Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Ош Мамлекеттик университети
Математика жана информатикалык технологиялар факультети
Өнүгүү жана педагогикалык психология предметинен студенттин өз алдынча иштөөсү.
ФМОМ (б)-1-20 тайпасы
Аткарган: Абдилдаева Канымжан
Текшерген: Сабирова Махабат
План
1)Тема жөнүндө жалпы түшүнүк
2)Курактык өнүгүүнү мезгилдерге бөлүштүрүүдөгү
Л. С. Выготскийдин окуусу
Колдонулган адабияттар: Козубек Миңбаев "Курак жана педагогикалык психология``
Л.С.Выготский "Педагогическая психология"
Жыргалбекова С "Психология"
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбиялоо системасынын өнүгүшү (1917–1992)»
Интернет булактары
Тема жөнүндө жалпы түшүнүк. Бул тема Психологиядагы эң глобалдуу проблемалардын бири болуп эсептелет жана бул проблеманын айланасындагы суроолорго көптөгөн окумуштуулар, изилдөөчүлөр жооп издешкен. Бул проблеманы изилдөө теориялык мааниге ээ, себеби психикалык өнүгүүнүн мезгилдерин жана бир мезгилден экинчи мезгилге өтүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоо аркылуу психикалык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө проблеманы чечүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.Психология илиминде психиканын өнүгүп өзгөрүп туруусун изилдөө негизги проблема.
Курак проблемасынын негизги маселеси ар бир куракта адамдын психологиялык өнүгүү динамикасын изилдөөдө турат.
Выгосцкийдин аныктамасы боюнча "курак- деп өнүгүүнүн салыштырмалуу түрдө туюк, өз алдынча түзүлүшкө жана динамикага ээ болгон циклин"
Курак психологиясы- адамдын психикасынын жаштык динамикасын, психикалык процесстердин онтогенесин( индивиддир өнүгүүсү), өнүгүүчү адамдын личностунун психологиялык касиеттерин окутуп үйрөтөт. Тагыраак айтканда, курак психологиясы психологиялык процесстердин жаштык өзгөчөлүктөрдүн маалыматтарды өздөштүрүүдөгү, личностун мүмкүнчүлүгүн, анын калыптануусундагы негизги факторлорду окутуп үйрөтөт.
Курак проблемасы- курактарга бөлүү проблеммасынынкелип чыгыш көптөгөн суроолордун келип чыккан. Мисалы: кайсы куракта кандакй мамиле кылуу керек?, Кандай иш аракеттерди жасоо зарыл жана кандай иш аракеттерди бала өзү жасап калат?, ошол куракта эмнелерге муктаж?, ал курактарды бала кайсы жаштарда болот (орто эсеп менен)?, канча жашка чейин уланышы мүмкүн? Деген суроолордун айланасында бул курак проблемасы келип чыгат.
Выготскийдин окуусунун негизинде Д. Б. Эльконин курактык өзгөчөлүктүн үч белгисин: өнүгүүдөгү социалдык кырдаал, негизги иш-аракет жана ар бир курактагы жаңы жаралууларды бөлүп көрсөткөн. Ал мамиленин эки системасы: «баланын – заттар менен аракеттенүүсү», «чоң киши баланын инсандык калыптанышынын шарты» – деген. Мындай мамилелердин тутумун бала иш-аракетте өздөштүрөт. Д. Б. Эльконин белгилегендей иш-аракеттин эки тобу баланын психикасынын өнүгүүсүнө таасир этет.
Иш-аракеттин биринчи тобу баланы мамилелердин системасын өздөштүрүүгө багыттайт. Экинчи тобу иш-аракетте, коомдо иштелип чыккан тажрыйбалардын ыгын өздөштүрөт. Мындан курактык өзгөчөлүк, өнүгүүдөгү социалдык жагдай, негизги иш-аракет менен мүнөздөлөт деп айтууга негиз бар. Д. Б. Эльконин белгилеген курактык өзгөчөлүк психологияда кеңири белгилүү жана бир курактан, экинчи куракка өтүүдөгү инсандык жаңы жаралуулар менен түшүндүрүлөт.
Онтогенезде психиканын физиологиялык өзгөрүп туруусу курактык психофизиологиянын предмети болуп эсептелет. Курактык психофизиологиянын маселеси болуп организмдин курактык өзгөрүүлөрүн психиканын өзгөчөлүктөрүнө тийгизген таасирин аныктоо. Демек, физиология илими психология менен тыгыз байланышта болгондуктан өнүгүп психологиялык, биологиялык жетилүү жана психикалык өнүгүүнү изилдөөсү актуалдуу проблема катары каралат. Социалдык жана биологиялык факторлор онтогенездин жүрүшүндө өзгөрүп тургандыктан, сапаттык жазы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана психикалык жазы мүмкүнчүлүктөрдүн калыптануусунда атайын озтойлуу шарттарды түзүп турат.Мындай маалымат өнүгүүнүн мезгилдештирүүсү жөнүндө проблема психологияда актуалдуу экендигин көрсөтөт. Баланын психикасынын өнүгүүсү бир калыпта өтпөйт. Мурунку убактан бери балалык мезгилди жаш курагы боюнча мүнөздөгөн этаптар белгиленип келген. Жаш курагы боюнча мезгилге бөлүштүрүүдө, өнүгүүнүн белгилүү мыйзам ченемдүүлүгү бар. Психологдор курагы боюнча мезгилге бөлүштүрүү, өнүгүү процессинин мазмунуна негизделүүгө тийиш деген Л. С.Выготскийдин окуусуна таянышкан. Баланын өнүгүүсү, чоздор менен болгон карым-катнашта, алар уюштурган иш-аракетте тарыхый тажрыйбаны өздөштүрүүдө өтөт.
Мунун негизинде баланын өнүгүүсүндө эки негизги принцип бөлүнүп берилет: тарыхый жана иш-аракетте өнүгүү принциби. Бул принциптер психологдор Л. С.Выготский, П. П.Блонский, А. Н.Леонтьев, Д. Б.Эльконин, В. В.Давыдов ж. б.лар тарабынан белгиленген.
Онтогенез процессинде – төрөлгөндөн тартып өмүрүнүн акырына чейин, адам өзгөчө маанилүү белгилерге ээ болгон бир нече жаш курак стадиясын же мезгилин басып өтөт. Мезгилдердин мазмуну, аталышы жана убакыт боюнча созулушу окумуштуулар сунуш кылган курактар боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүнүн негизги критерийи менен аныкталат.
Баланын психалогиясынын негизги проблемалары Н. Н. Палагина тарабынан изилденген. -эксперименталдык деңгээлде кеңири изилденип, «Мектеп жашына чейинки курактагы балдардын оюндары» (1989), «Элес башаты» (1992) деген сыяктуу 70 басма табактан ашык эмгек жарыкка чыгарылган. Баланын ойлом процессинин өнүгүүсүн Ж. Жумалиева, балдардагы нарктуулуктарды кыргыз элдик каада-салттардын негизинде калыптандырууну Т. А. Коңурбаев изилдеген.
Л. С.Выготский баланын психикасынын өнүгүүсүндө биологиялык жана социалдык шарттардын өз ара байланышын изилдеген.
Тарыхый принциптин маанисин ачып берүүдө Л. С.Выготский мезгилге бөлүштүрүүнүн жана балалыктын тарыхый табиятын айкын аныктаган. Анын көз карашы боюнча адамдын өнүгүүсү биологиялык жетилүүгө да, үйрөнүүгө да байланыштуу өтөт. Бала төрөлөр замат бул процесстер жанаша өтүп, өнүгүүнүн бирдиктүү багытын жаратат. Анын аныктоосунда адамдын өнүгүүсү психиканын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө баш ийет. Курак психологиясы Л. С.Выготскийдин «өнүгүүнү курагы боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү өнүгүү процессинин мазызына таянышы керек»» деген жобосуна таянат.
Л. С.Выготскийдин өнүгүүнү курактар боюнча классификациялоонун негизинде динамикалык жана мазмундук критерий белгиленет. Өнүгүүнүн динамикасына карата балалык өнүгүүдө кризистик жана стабилдүү учурларды бөлүп, кризистерге сапаттуу мүнөздөмө берүүгө жетишти. Кризистерге чоң маани берип, стабилдүү жана кризистик мезгилдердин бири-бирин алмаштырып туруусун баланын өнүгүүсүнүн мыйзамы катары баалаган. Ал эми мазмундуулукка таянып, тиешелүү курактын аз-сезими менен иш-аракетин аныктоочу, ар бир этапты жаңыланууну, б. а. психикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдү белгилеп мезгилдештирүүнү бөлүп караган.
Л. С.Выготский төмөнкүкурак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүнү сунуш кылган: Жазы төрөлүү кризиси (0-2 айга чейин).Бөбөк мезгили (2 айдан – 1 жаш), бир жаштагы кризис,эрте жаш курак(1жаштан 3 жашка чейин), 3 жаштагы кризиси. Мектеп жашына чейинки курак (3-7 жаш), 7 жаштагы кризиси. Кенже мектеп курагы (7-12 жаш), 13 жаштагы кризиси, Өспүрүм курак (14-17 жаш), 17 жаштагы кризис.
Леонтьевтин окуусу.
Коомдук турмуштагы ар кандай өзгөрүүлөр, мектепке чейинки мекемелердин билим-тарбия ишинин дезгээлин өзгөртөт. Демек, коомдук турмушта пайда болгон өзгөрүштөр баланын өнүгүүсүнө таасир этип, аны тездетип, жаш боюнча коюлган чекти өзгөртөт. Психиканын иш-аракетте өнүгүү принцибин А. Н.Леонтьев иштеп чыккан. Бул принциптин негизги мааниси бала даяр инсан болуп төрөлбөстөн, инсан болуп калыптанат деген түшүнүктү ачып берүү.
БалаБала индивид болуп төрөлүп, инсан болуунун биологиялык өбөлгөсүнө ээ. Ал башкалар менен болгон бирдиктүү иш-аракетте инсан катары өнүгөт. Белгиленген эки принципти психологдор баланы жаш мезгилге бөлүштүрүүнүн сапаттуу өзгөчөлүгүн, өнүгүүдөгү социалдык жагдай жана негизги иш-аракет деген түшүнүктөрдүн негизинде ачып беришкен. А. Н.Леонтьев өзүнүн эмгектеринде негизги иш-аракет жөнүндө түшүнүк берген. Ар бир жаш курак мезгилде баланын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө инсандык сапаттардын калыптанышына таасир эткен иш-аракеттин белгилүү түрү ылайык келерин А. Н.Леонтьев ачып көрсөткөн.
Ар бир негизги иш-аракет ошол куракка мүнөздүү, сапаттуу өзгөчөлүктөрдүн же жаш боюнча жазы түзүлүштүн байкалышына мүмкүндүк берет, ал эми негизги иш-аракеттин бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүсү жаш боюнча мезгилдин которулушунда өзгөчө маанилүү. Курагы боюнча мезгилге бөлүштүрүүдө А. Н.Леонтьев негизги иш-аракетке өзгөчө маани берген. Анын илимий көз карашында иш-аракетте чоңдор менен баланын өз ара мамилеси баланын белгилүү жаш курагында өнүгүүсүн камсыз кылат. Бир жаш куракта эмоционалдык мамиле, экинчи жаш куракта – оюн, ал үчүнчүсүндө – окуу негизги иш-аракет болот.
Корутунду (жыйынтыктоо).
Психолог Л. С. Выготский «Мезгилдерге бөлүштүрүү өнүгүү процессинин мазмунуна негизделет» – деген жобону иштеп чыккан. Анын негизинде курактык мезгилдерге бөлүүнүн эки негизги принциби жатат:
1. Тарыхый принцип;
2. Психиканын иш-аракетте өнүгүү принциби
Курактык психология XIX кылымдын аягынан баштап, психология илиминин өз алдынча тармагы катары түзүлгөн. Курактык психологиянын изилдөө объектиси болуп, түрдүү курактагы адамдардын психикалык өнүгүүсү саналат. Курактык психология психиканын өнүгүүсүн түрдүү куракка гана эмес, ал курактардагы негизги иш-аракеттин мазмунуна байланыштуу изилдейт.
Балдар психологиясыда илимий -эксперименттердин коюлушу бул илимдин биздин респ-када өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизген. Мындагы алгачкы ил. иштердин негизги максаты: балдардагы психикалык өнүгүүнү изилдөөдө жергиликтүү шарттын өзгөчөлүктөрүн чагылдырууга багытталган.Мектепке чейинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун психологиялык-педагогикалык принциптери М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбиялоо системасынын өнүгүшү (1917–1992)» деген эмгегинде чагылдырылган.
Терминдер:
Психикалык курак- деп адамдын белгилүү жашына жараша анын психикалык жетишкендиктеринин деңгээлин түшүнөбүз.
Балдар психологиясы - – баланын психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн, факттарын, факторлорун жана механизмдерин изилдөөчү психология илиминин бир тармагы.
Курактык психология – адам психикасынын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүгүн ар бир курактын өзгөчөлүгүнө ылайык изилдеп, үйрөтүүчү психология илиминин бир тармагы.
Курак психологиясынын объектиси болуп онтогеноз процессинде өнүгүп жаткан нормалдуу адам.
Онтогеноз (грек тилинен οντογένεση: ον — жандык жана γένεση — жаралуу, төрөлүш) — организмдин жекече өөрчүшү, түйүлдүк пайда болгондон тартып тиричилигинин акырына чейинки өмүрү. Онтогенез удаалаш өтүүчү морфологиялык, физиологиялык, жана биохимиялык өзгөрүүлөрдү ичине камтыйт.
Кошумча маалыматтар:
Лев Семёнович Выготский (т. аты - Лев Симхович Выгодский 1896 -1934) советтик психолог. Жогорку психологиялык функцияларды изилдөө жана «жаңы адам» жөнүндөгү авангарддык футуристтик илимди куруу боюнча марксисттик изилдөө салтынын негиздөөчүсү. Выготский 1896-жылы 17-ноябрда Беларустун Орша шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Анын билим берүүсүнө Сократтык диалог ыкмасы деп аталган ыкманы колдонуу менен белгилүү болгон жеке мугалим. 1917-жылы Москва университетинин юридикалык факультетин жана ошол эле мезгилде университеттин тарых-философия факультетин бүтүргөн.
Выготский бир катар философиялык жана эң заманбап психологиялык концепцияларды (Психологиялык кризистин мааниси, кол жазма, 1926) сынчыл анализге дуушар кылган жүрүм-турумдун жогорку формаларын төмөнкү элементтерге чейин кыскартуу менен адамдын жүрүм-турумун түшүндүрдү.
Выготский 1934-жылы 11-июнда Москвада кургак учуктан каза болгон. Кызы Л.С. Выготский - Гита Львовна Выготская - белгилүү советтик психолог жана дефектолог.
Павел Петрович Блонский - философиянын, педагогиканын жана психологиянын ар кандай проблемалары боюнча 200дөн ашык эмгек жазган көрүнүктүү советтик окумуштуу, педагог жана психолог. Алардын көбү балдар жана билим берүү психологиясынын көйгөйлөрүнө арналган Блонский психологияны тирүү жандыктардын жүрүм-туруму жөнүндөгү илим катары караган («Очерк научно-психология», 1921). Ал педология («Педология», 1934, 1936) жана өнүгүү психологиясы («Очерки на детский сексуальность», 1935) боюнча бир катар изилдөөлөргө ээ.
Блонский психологияны тирүү жандыктардын жүрүм-туруму жөнүндөгү илим катары караган («Очерк научно-психология», 1921). Ал педология («Педология», 1934, 1936) жана өнүгүү психологиясы («Очерки на детский сексуальность», 1935) боюнча бир катар изилдөөлөргө ээ. Блонский баланы изилдөөгө комплекстүү мамиле кылууну жактап, таанып-билүү жана эрк процесстерин алардын окуу чөйрөсүндөгү баланын конкреттүү активдүүлүгү менен байланышта талдоого алган (Эс тутум жана ой жүгүртүү; Мектеп окуучуларынын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, 1935). Ал эс тутумдун генетикалык (стадиалдык) теориясын түзгөн, ага ылайык эс тутумдун ар кандай түрлөрү – кыймылдуу, аффективдүү, образдуу жана сөздүк – адамдын өнүгүү этаптары катары сүрөттөлгөн.
Леонтьев Лексеи Николаевич — советтик психолог, философ, педагог жана илимди уюштуруучу. Ал жалпы психологиянын проблемалары жана психологиялык изилдөөлөрдүн методологиясы менен алектенген.
Туулган жылы жана жери: 1903-жылдын 18-февралында Москвада туулган., Каза болгон күнү 1979-жылдын 21-январь.
Сыйлыктары: Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери
Даниил Борисович Ельконин (16.02.1904 - 4.10.1984) - советтик психолог, балдар жана билим берүү психологиясы боюнча оригиналдуу багыттын автору.
Даниил Борисович Эльконин Туулган жери Малое Перещепино айылы, Полтава облусу, Россия империясы азыр Новосанжарский округу, Полтава областы.
Сыйлыктар II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени Кызыл Жылдыз ордени «Аскердик артыкчылыгы үчүн» медалы