СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КРнын сел агымдары

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

КРнын сел агымдары

Просмотр содержимого документа
«КРнын сел агымдары»

УИТМЛ-5 СЕЛ АГЫМДАРЫ 8-класс Мугалим: Зарнаева Н.Ж.

УИТМЛ-5

  • СЕЛ АГЫМДАРЫ
  • 8-класс
  • Мугалим: Зарнаева Н.Ж.
5.2. Сел агымдары Тоо сууларында ташкын байкалган учурда алардын ылайы кескин көбөйүп, кыска мөөнөткө деңгээли көтөрүлүп нукка батпай тез аккан жана кыйраткыч күчкө ээ болгон агым - сел агымдары деп аталат. Сел агымдарынын негизги өзгөчөлүктөрү агын суулардагы ылайлуулуктун кескин көбөйүп кетишинен алардын жээктерин, нугун талкалоо күчүнүн артышы жана суу ылдый ал күчтөрдүн улам көбөйүшү,жүрүү мөөнөтүнүн кыскалыгы

5.2. Сел агымдары

Тоо сууларында ташкын байкалган учурда алардын ылайы кескин көбөйүп, кыска мөөнөткө деңгээли көтөрүлүп нукка батпай тез аккан жана кыйраткыч күчкө ээ болгон агым - сел агымдары деп аталат. Сел агымдарынын негизги өзгөчөлүктөрү агын суулардагы ылайлуулуктун кескин көбөйүп кетишинен алардын жээктерин, нугун талкалоо күчүнүн артышы жана суу ылдый ал күчтөрдүн улам көбөйүшү,жүрүү мөөнөтүнүн кыскалыгы

Селдер - тоолуу региондорго мүнөздүү рельефтин ар кандай формаларын түзүүчү, денудациянын түрлөрүнө кирген экзогендик процесстер.Келип чыгышы катуу жааган кара нөшөргө,же жазгы кардын тез эришине байланыштуу. Мөңгүнүн эришинен да,көбүнчө мөңгүнүн этегиндеги көлчөлөргө топтолгон суунун байламтасын жырып тез агып кетишинен пайда болот.

Селдер

  • - тоолуу региондорго мүнөздүү рельефтин ар кандай формаларын түзүүчү, денудациянын түрлөрүнө кирген экзогендик процесстер.Келип чыгышы катуу жааган кара нөшөргө,же жазгы кардын тез эришине байланыштуу. Мөңгүнүн эришинен да,көбүнчө мөңгүнүн этегиндеги көлчөлөргө топтолгон суунун байламтасын жырып тез агып кетишинен пайда болот.
 Турбуленттик агымдын селдери Эгерде агындылардын негизин майда фракциялуу чопо жана кум түзсө, суунун ылайлуулугу баткак абалына чейин жетип, селдин жүрүшү коюу илээшчек суюктуктун кыймылын элестетет.Андай селдерди байланышкан селдер, же гравитациялык агым деп аташат. Эгерде сел массасынын арасындагы суу эркин агып, ал талкаланган тоо тектерин алып жүрүү жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда селдерди турбуленттик агымдын селдери - деп аташат.

Турбуленттик агымдын селдери

  • Эгерде агындылардын негизин майда фракциялуу чопо жана кум түзсө, суунун ылайлуулугу баткак абалына чейин жетип, селдин жүрүшү коюу илээшчек суюктуктун кыймылын элестетет.Андай селдерди байланышкан селдер, же гравитациялык агым деп аташат. Эгерде сел массасынын арасындагы суу эркин агып, ал талкаланган тоо тектерин алып жүрүү жөндөмдүүлүгү бар болсо, анда селдерди турбуленттик агымдын селдери - деп аташат.
Сел агымдары геолого-геоморфологиялык жана гидрометеорологиялык факторлордун айкалышкан убагында гана пайда болот . Сел жүрүшү үчүн тоо сууларынын алабында, капталдарда жана нуктарда борпоң тектердин топтолушу жана аларды тең салмактуулуктан чыгарууга кубаты жете турган, кыска мөөнөткө агымдын куралышы зарыл. Кыска мөөнөттө агымдын кескин көбөйүшү үчүн кара нөшөр жамгырдын жаашы, мөңгүнүн жана кардын кескин эрип кетиши бөгөлгөн мореналык көлдөрдүн табигый байламталарынын жырылып кетиши керек. Натыйжада пайда болгон агым борпоң тектерди тең салмактуулуктан чыгарып кыймылга алып келет.

Сел агымдары геолого-геоморфологиялык жана гидрометеорологиялык факторлордун айкалышкан убагында гана пайда болот

  • . Сел жүрүшү үчүн тоо сууларынын алабында, капталдарда жана нуктарда борпоң тектердин топтолушу жана аларды тең салмактуулуктан чыгарууга кубаты жете турган, кыска мөөнөткө агымдын куралышы зарыл. Кыска мөөнөттө агымдын кескин көбөйүшү үчүн кара нөшөр жамгырдын жаашы, мөңгүнүн жана кардын кескин эрип кетиши бөгөлгөн мореналык көлдөрдүн табигый байламталарынын жырылып кетиши керек. Натыйжада пайда болгон агым борпоң тектерди тең салмактуулуктан чыгарып кыймылга алып келет.
Кээде жамгырдын жаашы кыштан калган карды же мөңгүнү эритип, эки факторлордун кошулган учурун байкоого болот. Канчалык куралган агымдын жерге сиңүүгө үлгүрбөй жер бетинен кеткен үлүшү көп болсо, ошончолук сел жүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Борпоң тектердин үстү өсүмдүктөр менен капталып калса сел жүрүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.
  • Кээде жамгырдын жаашы кыштан калган карды же мөңгүнү эритип, эки факторлордун кошулган учурун байкоого болот. Канчалык куралган агымдын жерге сиңүүгө үлгүрбөй жер бетинен кеткен үлүшү көп болсо, ошончолук сел жүрүү мүмкүнчүлүгү жогору. Борпоң тектердин үстү өсүмдүктөр менен капталып калса сел жүрүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.
Тоо сууларындагы агындылардын көлөмү Эреже катары тоо сууларындагы агындылардын көлөмү, агын суунун жалпы көлөмүнүн 1-2%ин түзөт. Ал эми сел агымында алардын көлөмдүк салмагы 2,0-2,7 г/см3 чегинде болгондуктан сел агымдарынын тыгыздыгы,табигый агын суулардын тыгыздыгынан 1,5-2 эсе жогору болот.Мындай «оор» агын суунун жээктерин жеп, нугун талкалоо күчү да бир канча эсе артат. Ошондуктан, 10,15 минуттук селдин тоо этектерине алып чыккан борпоң тектердин көлөмү, табигый агын суунун ондогон жылдарда алып чыккан чөкмөлөрүнүн миңдеген эсе көп болушу мүмкүн.

Тоо сууларындагы агындылардын көлөмү

  • Эреже катары тоо сууларындагы агындылардын көлөмү, агын суунун жалпы көлөмүнүн 1-2%ин түзөт. Ал эми сел агымында алардын көлөмдүк салмагы 2,0-2,7 г/см3 чегинде болгондуктан сел агымдарынын тыгыздыгы,табигый агын суулардын тыгыздыгынан 1,5-2 эсе жогору болот.Мындай «оор» агын суунун жээктерин жеп, нугун талкалоо күчү да бир канча эсе артат. Ошондуктан, 10,15 минуттук селдин тоо этектерине алып чыккан борпоң тектердин көлөмү, табигый агын суунун ондогон жылдарда алып чыккан чөкмөлөрүнүн миңдеген эсе көп болушу мүмкүн.
Катталган сел кубулуштары Кыргызстандын аймагында сел байкалбаган өрөөндөр жокко эсе десек жаңылбайбыз. Бирок кайталануу мөөнөтү ар өрөөндө ар башка жана бир жылдан жүздөгөн, миңдеген жылдарга созулушу мүмкүн.Жүздөгөн жылдар сел байкалбаган өрөөндөрдөн сел жүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн эстен чыгарбаш керек. Катталган сел кубулуштарынын ичинен 80% и кара нөшөр жамгырдын натыйжасында,12% и мөңгүлөрдүн жана бийик жаткан кардын кескин эришинен, 7% и кардын эриши жылуу жамгырдын жаашы күчөткөн учурларда жана 1%и көлдөрдүн бузулушунан пайда болот.

Катталган сел кубулуштары

  • Кыргызстандын аймагында сел байкалбаган өрөөндөр жокко эсе десек жаңылбайбыз. Бирок кайталануу мөөнөтү ар өрөөндө ар башка жана бир жылдан жүздөгөн, миңдеген жылдарга созулушу мүмкүн.Жүздөгөн жылдар сел байкалбаган өрөөндөрдөн сел жүрүп кетүү мүмкүнчүлүгүн эстен чыгарбаш керек. Катталган сел кубулуштарынын ичинен 80% и кара нөшөр жамгырдын натыйжасында,12% и мөңгүлөрдүн жана бийик жаткан кардын кескин эришинен, 7% и кардын эриши жылуу жамгырдын жаашы күчөткөн учурларда жана 1%и көлдөрдүн бузулушунан пайда болот.
Сел кубулуштарынын пайда болуу факторлору Сел кубулуштарынын, байкалышы боюнча аларды пайда кылган факторлордун мүнөзүнө жараша ар кыл бийиктиктеги физика-географиялык алкактарга байырлаган закон ченемдүүлүктөрдү белгилөөгө болот.Мисалы, мөңгүлөрдүн эригенине байланышкан гляциалдык сел кырка тоолордун бийик кырла-рына мүнөздүү. Алардын бүткөн этеги 3000-3200 м бийиктикте жатат. Гляциалдык селдердин кээ бирлери төмөн жаткан зоналар аркылуу өтүп өрөөндөрдү көп талкаланууга учуратып кээде чарбачылыкка да зыяндарын тийгизет.Кардын тез эришинен жана жамгырдан пайда болгон селдердин этеги негизинен 2500-2600м бийиктиктерде өтөт.Орөөндөр боюнча 2000м ге чейин түшүп келиши мүмкүн.Сейрек учурда чарбалык зонага чейин келип зыян тарттырышы мүмкүн.

Сел кубулуштарынын пайда болуу факторлору

  • Сел кубулуштарынын, байкалышы боюнча аларды пайда кылган факторлордун мүнөзүнө жараша ар кыл бийиктиктеги физика-географиялык алкактарга байырлаган закон ченемдүүлүктөрдү белгилөөгө болот.Мисалы, мөңгүлөрдүн эригенине байланышкан гляциалдык сел кырка тоолордун бийик кырла-рына мүнөздүү. Алардын бүткөн этеги 3000-3200 м бийиктикте жатат. Гляциалдык селдердин кээ бирлери төмөн жаткан зоналар аркылуу өтүп өрөөндөрдү көп талкаланууга учуратып кээде чарбачылыкка да зыяндарын тийгизет.Кардын тез эришинен жана жамгырдан пайда болгон селдердин этеги негизинен 2500-2600м бийиктиктерде өтөт.Орөөндөр боюнча 2000м ге чейин түшүп келиши мүмкүн.Сейрек учурда чарбалык зонага чейин келип зыян тарттырышы мүмкүн.
Сел пайда болуусу Сел кубулушунун көпчүлүгү нөшөр жамгырдан пайда болот жана алар бөксө тоолорго, адырларга мүнөздүү. Ысык-Көлдө алардын төмөнкү чеги 1800м, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 800-1300 м, Фергана өрөөнүндө 600-700 м. Сел агымдарынын куралуу аймактары тоо этектеген борпоң тектүү, кургакчыл климаттуу суусу жок убактылуу нуктар менен жыш тилмеленген жайларда жайгашкан.Бул алкактагы сел кубулуштары жогорудагы айтылган сел пайда болуучу алкактарга караганда эң эле коркунучтуу. Сел агымдарынын көпчүлүгү тоо этегиндеги жайык конустарга токтолуп чөкмөлөрүн чогултат. Бирок 7-10 жылдын ичинде кайталанып туруучу кубаттуу сел агымдары айдоо жерлердин топурагын жууп кетип, шагыл менен чайкап салып, сугат каналдарын, арыктарды бузуп, суу бөлгүч курулуштарды талкалап, огороддорду, жемиш бактарын кыйратып көптөгөн зыяндарды тарттырат.

Сел пайда болуусу

  • Сел кубулушунун көпчүлүгү нөшөр жамгырдан пайда болот жана алар бөксө тоолорго, адырларга мүнөздүү. Ысык-Көлдө алардын төмөнкү чеги 1800м, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө 800-1300 м, Фергана өрөөнүндө 600-700 м. Сел агымдарынын куралуу аймактары тоо этектеген борпоң тектүү, кургакчыл климаттуу суусу жок убактылуу нуктар менен жыш тилмеленген жайларда жайгашкан.Бул алкактагы сел кубулуштары жогорудагы айтылган сел пайда болуучу алкактарга караганда эң эле коркунучтуу. Сел агымдарынын көпчүлүгү тоо этегиндеги жайык конустарга токтолуп чөкмөлөрүн чогултат. Бирок 7-10 жылдын ичинде кайталанып туруучу кубаттуу сел агымдары айдоо жерлердин топурагын жууп кетип, шагыл менен чайкап салып, сугат каналдарын, арыктарды бузуп, суу бөлгүч курулуштарды талкалап, огороддорду, жемиш бактарын кыйратып көптөгөн зыяндарды тарттырат.
Кыргызстандын аймагында нөшөр жамгырдан пайда болгон селдер Нөшөр жамгырдан пайда болгон сел кубулуштары жаан чачындын жалпы санына эмес, анын тез түшкөн үлүшүнө байланыштуу. Байкоолорго караганда минутасына 1мм ден ашкан жамгыр селге алып келиши ыктымал. Кыргызстандын аймагында нөшөр жамгырдан пайда болгон селдердин саны жылына 1ден 3-4кө чейин. Алардын көпчүлүгү чектелүү гана алаптарды камтыгандыктан негизги өзөндүн суусунун чыгымына таасири жок. Көп аянтты камтыган нөшөр жамгырлар 100 жылда бир байкалчу кубулуш. Мындай нөшөрдүн бир мисалы 1958-жылдын 15-июлунда жааган кара нөшөр.Анын таасири Түндүк Кыргызстандын көпчүлүк сууларында байкалган.

Кыргызстандын аймагында нөшөр жамгырдан пайда болгон селдер

  • Нөшөр жамгырдан пайда болгон сел кубулуштары жаан чачындын жалпы санына эмес, анын тез түшкөн үлүшүнө байланыштуу. Байкоолорго караганда минутасына 1мм ден ашкан жамгыр селге алып келиши ыктымал.
  • Кыргызстандын аймагында нөшөр жамгырдан пайда болгон селдердин саны жылына 1ден 3-4кө чейин. Алардын көпчүлүгү чектелүү гана алаптарды камтыгандыктан негизги өзөндүн суусунун чыгымына таасири жок. Көп аянтты камтыган нөшөр жамгырлар 100 жылда бир байкалчу кубулуш. Мындай нөшөрдүн бир мисалы 1958-жылдын 15-июлунда жааган кара нөшөр.Анын таасири Түндүк Кыргызстандын көпчүлүк сууларында байкалган.
Кыргызстанда сел коркунучу көп байкалган региондор Кыргызстанда сел коркунучу көп байкалган региондордун бири Фергана өрөөнү.Айланасындагы тоолордон түшкөн агын суулардын бардыгы, убактылуу агым пайда болгон сайлар ар кыл даражада сел кубулушу боюнча коркунучтуу.Жалаң эле Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында 120дан ашык сел куралуучу алаптар бар. Кийинки жүз жылдын ичинде (1871-1977) бул тоолордун капталдарынан 520 жолу сел жүрүү катталган.Коркунучтуу агын суулардын алаптарынаСох, Шаймерден,Исфайрам-Сай,Араван-Сай кирет.Убактысы боюнча сел жүрүү маалы апрелден августка чейин. Сел пайда болуучу негизги зона жапыз тоолор жана адырлар,600-700м бийиктиктен тартып 1500-2000 м бийиктиктерге чейин. Фергана өрөөнүнүн бул зонасы негизинен майда фракциялуу борпоң тектерден турат жана чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү жер бетин туташ каптабайт.Ошондуктан,сел жүрүүгө түрткү болгон нөшөр жамгырдын суусу бат эле ал тектерди жууйт.

Кыргызстанда сел коркунучу көп байкалган региондор

  • Кыргызстанда сел коркунучу көп байкалган региондордун бири Фергана өрөөнү.Айланасындагы тоолордон түшкөн агын суулардын бардыгы, убактылуу агым пайда болгон сайлар ар кыл даражада сел кубулушу боюнча коркунучтуу.Жалаң эле Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында 120дан ашык сел куралуучу алаптар бар. Кийинки жүз жылдын ичинде (1871-1977) бул тоолордун капталдарынан 520 жолу сел жүрүү катталган.Коркунучтуу агын суулардын алаптарынаСох, Шаймерден,Исфайрам-Сай,Араван-Сай кирет.Убактысы боюнча сел жүрүү маалы апрелден августка чейин. Сел пайда болуучу негизги зона жапыз тоолор жана адырлар,600-700м бийиктиктен тартып 1500-2000 м бийиктиктерге чейин. Фергана өрөөнүнүн бул зонасы негизинен майда фракциялуу борпоң тектерден турат жана чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү жер бетин туташ каптабайт.Ошондуктан,сел жүрүүгө түрткү болгон нөшөр жамгырдын суусу бат эле ал тектерди жууйт.
Сел коркунучу ар жылы байкалган райондор Ысык-Көл өрөөнүнүн сел жүрүү коркунучу жогору региону Тескей Ала-Тоосунун түндүк капталы, өзгөчө Тамгадан батыш- ты карай Балыкчынын тушуна чейин. Күнгөй Ала-Тоосунун түштүк капталында сел көп байкалат,өзгөчө Калмак-Суунун алабынан Чоң-Ак-Суунун алабына чейин.Бул жерлерде да неоген-төртүнчүлүк мезгилдеринин чала байланышкан борпоң тектери тараган. Осүмдүктөр менен капталуусу да начар. Сел коркунучу ар жылы байкалган районго Кыргыз Ала- Тоосунун түндүк капталы да кирет.Негизги кырка тоонун этектеринде жарыш жайгашкан адырлардын кайсы гана жеринде болбосун катуу нөшөр, селге алып келиши мүмкүн. Талас өрөөнүндө сел коркунучу Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында Калба суусунан Күркүрөөгө чейин, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталында байкалышы мүмкүн.

Сел коркунучу ар жылы байкалган райондор

  • Ысык-Көл өрөөнүнүн сел жүрүү коркунучу жогору региону Тескей Ала-Тоосунун түндүк капталы, өзгөчө Тамгадан батыш- ты карай Балыкчынын тушуна чейин. Күнгөй Ала-Тоосунун түштүк капталында сел көп байкалат,өзгөчө Калмак-Суунун алабынан Чоң-Ак-Суунун алабына чейин.Бул жерлерде да неоген-төртүнчүлүк мезгилдеринин чала байланышкан борпоң тектери тараган. Осүмдүктөр менен капталуусу да начар.
  • Сел коркунучу ар жылы байкалган районго Кыргыз Ала- Тоосунун түндүк капталы да кирет.Негизги кырка тоонун этектеринде жарыш жайгашкан адырлардын кайсы гана жеринде болбосун катуу нөшөр, селге алып келиши мүмкүн.
  • Талас өрөөнүндө сел коркунучу Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында Калба суусунан Күркүрөөгө чейин, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталында байкалышы мүмкүн.
Селдердин күчү жана көлөмү Кыйраткыч күчү жагынан көл жарылып пайда болгон жана мореналар арасында мөңгүдөн эриген суу топтолуп, тоскоолдуктар чыдабай кеткен учурда жүрүп кеткен селдер бөлүнүп турат.Мисалы, 1966-жылдын 21-июнунда Исфайрам-Сайдын алабындагы миңдеген жылдардан бери өзгөрүлбөй тең салмакта келген Жашыл-Көл деген көлдүн жарылышынан пайда болгон сел өрөөндөгү гана элдин чарбачылыгына эмес, тоо этегиндеги түздүктө орношкон Өзбекстандын шаары Кува-Сайга да чоң зыяндарды алып келген. Исфайрам-Сайдын өрөөнү боюнча аккан селдин чыгышы секундасына 1500 м3ге жеткен.

Селдердин күчү жана көлөмү

  • Кыйраткыч күчү жагынан көл жарылып пайда болгон жана мореналар арасында мөңгүдөн эриген суу топтолуп, тоскоолдуктар чыдабай кеткен учурда жүрүп кеткен селдер бөлүнүп турат.Мисалы, 1966-жылдын 21-июнунда Исфайрам-Сайдын алабындагы миңдеген жылдардан бери өзгөрүлбөй тең салмакта келген Жашыл-Көл деген көлдүн жарылышынан пайда болгон сел өрөөндөгү гана элдин чарбачылыгына эмес, тоо этегиндеги түздүктө орношкон Өзбекстандын шаары Кува-Сайга да чоң зыяндарды алып келген. Исфайрам-Сайдын өрөөнү боюнча аккан селдин чыгышы секундасына 1500 м3ге жеткен.
Сел жүргөн аймактар Ысык-Көл өрөөнүндөгү күчтүү селдерден 1952-жылдын 7-августундаты Кичи-Кызыл-Суу, 1964-жылдын 12-августундагы Тамга өрөөндөрүндө байкалган селдерди айтсак болот.1952-жылы 16-августта Ысык-Ата өрөөнү боюнча, 2003-жылы 22-июнда Ала-Арча өрөөнү боюнча жүргөн селдерди катастрофалык селдердин катарына кошсок болот.Сокулук өрөөнүндөгү Кейди-Кучкач деген сол куймасынын алабынан жаралган гляциалдык сел 80-жылдардын ичинде эки жолу өрөөндөгү болгон суу бөлгүч курулуштардын бардыгын алып кетип, сугат каналдарга суу чыкпай калып, көп зыяндарды алып келген.

Сел жүргөн аймактар

  • Ысык-Көл өрөөнүндөгү күчтүү селдерден 1952-жылдын 7-августундаты Кичи-Кызыл-Суу, 1964-жылдын 12-августундагы Тамга өрөөндөрүндө байкалган селдерди айтсак болот.1952-жылы 16-августта Ысык-Ата өрөөнү боюнча, 2003-жылы 22-июнда Ала-Арча өрөөнү боюнча жүргөн селдерди катастрофалык селдердин катарына кошсок болот.Сокулук өрөөнүндөгү Кейди-Кучкач деген сол куймасынын алабынан жаралган гляциалдык сел 80-жылдардын ичинде эки жолу өрөөндөгү болгон суу бөлгүч курулуштардын бардыгын алып кетип, сугат каналдарга суу чыкпай калып, көп зыяндарды алып келген.
Селдин чарбачылыкка тийгизген таасири Сел канчалык адам баласынын чарбачылыгына жакын жерде жүрсө, ошончолук зыянга көп учуратат жана эсте калып, селге каршы иш жүргүзүүгө мажбур кылат. Бул жагынан жапыз тоолордон жана адырлардан жүргөн нөшөр жамгырдын натыйжасында жаралган селдерди өзгөчө белгилеп кетүү керек. Ал эми кээ бир райондогу селдер канчалык күчтүү болбосун, чарбачылыктан алыс болуп, зыяны жокко эсе болгондуктан эсте калбайт.Мисалы,жыл сайын Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегиндеги Мерцбахер көлүнүн жарылышынан жаралган сел көпкө чейин белгиленбей келген. 70-жылдардагы Эңилчек суусуна салынган чоң көпүрөнү алып кеткенден кийин гана ал суудагы жылына үзгүлтүксүз байкалган селдер боюнча маалыматтар көбөйө баштады.

Селдин чарбачылыкка тийгизген таасири

  • Сел канчалык адам баласынын чарбачылыгына жакын жерде жүрсө, ошончолук зыянга көп учуратат жана эсте калып, селге каршы иш жүргүзүүгө мажбур кылат. Бул жагынан жапыз тоолордон жана адырлардан жүргөн нөшөр жамгырдын натыйжасында жаралган селдерди өзгөчө белгилеп кетүү керек. Ал эми кээ бир райондогу селдер канчалык күчтүү болбосун, чарбачылыктан алыс болуп, зыяны жокко эсе болгондуктан эсте калбайт.Мисалы,жыл сайын Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этегиндеги Мерцбахер көлүнүн жарылышынан жаралган сел көпкө чейин белгиленбей келген. 70-жылдардагы Эңилчек суусуна салынган чоң көпүрөнү алып кеткенден кийин гана ал суудагы жылына үзгүлтүксүз байкалган селдер боюнча маалыматтар көбөйө баштады.
Суроолор жана тапшырмалар:   1.Силер жашаган аймакта сел жүргөн өрөөндөр,жылгалар барбы?Эгерде бар болсо,ал кандай жол менен пайда болгонун аныктоого аракет кылгыла.Ал жердин кыскача мүнөздөмөсүн бергиле. 2.Кыргызстандын кайсы регионунда сел агымдары көп байкалат?Эмне үчүн? 3.Сел пайда боло турган табигый шарттарды санап бергиле. 4.Озүңөр көргөн,же жакындарыңар күбө болгон сел агымдарын билесиңерби?Эгерде билсеңер алар кандай зыяндарга алып келгенин жазып көргүлө.

Суроолор жана тапшырмалар:

  • 1.Силер жашаган аймакта сел жүргөн өрөөндөр,жылгалар барбы?Эгерде бар болсо,ал кандай жол менен пайда болгонун аныктоого аракет кылгыла.Ал жердин кыскача мүнөздөмөсүн бергиле.
  • 2.Кыргызстандын кайсы регионунда сел агымдары көп байкалат?Эмне үчүн?
  • 3.Сел пайда боло турган табигый шарттарды санап бергиле.
  • 4.Озүңөр көргөн,же жакындарыңар күбө болгон сел агымдарын билесиңерби?Эгерде билсеңер алар кандай зыяндарга алып келгенин жазып көргүлө.