№ 3-лекция Экосистемалардагы заттардын айланышы
План:
1. Биосфера
2. Биогеохимиялык циклдер
3. Көмүртектин, азоттун, суунун, фосфордун, күкүрттүн айланышы.
Биосфера
Биосфера – “жашоонун” аймагы, Жер шарынын бетинде тирүү жандардын тиричилик өткөргөн кең мейкиндиги. Бул терминди 1875-ж. австралиялык геолог Э. Зюссан киргизген ал биосфераны топологиялык пайда болуу катары б.а. жашоого толтурулган мейкиндик катары караган. Биосфера тууралуу окууну улуу орус окумуштуусу, академик В.И. Вернадский түптөгөн. В.И. Вернадскийдин “Биосфера” деген классикалык эмгеги 1926-ж. жарык көргөн.
Биосферанын эң негизги үч түзүүчүсү бар:
- газ (атмосфера) ,
- суу (гидросфера) ,
- таш (литосфера ), ошондой эле “ жандуу заттар ” – жансыз заттардын карама-каршысына. Жер ички жана тышкы концентриленген катмарлардан (геосфералардан) турат. Ички катмарга ядро менен мантия кирсе, тышкыларга: литосфера – калыңдыгы 6км (океандын алдынан) - 80км (тоо системаларына) чейин болгон жер кыртышын камтыган жердин таштуу катмары; гидросфера – Жердин суу катмары; атмосфера – түрдүү газдардын аралашмасынан, суу бууларынан жана чаңдардан турган газ катмары кирет (8-сүр.). 10-50км бийиктикте озон катмары жайгашкан, максималдуу концентрациясы 20-25км бийиктикте болот, ал организм үчүн зыяндуу болгон ашыкча ультракызгылт нурлардан Жерди коргойт.
Биосферанын структурасы жана негизги структуралык бирдиктер менен орун ээленген беттердин катышы
Гидросферанын курамы
Жер планетасында орун алган суюк, катуу агрегаттык абалдагы суу чөйрөсү-курамына Дүйнөлүк океан, континенттик жана жер алдындагы суулар кирет. Планетанын жалпы бетинен (510 млн. км 2 барабар) суу 71 % ээлейт. Дүйнөлүк океандын суусунун көлөмү 1340,7 км 3 түзөт. 98 % жогору бардык суу ресурстары жогорку минералдаштырылган катары эсептелет жана чарбалык иш-аракеттер үчүн аз жарамдуу болот . Планетадагы таза суунун үлүшүнө 28 млн. км 3 жакыны туура келет, алардын ичине 4,2млн.км 3 чарбалык иштер үчүн керектелип, бүтүндөй гидросферанын 0,3 % көлөмүн түзөт. Ошону менен бирге эле бул ресурстар тегиз таралган эмес, алардын көпчүлүк бөлүгү аз өздөштүрүлгөн райондорго туура келип, өнүккөн аймактар үчүн таза суунун жетишсиздигин (дефицитин) пайда кылууда. Таза суунун 14 % жер алдындагы сууларга тиешелүү.
Атмосферанын курамы
Атмосфера 5 катмардан: тропосфера ,
стратосфера , мезосфера , ионосфера
( термосфера) жана экзосфера турат. Атмосфераны гомо-
жана гетеорсферага бөлүшөт. Биринчиси 100 км бийиктиги
менен чектелип, бир түрдүү газдык курамы менен
айырмаланат. Экинчиси фотодиссоциациянын эсебинен
газдардын иондошуусу жогорулайт, анын эсебинен
заттардын кээ бир бөлүктөрү космостук мейкиндикке
сиңирилиши менен мүнөздөлөт. Фотодиссоциациянын
негизинде кычкылтектин бир бөлүгү озонго айланат: озон
катмары 10-50 км бийиктикте жайланышкан, ал эми
максималдык концентрациясы 20-25 км бийиктикте
Белгиленген. Озон катмары жерди ултракызгылт
нурдануунун агымынан коргоочу катмар катары чоң
мааниге ээ. Озон кычкылтектин үч атомун камтыган
кычкылтектин молекулалык формасы.
Атмосферанын курамында кычкылтектин курамынын
жогору болушу (21 %) жердеги жашоонун бир катар
өзгөчөлүктөрүн: организмдин метоболизм жолдорун жана
дем алуу ыкмаларын аныктады.
Климаттык жана ландшафтык факторлордон күчтү көз-
карандылыгы мүнөздүү. Жер бетиндеги өсүмдүктөр
атмосфера менен литосферанын ортосунда чектешкен
жашоонун формаларын мүнөздөйт.
Литосферанын түзүлүшү
Жердин “таштуу катмары”, түздүк жерде 30-40 км, тоо жерлеринде 50 км, ал эми дениздин 3-10 км чейинки тереңдиктиктеги жерлерди ээлейт. Биосферанын контекстинде- литосфера-бул жердин үстүнкү катмарынын бөлүгү–топуракты түшүнүшөт. Ошондуктан кээде педосфера–жер кыртышынын топурактык катмары деген терминди да колдонушат. Литосферадагы азыркы биосферанын чек арасы 4-5 км тереңдикке жетет, б.а. ушул тереңдиктерге чейин тирүү организмдердин жашаганы белгилүү. Топурактын физикалык касиеттеринин негизинде анын жансыз бөлүгүн катуу (минералдык бөлүкчөлөр), суюк (топурактагы нымдуулук) жана газ абалындагы фазалардан турган– полидерстик үч система катары кароого негиз берет. Топурактын химиялык өзгөчөлүктөрү анын минералдык жана органикалык курамынан көз-каранды.