СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Күн системасы.Жер тибиндеги планеталар.

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Күн системасы.Жер тибиндеги планеталар.»



Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика мугалими Салимбаева Бактыгүл Джунусовна


Предмети: физика

Классы: 9

Сабактын темасы: Күн системасынын түзүлүшү. Жер тибиндеги планеталар.

Сабактын максаты:

  • Күн жана күн системасынын түзүлүшүн билишет.

  • Жер тибиндеги планеталарга кайсылар кирээрин айырмалашат.

  • Ар бир планетадагы физикалык шарттар менен таанышышат.

Когнитивдик милдеттер: Күн системасына кирген телолор жарыкты жана энергияны кайдан алышын түшүнүшөт.

Ишмердүүлүк милдеттер:Космос мейкиндигин өздөштүрүү үчүн тиешелүү билим, билгичтиктерге ээ болушат.

Баалуулук милдеттер:Илим менен космостук техниканын тармактарынын көпчүлүгү менен таанышышат. (9.4.2.1) Жердин жасалма спутниктеринин кыймылын сүрөттөйт. Жер тибиндеги планеталарды атай билишет.

  • Маалыматтык.

  • Социалдык-коммуникациалдык.

  • Өз алдынча көйгөйлөрдү уюштуруу жана чечүү.

  • Натыйжага жетишет, эгерде күн системасына кайсы асман телолору кирерин билсе.

  • Натыйжага жетишет, эгерде Күндүн, Жердин массасы, бир астрономиялык бирдик, жарыктын ылдамдыгын билишсе.

  • Натыйжага жетишет, эгерде Жер тибиндеги ар бир планетанын физикалык шарттарын билсе.

Сабактын тиби: Жаңы билим берүү

сабагы.

Усулдар:Интерактивдүү, топтордо иштөө. Сабактын жабдылышы:Батмандар, маркерлер, слайд, видео, көрсөтмө куралдар.

Сабактын жүрүшү: Саламдашуу.

Класска жагымдуу маанай түзүү.Топторго бөлүү.

Магнит оюну. (магниттин оң жана терс уюлдарынын белгилери жазылган баракты окуучуларга таркатып аларды ички жана сырткы тегерекчедей жайгаштырып, ички тегеректи саат жебесинин багыты боюнча кыймылдатат. Сырткы тегеректи саат жебесине тескери багытка карай айланат мугалим токто дегенде токтоп, бир аттуу уюлдар туура келген окуучулар түртүлүшөт, түрдүү аттуу уюлдар туура келген окуучулар тартылышат) ошентип, түртүлүшкөндөр Жер, тартылышкан Марс болуп эки топко бөлүнөт.

1.Жер

2. Марс

Мугалим: Топторго лидер шайлап, ураан чакыруусун сунуштайт. Баалоонун критерийлерин окуучулар менен бирге чечип алат. (топту лидер баалайт жана өздөрүн-өздөрү баалоо) Жыл башындагы кабыл алган алтын эрежелерден бүгүнкү сабагыбызга тиешелүүсүн карайлы.

Мээге чабуул: (проектордон көрсөтөт)

1. Биз кайсыл жылдыздар галактикасында жайгашканбыз?

2. Бир жылда канча сутка бар?

3. Быйылкы жылды президентибиз кандай жыл деп жарыялады?

4. Кыргызстанда ГЭС басымдубу же ТЭСтерби?

5. Класс жетекчиңердин аты-жөнү.

6. Кыргызстандагы эң ири ГЭС кайсы?

7. Телескоптун сапатын кантип мүнөздөйбүз?

8. Канча планета бар?

Окуучулар:Топторго лидер шайлап, ураан чакырышат. Баалоонун критерийлери менен таанышышат.

Мээге чабуул:

Мугалим берген суроолорго окуучулар тез жооп беришет.

1.жооп (Саманчынын жолу)

2. 355-354

3. “Тоолордун экосистемасын коргоо климаттык туруктуулук жылы”

4. ГЭС

5. __________________

6. Токтогул ГЭС

7. Телескоптун чоңойту параметири

8. 8 планета бар


Тапшырманы текшерүү:

Мугалим: Үйгө берилген тапшырма: Астраномиялык изилдөө каражаттары. Оптикалык телескоп. Радиотелескоп астраномиялык обсерваториялар.

Суроо баракчасы аркылуу текшерип алат.

Мугалим: Суроо баракчаны белгилеп бүткөндөн кийин ратация жолу менен текшеришээрин айтат.

Суроо баракчасы. (слайддан чыгып турат)

1. Астрофизиканы изилдөөдө кандай телескопторду пайдаланабыз?

2. Эң ири радиотелескоптун аталышы кандай?

3. Азыркы учурда канча обсерваториялар иштеп жатат?

4. “РАТАН-600” телескоп канча күзгүдөн турат?

5. Таш доорунда Англияда кандай обсерваториясы курулган?

Окуучулар: Үйгө берилген тапшырманы мугалим берген суроо баракчасына иштешет. Туура жоопторун слайддан көрүп,биринчи топ экинчи топту, экинчи топ биринчи топту ратация жолу менен текшеришет.

Суроо баракчанын жооптору

1. Оптикалык телескоп,радиотелескоптору,рентгентелескоптору,нейтрино телескоптору, гамма-квант телескоп.

2. “РАТАН-600”

3. 500 дөн ашык обсерваториялар иштеп жатат

4. “РАТАН-600” 895 айрым күзгүдөн турат

5. “Стоунхендж”

Сабактын максатын окуучулар менен биргеликте коюу

Бүгүнкү өтүлө турган тема: Күн системасынын түзүлүшү. Жер тибиндеги планеталар.

Сабактын максаты: Күн системасынын түзүлүшүн үйрөнөсүңөр жана жер тибиндеги планеталардын санын, айырмачылыктарын, ал планеталарды ачкан окуумуштууларды билесинер. Окуучулар сабактын максатын мугалим менен биргеликте коюшат.

Жаңы материалды түшүндүрүү

Чакыруу стадиясы:

Күн системасынын түзүлүшү кандай?

Жер тибиндеги планеталар боюнча бул теманы өткөнгө чейин кандай маалыматыңар бар?

Окуучулар мугалимдин суроосуна өздөрү билген маалыматтарын айтышат.


Түшүнүү стадиясы:

Мугалим видеослайд аркылуу Күн системасы жана Жер тибиндеги планеталар боюнча маалымат көрсөтөт жана китептен да маалымат берип, 8 планетанын жайгашуу абалын көрсөтмө куралдын (аппараттын) жардамында Күн системасынын Галактикада жайгашышын көрсөтүп берет.



Түшүнүү стадиясы:

Слайддагы,видеодогу маалыматты көрүшөт,угушат жана мугалим көрсөтмө курал (аппарат) аркылуу көрсөткөн 8 планетанын Күн системасынын Галлактикада жайгашуу абалын көрүшүп байкашат, түшүнүшөт.

Ойлонуу стадиясы:


Балдар жогоруда көрсөтүлгөн боюнча маалымат алдыңар .Эки топко бөлүнгөнбүз.Топтор менен иштейбиз.

Мугалим ар бир топко плакат, маркерлерди таркатып берет. Окуучуларга тема боюнча алган билимдерин колдонуп, топтордо даярдаган иштерин доскага чыгып презентациялап берүү керектигин айтат. Ар бир топ өзүнчө түшүнгөндөрүн, байкагандарын, алган билимдерин колдонушуп, Күн системасынын Галактикадан орун алышын плакаттарга чийип жайгаштырышат жана ар бир топ өздөрү даярдаган иштерин доскага чыгып презентациялап беришет.




Жыйынтыктоо

Калыптандыруучу тест

мугалим эки топтун ар бир мүчөөсүнө тестин суроолору жазылган баракты таратат. Таркатылган тести топ менен биргеликте талкуулашат. Талкуулашат да ар бир топтун мүчөөсү өзүнчө да талкуулайт. Ар бир топтун мүчөөсү топтун оюна кошулбай өз оюн айтса болот жана ар бири өзүнчө бааланат деп мугалим түшүндүрүп убакыт берет.

Калыптандыруучу тестин суроолору:

1.Күн системасына кайсы асман телолору кирет ?

2.Күн системасына кирген телолор жарыкты жана энергияны кайдан алат?

3.Планеталарды кайсы окумуштуулар изилдеген?

4.Жер тибиндеги планеталардын кандай өзгөчөлүктөрү бар?

5.Жер тибине кирген планеталардын эң чоңу кайсы жана анын атмосфералык түзүлүшү кандай?

Калыптандыруучу тести окуучулар белгилеп бүтүп, ар бири өзүнчө түшүнгөндүгүн жооп беришет.

Максатты баяндашат.

Максатка жеткендигин билишет.

Калыптандыруучу тест суроонун жооптору:

1.Күн системасына Күндүн өзү 48 спутниги,8 планета,100 000 ден ашуун астероиддер,1012 кометалар,метеордук телолор.

2.Күн системасына кирген телолор жарыкты жана энергияны Күндөн алат.

3.Уран планетасын астроном В.Гершел 1781-жылы ачкан.Немец окумуштуусу астроному Галле 1846-жылы Нептун планетасын ачкан.1930-жылы америкалык астроном П.Ловелл Плутонду ачкан.

4.Жер тибиндеги планеталар Жерге ар кандай касиеттери менен окшош,өлчөмдөрү,массалары боюнча дагы Жерге жакыкы планеталар.Меркурий,Чолпон Жер,Марс

5.Жер,Чолпон,Марс,Меркурий.

Үйгө тапшырма:Параграф 81,82 Кошумча интернеттен күн системасынын түзүлүшүнүн жана жер тибиндеги планеталардын видеолорун карап анализдеп келгиле. Тапшырманын мазмунун түшүнүп, тапшырмаларды күндөлүктөрүнө жазышат.


Баалоо

Тапшырманын аткарылышына жараша топту лидер жана балдар өздөрүн-өздөрү баалашат.Көрсөткүчкө таянып баалаганына ынанышат.

Түшүнүү стадиясы:

(төмөнкү белгилерди колдонуп, иштешет)

Барактын четине белгини коюп, жазуу менен бирге тексти окуу. Төмөнкү белгилер колдонулат;

V”- куш белгиси - маалымат тааныш болсо

коюлат.

+”- кошуу белгиси – жаңы маалымат болсо

коюлат.

-”- алуу белгиси окуучулар билгенине же ойлонгонуна туура келбеген маалымат.

?”- суроо белгиси – силер түшүнүксүз же бул суроо боюнча кененирээк маалымат алайын десеңер коесуңар.

Ойлонуу стадиясында:

(рефлексия)-белгилеп иштөөгө таянып окуганды түгөй менен, андан кийин талкулоо “белгиден белгиге чейин” жүргүзүлөт. Белгиленген маалымат окуучулар тарабынан ирээти менен көргөзүлөт, алар билген суроолорго карата. Аягында тиркеме боюнча таблица түзүлөт жана резюме жазылат.

Мугалим слайддан күн системасы жана жер тибиндеги планеталар боюнча маалымат көрсөтөт. Жана өзү да көрсөтмө куралдын жардамында Күн системасынын Галактикада жайгашышын көрсөтүп берет.





















Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика мугалими Салимбаева Бактыгүл Джунусовна



Предмети: физика

Классы: 8

Сабактын темасы: Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу.

Сабактын максаты:

  • Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтырууну үйрөнүшөт, айырмалай алышат, формуласын түшүнүшөт.

  • Формуланы колдонуп мисалдарды иштей алышат.

  • Турмушта колдоно билишет жана тактыкка,байкагычтыкка тарбияланышат.


Когнитивдик милдеттер: (8.3.1.10.

Өткөргучтөрду удаалаш жана жарыш туташтырууну үйрөнүшөт,чынжырдын бөлүгүндөгү ток күчунүн чыңалуудан көз карандылыгын билишет. .

  • Социалдык-коммуникациалдык.

  • Өз алдынча көйгөйлөрдү уюштуруу жана чечүү.

  • Эсептөө. Физикалык чоңдуктар,ток күчүн,чыңалууну, электр каршылыктарын жана физикалык куралдарды тааныйт.

Сабактын тиби: Жаңы билим берүү сабагы.

Усулдар: Интерактивдүү,топтордо иштөө Сабактын жабдылышы: Батмандар,маркерлер,слайд,физикалык куралдар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу




Класста жагымдуу маанай түзүү.Топторго бөлүү.

Заряд оюну боюнча эки топко болүнөт.

1.Удаалаш

(оң заряд)

2. Жарыш (терс заряд ) деп эки топко бөлүп алат.

Мугалим: Топторго лидер шайлап, ураан чакыруусун сунуштайт Баалоонун критерийлери окуучулар менен бирге чечип алуу. (өздөрүн-өздөрү баалоо)

Мээге чабуул:

Мугалим берген суроолорго тез жооп беришет.

Тапшырманы текшерүү:

Мугалим: Үйгө берилген Чынжырдын бөлүгү үчүн омдун закону деген тапшырманы ар бир сабакта колдонулуучу суроо баракчасы аркылуу текшерип алат.

Суроо баракчасы.

(слайддан чыгып турат)

1. Чынжырдын бөлүгү үчүн Ом законунун формуласы,бирдиги кандай?

2. Чыңалуунун мааниси жана бирдиги кандай?

3. Ток күчүнүн эрежеси кандай?

4.Өткөргүчтүн каршылыгы эмнеден көз каранды?

5.Амперметр менен вольтметрди ток булагына кандай жолдор менен туташтырабыз. Сабактын максатын окуучулар менен биргеликте коюу

  • Өткөргүчтөрду удаалаш жана жарыш туташтырууну үйрөнөсүнөр,айырмасын билесинер, формуласы менен таанышасынар. Формуланы колдонуп мисалдарды чыгарасынар. Жаңы материалды тушүндүрүү

Мугалим: Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу жөнүндө эмнени билесиңер жана турмушта кандай колдонобуз деп эки топтон сурайт. Окуучулар жооп беришет. Окуучулардын оюн толуктап, мугалим удаалаш жана жарыш туташтырууга практикалык иш көрсөтүп, турмуштан мисалдарды келтирет.


Түшүнүү стадиясы:

  1. Мугалим: Эки топко китептин 114-бетиндеги формулалар менен 96-97-схеманы колдонуп, удаалаш тобу удаалаш жөнүндө, жарыш тобу жарыш жөнүндө даярданып презентациялоосун сунуштайт.





Практикалык иш:

Мугалим: китептин 116- бетиндеги №2 маселе электр чынжырына каршылыгы 4 Ом жана 6 Ом болгон эки өткөргү удаалаш туташтырылган.Ток күү 0,2 А.Ар бир өткоргүчтөгү жана жалпы чыңалууну тапкыла.

Удаалаш тобуна, №3 маселени Каршылыктары 20 Омго барабар болгон эки өткөргүч жарыш туташтырылган жана ал 6 В берүүчү батареяга бириктирилген.Ар бир өткөргүчтөгү жана жалпы чынжырдагы ток күчүн эсептегиле.

Жарыш тобуна чыгарууга тапшырма берет. Чыгарылган маселелерди эки топ ратация жолу менен текшертет.

Жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма: Физика китебинин 113-бетиндеги 54-параграфтагы Өткөргүчтөрдү удаалаш жана жарыш туташтыруу деген темадагы № 1-4-5 маселелерди иштеп формулаларды кайталап, ата-энелериңер менен биргеликте техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо менен 6 В-12 В-24 Вольттогу лампаларды колдонуп, удаалаш жана жарыш туташтырып келгиле.Окуучулар тапшырмаларды күндөлүктөрүнө жазышат.

Баалоо: (Өзүн-өзү баалоо)

3 деңгээлдеги тапшырманын аткарылышына жараша жана топтордо иштөө боюнча бааланышат. Көрсөткүчкө таянып баалаганына ынанышат.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!