Күн менен булуттун кармашы.
Жаз мезгили болчу. Адаттагыдай эле таң эрте ойгонгон Күн нурун чачып:
- Эки-үч күндөн бери Жер шарын кыдырган жокмун. Кой, бүгүн кыдырбасам болбос. Эл, жан-жаныбар, бак-дарактар мени күтүп калышса керек,-деп шашып жөнөйт. Бир аз жүргөндөн кийин эле кайдан-жайдан Сур булут аайда болуп:
- Эй, Күн, жол болсун дейт! Шашып кайда жөнөдүң?!-дейт жолуп тороп.
- Эки-үч күндөн бери Жер шарын кыдыра элекмин. Барып келейинчи... Сур булут, бир аз жыла турасыңбы, өтүп кетейин. Аябай шашып жаттым эле ,-деп суранат.
- Даны эмне дейсин?! Башка жерден өтө бербейсиңби,- деп жөн жооп бербей ороңдойт Сур булут.
- Өщүң билесиң да, мага башка дол жүрүүгө болбойт. Мен ушул жол менен гана жүрө алам. Башка жолго салсам, өз жолумдан чыгып кетем. А сен каалаган жолуң менен жүрө аласың. Тиги жакта орун кенен эле турат го! Бир аз жылып койчу, сураныч.
- Жок, мен эч жакка жылбайм! - деп Сур булут көгөрүп сурап туруп алат.
- Ай-ий, ушунчалык да көк бетсиңби? - деп Күн айласын таппай ыйлап жиберет. Күн менен Сур булут ушинтип жол ьалашып жатканда, алардын жанынан шуулдап Шамал өтүп калат. Шамал Күндун ыйлап жатканын көрүп:
- Ай, Күн эмне ыйлап жатасың? Сени Жердеги жандыктардын баары күтүп жатышпайбы! - дейт.
Ошондо Күн ага болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Каарданган Шамал:
- Ошондой дечи? Азыр анын айласын табам! - деп тартипсиз Сур булутту капталынан сүрүп, четке чыгарат.
Жолу ачылганына сүйүнгөн Күн Шамалга рахматын айтып, шашкан боюнча Жерге жол тартат. Күн чыкканда жан-жаныбарлардын баары сүйүнүп, жыргап калышат.
Дамира Арстанова
(Мугалим слайддын коштоосунда жаңы теманы түшүндүрүп берет)
|