СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Курманжан Датка

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Курманжан Датка»

Алай ханышасы - Курманжан датка

Ким болсо эгер чебер сөздүү, акылман,

барган жерге үрөөн себээр накылдан.

1 Курманжан датка кыргыз тарыхында элден өзгөчө акылдуу, эрктүү жана кажыбас кайраттуу аял катары түбөлүк кала алды. Кылган иштери эл оозунда калып, укумдан -тукумга үзүлбөй уланып келет. 2.Курманжан энебизге ошол кылымдардарда эле "Алай ханышасы" деген наам беришкен.

Элдин айтуусу боюнча, Курманжан энебиздин эрктүүлүгү жана акылга зиректиги бала чагында эле байкалган. 3.Ошол кездердеги салт боюнча атасы аны куда түшүп келген бирөөгө күйөөгө узаткан эле. Бирок, күйөөсүнүн жооштугу жана ага эч кандай сезими ойгонбогондугунан, бир аз убакыт өтпөй кайра ата-энесинин үйүнө качып келе берген эле.4 Ал замандын көз карашы боюнча, бул жорук нар көтөргүс уят болчу. Кайрылып ажырашып келип алуу, өзүнүн гана эмес, ата-энесинин да намысына доо кетирип турган заман болчу ал кез.

5 Жаратылышынан кайраттуу кыз, күйөөсүнүн боштугуна ичи чыкпай, акыры жашай албасын сезген соң, чечкиндүүлүк менен өз тагдыры үчүн чоң күрөшкө аттанган акыры.6 Андан соң, абийирине ажап болуп, багына Алайдын беги Алымбек жолугат.

Алымбек ал кезде кыргыз жерин бийлеп турган Кокон хандыгынын борборунда жүргөн бийлик адамдарынан эле. 7 Келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш бек, хандыктын ар кандай чечүүчү маселелерине катышып, саясаттын оюндарына бышып жүргөн болчу. 8Тагдырдан болуп бир жолку сапарынан келе жаткан ал Курманжандын айылына өргүп калат. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар демекчи, ары акылдуу, ары кыраакы келинге ичи чыккан жаш датка, анын жөнөкөй жердин кызы экенине карабай колукту кылып алат. 9Ошондон кийин энебиздин багы ачылып, эл арасында кадыр-баркы көтөрүлүп жүрүп отурат. Күйөөсүнүн ары кадырлуу, ары опурталдуу иштер менен жүргөнүн байкаган зирек 10Курманжан турмуш кургандан тартып Алымбекке аяр мамиле кылып, бардык нерсеге сак болууга өтөт. Бир жолку ордого чогулушка Алымбек менен кошо барган Курманжан, Шералы хандын кыргыз аялы Жаркын айым менен мамиле түзүп, аны менен борбордогу бардык иштерден кабардар болуп турууга жетишет.11 Бул анын жеке эле өз үй-бүлөсү үчүн эмес, атпай кыргыз журтчулугу үчүн да маанилүү кадам болгону баарыбызга маалим эмеспи. 12Ошентип, ордодогу Шералы хандын көрөр көзү Жаркын айым менен оромол алмашып, тыгыз байланышты түзгөн кыраакы энебиз, ичинен ирип турган ордонун жаңылыктарын Алымбек даткадан кем эмес билип турган. 13Кийин Нүзүптүн өлтүрүлүшү менен Шералы хан тактан кулап, кыргыздар бийликтен сүрүлө баштаган. Ал эми кыпчак Мусулманкул бийликке өжөрлүк менен жулуна баштагандан тартып, кыргыздар кысымга алына баштаган эле.14 Ошол тапта Жаркын айымдан жардам бергиле таризинде өтүнүч коштолгон кабар келет. Курманжан энебиздин кийлигишүүсү менен Мады аймагында кыргыздар чогулуп бийликке көтөрүлүшкө чыгышат. 15Булардын башында Алымбек датка туруп, ар кайсы уруудан Сейидбек, Полот дегендер кошулат катарга. Бирок ырайымсыз Мусулманкул, бийликтин курал жарагы менен көтөрүлүшчүлөрдүн мизин кайтарып, колго түшкөндөрдү ырайымсыз жазалоого өтөт.16 Ал Алымбек датканы карматып, катуу жазага тарттырмак болот. Өз мезгилинде келген Жаркын айымдын кабары менен датка бул жолу темир чеңгелден суурулуп чыгып, Алайга аман-эсен качып келет.17 Кийин Мусулманкулдун бийлиги кулап, бийликке Мала хан түздөн-түз Алымбек датканын кийлигишүүсү менен келет. Ошондон баштап анын даражасы дагы жогорулап, биринчи вазирликке чейин жетет. 18Дагы эле болсо Жаркын айымдан байланыш үзбөгөн Курманжан датка, бийликтеги болуп жаткан баардык иштерден маалымат алып турат. Алайдын төрүндө жатып, саясаттын оюндарына каныккан керээт эне, акыры кыргыз журтчулугун бириктирүү тууралуу ой жүгүртүүгө өтөт.19 Анткени, ошол күнкү падыша - Мала хандын тушунда кыргыздын ордодо сөзү өтүп турганы менен, Маланын деле бийлигинин келечеги жок эле. Кокус заман өзгөрүп кетсе, кыргыздарга кайрадан кыйынчылык туулуп кетээрин алдын ала сезген 20Курманжан, бир күнү Алымбекке түндүктөгү кыргыздар менен байланышка чыгып, кыргыз мамлекетин түзүүгө мезгил келгенин билдирет. Миң тукумунун былыгын жакшы билген Алымбек деле ушуну ойлоп жүргөн эле. 21Бирок алардын бул ою ишке ашпай, дагы да болсо ичтен чыккан кутумдардын айынан Алымбек конок болуп отурган жеринен башы кесилип о дүйнөгө сапар улайт.

22Бирок, Алымбектин дүйнө салышынан кийин да Курманжандын кадыры калк арасында да, ордодо да төмөндөгөн эмес. Ал Кокон хандыгы тарабынан 2 жолу датка наамын алганга чейин жетишкен.23 Кийин орус улуту пайда болуп, Кокон хандыгы жыгылгандан баштап, ал балдары менен өз жерин орус баскынчыларынан аман алып калууну көздөйт. 24Уулдары курал көтөрүп орус баскынчыларына каршы көтөрүлүш уюштурат. Уулу Абдылдабектин уюштуруусу менен мыкты даярдалып, 25Ак падышанын аскерлеринин белин сындыра турган капчыгайдагы согуш, эл ичинен чыккан көрө албас, кутумдун саткындыгынын айынан жеңилүүгө дуушар болот. 26Бирок, уулдары дагы эле оруска каршы кол топтоп каршылык көргөзө берген. Акыры Фергана өрөөнүнүн аскердик губернатору генерал М. Скоболев Курманжан энебизди жолугшууга чакырып, аны "княгиня" деп ардактап тосуп алган экен. 27Ошол күнү "Оо алты баатырды өстүргөн кадырлуу эне, мени да өзүңө бала кылып алчы" деп кайрылган. Ошол күнү ал өтүнүп жатып, Курманжандан согушту токтотуу тууралуу уулдарына кайрылуу кат жаздырып алган. 28Ансыз да куралы күчтүү оруска алы жетпесин билген Курманжан, Ак Падыша менен алака түзүп, элди бөөдө кыргындан сактап калуу максатын көздөйт.

29Кийин, Камчыбек баштаган үч уулу жалаа менен колго түшкөнүндө да Курманжан датка адамдан башкача кайраттулук көргөзгөнү баарыбызга маалым болсо керек. 30 Мунун баары көз жаздымда калбай акыры тээ түпкүрдөгү чоң империянын падышасы Николай IIге чейин жеткен. Атагы дүңгүрөгөн Алай ханышасына ал атайын белек даярдатып, аскерлердин кайтаруусунда алайга жөнөтөт.31Эң сонун усталар жасаган бриллиант менен кооздолуп, империянын гербинин үлгүсүндө жасалган алтын саатты Оштун ошол кездеги начальниги өзү келип падышанын атынан тапшырган.

32Көпчүлүккө акылы менен, зиректиги менен даңкталган Курманжан тууралуу, анын кылган иштери тууралуу кыргыз элинде атадан балага айтылып келген. 33Ал эми ошол убакта Орто Азияга, Кыргыз жерине буту тийген чет элдик саякатчылар дагы датка энебиздин кадырын алыстан угуп, атайын учураша кетишчү экен. 34Ал тууралуу убагында Орусиянын, Франциянын, Германиянын жана Польшанын газеталарына да жазып чыккан экен. 35Ал эми Япония, Кыргызстан, Кытай өлкөлөрүн кыдырып чыккан маршал Маннергейм аны менен жолугуп, сүрөткө тартып, күндөлүгүнө жазып кеткен.

36 Көптү көрүп, көпчүлүккө таанылган, Кокондун датка наамын алып, Орус империясына жана башка чет элдиктерге "Алай ханышасы" деп табылган, жалпы кыргыз үчүн күйүп бышкан кайраттуу энебиз 97 жаш курагында 1907-жылы, 1-февралда Мады айылында көз жумган.37Анын ушак айыңдан тайсалдабай, өз тагдыры үчүн күрөшө билген эрдиги, күйөөсү Алымбектин көзүнө көз, кулагына кулак боло алган зиректиги, 38камкордугу жана сыпаалыгы, жандай көргөн уулун көз алдында асып жатканда да белин бүкпөгөн намыстуулугу жана элинин амандыгы үчүн кылган кеменгер жүрүштөрү ошол кылымдан бүгүнкү күнгө чейин баарыбызга үлгү катары бааланып келет. (960 сөз)

61. Курманжан даткадагы эң бийик сапаттар кайсы?

А) боорукер, акылман, мээримдүү

Б) акылдуу, эрктүү, кайраттуу

В) эстүү, жароокер, чебер

Г) акылга зирек, амалкөй, иш билги

62. Ошол мезгилдин көз карашы боюнча кайсы жорук нар көтөргүс уят иш болчу?

А) элди таштап качып кетүү

Б) аялын таштап башкага үйлөнүп алуу

В)ата-эненин намысын коргоо, жер каратпоо

Г) аялдын эрди тоотпой (жактырбай) ата-энесинин үйүнө качып келе берүү

  1. Алымбек датка Курманжандын кайсы сапатына кызыгып, аны колукту кылып алат.

А) сулуу, кайраттуу Б) жөнөкөй элдин кызы

В) акылдуу, кыраакы Г) кадырлуу, жароокер

  1. Курманжан датка кайсы айым менен оромол алмашып, тыгыз байланышты түзүп турууга жетишкен? Кандай максатта?

А) Эркин айым, үй-бүлө тынчтыгы үчүн

Б) Шаазы айым, жеке өзүнү тынчтыгы үчүн

В) Жаркын айым, ордодогу жащылыктарды билип туруу үчүн

Г) Мыскал айым, элдин кызыкчылыгы үчүн

  1. Тесттеги 13-катар менен 17-катардагы окшош жактары?

А) Кыргыздар бийликтен сүрүлө баштайт

Б) кыргыздар кысымга алына баштай

В) Шерали да, Мусулманкул да тактан кулайт

Г) Мала хан бийликке келет

  1. Кыргыз качан кысымга алынып кыйнала баштаган?

1) Кыргыздар бийликке каршы көтөрүлүшкө чыккандан баштап

2) Шералинин тактан кулашы менен

3) Нүзүптүн өлтүрүлүшү менен

4) Кыпчак Мусулманкул бийликке келгенден баштап

А) 1 Б)1,2,3,4 В)1,2,3 Г) 2,3,4

  1. Алымбек датка кимдин жардамы менен Алайга аман-эсен качып келет?

А) Курманжан датканын айтканы менен

Б) Жаркын айымдын кабары менен

В) Мусулманкулдун кабары менен

Г) Шерали хан өлгөндөн кийин

  1. Алымбектин даражасы көтөрүлүп, биринчи вазирликке качан жетет?

А) Мала хан бийликке келгенден баштап

Б) Жаркын айымдан кабар келгенден кийин

В) Курманжан датканын жардамы менен

Г) Мусулманкулдун доорунда

  1. Алайдын төрүндө жатып, саясатты мыкты түшүнгөн эненин максаты кандай эле?

А) Ордону сактап калуу Б) Бийликке келүү

В) Мала ханды өлтүрүү Г) Кыргыз журтчулугун бириктирүү

70. Курманжан датка менен Алымбек датканын кайсы ою ишке ашпай, Алымбек оо дүйнөгө сапар улайт?

1) Кыргыз мамлекетин түзүү

2) Түндүк, түштүк кыргыздарды бириктирүү

3) Ордонун бекемдигин күчөтүү

4) Мала хандын бийлигин бекемдөө

А) 1,2 Б) 1,2,3 В) 1,2,3,4 Г) 1,4

71 Курманжан ким тарабынан эки жолу датка наамын алган?

А) Кокон хандыгы Б) Орус армиясы

В) Алымбек датка Г) Мала хан

72. Кокон хандыгы кулагандан кийин, Курманжан датка кыргыз элин кимдерден аман алып калууну көздөйт?

А) Орус баскынчыларынан Б) ич ара душмандардан

В)Кощшу баскынчылардан Г) түндүк элинен

73. Абдылдабектин уюштуруусу менен өткөн Капчыгайдагы согуш эмне үчүн жещилүүгө учурады?

А) Ак падышанын аскерлеринин күчтүүлүгүнөн

Б) Эл ичинен чыккан көралбас, саткындардын айынан

В)Абдылдабектин чабалдыгынан Г) Жещилген эмес

74. М. Скобелов кайсы өрөөндүн губернатору?

А) Ош Б) Алай В) Андижан Г) Фергана

75. Курманжанды ким «княгиня» деп атаган?

А)Черняев Б)Скобелов В) Ак падыша Г)Николай II

76. М. Скобелов Курманжандан кайрылуу катты жаздырганынын мааниси эмнеде?

1) Согушту токтотуу тууралуу

2) Мени да өзүщө бала кылып ал деп өтүнгөн

3) Кыргыздарды жеңүү 4) өзүнүн ордун бекемдөө

А) 1,2 Б)1,2,3 В)1,2,3,4 Г)1,4

77. Курманжан орус падышачылыгы менен эмнеге алака түзүп, келишимге кол койгон?

1) Балдарынын жеке тагдыры үчүн

2) Элди өлүмдөн сактап калыш үчүн

3) Орустардын куралы күчтүү болгон

4) Орустарга алы жетпешин билген

А) 1,2,3,4 Б)1,2,3 В) 1,3,4 Г) 2,3,4

78. Курманжандын кажыбас кайраттулугу элге кайсы убакта көрүнүп, билинди?

А) Келишимге кол койгон учурда

Б) Камчыбек баштаган үч уулу колго түшкөндө

В) Абдылдабек колго түшкөндө

Г) Алымбек дүйнөдөн кайтканда

79. Бриллиант менен кооздолгон алтын саатты Николай II Курманжан даткага эмнеге жөнөткөн?

А) Элин баш ийдирип бергендиги үчүн

Б) Балдарын өлтүргөндүгү үчүн

В) Элден ашыкча кайраттуулугун жогору баалагандыгы үчүн

Г) Өзгөчө кайраттуу экендигин жогору баалаган

80. Курманжандын аты бүгүнкү күнгө чейин неге аты аталып, өчпөй келет?

А) Акылы, тетиктиги, зиректиги элге дащкталган

Б) Элге атагы чыккандыгы

В) көп менен жакшы мамиле түзгөндүгү

Г) Чыгармачылык менен алектенген

81. “Кыргыз жерине буту тийген” дегенди кадай түшүнөсүщ?

А) Кыргыз элине кол салган Б) Кыргыз жерин дащктаган

В) Кыргыз жерине келген Г) Кыргыз жеринен кеткен

82. Кайсы мамлекеттердин маалымат каражаттарына Курманжан датка тууралуу маалыматтар жарыяланып турган?

А) Оруссия, Германия, Франция

Б) Япония, Германия, Кытай

В) Америка, Германия, Япония

Г) Ориссия, Корея, Франция

83. Тестте маршал Маннергейм жөнүндө эмне жазылган?

А) Датканы элге тааныткан

Б) Японияга датка жөнүндө эстелик тургузган

В) Датканы сүрөткө тартып күндөлүгүнө жазып алган

Г) Гезитке макала жазган

84. «Алай ханышасы» деген ат менен кимдерге таанылган?

А) Дүйнө элине Б) Орус империясына, чет элдиктерге

В) Кытай элине Г) Орто Азия малекеттерине

85. Курманжан даткадагы сапаттар кайсылар?

1) Зиректиги 2) Камкордугу

3) Сыпаалыгы 4) Кайраттуулугу

5) намыстуулугу

А) 1,2 Б) 1,2,3 В) 1,2,3,4 Г) 1,2,3,4,5

  1. Ким болсо эгер чебер сөздүү акылман барган жерге үрөн себер накылдан , - деген сүйлөмдүн маанилеш катарын тап.

А) Чечен эл баштайт, Баатыр жоо баштайт

Б) Жакшы жигит сыртта баатыр, үйдө кул

В) Эл эмгегин жер жебейт

Г) Жакшынын өзү өлсө да сөзү өлбөйт

  1. Кеменгер сөзүнүн мааниси?

А) өзүнө бекем Б) сөзүнө бекем

В) акылман, даанышман Г) иш билги, сезимтал

  1. Тесттеги Алымбек датканын көрөр көзү, угар кулагы ким?

А) Шерали Б) Курманжан

В) Абдылдабек Г) Камчыбек

  1. Курманжан датканын канча жылдыгы белгиленип жатат?

А) 110 Б) 210 В) 200 Г) 150

90. Тесттеги 1-катар менен 38-катарда айтылган ойду тап?

А) “Алай ханышасы” наамына конот

Б) Эл үчүн жасаган эмгеги элдин эсинен кетпейт

В) Туулган жери жөнүндө жазылат

Г) Акылмандыгы дащаз





Жообу;

Курманжан датка

61-б, 62-г, 63-в, 64-в, 65-в, 66-г, 67-б, 68-г, 69-г, 70-а, 71-а, 72-а, 73-б,74-г, 75-б, 76-а, 77-г, 78-б, 79-г, 80-а, 81-в, 82-а, 83-в, 84-б, 85-г,86-г, 87-в,88-б,89-а, 90-б