СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курманбек эпосун жыйынтыктоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Курманбек эпосун жыйынтыктоо»

Сабактын темасы – эпостун негизи идеясы жана образдар сиситемасы (8-класс)

Сабактын максаттары:

а) билим берүүчулүк максаты: Баатырдык эпостун негизги идеясы эл жерди коргоо, башкы каармандардын образдары тууралуу маалымат алышат.

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: дуйного болгон көз караштарын калыптандырышат, сөз байлыгын кеп ишмердүүлугун өнүктурүшөт.

в) тарбия берүүчүлүк максаты: Өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып берүүгө, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбиялоо.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу:

А) баатырдык эпостун негизги идеясы- эл-жерди коргоо, башкы каармандардын образдары тууралуу маалымат алышаса;

Б) дуйного болгон көз караштарын калыптандырышат, сөз байлыгын кеп ишмердүүлугун өнүктүрүшсө;

в) Өз оюн эркин, жеткиликтүү айтып берүүгө, бири-биринин оюн угуп, аларды сыйлоого тарбияланышса.

Сабактын тиби: жаңы билимди берүү

Сабактын методу: Интерактивдүү метод, топтордо иштөө

Сабактын жабдылышы: интернет,телевизор,ноутбук, дидактикалык карточкалар.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу

2.Ѳткөн теманы кайталоо.

Жаңы тема:

Кыргыз элинин баатырдык эпосторунун ичиндеги «Курманбек» эпосунун бир негизги бөтөнчөлүгү дал ушунда турат. Анткени адетте баатырдык эпостордун басымдуу көпчүлүгүндө баатыр төрөлөрдөн мурда эле жолборстун жүрөгүнө талгак болуу же кандайдыр касиеттүү күчтөрдүн жардамы менен эненин боюна бүтүп өзгөчөлөнүп туулуу мүнөздүү. Мындай өтө эле апыртып жиберүү оозеки чыгармалардын жалпы духуна туура келгени менен турмуштагы көрүнүштөрдүн чындыгына багындырылуу менен көркөм каражаттык ролун аткарып кала берет. Элдик эпостор, чыгармалар канчалык фантастикалуу болбосун ал реалдуу турмуштан гана чыгат жана аны чагылдырат. Курманбек эпосундагы окуялар калмак дооруна туура келет. XIV кылымдын аягында батыш Монголияда ойроттордун (калмактар) ири феодалдуу Жунгария мамлекети өсүп чыгат. Калмактар Орто-Азияда жашаган элдердин көпчүлүгүн каратып катуу эзүү жүргүзө баштаган. Бул кагылыштар - калмакка каршы жергиликтүү элдин күрөшү эл оозеки чыгармасында кеңири орун алган. Эл ал эзүүдөн куткарууга баатырлардын легендалык образын түзүшкөн. Орто-Азия элдеринде буга далил болуучу-каракалпакта, өзбек, казакта «Алпамыш» эпосунун версиялары, кыргызда «Манас» трилогиясынан баштап баатырдык кенже эпостордун көпчүлүгү кирип кетет. Бирок буга карап калмактар менен болгон согуштарды көрсөткөн чыгармаларды XIV кылымдардан кийин гана пайда болду деп так кесе айтуу кыйын. Себеби «Манас» эпосунда негизги окуя калмак, каракытай менен болгон согуштарга арналса да көп белгилери боюнча андан алда качанкы кыргыз элинин тарыхын кымтый келгенин - анын алгачкы негизи байыркы доордо эле пайда болгонун андагы мифологиялык, фантастикалык түшүнүктөр көрсөтүп турат. Бирок эл эпосторундагы окуяларды улам кийинки доордогу тарыхый кырдаал, чындыктар толуктап жаңы маани берип тактап отурат. Ошондуктан калмак доорундагы окуяларды чагылткан эпостор ар түрдүү мезгилди кучагына алып, бирөө калмактардын, Жунгария мамлекети түзүлө элек мезгилиндеги кагылыштарын, согуштарын сүрөттөсө, бирөө алардын жаңы басып келген мезгилин, айрымдары калмактарды кубалап чыккан мезгилин көрсөтөт. Дал ушул калмактарды кыргыз жеринен сүргөн жана аларды кубалап чыккан мезгилине «Эр Солтоной», «Шырдакбек», «Курманбек» эпостору туура келет. «Эр Солтоной» эпосунда калмак мезгили мындай сүрөттөлөт: «Эпсиз калмак кыргыздан Эр өлтүрсө кун бербейт. Эзил кыргыз аздыгы Эриксиз жүрүп күн көрбөйт Кыйынсынып калмактар, Кыргыздын малын талаган. Кыйналгандар көп болгон, Кыз, аял, жаш баладан». Ушундай эле көрүнүштү «Шырдакбек» эпосунан да жолуктурабыз: - «Кылымдан көрдүк зордукту, Кытайдан көрдүк кордукту. Калчадан көрдүк зордукту, Калмактан көрдүк кордукту». Курман бек болсо: -Жалындуу эрдин белгиси, Жалтанбай тосот жоо бетин. Касташкан душман көп экен, Калкалайлык эл четин — деп калмактарга аттанат. Тарыхый маалыматтарга, элдик санжыраларга караганда Эр Солтоной, Шырдакбек, Курманбек тарыхый болгон адамдар катары көрсөтүлөт. Элдик оозеки чыгармаларды, уламаларды, санжыраны - тарыхты эң сонун билген Тоголок Молдонун берген маалыматына караганда «XVI кылымдарда кыпчак уруусунан Эшимкандын тукумдары Тейитбек, Курманбек, Сейитбек, Шырдакбек болуп, бүткүл Анжиян, Арканы каратып, калмак менен беттешип турган»1 Бирок буларга карап «Курманбек», «Шырдакбек» эпосторуна летопись катары мамиле кылууга болбойт. Мында элдин кылымдар бою келаткан эркиндик жөнүндөгү сонун ойлору, ак сүйүү жөнүндөгү түшүнүгү, адамкерчилик, жүрүм-турум эрежелери, этнографиясы, тарыхы чагылтылат. Алар көркөм образдар менен «жаңы турмушка» өтөт. «Курманбек» эпосунда кыргыз, кыпчак элдеринин бир хандыкта турган мезгили сүрөттөлөт. Эпостун башкы каарманы Курманбек: - «Кыргын салып калмакка, Кылычымды ким чабат? Каскагымды өңөрүп, Калканымды ким тагат? Калың кыргыз, кыпчакты Кас душмандан ким багат?- деп кыргыз, кыпчактын тагдыры үчүн көп ойлонот. Курманбекти аял ал дегенде да: «Сулуу кыз барбы сенде деп, кыргыз, кыпчак элде деп» кантип кыдырам деп намыстанат . Кыскасы эпостун башынан аягына чейин кыргыз, кыпчак элинин бирдиги, намысы, өткөн өчү бирдей берилет. Курманбек жоого аттанганда да: - «Корун калмак барында, Экез баатыр жанында Кыргыз менен кыпчакты Кыргын кылып бир чапты Алым берип тынч жатты?» деп кор болгон кыргыз, кыпчактын өчүн кууп барат. «Курманбек» эпосу кыргыз элинен башка каракалпактарда да бар. Аларда «Курманбек» деп аталат. Эпостогу окуя да Жунгар дооруна туура келет. Каракалпактын Курманбеги калмак ханы Шеирканга каршы аттанат. «Курманбек» эпосун басмага даярдаган Кабул Максетоп «Курманбек XVI кылымдан мурда, каракалпак эли ногойлордун союзунда бирге турган мезгилде пайда болгон» - деген пикирди айтат! Чындыгында эле Орто Азиядагы кыргыз, кыпчак, казак, найман, ногой, түркмөн, өзбек, каракалпак элдери, коңурат, желдең, каңгы уруулары бир хандыкка көп эле жолу биригип кайта кээ бир тарыхый шарттарда ажырап кетип турган. Ошондуктан алардын эл оозеки чыгармасында да айрым чыгармалардын бирдей сюжети өмүр сүрүп калган. Мисалы «Курманбек» эпосу кыргыз, каракалпакта, «Эр Төштүк» эпосу кыргыз , казак алтайдагы түмөндүк татарларда, «Алпамыш» эпосу өзбек, казак, азербайжан элдеринде көп.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!