СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Крым кимдики?......... ..

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Крым кимдики?......... ..»

Крым кимдики?



3. Крым топонимиясында кыргыз этноними



Тарыхый фольклордук “Уулуң кетти Урумга, Кызың кетти Кырымга” айтымында кыргыздардын тарыхый географиясынын бир чети катары эскерилген Крым жарым аралы б.з.ч. VI кылымдан бери гунн, булгар, хазар, кыпчак, крым татарлары сыяктуу түрк элдеринин мекени болуп келген. Ошондуктан бул жарым аралда түрк этнонимдери менен жасалган топонимдердин саны көп. Ошондой топонимдердин бири – бул кыргыз этноними менен куралган топонимдер.



Адаман-Кыргыз – И.Л. Белянский менен С.М. Усеиновдун эмгегинде бул топоним Крымдын Нижнегорск (укр. Нижньогірський район, крым-тат. Нижнегорский районы) районунда жайгашкан айылдын аты деп берилген (Белянский жана Усеинов, 2010: 164). Бирок Википедияда Джанкой (укр. Джанкойський район, крым-тат. Джанкой районы, Canköy rayonı) районундагы 1784-жылдан 1915-жылга чейинки документтерде аты кездешкен, тилекке каршы, азыркы учурда жоюлуп кеткен айыл катары көргөзүлгөн (https://ru.wikipedia.org/wiki/ Адаман). И.Л. Белянский менен С.М. Усеинов адаман сөзүн башкы чабан деп түшүндүрүшкөн (Белянский жана Усеинов, 2010: 164). Биздин оюбузча, бул жердеги адаман сөзү башкы деген маани берген атаман сөзүнүн бир варианты болушу мүмкүн.

Баш-Кыргыз (укр. Баш-Киргиз, крым-тат. Baş Qırğız, Баш Къыргъыз) – Ленин (укр. Ленінський район, крым-тат. Еди Къую районы, Yedi Quyu rayonı) районундагы Джапар-Берды дарыясынын оң куймасы болгон мезгилдүү суу, коо (Лисовский ж.б., 2004: 17). Баш сөзү башкы, негизги, башкаруучу деген маанилерге келерин эске алсак, аталган топоним башкы, негизги кыргыз деген маани бериши мүмкүн.



Баш-Кыргыз (укр. Баш-Киргиз, крым-тат. Baş Qırğız, Баш Къыргъыз) – а) Джанкой (укр. Джанкойський район, крым-тат. Джанкой районы, Canköy rayonı) районундагы айыл. б) Ленин (укр. Ленінський район, крым-тат. Еди Къую районы, Yedi Quyu rayonı) районундагы азыркы Яркое айылынын 1948-жылга чейинки аты (Белянский жана Усеинов, 2010: 177).



Бүйүк-Кыргыз (укр. Біюк-Киргиз, крым-тат. Büyük Qırğız, Буюк Къыргъыз) – Джанкой (укр. Джанкойський район, крым-тат. Джанкой районы, Canköy rayonı) районундагы азыркы Светлое айылынын мурунку аты (https://dic.academic.ru/dic.nsf/ruwiki/1749197). Бүйүк сөзү крым татар тилинде бийик, чоң, кеңири, күчтүү сыяктуу маанилерге келет (Гаркавец жана Усеинов, 2002: 163). Демек каралып жаткан топонимди чоң кыргыз деп которсок болот.



Коңрат-Кыргыз – Ленин (укр. Ленінський район, крым-тат. Еди Къую районы, Yedi Quyu rayonı) районундагы азыр жоюлуп кеткен айыл (Белянский жана Усеинов, 2010: 218). Бул топонимдин курамындагы коңрат түрк-монгол элдериндеги коңурат этноними болушу ыктымал. Анткени В.А. Бушаков Крымдагы түрк этноойконимдерин изилдөөгө алган диссертациясында Крымда коңурат этноними менен жасалган топонимдердин бар экендигин белгилеген (Бушаков, 1991: 4). Натыйжада Коңрат-Кыргыз топонимин эки этнонимден куралган жер аты катары эсепей алабыз.



Күчүк-Кыргыз (укр. Кучук-Киргиз, крым-тат. Küçük Qırğız, Кучюк Къыргъыз) – Джанкой (укр. Джанкойський район, крым-тат. Джанкой районы, Canköy rayonı) районундагы азыр жоюлуп кеткен айыл (Белянский жана Усеинов, 2010: 226). Күчүк сөзү крым татар тилинде кичик, кичине, кенже сыяктуу маанилерге келет (Гаркавец жана Усеинов, 2002: 374). Демек каралып жаткан топонимди кичине кыргыз деп которсок болот.

Кыргыз – а) Нижнегорск (укр. Нижньогірський район, крым-тат. Нижнегорский районы) районунда жайгашкан Емельяновка айылынын мурунку аты. б) Раздольное (укр. Роздольненський район, крым-тат. Раздольное районы) районундагы хутор (Белянский жана Усеинов, 2010: 228).



Кыргыз-Казак (укр. Козаче, крым-тат. Qırğız Qazaq, Къыргъыз Къазакъ) – Раздольное (укр. Роздольненський район, крым-тат. Раздольное районы) районунда жайгашкан Казачье айылынын 1948-жылга чейинки аты (Белянский жана Усеинов, 2010: 228). Бул топонимде казак жана кыргыз этнонимдеринин кош сөз катары колдонулушу аталган эки элдин тыгыз жакындыгынан келип чыкса керек.



Тамак-Кыргыз (укр. Світле, крым-тат. Tamaq Qırğız, Тамакъ Къыргъыз) – Джанкой (укр. Джанкойський район, крым-тат. Джанкой районы, Canköy rayonı) районундагы азыр жоюлуп кеткен айыл (Белянский жана Усеинов, 2010: 264).