[Введите текст]
Биология курсунда “Адам жана анын ден соолугу” бөлүмүнүн түзүлүшү жана мазмунун өзгөчөлүктөрү.
План:
Киришүү
Адам организмине жалпы мүнөздөмө.
Тиричилик процесстеринин тейлениши бөлүмү.
Кабыл алуу жана жүрүш түрүш бөлүмү.
Адамдын тиричилиги бөлүмү.
Адамдын көбөйүшү бөлүмү.
Ден-соолук жана анын бузулушу бөлүмү.
Корутунду.
Колдонулган адабияттар.
Киришүү
Байыртадан эле адамдар биология илимине кызыгып, аны үйрөнүп келе жатышат. Өсүмүктөр, жаныбарлар жана адамдын ден соолугу жөнүндө адам пайда болгондон баштап ар кандай изилдөөлөр жана тажрыйбалар өткөрүшүп, биология илиминин өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келишет. Байыркы адамдар бул изилдөөлөрдү бир илимдин негизинде изилдебеген блушса да, бир илимдин негизин түзүшкөн. Бул илим биология илими болуп, биз аны жашоонун бардык аспектилеринде керек болуучу илим катары билебиз. Себеби биология жашоо жөнүндөгү илим болуп, аны илим катары калыптанышына бир канча окумуштуулар өздөрүнүн чоң салымдарын кошуп келе жатышат. Биологиянын негиздөөчүсү, атасы катары Аристотель эске алынат. Бирок, Биология сөзүн Ж.Б.Ломарк 1802-жылы француз тилиндеги biologie сөзүнөн, грек тилинен алынган биос-жашоо, логос-илим деген маанидеги терминди киргизген. Ушул убакыттан баштап биология илим катары аталып, анын бөлүмдөрү изилдене башталды. Азыркы күндө биологиянын ондогон бөлүмдөрү ажыратылган. М:козукарындарды изилдөөчү илим-микология, жогорку түзүлүштөгү өсүмдүктөрдү изилдөөчү илим-ботаника, жөнөкөйлүүлөр ж.и-протозоология, курт кумурскалар-энтомология, балыктар-ихтиология, амфибия жана сойлоп жүрчүүлөр-герпеталогия, канаттуулар-орнитология, сүт эмүүчүлөрдү изилдөөчү бөлүм-териология. Анын ичинен биз “Адам жана анын ден соолугу” бөлүмүн карап чыгабыз. Бул бөлум мектеп программасыда мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөндөй 8-класста окутулат. Себеби, окуучулардын жаңы билимди кабыл алуусуна жана жаш курактык мезгилиндеги өзгөчөлүктөр болуп саналат. Мамлекеттик стандартка ылайык 6-класста ботаника бөлүмү, 7-класста зоология бөлүмү, 8-класста адамдын анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы, 9-11-класстарда жалпы биология бөлүмдөрү окутулат. Бөлүмдөрдүн иреттелиши окуучуларга жөнөкөйдөн-татаалга, тамгадан-сөздөргө, сөздөрдөн-сүйлөмдөргө өтүү стилинде жайгаштырылган. Өсүмдүктөрдү түзүлүшүн үйрөнгөн соң жаныбырлырды түшүнүү жеңилдйт. Мунун себеби, башталгыч билимдерди ботаника бөлүмүндө өздөштуруп, жаныбарларды окуу, жаныбарларды-тирүү организмдерди үйрөнүп, адамдын организмин үйрөнүү эффективдүү натыйжаны берет деп түшүнөбүз.
Ал эми темага кайтатурган болсок, “Адам жана анын ден соолугу” бөлүмү жалпы орто билим берүүнү мамлекеттик стандартына ылайык Закиров Ж.З жана Давлетова Ч.С лар тарабынан иштелип чыккан окуу китеби менен окутулат. (1-сүрөт)
I . Адамдын организмине жалпы мүнөздөмө бөлүмү:
§ 1. Табиятта, органикалык дүйнөдө адамдын орду жана ролу
§ 2. Адамдын турмушунда, эмгегинде, коомдук онүгүшүндө ден соолугунун мааниси
§ 3. Адамдын организмннин уюмдашуу денгээлдери
§ 4. Клетканын физиологиясы
§ 5. Ткандар, анын түрлөрү жана кызматы
§ 6. Органдар жана органдар системалары- параграфтарынан турат.
Темалардын удаалаштыгына карайтурган болсок, китептин негизги изилденүүчү объекти катары адамдын организмине мүнөздөмө берилген. Жогоруда айтылгандай адам сүт эмүүчүлөр классына таандык экени жана адамсымал маймылдар жөнүндө маалыматтар берилген. Зоология бөлүмүнөн кийин адамдын келип чыгуу тарыхын эволюциялык теорияга ылайык жаныбарларга алып барат. Бул зоология менен анатомиянын байланышуу чекити болуп эсептелинет. Адам дүйнөдөгү эң акылдуу, аң-сезими өтө өнүккөн жандыктар болуп, миңдеген кылмдар бою аң-сезимдери өнүгүп келе жатат. Адам тик туруп басчуу, сүйлөө жана ой жүгүртүү касиетине ээ жандыктар. (2-сүрөт). Адамдар акылдуу жангыбарлар болгондуктан алардын жашоосунда ден-соолуктун да ролу ото чоң. Ден соолук адамдын эң чоң өмүр байлыгы. Ден соолукка терс таасир көрсөткөн нерселер көп:айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шарттары, ар кандай вирустар жана бактериялар ж.б.у.с адамдын ден соолугуна жаман таасир көрсөтөт. Ошондуктан 8-класста окуучулар өзүнүн ден соолугуна кам көрүүсү үчүн, эмне зиян жана пайда экенин билүүсү үчүн “Адам жана анын ден соолугу” курсу окутулат.
Кийиңки темада организмдин эң кичине бөлүгү, бардык нерсенин башталгычы болгон клетка жөнүндө сөз болот.
Клетка деген терминди биринчи болуп илимге Р. Гук 1665-жылы киргизген. Клетканы микроскоп аркылуу гана көрсө болот жана клетка жөнүндөгү илим-цитология деп аталат. Өсүмдүк жана жаныбар клеткасында бир канча айырмачылыктар болот. Адамдын клеткасы жаныбарлардыкына окшош болот. (3-сүрөт)
Адам денеси болжол менен 40 триллион клетканы түзгөн 200гө жакын ар кандай типтеги клеткалардан турат. Бул клеткалардын көпчүлүгү өз ара түзгөн ткандардын, органдардын жана системалардын туура иштешине жетишүү үчүн бирдиктүү иштеши үчүн, бири-бири менен туруктуу байланышта же байланышта болушат.(4-сүрөт)
Цитоплазма-клетканын ички килкилдек чөйрөсү.Цитоплазма матрикси клетканын ички чөйрөсүн түзгөндүктөн,анда негизги зат алмашуу процесстери жүрөт.Анда клетканын негизги бөлүктөру,органоиддер,кошундулар жана ядро жайгашкан.
Эндоплазмалык торчо-бул органоид микроскоп менен изилденгенде жаныбар менен өсүмдүк клеткаларынан табылган.Ал каналча менен көңдөйчө торчосун тузгөн мембранадан турат.Ал клетканын ички бетин көбөйтүп,физикалык абалы жана химиялык курамы менен айырмаланган бөлүктөргө бөлүп,реакциялардын шайкештигине зарыл болгон ферменттик системаларды обочолоп турат.
Рибосомалар-бул чоңдугу 13-35 нм келген,майда тоголок денечелер.Алар эндоплазма торчосунун мембранасында жана цитоплазмада жайгашат.Бардык эле организмдердин клеткасында миндеген рибосомалар табылган.Алар белок биосинтезин ишке ашырат.Рибосомалардын тутумуна белок жана рибосомалык РНК кирет.Ар бир рибосома бирдей эмес эки бөлүкчөдөн турат.Биринин көлөму чоң,экинчисинин көлөму кичинекей.
Гольжи аппараты-жаныбар менен өсүмдүктөрдун бардык клеткаларынан табылган.Ал көп маанилүү функцияларды аткарат.Клеткадагы белоктор,углуводдор,майлар эндоплазмалык торчосунун каналдары аркылуу гольжи аппаратына барат.Бул заттардын баары анда топтолушуп,концентрацияланат ,андан кийин ири жана майда исиркектер турундө цитоплазмага өтөт.
Лизосома-бул гольжи аппаратында пайда болгон тоголок денечелер.Ар бир лизосома мембрана менен курчалган.Ал андагы ферменттерди цитоплазмадан бөлүп турат.Анда клеткага келип түшүүчү татаал бирикмелерди ажыратуучу 40 ашык ферменттер бар.Ал ферменттери татаал заттарды жөнөкөй заттарга ажыратат.
Клетканын физиологиясы негизинен клетканын көбөйүшү менен мүнөздөлөт. Клетка митоз-кыйыр жана амитоз-түз бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Клеткага организмге таандык болгон бардык процесстер:дүүлдүгүү, зат алмашуу, кыймылдоо, өсүү, көбөйүү ж.б. касиеттерине ээ. Анадан кийинки тема ткандар. Клеткалар биригип ткандарды, ткандар биригип органдарды, органдар биригип органдар системасыны, органдар системасы биригип-бүтүн организмди түзөт. Менин оюмча китептеги темалардын удаалаштыгы жогорудагы система боюнча берилген жана окуучуга түшүнүү өтө жеңил.
Адамдын организминде бир канча ткандын түрлөрү бар. М: эпителий, тутумдаштыргыч, таргыл булчуң тканы, жүрөк булчуң тканы, жылма булчуң тканы, склет, май жана нерв ткандары.
Андан соң органдар жана органдар системасы жөнүндө тема келет. Окуучу орган эмне жана органдар системасы жөнүндө үйрөнөт. Орган бул-белгилүү бир функцияны аткарган дененин бир бөлүкчөсү. Органдарды аткарган функциясы физиологик функция деп аталат. Бир нече органдар биригип бир функцияны аткарып органдар системасын түзөт. М: тамак сиңирүү, кан айлануу, дем алуу, бөлүп чыгаруу ж.б.у.с.
II бөлүм-Тиричилик процесстеринин тейлениши (жөнгө салынышы)
§ 7. Нерв системасынын түзүлүшү жана анын кызматы
§ 8. Рефлекс
§ 9. Жүлүн
§ 10. Мээ
§11. Вегетативдик нерв системасы
§12. Нерв системасынын аракетиннн бузулушу жана анын алдыналуу
§ 13. Ички секреция бездери
§14. Гумордук жөнгө салуунун бузулушу деген темалардан турат.
Бул бөлүм органдар системасынын негизгиси жана башталгычы болгон
Нерв системасы менен башталат. Нерв системасы организмди башкаруучу негиз. Себеби нерв системанын башталышы мээден башталат. Окуу куралында болсо жүлүн, андан кийин рефлекс жөнүнө тема берилген. Биринчи мээ жөнүндө тема коюлуп андан кийин жүлүн, рефлекс жөнүндө темаларды коюп окутулса эффективдүү болот деп ойлойм. Себеби жүлүн жана рефлекста дүүлүгүү жана ага карата организмдин жоопу жөнүндө сөз болгон. Дүүлүгүүгө жооп мээ аркылуу берилет. Окуучу мээ жөнүндө билбей туруп, анын кызматтары жөнүндө түшүнүшү кыйын болот. Ошогндуктан окутууда темалардын ордун алмашып окутууну сунуштайт элем. Андан кийинки темалар нерв системасынын түрлөрү жана анын функциясынын бузулушу жанан анын алдын алуу жолдору жөнүндөгү темалар келет. (5-сүрөт).
Андан кийин ички секреция бездери-атайын түтүктөрү жок иштелип чыккан заттары түздөн-түз канга өткөн бездер жөнүндө тема келет. Клеткадагы, ткандардагы, органдардагы жана бүткүл организминдеги процесстер ар түрдүү заттар менен жөнгө салынып турат. Бул заттардын көбү эң эле аз өлчөмдө бир кыйла физиологиялык таасир көрсөтөт. Ошондуктан буларды биологиялык активдүү заттар деп аталат. Алар атайын органдарда-бездерде пайда болот. Бездер ички жана сырткы секркция бездери болуп экиге бөлүнөт-деп эки түрү жөнүндө да маалымат берилген. Андан сырткары окуучулар гормон, гипоталамус, гипофиз, гипоталамус-гипофиз системасы, калкан бези, жыныс бези, бөйрөк үстүндөгү без жана уйку бездери жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүшөт.
Андан кийинки темада: гумордук жөнгө салуунун бузулушу жөнүндө үйрөнүшөт. Нерв системасы аркылуу организмдеги процесстердин тейлениши нервдик жөнгө салуу болуп саналат. Бирок органдардын функцияларына кандагы биологиялык активдүү заттар да өзүнүн таасирин тийгизип, анын функцияларын жөнгө салып турат. Бул жол гумордук(гумор-суюктук) деп аталат. Гумордук тейлөө кызматы көбүнчө гормондор аркылуу аткарылат. Ички секреция бездерини гормондору көп иштелип чыгарылса-гиперсекреция, аз иштелип чыкса-гипосекреция деп аталып, анын натыйжасында ар кандай ооруулардын келип чыгышы мүмкүн экендиги жана алардын алдын алуу жолдорун үйрөнүшөт.
III бөлүм- Кабыл алуу жана жүрүш-туруш бөлүмү:
§15. Сезүү органдары
§16. Көрүү анализатору
§17. Көрүү гигиенасы
§ 18. Угуу анализатору
§ 19. Угуу гигиенасы
§ 20. Бой тутуу, булчун жана тери сезими, жыт сезүү жана даам татуу
§ 21. Жогорку нерв иш-аракети
§ 22. Эс. Эске тутуу
§ 23. Уйку жана анын мааниси
Бул бөлүмдө окуучулар органдар системалары жөнүндөгү маалыматтарын тереңдетип барышат. Биринчи тема “Сезүү органдары” окуучулар мурда да сезүү органдары жөнүндө кичине класстарда окуп жүрүшкөн. Ал эми бул курста алар мурда алган билимдерин тереңдетип, илимий жактан изилденишин үйрөнүшөт. Айлана чөйрөдөн келген сигналдар сезүү органдары аркылуу кабыл алынып, рецепторлор аркылуу нерв импульстарына айланат да нерв талчалары аркылуу мээдеги сезүү борборуна жетет. Менин оюмча окуучуга бул теория бир аз татаал болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок китептин авторлору мунун алдын алуу максатында И.П.Павловдун анализатор деген түшүнүгүнүн маанисин жана колдонуу ордун көрсөтүп кетишкен деп ойлойм. Анализатор үч бөлүктөн турат: сезүү органдарындагы рецепторлор, нерв жолдору жана мээни чоң жарты шарларынын кыртышындагы кабыл алуучу, сезүүчү борборлор. Андан соң окуучулар анализаторлор жөнүндө маалыматтарды үйрөнө башташат. Эң алгач көрүү анализатору. Менин оюмча авторлор бул теманы бекеринен тандаган эмес. Себеби адам алгач маалыматтын көбүн көрүү аркылуу алат. Окуу китебинде көздүн мааниси, түзүлүшү, ооруулары жана алардын алдын алуу максатында гигиенасы жөнүндө маалыматтар берилген.
Анадан соң угуу анализатору-түзүлүшү жана функциясы, үн толкундары жана угуунун гигиенасы жөнүндө сөз болот. Көрүүдө проблемасы болгон адамдар үчүн угуу негизги ролду аткарат. Андан сырткары дени соо адам үчүн да угуу өтө маанилүү. Ошондуктан угуу анализатору жөнүндө билүү да окуу программасына киргизилген деп ойлойм. Кийинки тема “. Бой тутуу, булчун жана тери сезими, жыт сезүү жана даам татуу”. Бул темада да окуучулар вестибулярдык аппарат(дененин түз кыймылдарынын башталышын жана аягын, алардын тездешин жана төмөндөшүн жөнгө салат), булчуң сезими, тери сезими, жыт сезүү, даам татуу жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүшөт. Жаңы маалыматтарды өздөштүрүү менен бирге анализаторлорду практика жүзүндө да көрүшсө алынган билимдер бекем болот. М:көрүп, угуп, ар кандай нерселерди кармап, алардын темпертурасын, формасын, көлөмүн айырмалоо, тамактар, жашылчалардын даамын татуу менен анализатордлордун иштөө принцибин практика жүзүндө үйрөнүүгө болот.
IV бөлүм. Адамдын тиричилиги
§ 24. Таянгыч жана кыймылдаткыч системасы
§ 25. Сөөктүн түзүлүшү, касиети жана биригиши
§ 26. Скелетке доо кеткенде берилүүчү биринчи жардам
§ 27. Булчундардын түзүлүшү жана кыаматы
§ 28. Дене тарбиянын, кара жумуштун таянгыч-кыймылдаткыч системага жана ден соолукка тийгизген таасири
§ 29. Организмдин ички чөйрөсү
§ 30. Кан плазмасы
§31. Эритроциттер
§ 32. Кан топтору
§ 33. Лейкоциттер
§ 34. Иммунитет
§ 35. Тромбоциттер
§ 36. Кан айлануу
§ 37. Кан тамырлардын түзүлүшү жана аткарган кызматы
§ 38. Кан басымы
§ 39. Кандын кан тамырлар менен жүрүшү
§ 40. Жүрөктүн, кан тамырлардын гигиенасы
§41. Кан агуудагы биринчи жардам
§42. Дем алуу
§ 43. Дем алуу кыймылдары жана аларды жонго салуу
§ 44. Өпкөдөгү жана ткандардагы газ алмашуу
§ 45. Дем алуу гигиенасы
§ 46. Тамак сиңирүү
§ 47. Тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшү
§ 48. Тамактын ооз көцдохЧүндо эриши. Жутуу
§ 49. Ашказанда тамактын өзгөрүшү
§ 50. Он эки эли ичегиде тамактын эриши
§51. Ичегилерде азык заттардын сорулушу
§ 52. Тамак-аш гигиенасы жана тамак синирүү системасынын ооруларынын алдын алуу
§ 53. Зат алмашуу
§ 54. Энергиянын алмашуусу
§ 55. Витамнндер
§ 56. Бөлүп чыгаруу
§ 57. Теринин түзүлүшү жана функциясы
§ 58. Дененин температурасынын туруктуулугу жана аны жөнгө салуу жолдору- деген параграфтардан турат.
Бул бөлүмдү окутууда мугалимдин теориялык билимдеринен сырт практикалык билимдери да өтө чоң роль ойнойт. Себеби бул бөлүмдө окуучулар эң кызыктуу темаларды үйрөнүшөт. Өздөрүнүн организминин ички түзүлүшүн өтө кызыгуу менен окушат деп ойлойм. Ошондуктан бул бөлүмдө теория менен чектелбестен ар сабакта практикалык билимдерден да пайдалануу керек. Мисалы: биринчи параграф таяныч жана кыймылдаткыч системасы. Бул теманы окутууда ар бир мектепте адамдын склетин үйрөнүү үчүн атайын көргөзмө курал-жасалма склет бар. Мугалим ушул склетти пайдалануу менен адамдын таяныч кыймылдаткыч системасындагы сөөктөр жөнүндө маалыматтарды берсе болот. Бир эле ошол менен чектелбестен окуучуларды жуптарда иштетип, бири-биринин сөөктөрүн өздөрүнүн организминде кармап түшүнүшсө болот. Жуптар менен иштөөдө бир эле слеттин түзүлүшү жөнүндө эмес, сөөктөрдүн биригиши жөнүндө да маалыматтарды үйрөнө алышат. Андан кийин склетке доо кеткенде берилүүчү биринчи жардам темасында албетте практикалык иш өткөрүлүшү керек деп ойлойм. Себеби биринчи жардам көрсөтүүнү ар бир адам билиши керек. Жашоодо ар кандай кырдааладар болот. Окуучуларда ушул кырдаалдарга даяр болууну үйрөтүү керек. Практикалык иште тактай, бинт, эластикалык бинт, тактайдын ордун басуучу нерселер менен биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөтүү керек. Андан кийин булчуңдар жана физикалык жумуш жөнүндө тема келет. Адамдын жашоосунда физикалык жумуштун маанисин, ден ссолукка пайдаларын түшүндүрүү менен, ден соолугун чыңдоого үйрөтүү керек.
Биз жогоруда адамдын эң негизги органдары жана аргандар системасы менен тааныштык. Булар нерв системасы, анализаторлор, склеттин түзүлүшү. Булар адам организмин түзүуүчүлөрү болсо, эмики темалар-адамдын ички организмдери-организмдин ички чөйрөсү жөнүндө болот. Адамдын организминде эң негизги нерсе бул анын каны. Кан аркылуу организмдагы бардык зат алмашуулар жүрөт. Кандын эң негизги функциясы-транспорт. Кан жөнүндө жалпы маалыматтарды өздөштурган соң анын жекече касиеттери жөн ундө үйрөнүшөт: кандын плазмасы, кан топтору, эритроцит, тромбоцит жана лейкоциттер менен танышып, алардын аткаргани функциялары жөнүндө билимдерди өздөштурушат. Андан кийин кан айлануу, кан тамырлар, жүрөктүн түзүлүшү жана гигиенасы жөнүндө окуп, темадан эң негизги максат-кан агуудагы биринчи жардам темасы келет. Кан агуунун үч түрү бар: капелярдык, веноздук жана артериялык. Окуучулар китептеги маалыматтар жана мугалим айткан, түшүндүргөн жана үйрөткөн маалыматтарынан кан агуунун түрлөрүн ажыратып алышат. Кан агууну бири-биринен айырмалаган соң албетте практикалык иш өтүү керек деп ойлойм. Себеби окуучулар уккан жана окуган билимдерин практика жүзүндө көрүшү, аткарышы керек. Ошондо гана сабак максатына жеткен болот деп ойлойм.
Кийиңки параграф дем алуу. Азыркы күндө окуучулардын кабыл алуу даражасына карап, теманы кыска-эзыркы күндө окуучулардын кабыл алуу даражасына карап, теманы кыска-эң негизги түшүнүктөрдү гана айтыш керек деп ойлойм. Себеби практикага барганымда мектепте окуучулар теориялык билимге эмес практикалык сабактарга көбүрөөк кызыгуусун байкадым. Сабак бергенде мугалим азыраак, окуучулар көбүрөөк сүйлөгөнү жакшы деген пикирге келдим. Себеби окуучулар мугалимдин сөзүн түшүнбөй калышы мүмкүн, бирок өз теңтушунун сөзүнө дайыма үшүнөт. Традициялык сабак берүү методунан чыгыш керек. Жаңы инновациялык технологияларды колдонуу менен, интерактивдүү усулдарды колдонуп сабак өтүү убагы деп ойлойм. Азыркы техника өнүгүп жаткан мезгилде мугалим артта калган болушу керек эмес. Бул темада да окуучуларга 3D форматтагы видео, көргөзмө куралдар менен сабак өтүү, өздөрүнүн дем алуу ритмин стетаскоп аркылуу угуу, туура дем алууну түшүндүрүү, эң негизгиси дем алуу гигиенасын видео-слайддар аркылуу, оорулардын түрлөрү призентациялар аркылуу көрсөтүү керек. Теориялык билимдерди өздөштүргөн соң нөөмөт практикалык билимдерди үйрөнүүгө келет. Дем алуу гигиенасын окутуу менен окуучулардын дем алуу жөнүндөгү билимдерин жыйынтыктоочу тема деп ойлойм. Себеби теориялык билимдерди алган соң аны пратикада колдонууну билбесе теориядан пайда болбойт. Бул параграфта окуучу дем алуу системасына эмне зиян келтиришин жана дем алуу үчүн жакшы шарт түүзүү керектигин үйрөнүшөт. Андан сырткары дем алуу токтогондо биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт. М:сууга чөккөндө, электр тогуна урунганда, чагылган тийгенде, алгачкы жардам берүүдө жасалма дем алдырууну, бир мөөнөттө канча жолу жасалышын үйрөнүшөт(1мин.да 16-18 жолу).
Андан кийинки параграфда тамак сиңирүү системасы жөнүндө берилген. Организмдеги тиричилик процесстери жүрүшү үчүн дайыма толук баалуу азык заттар менен камсыз болушу керек. Бул бюөлүмдө окуучулар: кээ бир азык-түлүктү организм кабыл алып дароо сиңире албайт. Тамак жакшы сиңирилиши үчүн алгач ал механикалык жол аркылуумайдаланышы, андан кийин химиялык жол менен эрий турган жөнөкөй майда бөлүкчөлөргө ажырашы жөнүндө үйрөнүшөт. Бул процесстен кийин ал жөнөкөй эрүүү заттар канга өтөт, кан аркылуу биздин клеткалага жетет да, алардын тиричилиги жумшалып турат. Тиричиликте керектелген жаңы кошулмалардын пайда болушун камсыз кылуу- тамак-аштын негизги милдети экендигин теорияда окушат. Андан кийин курамындагы азык заттардын баалуулугу жөнүндө окушат. Андан кийин тамак сиңирүү органдарынын түзүлүшү жөнүндө окушат. Тамак сиңирүү системасы-ооз көңдөйү, кулкун, кызыл өңгөч, ашказан, ичке, жоон, жана түз ичегилери тамак сиңирүү каналын түзөт. Тамак сиңирүү процесстерине мындан сырткары боор, шилекей, ашказан бездери жана уйку бези катышат. Жогорудагы тамак сиңирүү каналындагы органдар ситемасынын удаалаштыгынын негизинде окуучулар ошол органдар жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүшөт. Ага кошумча И.П.Павловтун тамак сиңирүүдөгү шарттуу жана шартсыз рефлекстер жөнүндөгү тажрыйбасын үйрөнүшөт. Тамак денеге киргенден кийин анын ашказанда жана ичегилерде эриши жана канга сорулушу жөнүндөгү темаларда жаңы технолоргияларды колдонуу, призентация жана видеороликтер аркылуу түшүндүрүү менен туура тамактануу эрежелерине жана туура тамактануу рационунуна амал кылууну үйрөтүүгө болот. Бир эле муну эмес ар кандай тамак сиңирүү органдарыны оорууларынын алдын алууну, тамактануу гигиенасын үйрөтүүгө болот деп ойлойм.
Зат алмашуу. Организм менен айлана-чөйрөнүн ортосунда зат алмашуу үзгүлтүксүз жүрүп турат. Организмге кирген заттар көптөгөн кубулуштарга дуушар болот. Ушул кубулуштардын жыйындысы зат алмашуу деп аталат. Зат алмашуу адамдын жасаган ишине, жалпы абалына жараша болот жана нерв ситемасы, ички секреция бездери аркылуу жөнгө салынып турат. Белоктордун, майларлдын, углеводдордун, суунун жана минерал туздардын алмашуусун жөнгө салып туруучу нерв борбору ортоңку мээден орун алган.
Энергиянын алмашуусу. Организмге суткалык иш-аракенттерди аткаруусу үчүн суткасына 7117 кДж же 2500 ккал га жакын энергия керектелет. Организм өзү энергия иштеп чыкпайт. Ал адам кабыл алган тамак-аш аркылуу сиңирилет. Окуучуларга зат жана энергия алмашуусу үч ун тамак-аштын пайдалуулугу жана нормалдуулугун үйрөтүү менен теманы аяктаса, сабак жыйынтыгына чыгат деп ойлойм.
Кийинки тема-витаминдер. Витаминдер органикалык кошулсмаларга кирет. Алар-тиричилик аракети үчүн эң зарыл юолгон биологиялык активдүү заттар. Окуучулар бул темада витаминдер жөнүндө толук маалымат алышат. Жана аларды органгизмге терс жана оң пайдалары жөнүндө үйрөнүшөт. Адам организминде С, А, В, D түрдөгү витаминдер учурайт. Окуучуларга плакаттар, сүрөттөр жана призентациялар аркылуу кайсы витамин кайсы продуктынын курамында көп кармалат, витамин жетишсиздигинде(гиповитаминоз), ашып кетүүсү(гипервитаминоз)до эмнелер болот жана анын натыйжасында эмне болушу жөнүндө теориялык билимдерди алышат. Жашоодо тамак-ашта витаминдерди сактоону, туура кабыл алууну жана нормада кабыл алууну үйрөнүшөт.
Кийинки параграфта окуучулар-бөлүп чыгаруу жөнүндө үйрөнүшөт. Бөлүп чыгаруу эмне экендигин үйрөнүшөт. Бөлүп чыгаруу-бул организм кабыл алган продуктылары денеге сиңирилгенден кийин керексиз заттардын баары канга өтүп, ана кан менен бөйрөккө, өпкөгө, териге жеткирилет. Бул органдардын жардамы менен организмге керекси заттар сыртка чыгарылат. Ошенти окуучулар организм бир нече бөлүп чыгаруу жолдору жөнүндө үйрөнүшөт. Андаен кийин бөлүп чыгаруучу органдар жана органдар системасынын түзүлүшү жана функцияларына мүнөздөмө беришип, алардын гигиеналары жөнүндө үйрөнүшөт. Андан кийин терморегуляция(дененин температурасынын жөнгө салынышы), химиялык жана физикалык терморегуляция, ысык уруу, теринин күйүшү жана үшүк алуу жөнүндө окушуп өздөрүнүн ден соолуктарына кам көрүүнү үйрөнүшөт. Ушул параграфтар менен бөлүм аяктайт. Бул бөлүмдө окуучулар өздөрүнүн жашоо працессиндеги ар канндай ооруулар жана коркунучтуу кырдаалдар жөнүндө теориялык билимдерды кандай деңгээлде өздөштүргөнүн билүү үчүн контролдук, лабораториялык жана пратикалык иштерди өткөрүү менен алган билимдерин бекемдөө жана практикада колдонууга окуучуларда көндүмдөрдү өнүктүрүүгө болот деп ойлойм.
Кийинки бөлүм- Адамдын көбөйүшү бөлүмү.
§ 59. Көбөйүү
§ 60. Бойго бүтүү. Түйүлдүктүн өсүшү жана өрчүшү
§61. Баланын төрөлгөндөн кийинки өсүшү жана өрчүшү деген параграфтардан турат.
Көбөйүү-тирүү организмдин өзүнө окшошту жаратышы. Көбөйүүнүн негизги эки түрү жыныстуу жана жыныссыз түрлөрү бар. Кичине класстарда бул жөнүндө маалыматтарды окушкан. Жаныбар жана өсүмдүктөрдүн көбөйүшү мисалдарын көрүп чыгышкан. Эми өздөрүнүн төрөлүшү жөнүндө маалыматтарды өздөштүрүшөт. Автор бул бөлүмдү китептин акыркы бөлүгүнө койгондугунусебеби адамдын төрөлүү поцесси жашоо процесстеринин арасында эң татаалы деп эсептегендигинде деп ойлойм. Бул бөлүмдө окуучулар аталык жана энелик клеткалар, уруктануу, баланын эмбрионалдык өөрчүүсү жөнүндө үйрөнүшөт. Андан кийин баланын төрөлгөндөн кийинки өсүшү жана өрчүшү.
Төрөлгөндөн кийинки ай-ымыракай мезгил
Төрт жумадан 1 жашка чейин-эмчектеги мезгил
1 жаштан 3 жашка чейин-торолуу мезгили
3 жаштан 6 жашка чейин-мектепке чейинки мезгил
6-7 жаштан-мектептеи мезгил
11 жашка толгондо- жаш өспүрүм деп аталуучу мезгилдерге бөлүнөт.
Ар бир мезгилде балада болуучу өзгөрүүлөрдү үйрөнүшөт.
Ден соолук жана анын бузулушунун алдын алуу бөлүмү:
§ 62. Адамдын ден соолугу жана анын бузулушунун алдын алуу
§ 63. Организмди чыңдоо деген эки параграфтан турат.
Ден соолук-жашоо тиричиликте баа жеткис чоң байлык. Адамдын ден соолугу-коомдун байлыгы.ден соолугунан ажыраган адам коому өнүкпөйт, артта калат. Ден соолукту сактоо, аны эстүүлүк жана сарамжалдуулук менен пайдаланууну үйрөнүү жана келечектеги муунга үйрөтүү ар бир адамдын милдети экендигин окуучуларга түшүндүрүү биология мугалиминин милдети. Эгер адам өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, туура тамактанып, денесин чыңдоого аракет кылып, физикалык эмгек менен машыгып дайыма активдүү жашоо образына амал кылып жашаса, анын организми 150 жылга чейин жашашы мүмкүн.
Корутунду.
Бул окуу китебинин мазмунун негизги максаты да ошол деп ойлойм-окуучуларга туура, пайдалуу жана дени соолукта өмүр өткөрүүнү үйрөтүү деп ойлойм. Темалардын удаалаштыгы окуучуларга түшүндүрүүгө ыңгайлуу кылып тандалган, алардын кабыл алуу даражасын эске алуу менен түзүлгөн деп ойлойм. Ден соолуктун эң негизги үч душманы бар. Биринчи душманы бул-тамеки, экинчи душманы-алкоголь жана үчүнчүсү-гиподинамия. Ден соолукту бузуучу факторлор: микроорганизмдер, организмдин үшүшү жана ысышы, туура эмес тамактануу.
Адам көп кыймылдашы керек, анткени кыймыл аракеттер ден соолукту сактайт жана чыңдайт, ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатат, организмдин коргонуу-ыңгалануу реакцияларын күчөтөт.
Дары-дармектер-ден соолукту калыбына келтирүүчү эң жакшы каражат. Кийиңки жылдарда медицинада ар түрдүү, анын ичинен мурда айыкпас ооруларга да каршы көп сандаган дары-дармекер пайда болду. Дары-дармектерди дарыгерлердин көрсөтмөсү менен пайдалануу керек, анткени аны туура эмес пайдаланса, терс таасир тийгизип, адамдын саламаттыгын бузушу мүмкүн.
Ден соолуктун кыйла жаражада адамдын психикалык балына, эмоциялык кагылышууга, коллективде ар кандай адамдардагы ортосундагы мамилелерге ж.б. жараша болот. Ар бир маданияттуу адамдын алдында турган эң зор милдет-бул өз сезимин, эмоцияларын жана билимин колдонуп, өзүнүн организмине таасир этнү үйрөнүү жана аны башкара билүү болуп саналат. Медициналык кызматкерлердин ою боюнча, ден соолуктун болушу негизинен кишинини жашоо мүнөзүнө көз каранды. Башкача айтканада, биздин ден соолугубуз биздин аракетке жараша болот. Ден соолукту канча чыңдасак, ошончолук узак жана сак-саламатта жашайбыз.
1-сүрөт,
2-сүрөт,
3-сүрөт,
4-сүрөт
5-сүрөт
6-сүрөт
7-сүрөт
8-сүрөт
9-10-сүрөт
11-сүрөт
12-сүрөт
13-сүрөт 14-сүрөт
15- сүрөт.
11