан батышта Өзбекстандын айма- гында Ахангаран өрөөнүн түндүгүнөн чектеп турат. Ахангаран- дын түштүк суу бөлгүчү Курама тоо кыркасы. Чаткалдын узун- дугу – 225км эң жазы жери – 30км,эң бийик жери – 4503м.
  • Чандалаш кырка тоосу Талас Ала-Тоосунан түштүк-батышты карай Чаткалдын ири оң куймасы Чандалаш суусунун чатына чейин 72км ге созулат. Эң жазы жери -10км, бийик жери – 4114м
  • Пскем кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталы гана Кыр­гызстана карайт. Жалпы узундугу – 141км,эң жазы жери – 20км, эн бийик жери Беш-Төр чокусу – 4299м
  • Кыргызстандын түштүк-батыш жагы Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүнөн орун алган. Ал тоо системасын Тянь-Шань тоо системасынан бөлүп турган табигый чек Алай- куу өрөөнү.

Алай кырка тоосу

  • Алай кырка тоосу чыгышта Какшаал-Тоо менен Фергана тоо системаларынын тутумдашкан түйүнүнөн батышка карай Матча тоо тоомуна чейин 350км ге кеңдик боюнча созулуп жатат. Батышка карай негизги кыркадан улам айрыктар бөлүнүп, алардын кээ бири өзүнчө кырка тоолорго айланып, тарам-тарам болуп, барган сайын жапыздап барып бүтөт. Негизги кырка тоо Матча ашуусунун тушунан экиге бөлүнүп, батышка карай жа- рыш созулуп жаткан Түркстан жана Заравшан кырка тоолорун пайда кылат. Түндүгүндөгү Түркстан кырка тоосу Алай тоолору менен бирдикте Фергана өрөөнүнүн түштүк жагын чектеп жатат. Туурасынан кесилиши боюнча кескин асимметриялуу: түштүк капталы кыска жана бийик, түндүк капталы 60- 70 км ге созулуп, Фергана өрөөнүнүн адырларын карай акырындап жапыздайт. Орточо бийиктиги 4000м ге жакын, эн бийик жери Көк-Суунун башында-5127м.Чыгыштан батышка ка­рай бийиктиги артып, Ак-Бууранын төрүндө – 5051м, Исфайрам-Сайдын төрүндө – 5258м, ал эми Сох дарыясынын төрүндө 5530м ге чейин жетет,Алай-Куу, Терек-Тоо, Адышев атындагы кырка тоолор орун алган. Батышка карай Ак-Төр, Кичи Алай, Коллектор, Текелик деген дагы ири айрыктары жайгашкан. Алардын ичинен бийикти­ги жана узундугу боюнча Кичи Алай кырка тоосу айырмаланат.Ал кырка тоо Ак-Бууранын өрөөнүнөн Исфайрам-Сайдын өрөөнүнө чейин 78 м ге созулуп жатат. Эң жазы жери – 20км ге, эң бийик жери – 4954м.
Түркстан кырка тоосу Түркстан тоо кыркасынын түндүк капталы Кыргызстандын аймагына караштуу. Ал Алай кырка тоосунун батыш уландысы болуп, Фергана өрөөнүнүн батыш жагын түштүгүнөн курчап турат. Матча ашуусунан башталып, Жизак шаарынын меридианына чейин 300км ге созулуп жатат. Чыгыш жагынын бийиктиги 5000м ден ашык, батышка карай акырындап төмөндөп, 2000м бийиктикте Нурата тоосуна өтүп кетет. Кыргызстандын аймагына Сох суусунун төрүнөн Ак-Суунун алабына чейинки 140км ге жакын бөлүгү караштуу. Эң жазы жери – 20км, эң бийик жери – 5622м. Кыргызстандын аймагынын эң түштүк четинде Памир тоо- лорунун түндүк чети болгон Чоң Алай кырка тоосу орун алган.

Түркстан кырка тоосу

  • Түркстан тоо кыркасынын түндүк капталы Кыргызстандын аймагына караштуу. Ал Алай кырка тоосунун батыш уландысы болуп, Фергана өрөөнүнүн батыш жагын түштүгүнөн курчап турат. Матча ашуусунан башталып, Жизак шаарынын меридианына чейин 300км ге созулуп жатат. Чыгыш жагынын бийиктиги 5000м ден ашык, батышка карай акырындап төмөндөп, 2000м бийиктикте Нурата тоосуна өтүп кетет. Кыргызстандын аймагына Сох суусунун төрүнөн Ак-Суунун алабына чейинки 140км ге жакын бөлүгү караштуу. Эң жазы жери – 20км, эң бийик жери – 5622м.
  • Кыргызстандын аймагынын эң түштүк четинде Памир тоо- лорунун түндүк чети болгон Чоң Алай кырка тоосу орун алган.
Чоң Алай кырка тоосу Чоң Алай кырка тоосунун суу бөлгүчү Тажикстан менен Кытай Эл Республикасынан Кыргызстандын аймагын бөлүп турган чек ара катары милдет аткарат. Алай кырка тоосу менен Чоң Алай кырка тоосунун ортосунда кендик боюнча созулган Алай өрөөнү Памир тоолору менен Алай-Түркстан тоолорунун табигый чеги болуп эсептелет. Кырка тоо батышта Кызыл-Суу менен Мук суунун чатынан чыгышта Чыгыш Кызыл-Суу менен Маркан суунун кошулган жерине чейин 250 кмге кендик боюн­ча созулуп жатат. Анын ичинен 190 км Кыргызстандын чегинде жатат. Эң бийик жери Ленин атындагы чокунун бийиктиги 7134 м, ал бийиктиги боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы чоку.

Чоң Алай кырка тоосу

  • Чоң Алай кырка тоосунун суу бөлгүчү Тажикстан менен Кытай Эл Республикасынан Кыргызстандын аймагын бөлүп турган чек ара катары милдет аткарат. Алай кырка тоосу менен Чоң Алай кырка тоосунун ортосунда кендик боюнча созулган Алай өрөөнү Памир тоолору менен Алай-Түркстан тоолорунун табигый чеги болуп эсептелет. Кырка тоо батышта Кызыл-Суу менен Мук суунун чатынан чыгышта Чыгыш Кызыл-Суу менен Маркан суунун кошулган жерине чейин 250 кмге кендик боюн­ча созулуп жатат. Анын ичинен 190 км Кыргызстандын чегинде жатат. Эң бийик жери Ленин атындагы чокунун бийиктиги 7134 м, ал бийиктиги боюнча Кыргызстандагы экинчи орундагы чоку.