Практикалык иш № 2 тема: Кыргызстандын чек аралары
Практикалык иштин максаты
- Билим берүүчүлүк: Контур картага Кыргыз Республикасынын табигый чек араларын белгилешет. (кандай географиялык обьектилер боюнча табигый чек аралар өткөндүгүн аныкташат)
- Тарбия берүүчүлүк : Логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт. Мекенчилдикке, гумандуулукка тарбияланышат. Чек аранын маанисин жана толеранттуулукка улуттар арасындагы ынтымак, сый мамиле түзүүгө үйрөнүшөт.
- Өнүктүрүүчүлүк: Кыргызстандын физикалык картасынан контур картага географиялык обьектилерди туура түшүрүүгө жана кандай географиялык обьектилер бар экендиги жөнүндө толук маалымат алышат, талдашат, аныкташат, далилдешет.
Практикалык сабактын жүрүшү:
- 1. Саламдашуу
- 2. Жагымдуу маанай түзүү
- 3. Топторго бөлүү (түндүк, түштүк, батыш , чыгыш)
- 4. Өтүлгөн сабактагы маалыматтарды кайталоо
Кыргыз Республикасы боюнча жалпы маалымат
- Аянты-198,5 миң км.кв.
- Калкы -6,9 млн киши (2022-ж.)
- Чек арасынын узундугу- 4508 км.
- Батыштан чыгышка- 925 км.
- Түндүктөн түштүккө-459 км.
Четки чекиттери:
- Түндүк чекити- 43 гр.16 мин.түндүк кеңдик Камышановка кыштагынын түндүк жагы
- Түштүк чекити- 30 гр.11 мин. түндүк кеңдик Дарооткоргондун тушунда Кызылсуунун оң куймасы Алтындайра суусунун оң алабындагы мөңгү башы
- Батыш чекити- Түркстан тоо кыркасынын түндүктү карай багытталган айрыгынын кыры -69 гр.15 мин. чыгыш узундук
- Чыгыш чекити- Меридиан кырка тоосунда жайгашкан (6210 м) 80 гр.18 мин. Чыгыш узундук
Ар бир топко тапшырмаларды таратуу
- 4 топ Кыргыз Республикасынын табигый чек араларын аныктап чыгышат.
- 1- топ Түндүк табигый чек арасындагы географилык обьектилерди КРнын физикалык картасына белгилешет.
- 2 - топ Түштүк табигый чек арасындагы географилык обьектилерди КРнын физикалык картасына белгилешет.
- 3 - топ Батыш табигый чек арасындагы географилык обьектилерди КРнын физикалык картасына белгилешет.
- 4 - топ Чыгыш табигый чек арасындагы географилык обьектилерди КРнын физикалык картасына белгилешет.
1 - топтун тапшырмасы : Кыргызстандын түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Казакстан менен болгон чек арасындагы географиялык обьектилер (узундугу 1113 км)
Кырка тоолор
Меридиан Узловая чокусу (6148 м), Сары – Жаз Семенов чокусу (5816м), Тескей-Алатоосунун эң чыгышы Ашуу – Тор, Күнгѳй Ала – Тоосунун эң чыгыш учу, , Иле Ала – Тоосу, Кыргыз Ала – Тоосу, Талас Ала – Тоосу (Манас 4482м)
Суу бѳлгүч кырлар
Текес жана Сары – Жаз, Кѳк – Жар жана Турук, Чон – Кемин жана Челек, Кара – Булак
Суулар
Каркыра, Чүй, Ашмара, Асса
Ѳрѳѳндѳр
Чүй, Талас
2 топтун тапшырмасы : Кыргызстандын Ѳзбекстан менен болгон чек арасындагы географиялык обьектилер (узундугу 1374 км)
Тоо кыркалар
Талас Ала-Тоосу, Пскем кырка тоосу,Чаткал кырка тоосу, Курама кырка тоосу
Суу бѳлгүч кырлар
Терс менен Ала-Булак суу бѳлгүчү
Суулар
Чаткал, Гава-Сай,Сох, Шаймардан дарыясы
Ѳрѳѳндѳр
Чаткал, Фергана
3 - топтун тапшырмасы: Кыргызстандын Тажикстан менен болгон чек арасындагы географиялык обьектилер (узундугу 972 км)
Тоо кыркалар
Түркстан кырка тоосу, ( Пирьях 4745м), Алай кырка тоосу,Чоң-Алай кырка тоосу
Ѳрѳѳндѳр
Фергана, Сох суусунун ѳрѳѳнү, Исфара ѳрѳѳнү,
Ак-Суу суусунун ѳрѳѳнү , Алай ѳрѳѳнү, Дакатсуу өрөөнү,
Суулар
Сох дарыясы, Исфара, Ак-Суу, Гулама суусу
4 - топтун тапшырмасы: Кыргызстандын КЭР менен болгон чек арасындагы географиялык обьектилер (узундугу 1049 км)
Тоо кыркалары
Өрөөн
Чон-Алай кырка тоосу Эркеч - Там чокусу(5820м),Терек-Тоо, Алайкуу, Торугарт Тоо, Какшаал-Тоо, Боз-Кыр, Меридиан кырка тоосу
Чыгыш-кызылсуу
Текшерүүүчү тест
- Кыргызстан менен чектешкен мамлекеттердин чек араларынын узундуктарын дал келтиргиле:
Тажикстан 1049
Кытай 1113
Ѳзбекстан 972
Казакстан 1374
Туура жообу:
Таджикстан 1049
Кытай 1113
Ѳ збекстан 972
Казакстан 1374
Кыргызстан Республикасынын океандарга чейинки аралыктар берилген. Океандардын аттарын жазгыла
3830 км
3380 км
Тынч океаны
Тундук муз океаны
Кыргыз Республикасы
1670 км
6530км
Атлантика океаны
Инди океаны
- Анклав -бир мамлекеттин аймагында бѳлѳк мамлекеттин аймагынын же анын бир бѳлүгүнүн толук бойдон курчалып калышы
Крнын аймагында Ѳзбекстандын Шахимардан, Сох, Чонгара – Галча, Таш – Тепа, Тажикстандын Ворух, Куру – Сай анклавтары жайгашкан
- Эксклав -бир мамлекеттин аймагынын бѳлүгү бѳлѳк мамлекеттин аймагында толук бойдон курчалып калып калышы
Ѳзбекстандын территориясында Барак эксклавы бар
Практикалык ишти жыйынтыктоо
1. Ар бир топтун белгилеген географиялык обьектилеринин тууралыгын аныктоо.
Картадан табуу, белгилеп көрсөтүү
2. Ар бир топтун туура аткарган тапшырмалары аркылуу баалоо
3. Үйгө тапшырма: табигый чек араларды картадан так көрсөтүп, белгилеп келүү
4. Рефлексия